кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
29-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Башчысы жок башаламандык…
2-бет
Беделиң барбы Бермет?
3-бет
Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ, милициянын генералы:
"7-апрелде мамлекеттик төңкөрүш болду"

4-бет
Андижандын полкасы, Минскинин палкасы
5-бет
Мирослав НИЯЗОВ, "Эл арманы" саясый партиясынын төрагасы, коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Кыргызстанда демократия жок!"

6-бет
Социалисттерге улутчулдардан кулак кагыш
7-бет
Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
"Кыргыздар, коркпогула, келечегибиз абдан жакшы болот"

8-бет
Чыгалбай турган көз эле...
9-бет
"Келечек" Кыргызстандын келечеги үчүн
10-бет
Чолпонкул АРАБАЕВ, юридика илимдердин доктору, профессор:
"Супер президенттик башкарууга бөгөт коюлат"

11-бет
Абалың кандай, бир боорум?
12-бет
Качкын президенттер кантип жаралат?
13-бет
Кой терисин жамынган Eventis Telecom
14-бет
Аксымдык, ачкөздүк аксатат
15-бет
Каралуу китеп барактары
16-бет
Мен өзүмдү таш күзгүдөн карасам


п»ї
Башчысы жок башаламандык…
Учурдагы жагдайлар жарытарлык эмес. Башаламандан пайдаланган шылуундар чагым чыгарып, караламан калкты кагылыштырып атканы жан кейитет. "Саманкананы өрт алса, Самаркандды жооп чааптыр" деп дүрбөлөң түшкөн чак. Ар ким билгенин жасап, кааласа аким болуп, дагы бир жетишкени креслону кучактай жыгылган замана. Жергиликтүү башкармалыктарда башчылар бир-нече жолу алмашып, улам жаңы дайындоолор уланууда. Бакиев режиминде баш көтөрө албай корголоп жаткандарга кур дымак пайда болуп Бакиевди өзү кууп чыккандай шардана сүйлөп калышты. 7-апрелден кийин коомдук бирикме, "кыймыл" дагы бир "биримдик" деп түзүлгөн топтордон баш адашат. Санай келсек 200гө чукулдап кетиптир. Өкүнгөндүргөнү ошондогу каргашадан кайтыш болгон уулдарыбызды беттерине кармап, саясатташтырып атканы туура эмес го. Бирок баарынын эле чакырыгы бир. "Кыргызстандын бүтүндүгү, элибиздин биримдиги" дешет. Анда антип чачырап майдаланбай эле бир чо-оң күч болуп алышса гана? Тилектери жакшы "ынтымагыбызды чыңдайлы" дегени ылайым орундалсын. Деген менен алгач ич ара көч баштап, амбицияны коюп мурдатан элге аты сиңип калган жаштардын туусунун түбүнө биригип жаштардын башатын түптөп кетишсе. Баарынын эле дымагы күчтү. Көздөгөндөрү баягы эле пендечиликтен көтөрүлбөгөн мансап. Жаштар не дейт дебейсиңерби? Алар 30 пайыз бийлик башына жаштар келсин, болбосо бул бийликти да сулата чабабыз дешет кокуй. Жакшысы жаштар келсе таза болоор, бирок тажрыйбасы жок кантер экен ыя? Андан көрө жаңы өкмөткө бел болуп жардамчы, орун басар болуп алсак жарашчудай. Кызыгы көкүрөгүн коюп жарк этип эми чыга калгандарына жол болсун. Ошол топтордун чындап эле кыргызга баш оруткандары чын болсо мурда алар кайда эле? Мурдагы бийлик жерибизди бөлүп, жыртып сатып жатканда "мыңк" деген дабыштарын эшиткен жок элек. Мисалы Каркыраны казактарга кармата бергенде "журт жабыла көтөрүлөлү" деп жерибизге жаны күйгөндөргө колдоо көргөзмөк түгүл, долу катындардын жумуртка менен кууганына маашырланып карап турушкан. Эми ошолор билек түрүнө ишке киришти. Киришкенде да жанагы креслону кучактай жыгылгандар ошолор. Дагы бир тобу жаңы Өкмөттүн эшигин сагалаган кошоматчылар. Алар кечээ эле Бакиевдердин этегине сооп кылып жүргөндөр. Мындай эки жүздүүлөр кайра эле колтукка кирип кетчү өңдөнүп калды. Керек болсо алардын кесепетинен жаңы бийлик деле орой айтканда "көөп" кетери бышык. Азыртадан учурдагы өкмөт мүчөлөрүнүн эшигин сагалап, бура бастырбай этектегенден деле иштин жүрүшүн соолгундатып жатпайбы. "Акылыңарга келгиле" дегенди айып көрбөгүлө. Басып алуулар күчөп, алеки заматта баскынчыга айланып кеттик. Канчалаган эгин талааларын, көтөрүлүп калган дан эгиндерин мойсодук. Итбай-чотпайынан бери жерге эгедер болушту. Барган адамдарды жыга чапчуудай өңалеттен кетишет. Кадимки эле майдандагы жоокердей кумсарып, каны ичине тартып калышыптыр. Бардыгы жер-жерлерден келген келгиндер. Сураштырсаң мамлекеттен энчиге жер берилгени маалым. Анан мусапыр кейпин кийишип жалоорушат. Бир сөз менен айтканда алардын артында кандайдыр бир чуулган уюштуруп жаткан күчтөр бугуп жатса керек. Дүйнөгө "дүңк" дей түшкөн апрелден кийин азаттыкты сүйгөн эл катары таанылсак, баскынчы, талоончу провокаторлордун кесепетинен жаманатты болдук. Бул башаламандыкты калыпка келтирип, ынтымакты чыңдай турган эл башчы, журт атасы ким болор экен, же баягы таз кейпибизди кийебизби, аны убакыт көрсөтөт. Жонтериси калың шордуу кыргыздын багы ачылар бекен же…

Максүт Бөрү





  Алгы сөз…

"Айат" жакшылыкка сыр, белги боло бермекчи!
Кадырман окурманым! Мени азыр түшүнүп тургандырсыз. Дагы айтам, бир чети толкундап, бир чети кабатырлануудамын. "Ак чөп башта" деп курумду мойнума салып, кечирим да сурап турган чагым. Айтор, эмне айтып, эмне жазаарымды билбей, башым маң. "Айатты" пайдалангандар буга чейин көпчүлүктүн көөдөнүнө түкүрүп келген. Көпкөн, дөөпөрөс бийлик эгелери элдин азаттыгын, эркиндигин тебелеп-темсеп, камап-соттоп, атып салууну көздөшкөн. Анын баарын айрымдар "Айат" аркылуу элге айтып, кулагына сиңирип, окурмандардын көңүлүн кайт кылды. Айла жок, экен арам бийлик, арам акчадан башканы билбеген акелер менен жакелерге. Ооба, "атак-даңк кыйналуусуз келбейт" демекчи, "Айат" да кыйналды, чайналды, колдон-колго өттү. Калың эл сыяктуу, тебеленди-тепселди, жаакка чабышты, көк бөрү тартышты. Айтор, көрбөгөнү калбады. Калкты шылдыңдап, кымбатчылык каамытын моюнга илген шылуундар кудайын да тааныбай калганы баарыбызга бештен белгилүү. Элди кой санап, койнуна котур ташын салгандар, "кыргыздын төбөсүнөн төө матек алабыз" деп катуу жаңылды. Бирок, сыймыктануу менен айта алам, кыргыз баатыр эл экенбиз, баскынчылыкка, күн кордукка моюн сунбасыбызды далилдедик. Мөндүрдөй жааган мылтык огуна да сестенбедик. Жүрөгүбүздү ок менен тешип, өзүбүздү мурдубуздан чүлүктөп жетелеп, маңкурт кылгысы келгендер тилегине жетпеди. Эми баары желип-жортуп, элден безип, канкор аталып, бирөөнүн көзүн жалдырап карап отурган чактары. Ооба, адамды кордобош керек, акыры өзүң кор болуп, каргыштын каарына каласың. Ушуну унутпасак, кыргыз. Кемсинтип-кесип, кордоп, зордоп, атып, камап эзгенди эзели унутпайт кыргыз, эзели унутпайт! Бекеринен "кыргыздын кеги кырк жылда" деп айтылган эмес. Балдарынан, жубайынан ажырап, боздоп-сыздагандардын көз жашы текке кетпестир. Алардын кегин кетпей туруп, өлбөй жүрүп өчүн алып берчү кыргыздын кыз-жигиттери толтура. Уучубуз кур эмес! Болгону, "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып" ынтымакка келели! Бир-бирибизге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп жардам берели.
Азис окурманым, кечир, кабатырланып атып жазган чар жайыт ойлорум үчүн. Кызыктай абалда турам, сиз сыяктуу кыйналып, чарчап, чаалыктым. Бирок "эс алат элем" деп жамбаштап жатып алууну эп көрбөдүм. Араңарга кошулуп, "Айатка" келдим. Бирок, буга чейин элдин тилегин тилеп, ачык оюн коркпой-үркпөй жазып келген, бир боорум, "Форумдан", бир тууганымдай болгон эмгек жамаатынан кетпедим. "Форум" аркылуу да саламдашып турабыз. Эмесе, кеттик, жакшыбызды ашыра жазып, жалаң күлкү, кубаныч, ырыскынын белгиси болуп, өмүр көчүн улай берели. Бизге ийгилик каала, азис окурман! Сыныңа алып, сындыра көрбө...

Жылдыз МУСАБЕКОВА










??.??