Warning: include(0702.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aiat/09/0702_1.htm on line 37
Warning: include(0702.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aiat/09/0702_1.htm on line 37
Warning: include(): Failed opening '0702.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aiat/09/0702_1.htm on line 37
|
Кимиңерден кимиң эр, президент болчу кимиңер?
Кыргызстанда жалпы жонунан 2 миллион 806 миң 804 шайлоочу бар. Бирок бул акыркы статмаалымат эмес, шайлоочулардын саны мындан да көбөйүшү мүмкүн.
Өлкөдө 2 миң 331 шайлоо участогу уюштурулган. Шайлоо комиссиясында 20 миң 689 адам иштесе, анын 10 миң 731и аялдар, 9 миң 959у эркектер. 23 саясый партия өкүлдөрү райондук шайлоо комиссияларына мүчө болуп киришти.
БШК президенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн АКШдан келген 10 эл аралык байкоочуну каттады. БШКнын маалыматы боюнча кыргыз президентин шайлоо кандай өтөөрүнө кызыккан 26 өлкөдөн 100дөн ашуун арыз түштү. Алар да байкоочу болобуз дешет. Кыргызча шайлоону көрүп шаңданып кетишпесе болду.
Бюллетендер даярдалууда
Президенттик шайлоого даярдыктар күч. БШК жетекчиси Дамир Лисовскийдин айтымында шайлоо бюллетендеринде жети коргоо деңгээлине өзгөчө көңүл бурулмакчы: маңызсыз белгилер, майда шрифт, атайын боектор ж.б. Бюллетендер 2-июлдан баштап чыга баштамакчы жана азырынча кандай түстө болору белгисиз экендиги маалым.
Курманбек Бакиев
Президент Курманбек Бакиев 3-июлда Суусамыр жайлоосунда өтө турган малчылык маселеси боюнча уюшулуп жаткан чогулушка сапар тартуу алдында турат. Ажобуз эл менен жолугуп келген соң, өзүнүн шайлоого багытталган сапарын улантуу үчүн кайрадан түштүк өрөөнүнө бет алмакчы.
Алмазбек Атамбаев
Президенттикке Бирдиктүү оппозициядан талапкер Түштүк жергесин кыдырып кайткан соң, туулган айылында түлөө өткөрдү. Эртеңден баштап Көл кылаасындагы эл менен баарлашкан соң, Теңир тоолуктар менен жолугушуусун 3-июлда Атбашы өрөөнүнөн баштамакчы.
Кайран акча, акча, эл ачка...
БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү комиссиясы жыйында талапкерлердин шайлоо шаңына жумшаган талапкерлердин каражаты боюнча отчет токуду.
Курманбек Бакиевдин шайлоо фонду 35 миллион 538 миң 500 сомду түзсө, бүгүнкү күндө Курманбек Салиевичтин шайлоо штабы 14 миллион 705 миң сомду коротушкан.
Алмазбек Атамбаевдин шайлоо фонду 4 миллион 488 миң 534 сом 99 тыйынды түзсө, Алмазбек Шаршеновичтин шайлоо штабы 4 миллион 502 миң 200 сомду шайлоо үгүтү менен оомийин.
Темир Сариевдин шайлоо фонду 320 миң сомду түзсө, Темир Аргенбаевичтин шайлоо штабы 295 миң 225 миң сом гана чыгым тартышты.
Аялдардан президенттикке жалгыз аттанган Токтайым Үмөталиеванын шайлоо фонду 622 миң сомду түзсө, Токтайым айымдын шайлоо штабы болгону 219 миң 248 миң сомду жумшады.
Доктор-нарколог Жеңишбек Назаралиевдин шайлоо фонду 422 миң 500 сомду түзсө, Жеңишбек мырзанын шайлоо штабы 418 миң 689 сомду коротту.
А БШКнын көзөмөл-текшерүү комиссиясынын көзүнө илинбеген акчалар канча дейсиң,
окурман?
|