mainkaptal

Пользовательский поиск
  Мен өзүмдү таш күзгүдөн карасам

Бегимай БЕКБОЕВА, ырчы:
"Жигит менен сүйлөшүүгө убакыт жок"
Кулк мүнөз
Жашоодо абдан шайырмын. Капаланган учурлар аз кездешет. Жакындарымдын, курбуларымдын арасында дайыма кызыктуу нерселерди айтып, жеке эле өзүмдүн эмес, башкалардын да көңүлүн ачканды жактырам. Атамды тартып аябай боорукермин. Тааныш эмес адамдардын кайгысына деле боорум ачып, аяп турам. Ал эми ак көңүлдүк жагым апаман өтсө керек. Үйдө апам экөөбүз абдан ак көңүлбүз. Өзүмө жакпаган сапатым ишенчээктигим. Бирөө жакшы сөз айтса да, жаман сөз айтса да жүрөгүмө бат кабыл алып, ичимен кыжаалат боло берем.
Кайгырганда
Кайгырганда дайыма Махабат эжекемдин баласы менен ойноп, көңүл кирин кетирем. Арген бир аз оорулуу болгон үчүн буту баспайт. Барып ойнотуп, жетелеп бастырып, мындайда өзүмдүн да көңүлүмдү көтөрүп, кайгымды, ичимдеги болгон ызамды унуткарып коем.
Достор арасында
Дос деген сөздүн өзү эле ыйык нерсе деп ойлойм. Ошондуктан жакын санаалаштардын баарысын эле дос деп айтуудан алысмын. Курбуларым саналуу гана. Кубанычымды, кайгымды тең бөлүшүп, мени колдоп келишет. Өзүм да достукка бекеммин жана сатпайм. Чыныгы досторум үчүн эч нерсемди аянбайм.
Ушак
Чыгармачылык адамдарды ар убак ушак ээрчийт. Мен айың сөздөргө терикендерден эмесмин. Сөз айтылган жерде кала берет. Андай майда барат кептерге маани берүүнүн өзү жаман. Дегеле жашоодо ушак сүйлөгөндү жаман көрөм. Курбу кыздар менен же кесиптештер менен олтурганда ушак сүйлөй баштаганда "келгиле андан көрө анекдот айтышабыз" деп сөздү башкага бурганга шашылам.
Мода
Айрым жаштар сымал моданын артынан кубалабайм. Дүкөндөргө, базарларга барганда биринчи ирет кийимдин жарашыгына көңүл бурам. Сөзсүз түрдө модага же кымбатына басым жасоонун кажети жок.
Сулуулук
Сахнага чыгарда же телеге тартыларда гана боенбосом, үйдө жүргөндө шалтактап боенуп алганды жактырбайм. "Avon" фирмасынын косметикаларын колдоном. Диета кармап же тынымсыз спорт менен машыгып сулуулук үчүн атайын кам көрбөйм.
Сын пикир
Улуу муундагы адамдар чыгармачылыгымдагы жасаган туура эмес иштеримди айтып сындаганын туура кабыл алам. Анан ошол кишилердин айтканын сабак катары көрүп, кетирген катачылыктарымды кайталабаганга аракет кылам. Өзүм да улуу муундагы адамдардан кеңеш угуп, тарбия алгым келет.
Байлык
Жашоодогу эң башкы байлыгым ата-энем, бир туугандарым. Ушулар маңдайымда аман-эсен , кайгыны билбей жашай беришсе дейм. Анан ырларымдын өмүрү узун болушун тилейм. Күнүмдүк тиричиликке каражат албетте керек, бирок акча мен үчүн чоң мааниге ээ эмес. "Мен акчаны эмес, акча мени куусун" деген ураан менен жашайм.
Сахнада жана үйдө
Мени жакындан тааныбаган адамдар "Бегимай абдан токтоо" деп ойлошот. Чынында сахнада өзүмдү токтоо кармап жүрөм. Ал эми үйдө ачык, шайырмын. Шаан-шөкөттө жүргөндү жакшы көрөм. Бала кыял болгондуктан ата-энеме эркелеп, бир туугандарым менен ойноп, кыскасы, бир орунга тынч тура албайм.
Ашканада
Камыр тамактарды абдан жакшы көрөм. Ошондуктан манту, чүчвара, лагман тамактарын мыкты жасайм. Анан тамакты өзүм тойсом да көзүм тойбой көп жейм. Тамак тандаганды да жаман көрөм. Тааныштарым "тамакты чеги жок жесең деле семирбей, келбетиң бир калыпта сакталат" деп калышчу. Көздөрү тийди окшойт. Акыркы эки айдан бери бир аз толуп кеттим. Эми тамакты тарта жеп, келбетиме көңүл бура баштадым.
Тасма талаасында
Айрым кесиптештерим "кино деген кыйноо экен, азабын айда тарттым" деп калышат эмеспи. Ата-энем экөө тең актер болгондуктан, кичине кезимен эле алар менен сахнага аралашып жүргөндүктөн мага кинонун кыйынчылыктары сезилген жок. Бирок биринчи кино жарыкка чыккандан кийин көрүп алып, кетирген катачылыктарым көп экенин байкадым да, экинчисине келгенде өзүмө ишеним артып, мурдагы катачылыктарыма жол бербегенге аракет жасадым. Мындан ары да кино жаатына өтсөмбү деген ой менен Б. Бейшеналиева атындагы көркөм өнөр институтунун актердук бөлүмүнө окууга тапшырууга даярдануудамын. Кино тармагына өтүү менен ырчылыкты экинчи планга таштабайм. Колуман келишинче эки тармакта тең бирдей иштейм. Ыр дүйнөсүндө жылт этип өчүп калгым келбейт. Алина, Айчүрөк, Асел эжелердей узак убакка сахнада жашасам дейм.
Сүйүүдө
Ата-эне менен баланын ортосундагы сүйүүнүн бар экенине ишенгендей эки адамдын ортосундагы махабаттын жашарына ишенбейм. Кыз-жигиттин ортосунда жөн гана жакшы көрүү сезим менен бири-бирине көнүп алуу гана болсо керек. Мен чыныгы сүйүүгө кезиге элекмин. Менимче жигит менен сүйлөшүү үчүн убакыт керек. Аны менен сейилге чыгып, сүйлөшүп, көңүл буруу зарыл. Менин андай нерсеге убактым жок.

Бурул МУСАБЕКОВА



кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
29-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Башчысы жок башаламандык…
2-бет
Беделиң барбы Бермет?
3-бет
Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ, милициянын генералы:
"7-апрелде мамлекеттик төңкөрүш болду"

4-бет
Андижандын полкасы, Минскинин палкасы
5-бет
Мирослав НИЯЗОВ, "Эл арманы" саясый партиясынын төрагасы, коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Кыргызстанда демократия жок!"

6-бет
Социалисттерге улутчулдардан кулак кагыш
7-бет
Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
"Кыргыздар, коркпогула, келечегибиз абдан жакшы болот"

8-бет
Чыгалбай турган көз эле...
9-бет
"Келечек" Кыргызстандын келечеги үчүн
10-бет
Чолпонкул АРАБАЕВ, юридика илимдердин доктору, профессор:
"Супер президенттик башкарууга бөгөт коюлат"

11-бет
Абалың кандай, бир боорум?
12-бет
Качкын президенттер кантип жаралат?
13-бет
Кой терисин жамынган Eventis Telecom
14-бет
Аксымдык, ачкөздүк аксатат
15-бет
Каралуу китеп барактары
16-бет
Мен өзүмдү таш күзгүдөн карасам
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика