mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Андижандын полкасы, Минскинин палкасы

Канкор ханды көрбөгөн,
Ханга токол болсом дейт
Үйдө баатыр жоодо жок
Кыргызстан 7-апрелдеги кандуу кыргындан кийин өзүнө келе элек. "Жыгылган күрөшкө тойбойт" болуп, Бакиевчилер улам бир жерден баш көтөрүп, "байкуш" көрүнүүнүн жан далбасында. Кыргыздын ырыскысын ичип-жеп тоной кеткендердин уйкусу тынч болбой, арам акчаларды элге таратып, ызы-чуу салууга жан далбастары күч. Максаттары-Убактылуу өкмөттү алып түшүп, Бакиевдерди кайрадан тактыга отургузуу. Демек, элдин жонуна эки эмес беш эсе кайыш тилүү дегенди түшүндүрөт. Болбосо элди ойлогон ажо кыргызды мына ушундай туңгуюкка алып келип такабайт эле. Кыргызстанды энчисине басып алгансып, авторитардык-тоталитардык бийлик орнотуп, хандык тактынын баласына же инилерине өткөрүп берүүнү эңсебейт эле. Тууган-туушкандарын мындай кой, эки жерде эки төрттү билбеген чала сабат, бирок кошоматка кой сойгондордун акесин тааныткандарды тайраңдатпайт эле. Эми мына, "өзүң кылган иш, өз башыңа муш" болуп эшейип, Европанын диктатору атыккан Лукашенконун этегине башын катып жатат. Ооба, Курманбек Бакиев жаман арында кыргызга тезек тердирткиси келген, кул кылып койдой кылып ээрчиткиси келген, баш көтөргөндүн башын кыйгысы келген. Ал "асыл" максаттары ишке ашпады. Эми өзү Лукашенконун уйларынын тезегин терип, жампасынан көң жасап жата бергени оң. Эбегейсиз бийлиги менен байлыгына манчыркап, төшөктөн төшөк жаңыртып, катындын үстүнө катын алган ажобуз бир аялынан башкасынын баары сатты. Аны кадырлап сыйлап, күтүп, жашоосунун жарыгы кылган аялдарга боор ооругандан бөлөк арга да жок. Анча болду Курманбек "баатыр"аялдарын оптом ала кеткенинде кыргыз да көптөгөн күнөөсүн кечмек. Жок дегенде эркектик жасады деп. Анте албады. 60ка чыкканда желип-жортуп, тентип, канкор аталып, бөтөн элдин эшигин сагаалагандан өткөн тозок барбы бу дүйнөдө. Ак кызмат өтөсө ошо сансыз аялдарынан төрөгөн балдарын жетелеп, паркта сейилдеп, кадыр-барк күтүп, непадам өлсө каада-салт менен көмүлмөк. Эми анын сөөгү Ала-Арчага коюлбай калды, аттиң. Убагында "Ала-Арчага сөөгүм жатса экен" деп кыялданып, алгач Аскар Акаевдин, андан соң Курманбек Бакиевдин этегине намаз окуп, интеллигент сөрөйлөр, жазуучу, илимпоз аксакал, карыларыбыздын баары ыйманын саткан. Мени кечирип коюшсун, алар баарына даяр болуп, кимиси келсе да ылгабай, "хоп майли" деп көзүн жуумп, көчүгүн тоскон.

Бала, баланын иши чала
Максим Бакиев кыргыздын ырыскысын Кытайга соодалаганга барганын ошо кездеги өкмөттүк ММКлар Манас Бээжинди басып алгандай мактап-даңктап жатып калышты эле. Эми ошо бала Бакиевден дайын жок. Дайын болсо да, мурдагыдай баатыр боло албай, кай жакта күн кечирип жүргөнү белгисиз. Бала "баатыр" мурда Березовский, Белоконь сыяктуу үлкөн адамдарга президенттин уулу болгон үчүн керек болгон. Атасынан хандык тактыны "мураска алам" деп бекем ишенип алган. Тим эле кыргыздын ажолугун аларга атасы энчилеп бергенсип. Азыр анда кыргыздан уурдап кеткен акчадан бөлөк эч нерсеси жок, куржалак. Аз өтпөй "токочтуу бала сүймөнчүк" статусунан да айрылат. Кыргызстан деген мамлекети, өзү айткандай 5 млн. кою жок, кертип сата турган жери жок мусаапырга айланат. Анын үстүнө ага кыргыздар гана эмес, көптөгөн адамдар тиш кайрап, "кармалса катыгын беребиз" дегендер арбын. Калыстык үчүн айта кетүү керек, ар бир Бакиевди ушундай эле тагдыр күтүп турат. Кырчындай кыйылган жаштардын каны, убалы жөн гана унутулуп калат деп кыска ойлогондор жаңылышат. Угушубузда Максим Ригада, киллер Курманбек Минскиде, Татьяна Самарада. А калган бир туугандары айлаларын таппай, кара жанын сактап калуу менен алек. Себеби алардын артынан эл, Убактылуу өкмөттөн да бөлөк таасирдүү күчтөр түшкөнү жалпыга маалым. Ошол үчүн алар оңго барса да, солго барса да оңбой калышты. "Жазасыз качып кутулабыз" дегендери куру кыял. Булар кыргыздын ырыскысын ичип-жеп чартаңбай тепкени үчүн, кыргызды койго теңегени үчүн, акырында кырчындай өмүрдү кыйганы үчүн бүтүндөй укум-тукуму менен жоопко тартылса да аздык кылат. Бакиев деген фамилия тарыхта кара тамга менен жазылып, ар бир кыргыздын кеги көкүрөгүндө кытай уйуйт. Муну бөркүңөрдөй көргүлө, Бакиевге тиешеси жок, бирок фамилиясы уйкаш карапайым адамдар тезирек паспортуңарды өзгөрткүлө. "Паспорт жок" десе, "койду да паспортту кылабыз" деп коюн-колтук алыша кутуруп чыккан Акылбек Жапаров менен Искендер Айдаралиев деген эргулдарга баргыла. Кам санабагыла, алардын да капчыгы калың....

Калп адамдын сөзүн чиритет
Кайгы адамдын өзүн чиритет
Калпы менен даңкы чыгып, кыргызга небак баркы түгөнгөн Курманбек "баатыр" Минскиде жатып алып, баатырсына сүйлөйм деп бүт дүйнөгө шермендеси чыкты.
Өзү гана эмес, сөзү да чирик экенин далилдеди. "Конокко келдим" деп корголоп, сансыз катындарынын санагын таппай, хан сарайдай үйлөрү өрт чулганып калды. "Эшекти алтын сарайга камап койсо да, аңгырай берет" деп, өзү байкабай айтып алган сөз өзүнө тиешелүү экенин түшүндүбү же түшүнбөдүбү, айтор, белгисиз. Лукашенконун хан сарайында канчага чейин барктуу болуп турат, аны да көрө жатаарбыз. Азырынча аңгырап, азыналай берсин. Бирок анын калган-каткан байлыгын, үйлөрүн, катын-балдарын кыргыздар таап чыгарына бекем ишенем. Ажобуз өз жанын арачылай качты, бир туугандарынын, балдарынын тагдырын түк ойлогон жок. Мына ушундан эле көрүңүз, ажобуздун анык жүзүн. "Үйүндө ынтымагы жок адам ынтымакты көп сүйлөйт" деп какшап келгем, какшай да берем. Бир уядан бир сасыткы чыкса, Бакиевдердин уясынан учкандын баары сасыткы. "Бийлигин кайрыйм" деп Бакиев жандалбастап атса, Кыргызстанда атасынан, баласынан, агасынан, жубайынан, досунан ажырагандар кайгы жутуп, кан какшап турат. Ошол эле учурда Бакиевдин арам акчаларын чөнтөккө толтурган кээ бир энелер, агалар, ини-карындаштар көчөгө чыгып, "ажобуз ай, күн" деп жүрүшөт. Көрөт элем, непадам алардын балдары же күйөөлөрү, же бир тууганы ушинтип бейкүнөө окко учса, бейжайланып, Бакиевди коргоп жүргөнүн. Кайнатпай канды ичип, кактабай этибизди жеген Бакиевдерди колдоп, коргогондун баары кыргыз элинин душмандары. Муну мага сакалы жайкалган аксакал менен элечек кийген балпайган байбиче айтты. "Гезитиңе жаз кагылайын" деди. Бакиевдин телеси Элдик курултайга келгендерди алкаш, бомж, чагымчы кылып көрсөткөн. ага да жооп берсин" дейт. Күйүп, күйүгүп алышкан.

Тоодой баш бергенче,
Томуктай акыл берсин
Убактылуу өкмөт бир учурда бир нече багытта иш алпарууга аргасыз. Себеби алардын буту -колун тушап, улам бир жерден от чыгарып, иштетпей аткан күчтөр толтура. Бирок, ошого карабай иштерин жигердүү баштады. Электр энергиясына болгон тариф төмөндөтүлдү. Уюлдук байланышка кошулган 60 тыйындын башы кесилди. Максимдин колу аркылуу текейден арзан баага бааланып, сатылган маанилүү обьектилер мамлекетке кайтарылып берилүүдө. Дагынкысын дагы болот, биз Убактылуу өкмөттүн ар бир жакшылык менен жасалган кадамдарын көз жаздымдан калтырбай, тизмектеп турмакчыбыз. Бирок, Акаев, Бакиев бийлигинин кузгундары Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн айланчыктап, тоскоолдук көп. Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары Атамбаев Орусия, Түркия жетекчилери менен жолугушуп, Кыргызстандын тагдыры, келечеги тууралуу кам көрүп жүрсө, Бакиевдин жаны жай албаган бандиттери атайы чагым жасап, түрк, орус улутунун адамдарына кыргыйдай тийип, кыргын салды. "Азаттык, эркиндик!" деп 86 адам төшүн окко тосуп, баатырларча курман болуп жатканда үйүндө отургандар, эми желип-жортуп көчөдө. Дыйкандардын эмгегин жеп, жер талашып, тажаалданып жүргөн аялдарды жана аялдардын этегине жамынган эркек сөрөйлөрдү көрүп, өзүмчө жийиркендим. Кыргыз ушундай ажаан аялдарды жер басып алып, сатып күн көрсүн деп көчөгө чыккан эмес, Акаев, Бакиев бийлигинин кузгундары бийликке барсын деп төшүн окко тоскон эмес. "Оозу жаман айыл булгайт, буту жаман төр булгайт" болуп айыл-айылды иритип, "төргө чыгам" деп Убактылуу өкмөттү айыптап, жамандап, иритип-чиритип жүргөндөр эртерек эсине келсе. Болбосо бүгүн да, эртең да кеч болуп калат. Себеби, чапкан сайын көз чыкпаган сыяктуу, дөңгөчтөн да үн чыгаарын унутпасак! "Кылкылдаган кыргызды кыйын турмуштан куткарып алабыз" деп күрөшкө чыгып, башын канжыгага сайып, Бакиев бийлиги менен батыл кармашып, батырдык жасап, Убактылуу өкмөттө жүргөн эр-азаматтар кантип кыргызга кыянатчылык жасасын. Күтө туралы, кыйшайып баратса аларга да сурак бар.

Жылдыз МУСАБЕКОВА



кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
29-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Башчысы жок башаламандык…
2-бет
Беделиң барбы Бермет?
3-бет
Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ, милициянын генералы:
"7-апрелде мамлекеттик төңкөрүш болду"

4-бет
Андижандын полкасы, Минскинин палкасы
5-бет
Мирослав НИЯЗОВ, "Эл арманы" саясый партиясынын төрагасы, коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Кыргызстанда демократия жок!"

6-бет
Социалисттерге улутчулдардан кулак кагыш
7-бет
Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
"Кыргыздар, коркпогула, келечегибиз абдан жакшы болот"

8-бет
Чыгалбай турган көз эле...
9-бет
"Келечек" Кыргызстандын келечеги үчүн
10-бет
Чолпонкул АРАБАЕВ, юридика илимдердин доктору, профессор:
"Супер президенттик башкарууга бөгөт коюлат"

11-бет
Абалың кандай, бир боорум?
12-бет
Качкын президенттер кантип жаралат?
13-бет
Кой терисин жамынган Eventis Telecom
14-бет
Аксымдык, ачкөздүк аксатат
15-бет
Каралуу китеп барактары
16-бет
Мен өзүмдү таш күзгүдөн карасам

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«