Warning: include(0514.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aiat/09/0514_1.htm on line 37
Warning: include(0514.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aiat/09/0514_1.htm on line 37
Warning: include(): Failed opening '0514.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/aiat/09/0514_1.htm on line 37
|
Гезит макала издегич

Айтылбай турган сөз эле...
Бакыт БЕШИМОВ,
ЖК депутаты, КСДП фракция лидери:
"Бийлик оппоненттери менен эмнеге чай үстүндө сүйлөшпөйт?"
- Ушул жумада Темир Сариевди БЭКтин катарынан чыгарган жыйында сиз да болдуңузбу, ал чечимди кандай кабыл алдыңыз?
- Алгач эки түшүнүктү тактап алсак, биринчиси саясый оппозиция. Саясый оппозицияны формалдаштыруу көпчүлүк убакта өтө оор. Ошондуктан азыркы расмий бийликке, ким бирөө аткаруучу бийликке макул болбостон каршы болсо, аны оппозиция деп, ал эми саясатка аралашып, бир иш аракеттерди жүргүзсө аны саясый оппозицияга кошсо болот. Саясый оппозицияга ким кошулат, ким чыгат аны эч ким чечпейт. Ал кыймылдардын, партиялардын жана жеке инсандардын өз ыктыяры. Бирок, экинчи түшүнүк, өзүнчө расмий система катары түзүлгөн саясый оппозиция болот. Биринчи чоң чексиз түшүнүктүн ичинде чектелген бир түшүнүк болот, аны биз БЭК деп, ага бир топ партиялар келди. Бир топ татаал жолду өттүк, бардыгыбыз биригели дедик, бардыгын бириктириш үчүн бир топ убакыт кетти. Ошол саясый күчтөрдү бириктирүүгө иш аракет түзүүдө көзгө көрүнбөгөн көп учурда Темир Сариевдин салымы бир топ экенин өзгөчө белгилеш керек. Бирок, өтө курч саясый кырдаалга жакындап келгенде "ошол компанияга кандай даярдыгыбыз бар?" деген маселе чыкты. Президенттик шайлоо күзүндө, октябрь айында экенине карабай, бийлик жайдын саратан убагына белгилешти. Анан "шайлоого кандай саясый тактика менен барабыз?" деп ойлондук. Мисалы, башында мен "саясый оппозиция бирдиктүү команда, бир мандат деген формулага көнсө, ошондо биз азыркы учурдагы бийликке нааразы болгон элди бир топко бириктиребиз" деп ойлодук. Азыр ошол оюм бекемделип атат. Кыргызстандын бардык жерин кыдырып, Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарында биздин партконференция өттү, Чүйдөгү айылдарды кыдырдык. Бардык жерде 99 пайыз эл, "бирдиктүү команда, бир талапкер туура" деп жатышат. Бардык күчүбүздү бир багытка жумушаганыбыз оң. Ошондо биз жакшы саясый маданияттагы жогору деңгээлге чыгат элек. Анткени сиз билесиз, буга чейин "оппозиция бириге албайт, алардын жеке майда-чүйдө амбициялары саясый кызыкчылыктан жогору турат" дешти. Биз ушундай терс ойлорго жол ачпадык, экинчи ой болгон, бир команда болуп иштеп, бирок бир топ талапкер болсун деген.
(уландысы 5-бетте)
|