Каралуу китеп барактары

КАНДУУ ЖОЛ
(Детектив аңгеме)
Эдил КОЖОШИЗИ
Кадырман окурман, кыргыздар башынан кечирген акыркы беш жылдыкта экономикабыз эңшерилип, байлыгыбыз кемигени менен кылмыштуулук гүлдөп өсүп, өлүм-житим эпсиз көбөйгөнүн билебиз. Атайылап адам өмүрүн кыйуу ачыктан-ачык аңызга айланды. Натыйжада "Кандуу жол" атуу китеп капилет жаралып, калк ичин аралап кетти. Анда Медет Садыркулов баш болгон Кыргызстандын саясатына таасири күч көрүнүктүү ишмер адамдардын жалданма киши өлтүргүчтөрдүн кантип курмандыгы болгону жана кимдер жалдап кан күсөгөнү кеңири баяндалган. Биз ушундан тарта каралуу "Кандуу жол" китебин барактап, сандан-санга узатабыз. Эмесе, жакаңызды кармап, үзбөй окуй бериңиз.

Автордон: Бул аңгеме детектив жанрында жаралган адабий чыгарма, окуялар, каармандар толугу менен ойдон чыгарылган. Азыркы мезгилде жашап жаткан, же көзү өтүп кеткен кайсы бир адамдардын аты-жөнү чыгармадагы каармандардыкына үндөш же окшош болушу, сүрөттөлгөн окуялар жана фактылар чындыкка жакын же дал келип калышы да мүмкүн. Эгерде чыгарманы окуп жатканда ушундай окшоштуктарды же дал келүүчүлүктөрдү байкасаңыз, урматтуу окурман, аларды кокусунан болгон нерсе катары кабыл алып коюңуз деп сизден суранабыз.

13-март, күнгө жума.
Таңкы саат төрттөн кырк беш мүнөт өттү.
Райондук милиция бөлүмүнүнө бирөө телефон чалып, Аламүдүн капчыгайынын ичинде, Кой-Таш айылынан бир аз өйдөрөөк жерде, жолдун боюнда эки машине күйүп жатканын билдирди. Бөлүмдүн тергөөчүсү баш болгон милициянын оперативдүү - иликтөө тобу кырсык болгон жакты карай шашылыш жөнөп кетти. Алар күйүп жаткан машинелердин жанына саат бештен жыйырма мүнөт өткөндө келишип, алгач иликтөө иштерин башташты.
Капчыгай ичи менен өйдө карай "Жылуу-Булак" эс алуу жайы жайгашкан жакка кеткен жолдун асфальт тасмасынан окчун, атайын тегизделип жасалган аянтчанын көбөт жак кырында "Lexus LX 570" маркасындагы жип автомашинасы турат, ичи-сырты, дөңгөлөктөрү толук күйүп бүтөйүн деп калган. Анын алдыңкы сол жак дөңгөлөгүнөн бир аз гана арткараак, шопур тарабындагы каалгасынын босогосунун төмөн жагына урунган "Ауди - 100" маркасындагы автомашина жарым жартылай күйгөн абалында турат.
Милиция кызматкерлери кырсык болгон жерди карап жатышканда алардын жанына бир жигит келип "Ауди" машинеси аныкы экендигин, жогору жактан келе жатып көзү илинип кетип Жип машинесин уруп алганын, ошол замат көз ачырбаган ачуу түтүн каптап, ал болсо коркуп кетип машинеден чыга качканын айтты. Анан коркуп кетип жол менен ылдый карай жардамга киши издеп чуркаганын, төмөн жактагы мейманкананын кароолчурарына барганын, алар телефон аркылуу милицияга кабар бергенин айтты. Тергөөчү аны дароо эле кармап, өзүнүн машинесине отургузуп койду. Анан райондук бөлүмдүн дежуруна телефон чалып, эки автомашина урунушуп алып күйүп жатканын, экинчи машиненин шопуру кармалып машинеде отурганын, машинелерди өчүрүүгө өрт өчүрүүчүлөрдүн расчету керек экендигин айтты, күйүп жаткан Жип менен аны сүзгөн "Аудинин" мамлекеттик номурларын билдирди.
Арадан бир саат өтпөй күйүп жаткан Жип автомашинасы Жогорку Кеңештин депутаты Жарышалиевге таандык экендиги, бир күн мурда ал машинени Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси, өзүнүн жердеш агасы Медер Чомоевич Садырбековго Алматыга барып келүү үчүн бергени маалым болду. Чекара кызматынын маалыматы боюнча "Lexus LX 570" маркасындагы ак түстөгү автомашина чынында эле 12-март күнү түшкү саат экиде Казакстан жакка өткөн, кайра Кыргызстанга 13-мартта, түнкү саат экиден отуз мүнөт өткөндө, ошол эле чекара жана бажы посттору аркылуу кирген. Кошумча маалыматтарга караганда Садырбековдун жанында экономика жана саясат маселелери боюнча эксперт Слепко Сергей Степанович бар экен.

13-март, күнгө жума.
Эртең мененки саат тогуз.
Медер Садырбеков автокырсыктан каза болуптур деген кабар чагылгандан тез тарады. Анын өлүмүнө эч ким ишенгиси келген жок, эл ичи уу-дуу болуп эле жатып калды: кайдан, качан, кандайча, кайсы убакта, кайсы жерде, эмне болуп - деген суроолор чөнтөк телефондон чөнтөк телефонго чуркап, дилдиректей дирилдеген үндөр ободо жаңырып турду. Ал жашаган үйдүн жанына, ал акыркы кезде отуруп иштеп жаткан офисинин алдына аны билгендер, мурда-кийин чогу иштешкендер чогула башташты, арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик кызматкерлер да бар. Ортодо жанагы эле суроолор - качан, кайсы жерде, кандайча?
Медер Чомоевич Садырбеков салмактуу саясатчы катары тааныла баштаганда ага "МЧС" деген ылакап ат тагылып калган, аты-жөнүнүн баш тамгаларынан алынган. Өзгөчө Кырдаалдар министирлиги орусча "Министерство чрезвычайных ситуаций" (Эм-Че-Эс) деп айтылат эмеспи. Министирлик ар кандай чукул кырдаалдарда кандай милдет, кандай жүк көтөрсө Медер Чомоевич да чоң саясатта ошондой эле кызмат кылып келди. Чукул саясий кырдаалды жандырып, чыңалып келе жаткан кырдаалды туура нукка буруп, ар кандай көз караштагы адамдар менен сөз табышып, аларды Акүйдүн саясатына имерүүдө же түрдүү ыкма менен саясий оюндан четке чыгарууда Медер Чомоевичтен өткөн чебер киши жок эле. Ошондуктан Эм-Че-Эс (МЧС) деген ат ага жарашып турчу. Өлкөнүн мурдагы Президенти Какаев дагы, азыркы Президент Кибаев дагы аны саясий майдандагы өзгөчө кырдаалдар боюнча адис катары өзүнө жакын кармашып, кызматынан пайдаланышып турушканы ошол себептен. Ошондуктан МЧСтин өлкөнүн ички жана тышкы саясатын аныктоодо, кадр саясатын жүргүзүүдө таасири да күчтүү болчу. Анын уюштуруучулук дараметинен жана жогоруда айтылган иштермандык сапаттарынан улам Акүйдүн "серый кардиналы" деп да аташчу. Окурман туура көрсө мындан аркы баяндамада Медер Садырбековду көбүнэсе ушу кыска ылакап аты менен - "МЧС" деп эле атаганыбыз туура болучудай. Анткени аны саясий чөйрө дагы, коомчулук дагы ушундай ылакап ат менен кабыл алып калган, ага көнгөн.
Садырбековдун бул табышмактуу өлүмү ага карата, анын өмүр таржымалына карата кызыгууну да арттырды. Ал 1953-жылдын 13-декабрында жарык дүйнөгө келип, эмгек жолун өзү туулуп-өскөн айылда катардагы жумушчу болуп баштаган. 1977-жылы Мамлекеттик университеттин тарых факультетин ийгиликтүү аяктайт да Мамлекеттик медицина институтунда мугалим болуп иштеп калат. 1991-жылы жаңыдан уюшулуп жаткан Президенттин аппаратына кызматка чакырылат да төрт жылдын ичинде бөлүм башчылыкка чейин көтөрүлөт. 1995-жылы райондун акими, 1997-жылы Мамлекеттик салык кызматынын директору болуп дайындалат. 1999-жылы кайрадан Президенттик администрацияга келет, анын жетекчиси болуп дайындалат. Андан бир жыл өтпөй белгисиз себептер менен чет өлкөгө элчилик кызматка жиберилет да 2005-жылга чейин ал жакта жүрөт. 2006-жылы жаңы президент Кибаев аны кайрадан өзүнүн Администрациясына чакырат да жетекчиликке дайындайт. Жогоруда айтылгандай акыркы үч жыл ичинде Садырбеков өлкөдөгү эң таасирдүү саясатчы катары таанылат, көптөгөн татаал саясий маселелердин чечилишине тикеден-тике жетекчилик кылат.

13-март, күнгө жума.
Эртең мененки саат он.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Президенттик Администрациянын мурдагы жетекчиси Садырбеков менен Президенттин алдындагы Стратегиялык иликтөөлөр институтунун мурдагы директору Слепконун автокырсыгынан каза болгондугун билдирди.
Ошол эле убакытта "Lexus LX 570" маркасындагы Жип машинесинин ичинен табылган үч кишинин күйүп кеткен сөөгү шаардык өлүкканага жеткирилгени, учурда маркумдардын жакындары алардын өздүгүн аныктап, таануу үчүн чакырылганы да маалым болду. Садырбековдун үйүнүн жана офисинин жанына чогулган бир топ адам шашылыш түрдө шаардык өлүккана тарапка жөнөп кетишти.
Арадан саам убакыт өткөндөн кийин окуя боюнча мурдагы расмий билдирүүлөргө кошумчалар, түзөтүүлөр киргизиле баштады. Адегенде эле Интернет барактарынан Садырбеков менен Слепконун фамилиялары алынып ташталды. Маалымат жөн гана автокырсыктын натыйжасында аты-жөнү белигисиз үч адам каза болгону, Жип маркасындагы машиненин ичинен эки адамдын толук күйүп кеткен сөөгү, ал эми дагы бир адамдын күйгөн денесинин бөлүктөрү табылганын, ал каза болгон адамдардын өздүгүн тактоо жүрүп жатканы жөнүндө болуп калды. Окуянын чоо жайын билбеген, укпаган кишиге сөз күндө эле болуп жаткан жол кырсыгы, ошондой кадырэсе көрүнүштө каза болгон үч киши жөнүндө болуп жаткадай болуп калды. Массалык маалымат каражаттарына таасири бар бирөөлөр болгон окуяга карата коомдогу кызыгууну басаңдатууга аракет жасаганы, ушул максатта берилип жаткан кабарларга оңдоолор менен түзөтүүлөр киргизилгени байкалды.
Ошол эле убакытта Өлкөнүн президенти Ички иштер министри Конкаргаевди чакырып Садырбеков каза болгон автокырсыкты толук изилдеп, анын себептерин жана күнөөлүүлөрдү тактоону буюрду, иликтөөнүн жүрүшүн өз көзөмөлүнө аларын белгиледи. Бул экөөнүн телевидениеден кайра-кайра көрсөтүлүп жаткан кыска маегинде кырсыктын башка себептери болушу мүмкүнбү деген суроо көтөрүлгөн жок.
Саламаттыкты сактоо министри болсо өлүкканадагы адамдардын денесинин калдыктарын ДНК анализинен өтүшү керектигин, ансыз алардын өздүгү аныкталбай тургандыгын билдирди.
Ички иштер министри болсо маалымат каражаттарына автокырсыктын себептери иликтенип жатканын, ага күнөөлүү деп табылган адам камакта экенин, тергөөнүн жыйынтыгы менен коомчулукка кырсык боюнча толук маалымат берилерин айтты.
Эл ичинде болсо автокырсык деген божомолго ишенбөөчүлүк күч ала берди. Анткени, Садырбеков менен Слепко казак-кыргыз чекарасына жакын калганда үйлөрүнө телефон чалышканы маалым болду. Экөө тең чекарага жакын калышканын, бир аздан соң үйдө болушарын маалымдашкан. Бул жөнүндө электрондук массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ошондой эле "Лексустун" шопуру Кубат дагы жубайы менен телефон аркылуу сүйлөшүп, өзү чек арада турганын, бир аз убакытта шаарга келип каларын, жеткенден кийин машинени таштап коюп түз эле үйгө барарын айткан экен.
Үйлөрүнө шаша келе жатышкан булар түнкү саат 2.30да чек арадан өтүшсө, анан эмне себептен таңкы 5те шаардын башка жак сыртында, капчыгай ичин өрдөй кеткен ээн жолдо жүрүшкөн? Эмнеге ал жерде жолдун жээгине чыгып токтоп турушкан? Ортодо эки жарым саат убакыт алар кайда болушкан? Эмнеге салмагы 1200 килограмм болгон кичинекей "Ауди" машинесинин шопуру соо калып, салмагы 3 тоннадан ашкан Жип машинесинин ичиндегилер сыртка чыга албай өрттөнүп кетишкен? Алар деле чыга качышса болмок да? А түгүл Жиптин бензобагы сопсоо, жарылып кетпептир, бензин жүрүүчү металл түтүктөр да бүтүн, эшиктери ачык бойдон экен. Анан эмнеге ичиндегилер отурган орундарынан кыймылдабай толук күйүп кетишкен? Эмнеге алар жансактоого аракет кылышкан эмес? Эмне себептен шопур бала өз ордунда эмес жанындагы орундукта отурган?
Ушул сыяктуу суроолор алардын жакындарын жалынга салып - куйкалап, ойсанаасын безбелдектей безилдетип турду.
Расмий органдар бул суроолорго жооп издеген жок, болгону автокырсык деген жалгыз божомолду карманып турушту.
Ошондой эле Садырбековдорду чекара постунда жарым сааттан ашык убакыт бери карай өткөрбөй кармап турушканы да маалым болду. Кече эле бүтүндөй бийлик бутактарын титиретип кармап турган кишини кандай себептер менен посттон өткөрбөй турушкан? Бул жөнүндө да коомго эч кандай түшүндүрмө берилген жок.
Неси болсо да Садырбековдой бараандуу саясатчынын табышмактуу өлүмү катардагы эле кадыресе окуя эмес экендиги, анын артынан дагы далай сырдуу окуялар түгөнбөй чубала берери анык болуп калды.

13-март, күнгө жума.
Түшкү саат он экиден кырк беш мүнөт өттү.
Өлкөдөгү бир төп саясий күчтөр Садырбековдун өлүмү жөнөкөй эле автокырсыктан эмес экендигин, алар бул өлүмдү саясий террор катары баалай тургандыгын, анткени ал официалдуу бийликке өтө коркунучтуу адам болуп калганын, акыркы мезгилде оппозициялык маанайдагы конструктивдүү күчтөрдү бир блокко бириктирүү аракети менен алек болуп жүргөнүн айтып чыгышты. Алардын айтымы боюнча Садырбековдой салмактуу саясатчы кандай себеп менен каза болсо да, биринчи кезекте окуянын саясий жагы каралышы керек, саясий себептер барбы же жокпу деген суроого жооп алынышы зарыл. Саясий негиздер жок экендиги анык болгондон кийин гана башка божомолдорду иликтөөгө өтүү туура болмок.
(Уландысы кийинки санда)