mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Карышкырга каргыш өтпөйт

Кой терисин жамынган Eventis Telecom
"Мегаком" компаниясында Айдардын жана Максимдин үзөңгүлөш жан-жөкөрлөрү өзүлөрүнүн укуктары бар деп жанталашууда. Кайсы бир "Eventis Telecom" оффшордук байланыштуу ММКда жарыяланган билдирүүсү арампөөш пиар компаниянын үлгүсү болуп саналат.

16-апрелде эле "Мегакомдун" генералдык деректири "Eventis Telecom" компаниясынын өкүмү катары эсептелип жаткан А. Силичтин катышуусунда ушул эле "Мегаком" компаниясынын коомчулук менен байланыш боюнча өкүлү А. Никсдорф бети жоктук менен компаниянын жападан жалгыз акционери жамы журтка маалым болгон Никсдорфтун сөзү менен айтканда "Максимдин досу" Алексей Елисеев башкача айтканда, Максим Бакиевдин өлкөдөн качып кеткен эң жакын жан-жөкөрү деп билдирди.
Эми ачыкка чыгып отургандай, "Мегакомдун" мыйзамдуу ээси айрым бир маалыматтар боюнча "питерлик байланышчылар" деп аталган топтун таламын талашкан Eventis Telecom дешүүдө.
Кылымдар тогошор 1999-жылы У. А. Байызбеков аттуу мырзанын аракеттеринин аркасында "БиМоКом" ЖЧК пайда болгон, ал уюлдук тармакты жайылтууга лицензия жана жыштык алган, бирок "БиМоКом" 2003-жылы анын лицензиясын алып койгонго чейин текчеде чаң басып жаткан, кийин акаевдик "Ancroft Limited" оффшорунун менчигине - "акаевдик тизмедеги" Саркишев Асхатка өткөн. Дароо эле "БиМоКомдун" лицензиялары кайтарылып тийиштүү жыштыктар берилген, жалпысынан иш илгери жүрүп калган.
2005-жылдын жазы, Акаев качып, бул жылдарда жыйган президенттик байлыкты, анын ичинде "БиМоКомду", арыдан-бери сатып жиберүү жүргөн. Так ушул керек учурда Питерде байланыштары бар жакшы эмес жактан белгилүү Айдар Калиев (А. Ширшов аны "Мугалим" деп атаган) пайда болду. А. Калиев "БиМоКомду" аркасында Андросик жана Ивантер деген мырзалар турган Penwell Business Limited оффшоруна сатууну уюштурган.
Айлакер "инвесторлор" үчүн баары жакшы эле бараткан, бирок демократиялык кайра түзүүлөрдүн толкунунда аябай пайдалуу сатылып алынган "БиМоКом" толук мыйзамдуу түрдө ыйгарым укуктуу тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан лицензиясынан ажыратылган. Кандай гана келишимге болсо да барууга даяр "инвесторлор" бүткүл өлкөнүн жаңы пайда болгон "бизнес-куратору" Максим Бакиев менен "БиМоКомдун" лицензиясын кайра кайруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштайт. Сыягы, сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болгон, себеби оффшорлук "инвесторлор" гонконгдук Forntek Enterprises Limited компаниясы "БиМоКомго" Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан бардык зарыл уруксаттардын берилишине кепил болот - мында түздөн-түз көмүскө бүтүм жана президенттин үй-бүлө мүчөсүн паралап сатып алуу айкын көрүнүп турат.
"Penwellдин" алдында өзүнүн милдеттенмелерин аткарууда Максим бир катар мамлекеттик органдарды ушунчалык активдештирген, саналуу күндөрдүн ичинде эле алар "БиМоКомго" бардык зарыл лицензиялар менен радио жыштыктарды беришкен (канчанчы жолу өзгөчө эсеп менен). Мындай өнөктөр менен "БиМоКом" Megacom деген бренд астында рынокко зуулдаган бойдон киргени таң каларлык эмес.
Penwell менен Максимдин жемиштүү өз ара аракеттенүүсү 2008-жылдын жазына чейин уланды. Ошол эле учурда, ушул жылдар ичинде Максим байланыш рыногунда Мегакомдун түздөн-түз атаандашы катары "Кыргызтелекомдун өнүгүшүнө тоскоол болуп келген.
Мегаком иштеп турган бардык мезгилде Максимдин компаниядагы кызыкчылыгын жакын досу Арстан Темирбаев аркалап келген.
Кыязы, Мегакомдун пайдасын Андросик жана Ивантер (Penwell) менен бөлүшкөндөн чарчаса керек, Максим өзүнүн чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен кош айтышууну чечет. Максимдин жандай берилген юристи Алексей Елисеев досунун тапшырмасын аткарууга дасыккандык менен киришип, Penwellди "БиМоКомдон" алып ыргыткан.
Кыргыз "бизнес-куратордун белгисиздикке түртүлүп калган шериктери өзүлөрүнүн укуктарын сот органдарында коргоп калууга аракеттенип көрүштү. Мурунку шеригине көз каранды жергиликтүү органдарда алардын эч нерсеге жете албагандыгы таң кала турган деле нерсе эмес. Кызыгы - башкада, Россия Федерациясынын сотторунда алар "БиМоКом" компаниясынын жабдуусу үчүн 435 млн рубль (15 млн доллардан азыраак) карызды далилдей алышты. Бул - ушул катышуучулардын Мегакомдогу салымынын эң чоң өлчөмү. Бирок кырдаалдан пайдаланып, алар болгон каражаттарды аракетке келтирип, акыйкатта Кыргызстандын элине таандык, наркы жарым миллиард доллар турган компанияны ээлеп алууга жулунуп жатышат.
Кийин да "БиМоКом" бир катар сатылууларды кайра сатууларды башынан кечирген, бирок алардын маани-маңызы өзгөрүп кеткен деле эмес, Мегакомдун артында Макс турганы бештен белгилүү да. "БиМоКомдун" үзөңгүлөштөрү "Кыргызтелекомду" менчиктештирүүнүн ыплас схемасында ачыкка чыгышты.
Ал эми 2009-жылы сахнада MGN Group компаниясы менен бүткүл дүйнөгө аты чыккан Евгений Гуревич пайда болуп, компаниянын түзүүчүсү катары Максимдин жардамчысы Сергей Ким деген неме чыкты. Гуревичтин катышуусу менен азыр атайын териштирүүнү талап кылып турган, "БиМоКомдун" мүлкүн Максимдин көзөмөлүндөгү "Ысык-Көл" инвестбанкына күрөөгө коюу боюнча бир катар келишимдер биринин артынан бири ишке ашырылат.
Натыйжада "БиМоКомдун" мүлкү банкка өтөт, ал өз кезегинде мүлк комплексин көзөмөлүндөгү башка эки фирмага сатат. Гуревич жүзөгө ашырган процесстер менен катар, Алексей Елисеев "Альфа Телеком" акционердик коомун түзөт. Лицензия жана радио жыштык алууда Максимдин үзөнгүлөштөрүндө эч кандай көйгөй жана кедерги болбой тургандыгы түшүнүктүү да, 2009-жылдын сентябрында эч кедергисиз иштөөгө даяр болгон "Альфа Телеком" ЖАК жогоруда эскерилген эки фирмадан Мегакомдун мүлкүн сатып ала баштайт, бардыгы - штаты да, кардарлары да, жабдуулары да, "сатып алынат". Натыйжада 2010-жылга карата "Мегаком" жаңы компания "Альфа Телеком" ЖАКка толугу менен жайма-жай өтүп кетти. Гуревичтин схемасынын акырында "Ысык-Көл инвестбанкы тарабынан "БиМоКомду" банкрот кылуу башталат. 2010-жылы 5-мартта соттун чечими менен "БиМоКом" ЖЧК банкрот деп таанылат.
Мегакомдун азыркы Андрей Силич деген жетекчилиги Алексей Елисеевдин чечими менен постту ээлеп отурат, а мурда Гуревичтер, режимдин башка көмөкчүлөрү тарабынан дайындалып келген. Салыктар ондогон миллиондоп казынага төлөнбөгөн, жогоруда саналып өткөн афаралык операцияларга Силичтин катыштыгын ашыра баалоо кыйын.
Бул биринен бирине өтүү тизмеги азыр Мегакомго өзүнүн укуктары жөнүндө билдирип жаткандардын баары өзүнүн өлкөсүн тоноодогу Айдар Акаев менен Максим Бакиевдин шериктери болуп саналат. Алардын катышуусу менен бул компания чиновниктердин бузукулугун, шайлоолордо бурмалоолорду жана сатып алуулар, акыр аягында 7-апрелдеги көзгө атарлардын окторун камсыз кылган түгөнбөгөн финансы агымына айланган.
Алардын "башка түстү жамынууга" жана өзүн "апакай жана үлпүлдөк" чет өлкөлүк инвестор катары көрсөтүүгө жасаган аракеттери кыжырды келтирет жана жийиркентет. Булар Бакиевдин коррупциялык режиминин тушунда өлкөгө толуп алышкан ар түрдүү Наделдер жана Гуревичтер менен топурагы бир жерден алынган адамдар.
Бул келтирилген тымызын бүтүмдөр менен аракеттердин бардык далилдүү негиздери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарында турат. Биз Кыргызстандын элдик убактылуу өкмөтүн бул жагдайды ийне-жибине чейин иликтөө, тергөө жүргүзүүгө жана туура чечим кабыл алууга чакырабыз. Кабыл алынган чечим объективдүү жан биздин өлкөнүн калкынын пайдасына шайкеш болот деп ишенебиз. Кечиктирүүгө болбойт. Бул элдин энчисинин "мыйзамдуу ээси" А. Елисеев азыр чет өлкөдө, ал жана оффшордук Eventis Телекомдун артында тургандарга окшогон адамдар дагы кандай юридикалык схемаларды ойлоп табарын бир кудай билет.

Анализ жүргүзүүчү
көз каранды эмес "Акыйкат" тобу



кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
29-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Башчысы жок башаламандык…
2-бет
Беделиң барбы Бермет?
3-бет
Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ, милициянын генералы:
"7-апрелде мамлекеттик төңкөрүш болду"

4-бет
Андижандын полкасы, Минскинин палкасы
5-бет
Мирослав НИЯЗОВ, "Эл арманы" саясый партиясынын төрагасы, коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Кыргызстанда демократия жок!"

6-бет
Социалисттерге улутчулдардан кулак кагыш
7-бет
Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
"Кыргыздар, коркпогула, келечегибиз абдан жакшы болот"

8-бет
Чыгалбай турган көз эле...
9-бет
"Келечек" Кыргызстандын келечеги үчүн
10-бет
Чолпонкул АРАБАЕВ, юридика илимдердин доктору, профессор:
"Супер президенттик башкарууга бөгөт коюлат"

11-бет
Абалың кандай, бир боорум?
12-бет
Качкын президенттер кантип жаралат?
13-бет
Кой терисин жамынган Eventis Telecom
14-бет
Аксымдык, ачкөздүк аксатат
15-бет
Каралуу китеп барактары
16-бет
Мен өзүмдү таш күзгүдөн карасам

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«