|
Бекназаровду жок кылгысы келгендер ким?
Бүгүн БЭК "кеңешип кескен бармак оорубайт" деп жыйынга чогулат. Жыйында жалпы улуттук нааразылык акциясын уюштуруу маселеси каралат. Акция март айынын соңунда башталмакчы. Ал эми "БЭК лидери Азимбек Бекназаровду жок кылуу боюнча кылмыш топторуна жана атайын кызматтарга тапшырма берилиптир" деген уу-дуу сөздөр калаага тарады. Бул боюнча Азимбек мырза "ооба, мындай маалыматты биздин санаалаштар да айтып, эскертип атат. Бирок мен андан коркуп-үркүп, бүжүрөп калбайм, кокус бирнерсе болсом ал бийликтин колунан гана келди деп билгиле. Бүгүн бул бийликтен барын күтүүгө болот, ошондуктан таң калбагыла" деди.
Жекшенкуловдун тапанчасынын купуя сыры
Бишкекте түнкү клубдар кекиртектен. "Бийлик башындагылардын балдары ээн жердин бөрүсүндөй желип-жортуп жүрөт" деп угабыз. Жаштарды бузган, баңгиликке түрткөн дал ушул түнкү клубдар. Ала-гүү кыз, балдарды көргөндө жакаңды кармайсың "ата-энеси кай жакты карап жүрөт" таризде. Эми ошо түнкү клубдагы кайсы бир шойкомдуу окуяны "усталар" Жекшенкуловго чаптай албай убара. Тапанчасы түнкү клубда атылган имиш. "Шылтоого шыноо" дешип соттук-экспертизалык текшерүүдөн өткөргөндөрүнө ыраазы болбой дагы чакырышууда. "Жекшенкуловдун уулу Беккул тапанча менен болгон окуяга тиешеси бар" дешип. Бирок, "Акыйкат үчүн" кыймыл лидери Алик мырза бул айыптоолорду четке кагып, "мага карата жасалган иштин бары саясый куугунтук" деп түшүндүрдү.
кыздарга сүйүнчү!
ОМАР менен чайлашкыла...
Эгер сиз, ырчы, актер же саясатчы адамдар арасынан сыйлап, кумир тутуп
жүрсөңүз "Айат пресс" гезитиндеги "Кумир менен чайлашуу" рубрикасына кайрылыңыз. Сиздер "көрсөм, жолугуп, кызыккан суроомо жооп
алсам" деп дегдеген тилегиңизге жетесиз. Биздин редакцияда
жолугуп, чай үстүндө баарлашасыз.
Кенен маалымат алуу үчүн телефондор:
463020, 0773 103556
Бул ирет ырчы Омардын күйөрмандарына
суроолор төмөндөгүдөй.
1. Баалаган ырчысы ким?
2. Жактырган тамагы кайсы?
3. Кесиптештер арасында
жакын досу ким?
4. Сүйлөшкөн кызы барбы?
Бул суроолорго ким
биринчилерден болуп
туура жооп берсе кумири
Омар менен жолугушууга
мүмкүнчүлүк алат.
Анда эмесе, чамдаңыздар!
|
| |
|