Warning: include(0625.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aiat/09/0625_1.htm on line 37
Warning: include(0625.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aiat/09/0625_1.htm on line 37
Warning: include(): Failed opening '0625.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aiat/09/0625_1.htm on line 37
|
Нуракенин тоюнда
Элмирбек шаңшыйт
Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин 6-июлда туулган күнү. Нуракең туулган күнүн Алатоодой эт, Алакөлдөй чык тартып өткөргөнү туру. Белгилүү төкмө акын, кыргыздын сыймыгы Элмирбек Иманалиев казак президентинин атайын чакыруусу менен жакында Астанага аттанат. Нурсултан Назарбаев кыргыздын талантуу уулу Элмирбектин чыгармачылыгын өзгөчө сыйлаарын жакшы билебиз. Эми Элмирбек казак президентинин туулган күнүдө шаңшып ырдап келмекчи.
Оң бетин өпсөң, сол бети калат
"Бөрк ал десе, баш алып" Түпкө курултай өткөрүү үчүн бараткан оппозициянын "өтө ысык, өтө жогорку" деңгээлде тосуп алганы үчүн Көл губернатору Кыдыкбек Исаевдин эмгеги жогору баалангандын ордуна, ээрден көчүгү кыйшая баштаганын эшиттик. "Жакын арада, балким шайлоодон кийин садага чабылыш ыктымал" деген күдүң кептер Акүйдөн Алатоого тарады. Неси болсо да Кыдык мырза эми шайлоо өнөктүгүндө мындан да мыкты иштеп, "косяктарын" жууп алганы абзел.
Кыргызстандын
борбуйу бошпу?
"Тынчтык кору" коомдук уюму менен Foreign Policy журналы биргелешип, дүйнөдөгү "жөндөмсүз өлкөлөрдүн" жаңы көрсөткүчтөрүн жарыялады. Кыргызстан "борбую бош" өлкө делинип 42-орунга чыктык. "Борбуйубуз бош эмес" деп арданып, чамынгандар болсо "Тынчтык кору" уюмун сотко берип, далилдеп берсеңер болот!
Кайсы менин жазыгым?
Сотторго нааразычылыктар күн санап күч алып барат. Ишенич болсо такыр жок. Жакында үч судья Нурадил Нурматов, Арстанбек Матаев, Паризат Матаева мөөнөтүнөн мурда президенттин жарлыгы менен кызматтарынан бошотулду. Булар башка кызматка барабы, көтөрүлүп кетеби же сот системасынан такыр кеттиби азырынча бизге эмес, өздөрүнө да табышмак.
Атаңды өлтүргөнгө
энеңди алып бер...
Кыргызда "алдыңа келсе атаңын кунун кеч" деген жакшы сөз бар. Анын сыңары борбордун чок ортосуна кыргыздын жоолорунун айкелин орноткон алешемдиги үчүн шаар башы Нариман Түлеев элден кечирим сурап, курун мойнуна салды. Айтымда Нариман мырза улуттук маданиятка тиешеси бар тарыхый эстеликтерди коюу боюнча ишти Тургунбай Садыковго тапшырыптыр. Садыков болсо өз билген чалмекейин чалып кыргыздын ар-намысын тебелегенге жол берген. Эми мэрди кечириш-кечирбеш кыргыздын иши. Ал эми "Тургунбай мырзанын бул "зор эмгеги" жазасыз калабы, андан Эл баатыры деген наамды алыш керек, ал буга татыктуу эмес" дегендердин катары күн санап өсүүдө.
Террористсиңби?
Териң тескери сыйрылат
Чек ара маселеси курчуп атканда террористтердин да азабы өттү. Жалал-Абаддын Таш-Булак деген айлында жашынып жаткан согушкерлер менен биздин атайын кызматтар ортосунда атышуу жүрүп, натыйжада УККнын кызматкери көз жуумп, атайын бөлүктүн жоокери жарадар болду. Кармашта өлтүрүлгөн беш согушкер эл аралык террористтик борборлордон атайын даярдыктан өткөн жана Кыргызстанга чет жерден кирип келишкен. Жардыруучу заттын айынан согушкерлер жашынып жаткан үй да күйүп кетти. Азыр иликтөө иштери кызуу өтүүдө.
"Учур" гезити эми
3 млн. сом төлөйбү?
Бүгүн Бишкек шаардык соту "Учур" гезитинин арызын карап, район аралык соттун чечимин күчүндө калтырды. Бишкек шаарынын район аралык соту "Жаннат" мейманканасынын аталган гезитке карата доо арызын карап, басылма бетинде жарыяланган мейманкана тууралуу макаласы үчүн "Учурду" 3 млн. сом айыпка жыккан. Гезит мейманкана ээлерине 2 млн. сомду моралдык зыян үчүн, ал эми 1 млн.сомду материалдык чыгым үчүн төлөп берүүгө милдеттендирилген. Соттук териштирүүгө алып барган чуулгандуу макалада мейманкана шлакоблоктон курулганы белгиленген. Мейманкана ээлери бул чындыкка коошпойт деп, гезитке каршы доо арыз менен сотко кайрылган. "Учур" соттун бул чечимине макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотко каршы арыз менен кайрылган. Гезит ээлери басылмага карата мындай аракеттер өлкөдө сөз эркиндигин ооздуктоого багытталган саясий буйрутма болуп жатат деген божомолдорун келтирүүдө.
Мен сынбай, мезгил сынаар...
Чубактын чуусундай чубалган "Акыйкат үчүн" кыймыл лидери Аликбек Жекшенкулов жакында камактан чыкчудай түрү жок. 22-июнда экс-министрдин соту уланып, кайра 26-июнга жылдырылды. Кудай буйурса президенттик шайлоого чейин Алик мырза ары-бери сүйрөлүп анан азаттыкка жетет окшоп калды.
Бүгүн шайлоо шаңынын сегизинчи күнү
|