mainkaptal

КИТЕПТЕР

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Ыстаканда кантың бар

Асылбек кыраакы,
Эген "заготовщик" экен.
Гезитибиздеги чайлашуу рубрикабызга үч дос - КРнын эмгек сиңирген артисттери Асылбек Өзүбеков, Мурат Мамбетов (Композ), "Тунгуч" театрынын артисти Эген Чалабаевди чакырган элек. Бирок, Мурат мырза баласынын сыркоолоп атканына байланыштуу колу бошобой, редакциябызга келалган жок. Чай үстүндө Асылбек менен Эген мырзанын жаштык, карылык, сүйүү, чыгармачылык жана достук тууралуу тамаша-чыны аралаш ойлорун угуп, жыргап күлүп, жашара түштүк.

Айат пресс: - Эшиктен киргенде эле "карып кетиптирбиз" деп арыз-арманыңарды айтып кирдиңер. Эмне анча карылык жөнүндө эрте айтып, наалый баштагансыңар?
Асылбек Өзүбеков: - Биз өзүбүз иштеп жүргөндө байкабайт экенбиз да. Көкүрөк карыбайт, жүрөк өмүр бою жаш бойдон жашайт. Мен ырдап жүрбөймүнбү, "түшсө да бырыш чекеге, жүрөккө бырыш түшө элек" деп. Ошентип жүрө беребиз, анан экрандан монтаж кылып олтуруп, өзүбүздү кайра-кайра карайбыз да. Ошондо көзүбүздүн чекелерине, бетибизге бырыш түшкөнүн байкап атпайбызбы. Анан эски кадрларды карап салыштырабыз да, улгайып баратканыбызды көрүп кейийбиз. Бирок, Мамбет аба (Мамакеев) "эр ортону элүү эмес, жетимиш" деп айтат. Ошол боюнча алып карасак, биз азыр бала эле бойдонбуз. Ойносо оюнга, күлсө күлкүгө тойбой турган убагыбыз.
Эген Чалабаев: - Биздин кары көрүнгөнүбүз жалпы кыргыз журтчулугу, анын ичинде кыз-келиндер үчүн "обидно" болуп калат го дейм. Ошондуктан алардын көңүлүн калтырып, жүрөктөрүн ооруткум келбейт. Ишенесиңби, мен үйдөгү күзгүлөрдү бүт алып салгам. Себеби, карасаң эле чачы түшкөн, бети-башы бырышкан бир киши турат. Өзүңдү-өзүң көргүң келбейт.
А.Ө.: - Чачы түшкөн деп атпайсыңбы. Мен чачымды кырып жүрсөм, такыр баш сүрөтүм менен газетага чыгарышкан. "Эмнеге чачыңызды кырдырып салдыңыз?" деген суроосуна мен "төбөмдөгү чачтарым түшүп атканынан кырып, кыргызча чеснок шыбап, элдик медицина менен дарыланам" деген жооп кайтаргам. Анан мага илимдер академиясынан жумушка телефон чалып калышты. Азыр аты-жөнүн унутуп атам. Айтор бир киши "сен антип убара болбой, мага кел. Мен чачыңды өстүрүп берем" дейт. "Кийин убакыт болгондо барармын" деп дарегин алдым эле, бирок атын унутуп, телефон номерин жоготуп ийдим. Ошону менен баралбай калгам. Эгер "Айат-прессти" окуп калса, телефон чалар. Ошого барсаң болот.
Айат пресс: - Анда Асылбек мырза "акылдуу башка акмак чачтар чыкпайт" деп жакшы жооп берген.
Э.Ч.: - Чындыгында эле акылдуу башка акмак чач чыкпайт. Же жыдып түшүп калат, же агарып кетет.
Айат-пресс: - Демек, бул пикир менен өзүңөрдү жооткотуп аткан турбайсыңарбы?
Э.Ч.: - Жо-ок, жооткотуп, өзүбүздү соороткон жерибиз жок. Бул илгертеден ата-бабабыздан бери айтылып келаткан сөз.
Айат пресс: - Улам жыл өткөн сайын жаштык баалуу болуп калат турбайбы. Анан жаштык кезиңерди эстесеңер. Төртөөңөр чогуу жүрүп жакшы күндөрдү көп өткөрсөңөр керек?...
А.Ө.: - Ооба, жакшы күндөр көп болду. Бизди Болот Шамшиев "төртөөңдүн сахнада кайталангыс ордуңар бар. Ажырагыссыңар" деп айтчу. Эми Болот агай бизди билип, көрүп жүргөн режиссерлордун бири да. Чынында төртөөбүз көп иштерди жасадык. Концертпи, спектаклби, каякка гана барбадык. Телевидениеде нелерди гана жасаган жокпуз. Эң өкүнүчтүүсү, Каныбек досубуз арабыздан эрте өтүп кетти. Ушунчалык кемий түштүк. Каныбектин орду жок экенин съемка кылып атканда байкап, тимеле сыйпалап таппай "Каныбек болгондо эзмек, Каныке болгондо катырмак"деп ичибиз өрттөнөт. Айла жок.
Э.Ч.: - Ушуга чейин мен "колдо бар алтындын баркы жок", "өкүнүп каласың, издегендин ордун таппайсың" деген сөздөрдүн маанисин түшүнчү эмесмин. Бирок өз башыңа келмейинче билбейт экенсиң. "Күлкүляторду" тартып атпайбызбы, карасаң эле Каныбектин ролу турат да. Ишке киришип, образдарды жаратууну бөлүштүрүп, "муну сен ойнойсуң, тигини ал ойнойт" деп келип эле үчөөбүз томсоруп олтуруп калабыз. Анткени арабызда залкар талант Каныбегибиз жок. Ар бир сериясын чыгарган сайын Какебизди жоктойбуз. Өзү да бир шер жигит болчу. Мен бир нерсени байкадым. Кыргыз актерлерунун арасынан Каныбек өзгөчө жаралган талант экен. Үйбүлө, урук-тууган, дос-жар дегенди такыр билчү эмес. Болгону сахна менен гана жашачу. Мисалы, бизде сахнадан сырткары достор бар, ар кандай алака катыштар бар дегендей. А Какеде андай нерсе жок эле.
А.Ө.: - Каныбектин бир окуясын айтып берейинби. Командировкада жүрөбүз. Кечки концертке чыга турган маал болуп калган. Мен элдин аягында мейманканадан портфелимди көтөрүп чыгып келатсам, Каныбек автобустун жанында эшик оозунда туруптур. Карай калсам эле кызуу. Эмне кыларымды билбей, туруп калдым. Бир убакта мени карап туруп, "эй, аба, асмандабай жерге түшчү" деди. Мени аба дечү да. Эчтеке деп унчуга албай, сөз таппай калдым.
Э.Ч.: - Гастролдо жүргөндө касса дайыма Асылбекте болот да. Анан бир күнү Асылбек шашылыш шаарга кетмей болуп, мага "мына акча" деп башыма жаздап кетти. Ойлосом, Каныбектин интеллекти да жогору экен. Мисалы, башка балдар акча сураса, сүзө качырып эле "берип туруңузчу" деп ала берчү. Каке болсо бөлмөдө уктап жатсам кирип келип, "Эген" деп акырын ойготту. Эмне десем, "үйгө кийген тапичке алыш керек эле. Тиш жууган пастам түгөнүп калыптыр. Щеткасын да алсамбы дегем. Самын алыш керек эле" деп калды. Ыраматылык тимеле таза болчу. Кир эле жууй берчү. Анан "Каке, канча керек?" десем "жүз сом жетет" дейт. "Кой, барысын алсаң, ошол жетмек беле" деп эки жүз берсем, жок деп болбойт. Мен да болбой бердим, кечинде концерт бүтүп, "кеттик-кеттик" деп жыйналып, акчаны колтугума кысып алып кетип баратсам, "эй, сен Өзүбеков эмессиң" деди. Даяр болуп алыптыр да. Ичпегенде Мураттын жанынан калчу эмес. Экөө ынтымакташып, божурашып сүйлөшүп, тиш жууса да чогуу жуушат. Жыйынга да чогуу барышат, экөөнү бөлө албайсың. А Каныбек ичкенде Композ качып жоголот. Германияда жүрөбүз. Кайдан экенин билбейм, ичип алыптыр, кызуу, жеңин билегине чейин түрүп алган, "эй, Композду көрдүңбү" деди. "Жок" деп кетип баратсам, "таап туруп чакырып кой" дейт. Күлгөн бойдон кетип калдым.
А.Ө.: - Каныбек байкуш ичсе эле Муратка асыла берчү. Аны кампас деп да алчу. Анан соо кезинде Мурат Каныбекке келип алып "мен сага эмне кылдым. Эмне эле мага асыласың, мен сага эмне жамандык кылдым?" деп чыркырай берер эле.
Айат пресс: - Акыркы кездерде Каныбек мырза боюнча сиздердин дарегиңиздерге жаман сөздөр айтылып жүрөт. "Булар Каныбекти карабай койгон" деген сыяктуу.
А.Ө.: - Каныбекти командировкага алып кетип, ушунчалык сонун кылып келчүбүз. Бир ай болсо бир ай ичпей, организми тазаланып, толуп, ак жуумал тартып сонун келчү. Себеби иш маалында жакшы жүрчү. Анан Каныбекти баарыбыз кайтарчубуз. Карап, тескеп, шаардан деле көз салып, керек болсо төлөнбөй калган акчаларын комендантына барып төлөп берип турчумун. Ушундай күндөр да болгон. Биз Каныбекти колубуздан келишинче сактаганга аракет кылдык. Бирок ар кимдин өзүнүн жашоосу, үйбүлөсү бар да. Түбөлүк аны кайтара албайт экенсиң. Эми бул деле өзүнчө оору экен. Канча жолу ооруканага алпарып дарылаттык, болбоду. Көз ачыктарга чейин алпаралы десек болбой каччу. Биягынан жаткырсак, тиягынан качып кетип калчу да.
Э.Ч.: - Какенин көрөр күнү, ичер суусу ушул экен. Асылбек айткандай, Каныбек гастролдо жүргөндө өңүнө чыкчу. Кийимдерин ирети менен коюп, концерт же театрга барганда ар бир номерге кийчү костюмун бүктөп, иреттеп тизип койчу. Кудайды карабагандай таза эле. Биз болсо кийимдерибизди тугуруктап сумкага тыгып, анан концертке чыгарда издеп айтор, тазалык, тыкандык жагынан эч кимибиз жетчү эмеспиз. Кээде кыздар уялат. Себеби кыздар да тазалык жагынан Какеге жетчү эмес. Бир нерсебиз жоголсо, Какеден сурачубуз. Көрдүңбү десең, барысынын ордун көрсөтүп берчү.
А.Ө.: - Биз акыркы милдеттерибизди колдон келишинче жасадык. Мына, жакында барып "Тунгучтун" атынан, үйбүлөсүнүн атынан эстелигин тургузуп келдик.
Айат пресс: - Мындай учурда досту эскерип кетпесе болбойт да. Эми жакшылыктар жөнүндө кеп урсак. Жаш кезде кыздарды көргөндө ушу төртөөңөрдөн кимиңер биринчи тийишип, кыргыйдай тийчү элеңер?
А.Ө.: - Ой, Эген да, кыйын болчу.
Э.Ч.: - Төртөөбүздүн арабызда эң кичүүсү менмин. А кыраакылар Мурат менен Асылбек. Анан экөө көздүн кыйыгы менен карап "карачы тетиги кыз жакшынакай экен, сүйлөшпөйлүбү, Эген сен кыйынсың го" деп мени мактап коюшса, дердектеп жөнөп калам. Тиги кыздар менен таанышып, сүйлөшүп берем, экөө калат да мени кууп жиберишчү. Мындайча айтканда, "заготовщик" болчумун.
А.Ө.: - Биз бери жакта "Эген сүйлөшсүн" деп күтөбүз, анан сөз бүткөн соң "Эген, эми сен бара бер" деп жөнөтүп жиберчүбүз.
Айат пресс: - Анан эч нерсеге жетпей кур жалак калчу белеңиз?
Э.Ч.: - Эмнеге кур жалак калмак элем. Кээде кешик тийип, оозтийип калчубуз. Билесиңби, ушундан улам бир окуя эске келди. Менин бир досум бар. Атын атабай эле коеюн. Бир айылда чоңойгонбуз. Кичинебизден мамилебиз жакшы. Аны менен мен досмун, аялым менен анын аялы дос. Келинчегим Салтанат баламды алып төркүнүнө кетпейби. Мен үйгө досторду чакырып, эс алып олтурганбыз. Бир аптадан кийин Салтанат үйгө келет. Ал кезде жатакана сыяктуу бир бөлмөдө жашачубуз. Кошуналар аялымды көргөндө эле жаадай тийип, "Эгениң сен кеткени достору менен майрам уюштурду. Музыканы бакыртып, кыздардын күлкүсү тыйылбайт. Дегеле тынчтык берген жок" деп арызданышыптыр. Аялым жинденип, тиги досумдун аялына телефон чалып, "сенин күйөөң менин үйүмө кыздарды алып келиптир" деп көп сөз айтат. Анда аяшым "жок, сенин күйөөң менин күйөөмдү бузду" дешип жолугуп, досумду жумушунан чакырып алып "разборка" кылышат. Мен болсо эч нерседен кабарым жок, спектаклден чыгып, түнкү он бирде үйгө келсем, үчөө үч бурчта үңкүйүп олтурат. Өңдөрү купкуу. Салтанат чыкты: "акмак, сен ушинткен турбайсыңбы, келесоо" десе, аяшым "Эген, ушунуң уят да, кыздарды алып келесиң" дейт. "Эй, алтындар, эч качан андай болгон эмес. Аны ким айтты, силерге" деп чыркырап атсам, досум туруп: "Эген, мен мойнума алдым, сен деле ал" деп күйгүзүп атпайбы. Мен болбойм. "Жо-ок андай болгон эмес, кантип болбогон нерсени мойнума алат элем" деп чыркырап атсам, эшиктен Каныбек кирип келип тамеки сурап калды. "Эй, Каныбек, айтчы мен качан ушундай ишке барчу элем?" десем, байкуш ыраматылык Каке кебелбей "мен эми Салтанатка калп айтпайм. Ооба, келишчү, олтурушчу. Бирок тиги калып калчу. Эген сыртка чыгып кетчү" дебеспи. Мени коргойм деп, досумду тозокко салып бербедиби. Ошондо ыйлагым келгенин кантейин. Азыр эстеп, каткырам.
А.Ө.: - Эгендин окуялары күлкүлүү болуп атпайбы. Меникин уксаңар, ыйлайсыңар да.
Э.Ч.: - Бул эски тамашалардан. Асылбек менен Мурат мени "Кировкага концерт уюштуруп кел" деп жөнөтүштү. Кировканы билесиңер, автобекеттен түшкөндө эле жайнаган кафе, ресторан. Автобустан түшүп, афишаларды жазып иле баштадым. Аңгыча ары жактан бир жигит чуркап келип, "сиз Өзүбековсузбу?" дейт. "Жок, мен Өзүбеков эмесмин, эмне болду?" десем "мен кыздар менен ресторанга мелдешип койгом. Сиз Өзүбековмун деп коюңузчу" десе, "кой, болбойт да, эртең өзү келет" деп макул болбойм. Тиги да "эми эч нерсе болбойт, кечинде ресторанга барып сый көрөбүз" деди. "Мейли" деп кафеге Асылбекти туурап, үнүмдү бийик чыгарып, "кандайсыңар, алтындарым" деп кирип барып, кыздарды кармалап-сармалап, жыттагылап ийдим. Кыздар мени тигиле карап "сиз чын эле Өзүбековсузбу" дегенде, "коңшулаш айылдан кезиккем" деп сыздап жиберсем эле, дуулдап "оо, Өзүбеков экен" деп ишенип алышып, "кечирип коюңуз, биз сизди тааныбай калыптырбыз" дешти. Ансайын Асылбекти туурап сүйлөп, ырдап мен болбойм. Концертти уюштуруп, афишаларды чаптатып коюп, кечинде мейманканада отурсам "жүрүңүз ресторанга" деп баягы бала келди. Бардык, кыздар төгүлүп-чачылды, аябай конок болуп, жыргап олтурдук. Эки күндөн кийин концерт койгону артыман булар келишти. Концерт койдук. Ал да бүттү. Аппаратураларды жыйнап атсак, бир кичинекей бала келип, "байке, сизди чакырып атат" деди. Оюмда эч нерсе жок жетип барсам, баягы ресторанда сыйлаган кыздар турат.
(Уландысы кийинки санда)
Бурул МУСАБЕКОВА




И-ий, баса...
Кыстырма
1-5-7- январь күндөрү УТРКдан "Тунгучтун" Жаңы жылдык күлкүлөрүн көрө аласыздар. Жарым сааттан бир жарым саатка чейинки "Күлкүлятор", "Сегизинчи шар" күлкүлүү программалары саат 19.00 дө берилет. Унутпай, "Тунгучтун" кыл мурут жигиттеринин тамашаларын көрүп, бир жылмайып, өмүрүңүздү узартыңыз.





КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«