mainkaptal

Пользовательский поиск
  Аксымдык, ачкөздүк аксатат

Акаң барбы, атаң барбы, эжең барбы?
Чакырып койчу танцыга!
"Акаевдин эзүүсүнөн" кыргызды кутулттум" деп эгемендикке эреркеген ажобуз Курманбек Бакиев үй-бүлөлүк бийликти үстөмөндөп жыгылганы эч кимге жашыруун деле эмес. Анысын коркпой-үркпөй эле тизмектесек болот. "Уялбагандан өзүң уял" дегендей. "Аталаштан алтоо болгуча, энелештен экөө болгон жакшы" дегендей, ажобуздун жатындаштарын санасак, жетөө. Улуусу Курманбек Бакиев ажо болор алдында атпай-журтка "үйбүлөлүк башкарууга Кыргызстанда жол жок! Аны бөркүңөрдөй көргүлө!" дегенди байма-бай какшаган. Какылдап-какшап, сууга чаңкап айткан. Өзү эмес, эл да, тегерегиндеги саясый санаалаштары да "үйбүлөлүк бизнеске, үйбүлөлүк бийликке жаңы бийлик караманча жол бербейбиз" деп үстөккө-босток айтса да, үйбүлөлүк башкаруу карааны 2005-жылы эле бийлик короосуна башбага баштаган. Курманбек Бакиев ага да болбой, "үйбүлөлүк адилетсиз бийликке жол бербейм" деп эл алдында чыкканда, кабат-кабат ант бергенин кое электе, уулу Максимдин башы бирде ким бирөөнүн байлыгы баскын болгон жерден сорок этсе, бирде саясый чоң окуя болгон жерде жарк этип көрүнө баштаган. Көп узабай өнүктүрүү фонду дегендин шылтоосу менен кыргыздын кызылдай байлыгынын баарын басып алып, Кыргызстанды өлтүрүү менен алек. Кыргызга кымбатчылык менен кыргыйдай тийип атканда кайдагы өнүктүрүү? Кымбатчылыктын каамытын дал ушу өнүктүрүү фонду эл мойнуна илип атпайбы! Коомчулук арасында бара-бара Салыйдын ар бир уулу мансап ээси болуп калганы адегенде ушактай тарап аткан, кийин чындыкка айланды. "Уккан кулакта жазык жок" демекчи Бакиевдер өзүнчө эле легенда. Айтсак, агасы ыраматылык Жусуп Бакиев АРИС башына барган. Андан кийинкиси Каныбек Бакиев учурда туулуп өскөн айлынын айыл өкмөтүн жетектейт. Бул да оңой-олтоң кызмат эмес, бирок ал айыл өкмөтү саналган менен көшөгө артында бүтүндөй облустун тагдырын чечүүдө салмагы зор. Аким, керек болсо губернатор титиреп, ийилгенде аттын да бели сынып кетчүдөй. Андан кийинкиси коомчулукка дайыма артынан ызы-чуу, ыплас, саясый чуулар коштогон, Кыргызстандагы эң таасирдүү фигура, өлкөнүн коопсуздук кызматын тескеп турганда Текебаевге каршы "матрешка" окуясын уюштурганга салым кошкон, (балким уюштурган) генерал-лейтенант Жаныш Бакиев. Азыр ал президенттин күзөт башкармалыгынын башчысы. "Арстан" аттуу топ түзүп алган, айбатын кимге көрсөтөөрү белгисиз. Бирок агасына таасири азайып баратканына кейип жүргөнүн кеп кылгандар көп. "Атадан алтоо болсоң да ар башыңда жалгыздык" деген ушу да. Андан кичүүсү Акмат Бакиев деген бизнес чөйрөсүндө "көмүскөдө" таасири күчтүү иниси бар. Ал иниси Адыл Бакиев кесиби боюнча курулушчу экенине карабай, Тышкы иштер министрлигинин кеңешчилигинде иштейт. Кыргызстандын Кытайдагы соода өкүлчүлүгүндө да эмгектенет. "Кытайлык бизнесмендерди каалагандай калчайт" деп уккан жайыбыз бар. Бакиевдердин эң кенжеси - Марат Бакиев учурда Германияда Кыргызстандын толук жана ыйгарымдуу элчиси. Угушубузда сот системасын тейлөөгө түздөн-түз кийлигишип, "судья болом" дегендер Марат менен жакын дос болууга кызыкдар.
Бакиевдердин үйбүлөсүндөгүлөрдүн арасында азыр бир гана Жусуп Бакиевдин көзү тирүү эмес, бирок анын атындагы фонд "тирүү" иштерди аркалап, коомчулукта маданий-адабий иш-чаралар менен алек. Бул фонд кээде ачка итке сөөк ыргыткандай, кайрымдуулук иштерге да баш малганын көрө калып, уга салып жүрөбүз. Биз санап өтө элек, Бакиевдер легендасынын дагы эмнеси калды?.. Эстегилечи!
Бир ай мурун "Форум" гезитине ушул макала жазылган. Анан апам окуп алып төбө чачы тик туруп, "эми сени Бакиевдер соо койбойт" деп көзү жашылданганы эсимде. "Коркпоңуз, баары жакшы болот, акыры буларга да кудайдын каары тийип, соттолоор учур келет. Ага жакын калды" деп жооткотуп, балдарыбызды берип, апабызды айылга узаттык. Биз күткөн күн да келди. Эми Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө да өткөн-кеткен окуялар сабак болуп, урук-тууганын бийликке алып келип тыгып, байлыкка бапырайм деген ниеттерин ойгонбосун деген тилек менен бул макаланы кайра бир ирет жарыялап коюуну туура көрдүм. Тойбос саясатынын арты менен ишенген инисинин "Арстаны" келемишке айланып, жан далбас атып, өзү же иттен же ит байлаган жиптен жок тентип калганы, албетте, таба эмес тобо. Эми мындай тагдыр кыргыздын башка ажолорунун башына түшпөсүн. Ал үчүн ак кызмат, адал эмгек өтөөңөр зарыл. Биз мындан нары да "кимдин жакыны кайсы кызматты ээледи?" аттуу рубрика ачып, аты-жөндөрүн жарыялап турмакчыбыз. Себеби, 86 бала кимдир бирөөлөр кызматка келип, күндүзү кымыз, түнү кыз болуп күжүлдөп, күпүлдөп, кутурсун деп өлгөн эмес. Эсиңер барда, этегиңерди жыйгыла демекчимин.

Жылдыз МУСАБЕКОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
29-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Башчысы жок башаламандык…
2-бет
Беделиң барбы Бермет?
3-бет
Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ, милициянын генералы:
"7-апрелде мамлекеттик төңкөрүш болду"

4-бет
Андижандын полкасы, Минскинин палкасы
5-бет
Мирослав НИЯЗОВ, "Эл арманы" саясый партиясынын төрагасы, коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Кыргызстанда демократия жок!"

6-бет
Социалисттерге улутчулдардан кулак кагыш
7-бет
Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
"Кыргыздар, коркпогула, келечегибиз абдан жакшы болот"

8-бет
Чыгалбай турган көз эле...
9-бет
"Келечек" Кыргызстандын келечеги үчүн
10-бет
Чолпонкул АРАБАЕВ, юридика илимдердин доктору, профессор:
"Супер президенттик башкарууга бөгөт коюлат"

11-бет
Абалың кандай, бир боорум?
12-бет
Качкын президенттер кантип жаралат?
13-бет
Кой терисин жамынган Eventis Telecom
14-бет
Аксымдык, ачкөздүк аксатат
15-бет
Каралуу китеп барактары
16-бет
Мен өзүмдү таш күзгүдөн карасам
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика