|
Шай-шай, шай жоолук... тоюс шайлоо
Бүйүр кызыткан экинчи мөөнөт
"Курманбек Салиевич ооруп атыптыр, ошондуктан экинчи мөөнөткө калбайт экен, ордуна мураскерин даярдап атыптыр" деп ушак удургуткандардын кулагына күмүш сырга. Кадырыңыз жан болсун, Курманбек Салиевич куландан соо, экинчи мөөнөткө сопсонун эле барат. Эгер Конституциялык сот "президенттик шайлоо 2009-жылы өтүш керек" десе шайлоо быйыл эле старт алмакчы, бирок, кол манжаларын ачып-жумп санагандардын айтуусунда президент 2005-жылы беш жыл мөөнөт менен шайланган. Анда жаңы шайлоо, шайлоонун шайтан оюндары 2010-жылга жылдырылмакчы. Капырай кыргыздар, мынча не шаштыңар аз, чыдаган жаныңар чыдап 2010-жылды күткүлө эми... "Жаз жарыш, күз күрөш" көз ачып жумгуча өтөт. Айтмакчы Курманбек Салиевич "Кыргызстанда президенттикке татыктуу жигиттер көп, бир-экөөсүн айтсам деле болмок, бирок айтсам калганы таарынып калат го" деп негизги атаандаштарынын аты-жөнүн атабай кутулду.
БИШКЕК
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
Бишкек, Бишкек... Билбегенге биздин шаар,
Бирге - чылбыр, экисине - тизгин шаар.
Бир карасаң калдай каалга, кан сарай,
Бир карасаң кара баткак, мискин шаар.
Көдөөсү көп, көр-жер тарткан көлүк шаар,
Көздүү жактан келип түшсөң "өлүк" шаар.
Байкушуна - базар, мазар, баш паанек,
Байларына - байлык, айлык, өрүкзар.
Милийсасын тизип алып таңгактап,
Бир көчөсүн жууп-жуктап, ардактап.
Өйүз-бүйүз эл шыкалган ал жерден
Өкмөттүк колонна өтөт дардактап.
Миң көчөсүн жылда жамайт жырыйган,
Маршрутка көп, машина көп чымындан.
Үйгө барып чөнтөгүңдү аңтарсаң,
Колу чыгат МАИлердин шымыңдан.
"Артис тамдар" салынганы салынган,
Антсе деле шаар болуудан жаңылган.
Белден өйдө келе бакан кыштактар,
Белден ылдый ала бакан айылдар.
Уркуюшуп арасынан муз-кардын,
Варикозу сыяктанып буттардын.
Ташын-кумун тээп салып асфальттын
Тамырлары качып барат дубдардын.
Тиштериңдин баары металл коронка,
Бишкегиңдин баары бензоколонка.
Азыр бул шаар махабаттын шаары эмес,
Бир жиндинин колундагы воронка.
Ээсиз үйүн кытайларга толтурган,
Эри да жок, эли да жок кол сунган.
Бишкек мага кемпир болуп элестейт
Эски-ускусун сатып бурчта олтурган...
Оо-уу… Окурман!
2009-жыл үчүн "Айат пресс" гезитине
жазылуу өлкөнүн бардык почта
бөлүмдөрүндө жүрүүдө. Жазылуу
боюнча "Айат пресс" да каталогдун
негизги тизмесине кирген.
Андыктан бардык почталардан
талап кылсаңыздар болот.
Жазылуу индекси
/68502/
|
| |
|