|
Консерваторияга Молдобасановдун ысымын ыраа көрбөйбүзбү?
"Улуу элбиз!" дейбиз, бирок улуу инсандарга келгенде урмат-сый көргөзө албай курушабыз да турабыз. Айтсак, кыргыз музыкасынын патриархы залкар композитор, дирижер Калый Молдобасанов көзү тирүү болгондо быйыл 80ге толмок экен. Көзү тирүүсүндө жеткиликтүү деңгээлде Акаев бийлиги көңүл бурбаган бул залкарыбыз да өмүрүнүн соңунда көңүлү чөгүп жүрүп өтүп кетти. Маданият чөйрөсү канчадан бери Улуттук консерваторияга Молдобасановдун ысымын ыйгарып койсок деген сунушту Муратбек Бегалиевдин кулагына куюп жүрүп чарчады, мүмкүн Бакиев бийлигинин ишараты керек болуп жүрбөсүн…
Алгыр куш тарпка конбойт Бокеңе гүбүрнатырлык күкүм да эмес
"Беттегенин бербеген, айтканынан кайтпаган" көкжал Болот Шерниязов Америкадан келгени анын тегерегинде божомол-жоромол айтып, түкшүмөлдөгөндөр түркүн. Жакында саясый чөйрөдө "Бокең Талас губернаторлугун сураптыр, ортомчулукка иниси Бабановду байлаган экен, анын да алы жетпей, Акүй аткез бериптир" деген сөз тараган. "Эзели кызмат менен бийликке кызыкпаган Бокени кайсы кара теке сүзүп, жанына кандай нерсе батты?" деп суроо узатсак Шерниязов агынан жарылды. "Бакиевден кызмат суроо, же аны менен кызматташуу менин ишим эмес, бул ошо ушакты учуруп аткандардын иши" деп жооп берди.
|
| |
|