mainkaptal
Пользовательский поиск
  Бороон артында...

Мирослав НИЯЗОВ, "Эл арманы" саясый партиясынын төрагасы, коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Кыргызстанда демократия жок!"
Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн Кыргызстанды парламенттик республикага айландыруусуна каршы чыккандардын арасында Мирослав Ниязов дагы бар. Биз Мирослав мырза менен ушул жана башка саясый кырдаалдар туурасында кенен баарлаштык.


- Мирослав Жумабекович, өлкөбүздө кандуу окуя болбодубу, дегеле ушундай кырдаал болуп кетет деп күттүңүз беле?
- Менин оюмча 7-апрелде ушундай катуу кырдаал болуп кетерин эч ким күткөн эмес. Бирок, канткен күндө да эл кызуу кандуулук менен Бакиевди качырды. Ошол эле кезде канча деген адамдарыбыз курман болду. Бир жарым миңден ашык адам жарадар болгонун көрдүк. Буга ким жооп берет? Эртедир-кечтир тарых тастыктап, ушуга күнөөлүү адамдар жоопко тартылат. Мындай чоң чуу көтөрүлөрүн убактылуу бийлик да күткөн жок эле. Алар азыр өздөрүнүн дайынын таба албай жүрүшөт. Бири-бирине ишенбей, башаламандык жолго өттү. Акимден тарта губернаторду, айтор жалпы бийлик бутактарын улам алмаштырып олтуруп, элдин ишенимин кайра кетире баштады. Эгер азыркы Убактылуу өкмөт бирдиктүү иш алып барбаса, анда булардын бийликтеги орду убактылуу болуп кала берет. Себеби, булардын биримдиги жок экени, бири-бири менен тытышып атканы оркоюп эле көрүнүп турат. Мен бүгүнкү бийликтин ишине, албетте адам катары жөлөк болуп берейин деген оюм бар. Көмөктөшүүгө биз мажбур болушубуз зарыл. Бирок, булардын ичинде биримдиги жок болуп, дайыны жок кадр маселелерин чечип аткан учурда жардам берип, колдоого эч кажет жок болуп калды. Эми аракет кылышсын. Канткен менен Кыргызстан мамлекетинин жоопкерчилигин колуна алышты да.
- Демек, Убактылуу өкмөт мурдагы бийликтегилердин катасын кайталабай, ак кызмат кылат деген ишеним жок экен да....
- Жок. Убактылуу өкмөт эң башынан баштап эле ошол мурунку бийликтин кетирген кемчиликтерин, катачылыктарын толугу менен кайталап кирбедиби. Бир эле кадр маселесин алып карасак, убактылуу бийликтин мүчөлөрү туугандаштырып, жада калса бир эле элди "бул биз жактык эмес" деп бөлүп олтурушат. Менимче бүгүн убактылуу бийликтин ушундай чийки саясаты Кыргызстанды саздан чыгарып кете албайт. Ушул тапта өлкөнү оң жолго салып, кыйынчылыктан куткарып кетчү бул деңгээли жогору, интеллектиси бийик профессионал ишмерлер. Ал эми баса белгилей кетчү жагдай Убактылуу өкмөт "өзүбүз билебиз" деген жол менен алыс кете алышпайт.
- Учурда Кыргызстанды парламенттик республикага айландыруу иши каралып атат. Сиз бул ишке каршы чыгып атканыңыздын себеби эмнеде?
- Негизи Кыргызстанга парламенттин кереги бар. Бирок, парламенттик республика түзүп, бийликти бергенге эч кандай шарт жок. Биз парламенттик республикага бышып жетиле элекпиз. Парламенттик республика - бул демократия институттары буттарына туруп, кадрлары терең жетилген мамлекеттерге жарашат. А биз азыр өзүбүзгө "бизде бүгүн демократия барбы же жокпу?" деген суроо берип көрөлүчү. Ачыгын айтканда Кыргызстанда демократия башынан эле жок болчу, бүгүнкү күнгө чейин түзүлгөн жок. Бизде ахлократия деген күч алган. Мына, башаламан топтордун күчү менен бийликти алмаштырып, билгенибизди жасап атабыз. Бирөөлөрдүн менчиги болгон жерлерин, мүлкүн тартып алуудабыз. Мындай жол менен мамлекет курууга мүмкүн эмес. Мамлекетти түзүүнүн, аны куруунун жолу башка. Эң биринчи Кыргызстанга тынчтыкты орнотушубуз абзел. Саясаттык, экономикалык стабилдүүлүк керек. Тартип киргизбесек бул Конституция эртеңки референдумга чейин туруштук бере алабы же жокпу белгисиз. Анткени Кыргызстандын келечеги бүдөмүк болуп аткан учурда Конституцияны кабыл алууга кажет жок. Жогоруда айткандай алгач тынчтыкты орнотуп алган соң Конституцияны жана негизги мыйзамдарды карасак болмок.
- Европа Лукашенкону диктатор президент катары баалашат. Ал эми экс- президент Курманбек Бакиев Лукашенконун колтугуна жашынып жатканына кандай карайсыз?
- Бакиевдин жолдорунун баарысы буулуп калган. Ошол Лукашенко эле чакырбаса, башка эч ким чакырбайт болчу. Ушундай себептерден улам анан Беларусияда Лукашенконун койнуна жашынып жатпайбы. Бул эми президент үчүн өтө уят нерсе болду. Бирок, ушул тагдырды Бакиев көрмөк. "Ханды кудай урарда, өз элине кас болот" демекчи Бакиевди кудай урган үчүн элине душман болуп олтурат. Айрым бир маймылды сулуулап, костюм кийгизип, галстук тагып, шляпаны кийгизип, көз айнек тагып койсоң, башка маймылдарга караганда интеллигенттүү, сулуу болуп көрүнөт. Ошол эле учурда ал маймыл бойдон калат. Менин оюмча Бакиев дагы ошол айбан сымал, сулуу кийинип алып, 18-19 кылымдын деңгээли менен 21-кылымда элимди башкарып алам деп ойлоду. Мындай президенттерден кудай сактасын!
- Бакиев ошол Минскиде жатып алып, "мен өзүмдүн отставкамды моюнума албайм" деген билдирүү жасап, бирок Кыргызстанга келбестигин айтты. Экс- президенттин бул билдирүүсүн кандай кабылдадыңыз?
- Мен Бакиевди көп жылдан бери тааныйм. Жалал-Абадда чогуу иштедик. Мен КГБнын башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси болуп турганда ал обл. кеңештин жетекчисинин орун басары кызматында эле. Ошол кезден бери мен билгенден Бакиев бир сөзүнө турбаган адам. Азыр көзүңдү карап бирди сүйлөйт да, кайра артыңан тескери сүйлөйт. Ушундай нерсе менен беш жыл Кыргызстанды башкарып келбедиби. Ошондуктан натыйжасы элдик революция менен аяктады.
- Акылбек Жапаров сыяктуу Бакиевдин коюн-колтугунда жүрүп биринчилерден болуп саткан адамдарга кандай баа берүүдөсүз?
- Учурунда айтылбаган чындык - бул калп. Ар бир чындыктын айтыла турган өзүнүн учуру болот. Ал эми Жапаровдун азыр айтып аткандарынын чындыгы болгон күнү да ал жалгандыкка жатат. Эрки, намысы, ары бар болсо, анда учурунда айтып, кызматтан кетиши керек эле. Бүгүн чыгып алып актанып, Бакиевди жамандап атканы жигиттикке жарашпай турган көрүнүш.
- Сиздин дарекке ар кандай сын-пикирлер айтылып, Акаевдин да, Бакиевдин да учурунда бийлик бутагында иштеген, кайра бийликке сын айтып келген, азыр да Убактылуу өкмөттү колдобой атат деген кептер бар...
- Чынында Акаевдин да, Бакиевдин да учурунда мамлекеттик кызматта иштедим. Айта кетчү жагдай мен Акаев же Бакиев үчүн деп иштеген жокмун. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылдым. Анан 45 жашымда 1996-97-жылдары Акаевдин жасаган ыплас иштерин көрүп, өз ыктыярым менен арызымды жазып, кызматтан бошоп кеткем. Анткени мен бирөөнүн алдында жер шыпырып жүргөн адам эмесмин. Мамлекетке кызмат кылам, бирок президент болобу же министр болобу, башка адамдын кызыкчылыгына кызмат кылбайм. Мына, Бакиевдин убагында деле кызматтан жогоруда айткандай бийликтин ыплас, акылсыз, мыйзамсыз жасаган кылык-жоругун көрүп, иштен кете бергем. Офицер болгондон кийин ар бир офицердин намысы болушу абзел. Ал адам жеке адамдын кызыкчылыгын коргобой, мамлекет үчүн, эл үчүн кызмат кылуусу керек. Мына бүгүн милиция кызматкерлери, укук коргоо орган системалары элге душман катары болуп калды. Ушул укук коргоо органдары менен элдин ортосундагы пикир келишпестиктерди, жаман иштерди жасаган ошол Акаев, Бакиевдер. Укук коргоо органдарынын кемчилиги элдин кызыкчылыгын коргобой, ушул бийликте турган адамдардын кызыкчылыгын коргогону болду. Бийликтегилер буларды жөн гана пайдаланышты десек жарашат.
- Жогоруда Убактылуу өкмөт мүчөлөрү мурдагы бийликтегилердин катачылыгын кайталап атат дедиңиз. Негизги катачылыгы деп эмнени айта аласыз?
- Дагы бир баса белгилеп кетейин, бүгүнкү Кыргызстанды азыркы саздан чыгарып кеткенге бийликте олтургандардын тааныштары, туугандары көмөк көрсөтө албайт. Муну профессионалдар гана жөнгө сала алат. Ал эми бийликке келгендер чыныгы профессионалдарды четке кагып, мамлекеттеги болгон мекемелерге өздөрүнүн туугандарын, тааныштарын, жоро-жолдошторун жайгаштырып коюшкан. Бийликке келгендер кабинетине олтуруп алып телефон менен кадр маселесин чечип, "тигини тигил жакка, муну бул жакка олтургуз" деп буйрук берип келишкен. Бул ыплас жолду Акаев баштап, он беш жылдан бери улантылып келатат. Эми биз мурунку Кыргызстанды реанимация кыла албайбыз, анын бизге кереги деле жок. Болгону ишти туура жол менен баштап, мамлекеттеги иштерди туугандарга же тааныштарга тапшырбастан, профессионалдардын колуна берсе деген ой.
- "Бакиевдин туугандарына, балдарына кылмыш иши козголуп, издөө иши башталды" деген менен натыйжа чыга элек. Сиздин оюңузча Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Бакиевдерди кармаганга, мыйзам жолунда жазалаганга күчү жетеби?
- Бакиевдердин үй-бүлөсүн кармап, жазалоо азыркы Убактылуу өкмөттүн колунан келер-келбеси белгисиз. Бул иштин бүдөмүк болуп атканынын себеби, ошол укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлердин профессионалдык деңгээли кандай деген суроо жаратып турат. Бүгүнкү бийликке булар ишенеби же ишенбейби, моралдык ахыбалы кандай экен? Анткени, офицер деген өтө намысы жогору болушу зарыл. Буга чейин бизде бийликтегилер болгон мекемелерге тааныштарын алып келип атып, өлкөдө профессионализм түп тамыры менен жоголуп, депрофессионализация, деморализация, деградация күч алып кеткен. Эң башкысы ушуларды тазалап, таза, түз жүргөн интеллигенттик сапаты бар адамдарды алып келишибиз керек. Патриоттук аң-сезими жогору болгон адамдарды тандаганыбыз туура. Ошондо гана алдыга койгон иштер орундалып, ар бир кызматкер максатына жетет деген ишеним бар. Эгер кайрадан эле мурунку жолго түшүп алса, айтып коеюн, элдин көзү ачылды, буга жол бербейт.
- Алдыда президенттик, парламенттик шайлоолор күтүлүүдө. Ушул шайлоолордо башка кандидаттар менен ат салышасызбы?
- Албетте, ат салышам. Мен азыркыдай тил менен элди багып аткан оппозиция менен бийликти көрүп, "элди тилибиз менен эмизип жүрө берсек Кыргызстандан эч нерсе калбайт" деп айттым. Учурда сөздү таптап, сулуу сүйлөгөндү баарыбыз үйрөнүп алдык. Ал эми кызматка келгенде ишке жараган, бычакка сап болуп бере турган жан көрүнбөйт. Ошондуктан мен президенттик шайлоого да, парламенттик шайлоого да катышам. Эч качан кайдыгер карап жатпайм. Бул менин да мамлекетим. Мекенге күйгөн адам кайдыгер карап жатпашы керек.
Бурул МУСАБЕКОВА



кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
29-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Башчысы жок башаламандык…
2-бет
Беделиң барбы Бермет?
3-бет
Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ, милициянын генералы:
"7-апрелде мамлекеттик төңкөрүш болду"

4-бет
Андижандын полкасы, Минскинин палкасы
5-бет
Мирослав НИЯЗОВ, "Эл арманы" саясый партиясынын төрагасы, коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Кыргызстанда демократия жок!"

6-бет
Социалисттерге улутчулдардан кулак кагыш
7-бет
Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
"Кыргыздар, коркпогула, келечегибиз абдан жакшы болот"

8-бет
Чыгалбай турган көз эле...
9-бет
"Келечек" Кыргызстандын келечеги үчүн
10-бет
Чолпонкул АРАБАЕВ, юридика илимдердин доктору, профессор:
"Супер президенттик башкарууга бөгөт коюлат"

11-бет
Абалың кандай, бир боорум?
12-бет
Качкын президенттер кантип жаралат?
13-бет
Кой терисин жамынган Eventis Telecom
14-бет
Аксымдык, ачкөздүк аксатат
15-бет
Каралуу китеп барактары
16-бет
Мен өзүмдү таш күзгүдөн карасам


ПОИСК ГАЗЕТЫ