|
Кайырсобол
Дүрбөлөңдөн сактай көр...
Оппозиция 27- мартта болор митингди кандай деңгээлде уюштурат деп ойлойсуз?
Роза АБДРАИМОВА, ЖК депутаты:
- Учурда элдин көпчүлүгү талаа иштери менен алектенип жатса, алардын эмгегине тоскоол кылып митинг уюштурганыбыз туура эмес. Чаң тополоң салып эл ичиндеги тынчтык бузуу жакшы жолго алып барбайт. Оппозицияда бир топ эр жигиттерибиз кыргыз экономикасын өнүктүрүүнүн, эл жашоосун жакшыртуунун камын ойлосо деп аял катары тынчсызданам. Жеке пикиримде эл, оппозиция жана бийлик ортосунда туура түшүнүүлөр болгондо гана чечилбеген маселелерди цивилизация жолу менен көтөрүшсө болмок.
Исхак МАСАЛИЕВ, ЖК депутаты:
- Менин тиешем жок. Бул суроого жооп бералбайм, кечиресиз.
Бегалы НАРГОЗУЕВ, ЖК депутаты:
- Эми аны алдын ала кандай болуп кетерин ким билсин, андыктан жооп бербей эле койсом...
Алишер МАМАСАЛИЕВ, ЖК депутаты:
- Менин суроого жооп бергидей такыр убактым жок, кечирип койгула.
Бекташ КЫЛЫЧБЕКОВ, экономист:
- Өзүм саясатты көп түшүнө бербейм. Бийликтегилер күнөөлүүлөрдү ушул күнгө чейин таба албай жатканы да убарадан кабар берет, билбейм кантип жооп берсем? Жок, мен митинг тууралуу эч нерсе дей албайм...
Азиза АБДРАСУЛОВА, укук коргоочу:
-Кандай даярдыктар жүрүп жатат билбейм. Жаран катары, эл катары митингге сөз жок катышам. Бирок мен Бакиевдин отставкага кетүүсүн талап кылбайм. Себеби Кыргызстан бир жолу Конституциялык бийлик алмашуудан четтеп калып, бүгүнкү күнгө чейин өзүбүзгө келе албай жатабыз. Позиция боюнча 2009-жылы октябрь айында президенттик шайлоо болушу керек, ошол боюнча талапкерлер тең укукта катышуусу шарт. Социалдык, экономикалык маселелер боюнча жарандардын эркиндиги чектелип, армияны ички иштерге колдонгону жатышат, энергетика тууралуу начар мыйзамдар кабыл алынып калды. Деги койчу бизде ойлондурган маселелер көп болуп, мигранттарыбыз таз баштардын колунан жабыр тартышууда. Кечээ жумушсуздуктун айынан Москвада биздин 30 жаштагы жараныбыз поезд алдына боюн таштап өлдү. Ушул маселерди көтөрүү максатында митингге катышканы жатам.
Айжан ЭРКИНБЕКОВА
Бирөөнүн өлүмүн тилегиче, өзүңүн өмүрүңү тиле...
"Аңдуу күчөп, үч күндөн бери мени "өлтүрүп" коюшту"
27-март жакындаган сайын көлөкөсүнөн корккон адамдар көбөйдү. Үлп эткен шамалдан да кыйкым издешет. Ал ансайын оппозиция лидерлери тыкыр кайтарык, аңдууга алынды. Бул боюнча "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев тастыктап тим болбой төмөнкүлөрдү божурады. "Мурдатан "Жигули 07" маркасындагы автоунаа менен милиция кызматкерлери ээрчип жүрсө акыркы күндөрү айнектери чүмбөттөлгөн автоунаа менен спорттук келбеттеги балдар ээрчип артыман калбайт. Анан да үйгө белгисиз адамдарга телефон чалып унчукпай коюп коюулар күчөдү. Эл арасында үч күндөн бери "Текебаевге кол салынып, өлүп калыптыр" деген жалган, жагымсыз ушактарды да таратып атышат".
|
| |
|