mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Президент да, депутат да кол тийбестигинен ажырайт…

Чолпонкул АРАБАЕВ, юридика илимдердин доктору, профессор:
"Супер президенттик башкарууга бөгөт коюлат"
"Мыйзам саясатты башкарбаса, саясатчы мыйзамдан жазганбайт" демекчи, акыркы жылдары баш мыйзамды ар ким өз кызыкчылыгына колдонуп келишкени белгилүү. Бүгүн да жаңы Конституция жазылып, талкууга коюлуп, айрымдар бул долбоорду колдошсо, айрымдар каршы чыгып турган чагы. Бул туурасында Конституциялык комиссиянын мүчөсү Чолпонкул Арабаев менен ой бөлүштүк.

- Буга чейин баш мыйзамды ар ким өз камын ойлоп, каалагандай жамаачылап, оңдоп-түзөп келишкен. Бул жолу Конституцияга парламенттик башкарууну киргизип жатасыңар. Бирок, буга көпчүлүк каршы пикирлерин билдиришти. Себеби, "буга чейин бир президенттин курсагын тойгуза албай келсек, эми парламенттеги 100 адамды кантип тоюндурабыз?" деген сыяктуу туңгуюк суроолор көп. Буга кандай карайсыз?
- Абдан туура, элдин көйгөйү болуп, жүрөгүн ооруткан суроо. Буга чейин бир эле президент башкарып, кийин үй-бүлөлүк башкаруу системасына өткөн. Биринчи үй-бүлөдө беш-алты адам болсо, кийинкисинде көп адам, бир туугандар башкарды. Бүгүнкү турмуштун, элдин талабы ушундай нерсеге каршы туруп, кабатырланууда. Мурда Кыргызстанды чакан топ бийлеп турса, эми жүздөн ашык парламент депутаттары бийлеп калат. Мында экономикалык жагын да ойлоп атышат. Укуктук жагын алганда көп маселеде депутаттардын саны канчалык көп болсо, талаш-тартыштарда, мисалы жер, пансионаттарды башка өлкөгө сатып, же менчиктештирүү маселесинде аз катмардагы адамдар менен тандап, өткөрүп кетүүгө бөгөт коюлат. Үчүнчүдөн, жөнөкөй тил менен айтканда депутаттарда баягыдай чоң аппарат, кол тийбестик болбойт, жардамчы, кеңешчи сыяктуу кызматкерлер болбойт. Ошондуктан, бул жолу келе турган депутаттар жеке керт башы менен иштеп, колуна калем алып, мыйзам жазышы керек. Ал эми аппараттардын саны чакан, алган маянасынан, транспортко кетүүчү чыгымдан экономдошубуз керек. Ошондуктан, депутаттардын саны көп болсо, чоң -чоң маселелерди мамлекеттик маселелерди анын ичинен башкаруу, ички, сырткы саясатты парламент аныктайт. Ал эми аны ишке ашыра турган өкмөт болот. Мындай парламенттик башкаруу буга чейин болгон эмес, өнүккөн өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө парламенттик башкаруу болгон жок, биз өзүбүздүн улуттук өзгөчөлүктү, географиялык шартты, басып өткөн тарыхты эске алуу менен таза парламенттик башкаруу болбойт. Эгерде андай боло турган болсо президентти дагы парламент шайлап, бардык маселени парламент чечиши керек. Бирок, бизде андай болгон жок. Ошондуктан, классикалык үч бийликтин бутагын аткаруучу, мыйзам чыгаруучу, сот бийлигин ортодо теңдеп турган президенттин бийлиги керек.

- Бул жерде президенттин ролу кандай болот?
- Президенттин ролу тең салмакты кармаган, эл шайлаган президент катары айрым укуктары калтырылууда. Эгерде өкмөттү же башкы партия өкмөттүн курамын түзө албай аткан учурда, президент түзгөнгө укугу бар, же келген партия элүү пайызды ала албай калган учурда, президент партиялардын бирөөнө тапшырма бере алат. Негизи, президенттин ушул сыяктуу укуктары бар. Бир партиянын үстөмдүгү болгон бийликти да башыбыздан кечирип, коркуп калбадыкпы. Ошондуктан, атайын норма каралды, эгерде партия 50дөн ашык пайызды утуп алса, маселен 60-70 пайыз болуп калса, 50дөн ашык пайызды албайт, бул жагынан жакшы чектөө койулду. Ал эми 50дөн ашык мандатты алып калса, кийинки турган партияга бөлүп берет деген жакшы норманы киргиздик. Башкача айтканда таза, классикалык түрдөгү парламенттик башкаруу да болбойт. Бирок, Убактылуу өкмөт, жумушчу топтун мүчөлөрү парламенттик башкарууну туура көрүшүүдө, калганын элге алып чыгабыз, элдин чечимин караш керек, алардан түшкөн сунуш-пикирлерди сөзсүз эске алуу абзел.

- Жогоруда айттыңыз биринчи жолу парламенттик башкаруу болгону турат деп. Дегеле, көпчүлүктүн башкаруусун эл кандай кабыл алат деп ойлойсуз?
- Элдин кабыл алуусу алынган долбоордун талкуусунда түшүндүргөнгө жараша болот. Көпчүлүк эл каршы деп жатасыз , көпчүлүк эл макул да болушу мүмкүн. Бул боюнча ар кандай пикирлер бар. Ошондуктан, албетте талкууга берилген эки жума аздык кылат, шартка жараша убакыт тар, мүмкүн болсо толук бир ай талкууга алсак да аздык кылат. Эми жалпы элдин калың катмарына парламенттик башкарууну биз айтып, түшүндүрүшүбүз керек. Буга чейин аралаш башкаруу болгон парламенттик-президенттик, президенттик-парламенттик, андан жүрүп отуруп супер президенттик башкарууга кантип келгенибизди билбей да калдык.

- Президенттин да өзүнө таандык укуктары болсо, депутаттардын да укуктары чектелсе, анда башкаруу системасы ортодо болуп калабы?
- Ортодо да эмес, парламенттик да эмес. Ортодон жогору парламенттик башкаруу болот. Мурда ортодогу башкарууда ички, сырткы саясатты президент аныктачу. Ал эми бул жолу ички, сырткы саясатты парламент аныктайт жана аны өкмөт жүзөгө ашырат жана чечет. Өкмөт толук парламентке отчет берет, өкмөттүн курамын парламент түзөт. Экономикага байланышкан орчундуу маселелерди, бизди жакшы жашоого алып келүүчү мыйзам чыгаруудан башка функциялардын баарын парламент чечет. Буга чейин мурдагы эки президенттин каалоосу көпчүлүк учурда аткарылып, президенттин бийлиги мүмкүн болушунча чыңдалган мыйзамдар иштелип чыккан болсо, мында мүмкүн болушунча классикалык парламенттик башкарууну алып келүүдөбүз. Биз 105 депутат десек, айрымдары 120 депутат болсо деген ойлорун айтууда. Эгерде ашыкча чыгымдардын барын кыскартсак, депутаттардын саны 120дан кем болбосо, андан да жакшы болот эле. Себеби, биздин мамлекеттин тагдыры үчүн маанилүү маселелерди чечүүгө келгенде, аз адамды макулдатып алуу жеңил, ал эми депутаттардын саны көп болгондо анын барын макулдатыш мүмкүн эмес. Толук демократиялык учурда таза шайлоого өтө турган болсок, парламенттик башкаруу биздин келечегибизге жол ачат деп ойлойм.

- Буга чейинки Конституцияны ушул эле адамдар жазган сыяктуу, анын ичинде сиз да барсыз. Ал мыйзамдарда президенттин кызыкчылыгын көздөгөнсүңөр, ошол кезде эмне үчүн каршы пикириңерди айткан эмессиңер. Бүгүн дагы " өз көмөчүнө күл тарткандык" маанилүү роль ойноп кетпейби?
- Ал кезде да өз пикирибизди, айрым жоболор боюнча каршылыгыбызды колдон келишинче айтканбыз, бүгүн да айтып жатабыз. Себеби, саясий чечим ошондой болот. Маселен бүгүн Убактылуу өкмөт парламенттик башкаруу болот деген пикирин айтып жатат. Жумушчу топтун мүчөлөрү саясий чечим боюнча Конституциянын долбоорун жазуусу керек. Мен болгону 2003-жылы оппозиция менен бийлик тарабынан биргелешип кабыл алынган Конституцияны жазууга катышкам. Айрым журналисттер мени "болгон Конституциянын баарын оңдогонго салым кошту" деп жазып жиберишкен. Андай эмес, мен экинчи жолу Конституциянын жазылышына жумушчу топтун мүчөсү катары катышып атам. Саясий чечим болгондон соң , парламенттик башкарууга ылайыктап, элдин кыжырын кайнаткан Президенттин функциялардын барын алып салып, тиешелүү функцияларды өкмөткө, парламентке берүү керек деген нормаларды киргиздик. Негизи, убагында окумуштуу, юрист катары өз пикирибизди айтканбыз, бүгүн да айтып жатабыз. Андан сырткары президенттин, депутаттардын кол тийбестиги болгон, бул Конституцияда эң башкысы кол тийбестиктер жок. Себеби, депутат да, президент да таза болсо аларга ким кол салат, өзүнүн элинен коркобу? Андан сырткары сот системасы боюнча элдин сотко болгон ишеничин кайтаруу боюнча бир топ аракеттер жакшы жаңы аракеттер жазалды. Конституциянын долбоорун жазуу дагы өтө чоң илим-билимди талап кылат. Мындан сырткары Конституцияны жана мыйзамдарды тийешелүү мамлекеттик бийлик тарабынан так аткарылуусун эл тарабынан көзөмөлдөй турган жаңы тутум түзүлдү. Конституциянын жаңы долбоорунун айрым артыкчылыгы мына ушунда.
Венера НАРКЕЕВА




  Хью муюду

Чекарада банк иштейт
Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева Эларалык ишкер борбору уюштуруп жаткан тегерек үстөлдө "биз эларалык бизнес үчүн ачыкпыз" деп билдирди. Ал убактылуу өкмөт учурда оор кырдаалды, оор сыноону башынан өткөрүп жатканын айтып, оболу өлкөдө коопсуздук маселесин, баш-аламандыкты токтотууга аракеттер көрүлүп жаткандыгын кошумчалады. Ал эми "Кентор Голд" компаниясынын аймактык директору Хью Маккинен чек ара, банктардын иштебей жаткандыгы алардын ишмердүүлүгүнө тоскоол болуп жаткандыгын айтты эле, Р. Отунбаева "Биз каржылык колдоого муктажбыз, эларалык ишкерлердин инвестицияга жасаган аракетин колдойбуз, дүйшөнбүдөн тарта чекарада, банктар иштей баштайт" деп жооп берди. Хью мурза муюгандай түр көрсөттү.

  Ээси келсе, бээсин бер!

MegaCom мамлекет менен
MegaCom мобилдик компаниясы мурда Максим Бакиевдин чеңгелинде келген эле. Азыр анын 49 пайыз акциясы мамлекетке өттү. Калган 51 пайызы кимдерге тиешелүү экени тууралуу иликтөө жүрүп атат. Ошондой эле "Бишкек нефт" компаниясы жана Кант цемент-шифер заводунун кандай түзүлгөнү, Максимге кандай шартта өтүп кеткени териштирилүүдө. Кант цемент-шифер заводунун жетекчилиги менен болгон жолугушууда анын 13 пайыз акциясын мамлекетке кайтарып берүү сүйлөшүлгөн. Мындан сырткары А.Бекназаров Таш-Көмүр шаарындагы "Кристалл" заводун улутташтырууга документтер даярдалып жатканын, Ысык-Көлдөгү айрым пансионаттар айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилерин кабарлады.

 "Картаң-жаштар" жабышпа!

Тураарына сүйүн дечү беле?
Кыргызстанда жаңы министрликтин каканагы жарылганы туру. Ал - Жаштар иштери боюнча министрлик аталып, Бакиевдердин ЦАРИИси жайгашкан имараттан орун алат. Бийликтин алмашуусуна шарт түзгөн жаштардын күчүн баалап, убактылуу өкмөттүн башчылары "жаштарыбыз өздөрүн унутта калгандай сезишпесин, алар мамлекетибиздин реалдуу күчү" деп, жаңы министрликтин этек-жеңин эсептеп, "жылуу тон" бычууга киришти. Кызылэт министрликтин кылган иши менен өзөгүн кимдер түзүп, башына ким турары белгисиз. "Жашпыз" деп, "картаң-жаштар" ээлеп албаса болгону.

  Коопсуздугуң кооптуу

Жойбосок, жолубуз ачылбайт!
Кээ бир министирликтер менен ведемстволор кыскартылаарын Алмазбек Атамбаев билдирди. "КР Мамлекеттик мүлктү сактоо министрлигинин кереги деле жок. Себеби мамлекеттик мүлктөн эч нерсе деле калган жок. Бул ведемствону фонддун статусуна которуу кажет. Мындан барыбыз утабыз, ансыз деле министрлик менен ведемстволор толтура" дейт, убактылуу өкмөттүн мүчөсү Алмазбек Атамбаев. Анын сөзүн каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев да колдоду. Ал каржы полициясынын кызматкерлеринин санын кыскартуу керектигин, каржычыларда 597 кызматчы иштээрин, алардын эмне менен алектенгени түшүнүксүз экенин ортого салды. Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын жамааты болгону 800 адам. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуучу жайда ушунча гана адамдын эмгектенүүсү кантип калыстык болсун деген жөнөкөй логикасы көпчүлүктүн чекесин тырыштырды.

  БШК бышты

Төлөйкан кетип Акылбек келди
Убактылуу борбордук шайлоо комиссиянын (БШК) бүгүнкү жыйынында эки маселе, комиссиянын жетекчисин дайындоо жана кыргыз элине кайрылуу каралды. Жыйынга БШКнын 12 мүчөсү катышып, бир добуштан жетекчиликке Акылбек Сариев шайланды. Ал эми БШК мүчөлөрү Кыргызстан элине кайрылып, референдумга активдүү катышууга чакырды. Мындан сырткары жыйында БШК 13 мүчөдөн, алтоо бейөкмөт уюмдаран, жетөө парития өкүлдөрүнөн туруп, Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү аларга кеңеш берип турары айтылды. Ошондой эле 27-майга чейин аймактык комиссияларды түзүү, 2-июндан кечикпей Кыргызстандын аймагында жана чет өлкөлөрдө референдум өтүүчү жайларды аныктоо, 7-июнга чейин шаардык, райондук комиссияларды тактоо каралмакчы. Конституциянын долбоору боюнча референдум 2010-жылдын 27-июнунда болот.

  Чоң муштум эл башкарат…

Билимсиз бирөө губернатор болду
Ким дебейсиңерби? 2001-2003-жылдары уруп-согуучулук менен Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБ тарабынан кылмыш иши козголуп, издөөгө алынган Чондошев Адылбек Эсенбекович учурда Нарын облусунун губернатору болуп дайындалыптыр. Кызыгы мунун диплому жок имиш. Нарындык туугандар тынчы кетип, билими жок бирөөнүн башкаруусунан чочулап жатыры… Ау, убактылуу өкмөт, кулагыңарга күмүш сырга, териштирип койбойсуңарбы, уят кылбай.



кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
29-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Башчысы жок башаламандык…
2-бет
Беделиң барбы Бермет?
3-бет
Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ, милициянын генералы:
"7-апрелде мамлекеттик төңкөрүш болду"

4-бет
Андижандын полкасы, Минскинин палкасы
5-бет
Мирослав НИЯЗОВ, "Эл арманы" саясый партиясынын төрагасы, коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Кыргызстанда демократия жок!"

6-бет
Социалисттерге улутчулдардан кулак кагыш
7-бет
Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
"Кыргыздар, коркпогула, келечегибиз абдан жакшы болот"

8-бет
Чыгалбай турган көз эле...
9-бет
"Келечек" Кыргызстандын келечеги үчүн
10-бет
Чолпонкул АРАБАЕВ, юридика илимдердин доктору, профессор:
"Супер президенттик башкарууга бөгөт коюлат"

11-бет
Абалың кандай, бир боорум?
12-бет
Качкын президенттер кантип жаралат?
13-бет
Кой терисин жамынган Eventis Telecom
14-бет
Аксымдык, ачкөздүк аксатат
15-бет
Каралуу китеп барактары
16-бет
Мен өзүмдү таш күзгүдөн карасам





??.??