Warning: include(0924.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aiat/09/0924_1.htm on line 41
Warning: include(0924.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aiat/09/0924_1.htm on line 41
Warning: include(): Failed opening '0924.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aiat/09/0924_1.htm on line 41
|
Эгембердиевдин "Супарасы", кадырман карылар
Белгилүү бизнесмен, "Шоро" компаниясын түптөгөн Табылды Эгембердиев, шаркырап аккан суунун жээгине, ажайган кооз, жомоктогудай көрүнүштөрдү чагылдырган "Супара" деген эс алуучу жайына кыргызга аттын кашкасындай таанымал инсандарды 23-сентябрда чакырып, кадырлуу карыялардын башын кошту. "Жакында Дайыр Асанов агайды узатуу аземине барып, белгилүү аксакалдарыбыздын саналуу эле калганына күбө болдум. "Карысы бардын ырысы бар" демекчи убакыттан уттурбай, аксакалдардын батасын алып, сагынычтарын жаза сүйлөштүрүү үчүн баштарын бириктирип, чайлашууну уюштурдум" дейт Табылды мырза. "Супаранын" курулушуна таң кала көз жүгүрткөн кадырлуу карыларыбыз С. Эралиев, С. Жусуев, К. Кондучалова, И. Абдыразаков, Д. Сарыгулов, Р. Алканов, Б. Жакиев, Т. Жыргалбеков, Т. Жаманбаева өткөн-кеткенди эстеп, жаштык кезине кылчайышты. Ар түркүн темада кеп козгоп, чер жазышып, чеке тердете чай ичишти. "Супаранын" ичине кирген адам кыргыздын илгерки буюм-тайымдарын көрүп, көздүн кумарын кандырып чыгаары талашсыз. Анда эмесе "Супара" боюнча кененирээк маалыматты эмки сандан күтүңүз...
|