Бетиң бетпи, же…

Беделиң барбы Бермет?
2005-жылга чейин элин жакшы эле эзип, сызга отургузуп кеткен Акаевдин үй-бүлөөсүн кечирүүгө болбос. Өлкөбүзгө өзүмчүлүк саясатты, үй-бүлөөлүк башкаруунун туусун сайып, негиздеп кеткени кашкайган чындык. Былыгы чыгып, мамлекеттин мүлкүн тоноп, калкынын канын соруп сүрүлө келген элдин сүрүнөн Маскөөнү карай качып кеткен. Кийинки келген бийлик кылмыш ишин козгомуш болуп, бирок тийген жок. Анан Алматыдагы Евразиянын lХ медиа форумунда Бермет бети кызарбай "кыргыз элиме билим-тажрыйбам керек болсо кызмат кылат элем" дейт. Элибиз бир ажыдаардан кутула албай жатып, мурдагы уюкту жылаан, кан соргучтардын билимине суусаган жери жоктур. Революциянын чыныгы жүзүн Убактылуу өкмөт көрсөтө алса анда Акаевди үй-бүлөөсү менен кылмышка тартса туура болмок. Кызматты коюп, сол чөнтөккө солой качкан байлыкты кыргызга кайрып берсе дурус болбойт беле...




  Кагылыш көксөгөн канкор

Бөлүнгөндү бөрү жейт кыргыз!
Ош жергесинде Кыргызстанды экиге бөлүүнү көздөгөн белгисиз күчтөр пайда болду. Түнкүсүн үйлөрдүн эшигине "Түштүк Кыргызстан демократиялык республикасын " түзөбүз деген арам ойлуу чакырыктар жазылган диск, баракчаларды таштап кетишүүдө. Мында Курманбек Бакиевдин кайрылуусу, Алмазбек Атамбаевдин мурда премьер-министрлик кызматка болгон соодалашуусу тууралуу баяндалат. Андан сырткары "7-апрелдеги каргашалуу окуяга бийлик эмей эле оппозиция тараптагылар күнөөлүү" деген таризде чакырыктар бар экен. Түнкүсүн ууру сымал таратып жаткан топтун артында Бакиевдер тураары бышык. Эли-жерине батпай калган бетбактын акыркы амалдары болсо керек.




  Тигил акмак, мен аппак

Элмурза эмне дээр экен?
Убактылуу өкмөттүн сот, прокуратура тармагын тейлеген мүчөсү Азимбек Бекназаровдун айтымында, коопсуздук боюнча мурдагы мамлекеттик кеңешчи, экс-башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевден сырткары мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев, мурдагы коргоо министри Бакыт Калыев көрсөтмө берүүдө. Маалыматка ылайык, булардын бардыгына кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылууда. А.Бекназаров мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов, Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов, мурдагы мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумаматов, Жаныш Бакиев жетектеген Мамлекеттик коргоо кызматынын мурдагы орун басары Нурлан Темирбаев изделип жаткандыгын кошумчалады. Ылайды кимиси кандай кечет экен байкайлы...


  Бирде жигит жөө жүрөт...

Бакиев кол тийбестик укугунан ажырады
Курманбек Бакиевдин кол тийбестик укугунан ажыратылды. "Эми биз тартип коргоо органдарына кайрылып кармап бергиле деп сурайбыз" - дейт. Бакиевди күчтөп алып келүү боюнча декрет даярдалгандыгын, ал жакында кабыл алынарын айтты. Мындан сырткары мурдагы президентке маассалык адам өлтүрдү делип 97-берене, кызмат ордунан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн 304-берене боюнча сырттан кылмыш иши козголгонун маалымдады. Колуң менен кылганды мойнуң менен тартаар мезгил келди.




  Коңшубуз кобурады

17-жылдан башка революция жокпу?
Евразиялык медиафорумда казакбашы Нурсултан Назарбаев Кыргызстандагы кандуу окуяга карандай сын айтты. "Бул революция эмес, жөн гана бийлик талашмай күрөш болду. Чыныгы революция деген 1917-жылы капитализм менен социализм алмашканда болгон. 5 жылда бу өлкө 2 маанилүү саясий кризиске батты, эгерде элдин муктаждыгы, коопсуздугу, улуттар аралык мамилелери жөнгө салынбаса катаклизм болгону болгон" дейт, Нураке. Анын пикиринин артында не жатканы кызык. Баурдастын боору кыргызга чындап ооруппу же Каркыра менен катар-катар тизилген пансионаттаргабы? Балким, казак оппозициясынын козголоңу колтугун тырмап аткандыр…


  Жоопарк

Бир төөкушка бир кресло
Аткан президент Бакиевдин Жалал-Абаттагы Ынтымак айылындагы үйүн тинтип ийишти эле, тинткендердин тили буулуп калды. Сырты үй көрүнгөн менен ичи зоопарк экен. 2 аюу, 2 илбирс, 2 ителги, 3 элик, 4 павлин (тоос), айтор, төөкуш, бүркүт, аккуу-каракуу, өрдөк-сөрдөгү жайнап… Жарыктык "арстанмын, букамын" деп кайталап айтчуле, жаныбарларга жакындыгы даана далилденди. Бул макулуктарды Кызыл китептен сууруп алып, кайсы кошоматчы-колго суу куяр Африкага каттады экен? Анысын прокуратура айтаар.


  Аялдан азап

Токолдор тополоңу башталат
"Наше право" деген коомдук фонд бар. Ошол фонддун деректири Калича Өмүралиева Курманбек Бакиевге жана бир кылмыш ишин козгоону кошуп чыкты. Анын айтымында "көп аял алуучулук" боюнча алиги ажо ашынып кеткен имиш. Шарт эле бир нече аял алып, 153-кылмыш кодексин кордогону үчүн жоопко тартылышы сөзсүз керек экен. Анан да анын толтура аялдарынын санын тактап, иликтөө иштери уланарын белгиледи. Токолдор тополоңу эми башталчудай.


  Бозала болуп турабыз

Тогузунун абалы оор
Төңкөрүштө жабыркагандардын жашы кургай элек. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө карасак бүгүнкү күндө жабыркагандардын 250сү ооруканаларда дарыланышууда. Алардын тогузу оор абалда, экөө реанимацияда жатат. Жалпысынан 1621 адам ооруканага кайрылып, алардын 514ү жаткырылган. Дарылангандардын 93ү күч структураларынын кызматкерлери. Ал эми төртөө Түркия мамлекетинде дарыланууда. Акүй алдында жалпысынан 86 чырактай бир боорлорубуз мекен үчүн курман болду. Алардын арбагы убактылуу өкмөткө салмагын салып турганы биртең, канкорлор кармалбай качып бозуп, бозала кылганы биртең.


  Кылмышты кылмыш жашырып…

Өмүрбектин өмүрү кыйылдыбы?
Мурдагы президенттин администрациясынын башчысы Медет Садыркуловдун жол кырсыгынан мерт болушуна айыптуу делип 12 жылга жатак-абакка кесилген Өмүрбек Осмоновдун тагдыры чатак болду. Ал 17- апрелде Беш-Күңгөй айылында бычакталып өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат желдей тарады. Жаза өтөө жайлар башкармалыгынын басма сөз катчысы Сергей Сидоров ал иштин чоо-жайы такталып жатканын билдирди. Өткөн жылдын 13-мартында Кой-Таш айылына жакын жерде "Лексус" жана "Ауди" үлгүсүндөгү унаалар кагылышып, 3 адам өрттөнүп кеткени жалпыга жакшы маалым. Ошол "Аудинин" ээси оор күнөөнү "мойундап" отурган чагында минтип кара кабар угулду. "Октон өлүптүр" деген да имиш бар. Айтор, соо эмес. Не болсо да өтө жашыруун сырдын көзү ачыла албай дагы да туюкталды. Демек, өлкөбүздө оор кылмыштар түрмөгү түмөндөй берет окшоп калды…

"Айат пресс"