mainkaptal
Пользовательский поиск
  Абалың кандай, бир боорум?

Отунбаева бирди "ойлосо",
Бекназаров башканы бежилдейт,
Текебаев мыйзам "тезегин" терип жүрөт
Жыйырма күндөн бери өмгөктөгөн өлкөбүздү башаламандыктын калдайган карааны басып жатып алды. Баягы Эр Төштүктү сурап, Элеманды желиген жети баштуу жезкемпир бул жакта эле калсын. Саясый туңгуюкка кептелгендей түрүбүз бар. Суроо көп, жоошуткандай жооп да жок. Имиш көп, тастыктаган маалымат да жок…

Чындыгында, бүгүн убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жашоо-турмушту оңдогонго эмес, өлкөдө тартип орнотуу менен алек болбостон, эң башкысы президенттик шайлоого даярдык көрүү менен алек. Эң адеп эле убактылуу өкмөт Бакиевди качырып жиберүүсү менен өзүнүн бечелдигин көргөзө алды. Андан соң кадрларды коюдагы "жөтөлдүгү" оркоюп көрүндү. "Бечелге жөтөлдүн кереги не?" дебегенге арга жок. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Бакиевге каршы чогуу-чаран аттанып алышып, эми ортолорундагы ажырым ачык көрүнүп келет. Кадрдык башаламандыктар эле буга күбө. Бир өкмөт мүчөсү өз партиялашын кызматка койсо, экинчиси аны алып ыргытып, өз кишисин коюп жатат. Партиялар каршылаштыгы эмитен эле карсылдаша баштады. Жаңы дайындоолор - иштин майын чыгаралган профессионалдарга таянбастан, эптеп өз адамын көчүктөн түртүү экенин далилдей алды. Караламан калк бүдөмүк ойлордун ордосунда калып олтурат. Массалык маалымат каражаттары так, айныксыз маалымат бералбай келет. Бул тууралуу "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси, далай жылдардан бери оппозиция менен үзөңгүлөш жүргөн Чолпон Жакупова легитимсиз "жаңы" өкмөттү туздап, жаны ачыгандан чындыкты бетке айтып олтурат: "Текебаевдин өзүнө силердин мурунку бийликтен айырмаңар болбой калды. Болгону сан жагынан көпсүңөр. Бакиев убагында үч-төрт киши бардыгына кийлигишсе, азыр андан беш-он эсе көп болгон силер эски бийликтин жолу менен баратасыңар деп айттым. Бул чындык. Азыр журналисттерди мурдагыдай эле коркутуп, чектеп-кысып жатышат. Ачык айтканда, убактылуу өкмөт Бакиевдин көчүрмөсү болуп калды…"
Ажырым оркойгонун караңыз: Р.Отунбаева бирди ойлосо, А.Бекназаров башканы бежилдейт, Ө.Текебаев Башмыйзам "тезегин" терип жүрөт. Б.Шерниязов болсо ден-соолугун шылтап Европада. А.Жекшенкулов, Э.Каптагаев сыяктуулар аларды сындаганга өтүштү. Жалгыз Т.Сариевге эң оор тармакты - каржы министрлигин карматып коюшту эле, башкы "ак шумкарчы" эсеп-кысаптан баш көтөралбай келет. Ал кадр дайындоодон такыр эле сыртта калды. Албетте, убактылуу өкмөттүн ар бирине токтоп, саясый бейнесине сүртүм жасасак болор эле. Оркойгон кемчиликтери, көмүскө оюндары, өз көмөчүнө күл тарткандары айдан ачык көрүнөрү бышык. Ага да кийин кенен токтолорубуз бардыр.
Ө.Текебаев болсо, акылдуусунганынан жазбай, жаңы Башмыйзамды жазып, тим эле гениалдуу Конституция жараткандай маашырланат. Элди да бир ирет алдаса болот деген тейинде. "Парламенттик башкарууга өтөбүз" дегени жарыяланган долбоорунда жыттанбайт, кокуй. Бул тууралуу коомдук ишмер Мирослав Ниязов менен саясатчы Кубатбек Байболов жан ачыган сөздөрү тике айтышты. М.Ниязов жаңы келгендер куру сөз, куу сүрөөнгө салып, иш менен эмес, жалаң көз боемой саясатына түшкөнүн, "балтовня" менен алек болуп калганын, абалды көзөмөлдөй албай жатканын НБТ каналынан катуу сүйлөдү. "Биздин катачылыгыбыздын өзөгү туура эмес Конституцияда же мамлекеттик түзүлүштө эмес, мамлкеттик бийлик татыксыз адамдардын колунда болуп жатканында. Биз бул жолку эсеп менен сегизинчи Конституцияны кабылдап жатабыз. Бул арсыздыктын белгиси, себеби биз бир дагы мыйзамды баалабадык. Мыйзам чегинде иштегенге үйрөнбөдүк. Убактылуу өкмөттүн куткаруучу жол катары парламентаризмди көрсөтүп жатканы - ишке ашпаган куру кыял. Парламентарийлер өлкөнү көтөрүп кетет дегенге ким ишенет? Азыр биз парламентаризм боюнча тажрыйбабыз жок туруп, өлкөнү башкаруунун элементардык ыктарын билбегендерге бийликти карматканы турабыз" деп ачуу оюн ортого таштады.
Америкадан үн салган Кубатбек Байболов болсо, убактылуу өкмөттүн кылган иштерине иренжирегенин жашырбады. Убактылуу болсо да туугандарын, досторун, партиялаштарын кызматка чагылгандай тездик менен орноштургандарынын негизги себеби - адатта алар шайлоону бурмалап буту үзүлгөнчө чуркарын белгиледи. "Сунуш кылынган долбоор жаңы Конституция эмес эле мурункуну толуктоо жана түзөтүү экен. Анысы мейли дейлик, бирок система өзгөрбөптүр, Президенттин ыйгарым укуктары өкмөттү дайындоодо жана башка айрым жерлерде кыскартылганы менен күчү кадимкидей, бир аз өтпөй жан алекетке салып жатып, укуктарын көбөйтүүгө далалат кылаары шексиз. Кандай болгон күндө да, жалпы эл тарабынан шайланган парламент жана эл тарабынан шайланган Президенттин ортосундагы бийлик кайрадан "көкбөрүгө" айланып, запкысын эл тартаарына бөркүңөрдөй ишенип койгула. 20 жылдан бери жабыр тартып келе жатып, "эки кочкордун башы бир казанга кайнабай" турганын билсек да билмексенге салабыз. Бир беткей, же парламенттик, же президенттик система болмоюнча, биздикиндей "аралаш курут кошкон май-ботко" ичип алып, беймаза кылаарына алигүнчө көзүбүз жетпегени өкүнүчтүү" деп кейийт К.Байболов.
Арийне, убактылуу өкмөттүн башмыйзам долбоору далай кызыл чеке талашка айланары бышык. Бирок талкууга эки жумалык гана мөөнөт берилди, эл толук түшүнбөй калышы да ажеп эмес. Анан чалды-куйду Конституция кабыл алып, жакабызды карманбасак болгону. Бирок убакыт да күттүрбөйт.
Эң башкысы өлкөдө тезинен легитимдүү бийлик орнотпосо, абалды түздөп кетиш кыйын. Шайлоонун тээ октябрга белгилениши өтө опурталдуу. Дегеним, азыр коомчулукка толук кандуу бийликтин орношу абадай зарыл. Чет элдик өнөктөштөр да ушуну күтүп жатышат. Июнда референдум өткөрүп, утурлай эле парламенттик, президенттик шайлоо өткөрбөсөк, убакыттан уттуруп коюшубуз ажеп эмес. Коомчулук чыңалууда турганда, абалды ары тартып, бери тартып, оромпой ойноо - от менен ойногонго барабар.

Чындап эле алакандай Ата-Журтубузду жоготуп албайлы!
Мырзабек ТАБЫЛГАНБЕКОВ




  Өпөң-чычаң оюндар…

Убактылуу өкмөт эмне үчүн Суваналиевден коркот, ыя?
Соңку учурда Интернет сайттарында, убактылуу өкмөтчүл басылмаларда "Комиссар Каттани" атка конгон генерал Өмүрбек Суваналиев жөнүндө ар кыл божомол-дөдөмөлдөр, эпсиз жөөлөмөйлөр, арсыз атырылмайлар күч алды. Бул дагы тегин эместиги айдан ачык. Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн Суваналиев мырза азыр Убактылуу өкмөттөгү кээ бир "көзүрлөрдүн" тынч уйкусун алып жаткандай. Кантсе да "кармаган жерден кан чыгарган" "Каттани" бийлик үчүн күрөшкө аттанат экен деген сөз тарап кетер замат, төө бастыга алмай ыкмасына өтүштү. Ошол эле Атамбаев, Текебаев, Бекназаров сыяктуулар бийлик үчүн көздөрү панардай күйүп турганда, дагы бир күчтүү фигуранын чыгышы тынчсыздандырат да анан. Акаевге артып, Бакиевге байлап, кантип жугунду төгүштү билбей баштары маң. Ата-журтубуздун абалы болсо мышык ыйлачудай: башаламандык, папке талаш, жер талаш, криминалдын кайрадан баш көтөрүшү, кан ыйлаган карапайымдар, жаны кейиген жаштар, так маалыматтын жетишсиздиги, кадрдык "чехарда", тынбаган кайрылуулар, талаптар, имиш-имиш-имиштер, көшөгө артында көмүскө оюндар, кыскасы, "кайдан көрдүм кара эшек, сайдан көрдүм сары эшек".
Убактылуу өкмөт каратып туруп чабалдыгын көрсөтүп койду. Жыйырма күндөн ашык убакыт өтсө да, толук кандуу башкарууну колуна алалбай келет. Ич-ара тирешүүлөрү иритип барат. Ушундайда "таасынын гөрү, заматта тартипти орнотуп, элди тынчыта турган эренибиз табылбайбы?" деп санын чапкан аксакалыбыз да четтен табылат. Ушундан улам эр-азаматты издеген билермандар да иттин кара капталынан. Суваналиев жөнүндө сөз төркүнү чыгып жатканы да ошондон.
Чындыгында чыныгы генералды ээрчиген жаман сөз табыш да кыйын. Каршылаштарынын болгон илинчеги - Бакиевге байламай. "Байланып эмне кылды?" деген киши жок. Болгону Нарынга губернатор болуп барганы. Барып эмне жамандык кылды десең? Жетим тоону, Аксай, Арпа жайлоолорун кытайларга бердибейм дегениби? Бакиевдик режимди түшүнгөн соң, күзүндө арызын жазып, кызматынан кетип калганыбы? Тазалыгы, түздүгү, генералдык тайманбастыгыбы? Оо, Акаевдин тушунда, бийликти уруп ойнобой туруп, Оштон Ирандан келген 16 вагон куралды колго түшүргөнү эле эмнени айтып турат? Кримавторитеттердин Өмүрбек мырзанын атын укканда эле титиреп турганычы? 2007-жылдагы апрель митингдеринде "Элдик фронттун" штабын башкарып, Атамбаев башында турган өкмөт элди ит кубалагандай кубалап, бозүйлөрдүн түндүктөрүн талкалатып, анан оппозиция лидерлерин куугунтуктап, Суваналиевди камакка алып, сурак жүргүзгөндө кабагым-кашым дебей, өз позициясынан тайбай койгонучу? Кечээ эле "Азаттык" үналгысына маек куруп, Бекназаровду, убактылуу өкмөт мүчөлөрүн катуу сынга алып, каталарын казык сайып көрсөткөн көкжалдыгычы? Анан убактылуу өкмөттүн коркоруу да жөндүү иш эмей.
Соңку күндөрү бакиевдик режимди кулаткан жаштар да Ө.Суваналиевге назарларын бура баштаган чак. "Азыркы тапта Кыргызстанда деги кимиси менен сүйлөшсө болот, ыя?" деп Орусиянын аналитиктери саймедиреп жиберишти эле, Медведев, Путин да кыргыз саясатчыларын "түшүнбөй" калышкандай. Орусиянын, АКШнын, Казакстандын, Европанын атайын кызматтары Суваналиевдин саясый дараметине көңүл бөлө башташты. Чет элдик басма сөздөр, өзгөчө Оруссияныкы Кыргызстанга бекем тартип орното ала турган аскер адамы керек дегендей сөз козгоп жатышат. Балким Өмүрбек Суваналиев же Мирослав Ниязов жөнүндө болуп жүрбөсүн, ыя? Албетте, кимдин ким экенин мезгил көрсөтөт. Бирок бүгүнкү Ата-журтубуз кылчайнашкан кырдаалга кептелип, башынан оголе чоң кыйынчылыктарды өткөрүп турганда, Өмүрбек Суваналиев сыяктуу жигиттерибиз саясый аренадан сыртта калышы болбойт. Кан менен келген "чабал өрдөк" өкмөт менен иштешпесе да, өз элине колунан келген кызмат кылуу - ыйык парз. Албетте "Комиссар Каттани" сыртта калбайт деген ишеним да зор.

Үсөнбек Бейшенбиев



кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
29-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Башчысы жок башаламандык…
2-бет
Беделиң барбы Бермет?
3-бет
Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ, милициянын генералы:
"7-апрелде мамлекеттик төңкөрүш болду"

4-бет
Андижандын полкасы, Минскинин палкасы
5-бет
Мирослав НИЯЗОВ, "Эл арманы" саясый партиясынын төрагасы, коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Кыргызстанда демократия жок!"

6-бет
Социалисттерге улутчулдардан кулак кагыш
7-бет
Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
"Кыргыздар, коркпогула, келечегибиз абдан жакшы болот"

8-бет
Чыгалбай турган көз эле...
9-бет
"Келечек" Кыргызстандын келечеги үчүн
10-бет
Чолпонкул АРАБАЕВ, юридика илимдердин доктору, профессор:
"Супер президенттик башкарууга бөгөт коюлат"

11-бет
Абалың кандай, бир боорум?
12-бет
Качкын президенттер кантип жаралат?
13-бет
Кой терисин жамынган Eventis Telecom
14-бет
Аксымдык, ачкөздүк аксатат
15-бет
Каралуу китеп барактары
16-бет
Мен өзүмдү таш күзгүдөн карасам