Warning: include(0618.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aiat/09/0618_1.htm on line 37
Warning: include(0618.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aiat/09/0618_1.htm on line 37
Warning: include(): Failed opening '0618.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aiat/09/0618_1.htm on line 37
|
Гезит макала издегич

Кул кыргыздын арманы
Акаев менен Бакиев
доорундагы дастан
Айтыла турган казалым -
азыркы көргөн азабым.
Көртирлик мага абыдан
көргөздү түрүн жазанын.
Билбепмин ташбоор экенин
биртууган деген казагым.
Жумушсуз жүрүп сандалып,
жукарып жонум, жалданып…
Кебездей жумшак көрүнгөн
кебине кирип, алданып:
кутурган боордош бирөөнө
кул болуп жүрөм айдалып.
Бир-бирин сүйөөр ардайым,
биртууган эл деп баргамын.
Бөтөнчө кыргыз-казактай
бөлүшкөн сырын, арманын
бөлөк эл барбы, билбеймин
бөксөргүз көп кеп ал жагы…
Эки элдин бүгүн арасы
эмнеге жетти, карачы!
Айтпаска такыр арга жок
ачышса жүрөк жарасы…
мактана турган жорукпу
"малай - деп, - кыргыз баласы".
"Кулсуң" деп айтат эмнеге?
Курнамыс кылбайм мен деле.
Кор кылбай казак кыргызды
кол суна турган жерделе.
Казак да тентип кезинде
кайсалап бизге келделе.
Качан бир убак ачкадан
казакты кыргыз сактаган.
Кыр-кырда сөөгү калаарда
кыргыздан жакын таппаган.
Кууралдуу күндө казакты
кул кылып кыргыз сатпаган.
Кеп кылсак соңку тарыхты
кейиштүү чындык анык бу.
Жеткирген бизди ушуга
жетесиз жандар айыптуу.
Жетектеп келе жатышат
жетер бир таппай жарыкты.
Алдыга озуп батынган
ажоңор чыгып акылман,
арданар казак болгон жок
аркайда кетип чачылган.
Ажобуз арсыз жан үчүн
алсыз эл болдук басынган.
Азаттык келип… жарышта
атчабым калдык алыста.
Башкарат деген падыша
батырып кетип карызга:
телчигип алган бир боорум
тебелеп турса намыс да!
Бапырап баары жатса да,
байлыкты казак тапса да,
эстүүнүн кылар ишиби
эсирип кеткен акчага.
Кудайын көктө тааныбас
"кулсуң" деп кордойт жат гана!
Аркимге сатып жергеми
ажобуз качып элдеги…
талаада жүргөн адашып
таалайсыз мендей пендени
талапташ деген казагым
табалай турган жердеби!
Калкына көрбөй камылга,
каныбыз таштап жалынга,
кайрылбай качып кеткени -
казак бар эле канында.
Кайырчы кылган так ошол
капсалаң салып тагында.
Күн түшүп элдин башына
күйүттүү кары-жашы да.
Күң болуп жүрөт кыздары
күнүмдүк тамак-ашына.
Бактыга кыргыз тунган жок
Бакиев келип кашына.
Алмашкан менен башчыбыз
аркайда тентип астыбыз…
алыста минтип жүрөбүз
агызып көздөн жашты биз.
Падыша боло алган жок
пайгамбар деген жакшыбыз!
Болбосо кайран кыргыз да
бой бербейт эле турмушта.
Ар элге барып намысын
алмашпайт эле кундузга.
Жайылган менен асманда
жарыгын бербес жылдыз да.
Элбашы сезсе күнөөнү,
эл байкуш тентип жүрөбү.
Эрезе жеткен кезимде
ээн-эркин таштап бүлөөмү,
салбырап минтип аркайда
сагалайт белем бирөөнү!
Эми айтам соңку жүйө бир:
эй, казак, эске түйө жүр!
Айкөлүм кыргыз эгизден
аяган эмес жүрөгүн.
эзели "кул" деп айтпаган
ээрчитип жүргөн түгөйүн!
Олжобай ШАКИР
|