|
Добулбас
Боор барбы сенде, кыргыз!?
Биз кайсы кылымда жашап атабыз да, памирлик боордош кыргыз калкы кайсы кылымда жашап атат, бурадар? Кудум таш доорун элестеткен тирукмуш заманда күн кечирген кандаштарыбыздын кайгы-касиретин уккан жан барбы бүгүн!? Ит көргөн жашоо-турмушту баштан кечирген оогандык кыргыздар жөнүндө 90-жылдардын башында кайран эл деп Дооронбек Садырбаев бир канкакшады эле. "Кайран эл!" - деп жүрүп, өзү кайран болгон Докенин ошондогу документалдуу тасмасын көргөндө бир сай-сөөгүбүз сыздаганы бар. Андан бери Памир кыргыздарын унуттукпу? Унутпасак, алар бүгүнкүгө чейин жапайычылык турмушун улайт беле! XXI кылым босогосунда туруп, жогорку сүрөттөгү ышкындай солкулдаган 12-13 жашар кызынын тагдырын 100 баш кара малга соодалайт деген эмне шумдук! Бөксөсүнө эт, сүйрүсүнө сүт толо элек секелек куракта турмушка аттанган кыздары кыргыздын тукумун улап кыйратабы? Өмүрү мектеп босогосун аттабаган, мектеп деген эмне экени түшүнүгүндө жок памирлик кыргыздарды кайсы адам сыягына сыйдырабыз?! Жараткан жасатынан адам делгени менен адамдык жашоого татыксыз боордошторубуз дагы канча кылым тукум улашы мүмкүн? Бизде эр ортону 50 жаш десек, Памир кыргыздарынын көп жашаганы араң 50, ашып кетсе, 55-60 жаш жашаганын адам өмүрү деп кимибиз эсептейбиз!? Шордуу кыргыздын башына түшкөн оор заман артыбыздан калбаган жолбун итпи эмне? Бир уйдун мүйүзүнө доо кетсе деле миң уйдун сөөгү сыздайт экен. Памирлик 3000 кыргызга 3 миллиондон ашкан кыргыздын сөөгү сыздабайбы? Болбосо эмнеге боорубузга тартпайбыз? Кыргыз ансыз да сандык сапаты жагынан канчалаган башка улуттардын артында экенбиз, бирибизге бирибиз эмнеге жарыгыбызды чачпайбыз? Эмнеге колубузду сунбайбыз? Аларга же Ала-Тоонун койну тарбы? Бүгүн канча кыргыз дүйнөгө тентип кетти, алардын орун-очогун коңшулар каптап атат, а өзүбүздүн улутташтарга МЕКЕНИБИЗДИ ыраа көрбөйбүзбү? Үн кошкула, Мекендештер! Биз кантсек, памирлик кандаштарыбызга жарыгыбызды тийгизебиз? Кимибиз кандай жардам кылалы? - деген боордоштук сезим менен "Айат пресс" гезити кийинки саныбыздан баштап интеллигенция жана жалпы Журтту баарлашууга чакырат. Кайдыгер калбастан редакциябызга келип, элдик талкууга кошулгула! Ал эми бул санда Ооган жергесиндеги кыргыздардын тагдыры туурасында 8-9-беттерди окуңуздар...
|
| |
|