mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Жаңы жылдык үч кайрык

Чычкан жылдын урунттуу окуялары…
Уй жылы коомдук саясий турмушка, экономикага кандай өзгөчөлүктөрдү, бурулуштарды бералат?

Өзүңүздүн чычкан жылында жетишкендигиңиз,
бука жылынан күткөнүңүз?

Кабай Карабеков,
ЖК депутаты:
- Чычкан жылы элдин эсинде кала турган маанилүү жыл, жаңы парламент түзүлдү. Күнүмдүк турмуш, көйгөйдү алсак, энергетикалык кризис, Токтогул ГЭСиндеги суунун азайышы, баалар улам асмандап атышы, саясаттагы өйдө-ылдый окуялар, айтор көп нерсе эсте калды. Август айынан бери келе жаткан дүйнөлүк кризис эл эсинде унутулгус кыйынчылыктары менен сактала бермекчи
- Кыргызстанда экономикалык, финансылык, социалдык кризис өңдүү опурталдуу маселелердин баарысын оңдоо үчүн 10-15 жыл убакыт керек. Чычкан жылында кыш өтө каарын төгүп, эл шаштысын кетирди. Эми жаңы жылда кыш суугу үрөй учурбай, элге береке, кут төгүлүп, өлкөбүздө стабилдүүлүк орносун.
- Албетте, чычкан жылы оңой жылдардан болгон жок. Кыйынчылыктар көп болду. Мен үчүн жеке жетишкендиктер аз болсо да кудайга шүгүр дейм. Уй жылынан элибизге ынтымак, тынчтык жана токчулук күтөм. Жакшылык жылоологон, жемишин төккөн берекелүү жылдардан болсун.

Садыр Жапаров, КР

коррупцияны алдын-алуу
боюнча агентигинин комиссары:
- Өткөн жылда көп орчундуу окуялар болду. Аларды санап отурсак, сан жетпейт го...
- Саясат жаатында тынч эле болот. Ал эми экономикадагы өсүш жылдагыдай күтүлүүдө. Мурда ички дүң продукциясына канча төлөсөк, 2009-жылда да ошондой көрсөткүч болоруна ишенем. Эми калганын мезгил өзү көрсөтөт. Мындан бөлөк мен эч нерсе алдын ала айта албайм.
- Өтүп бараткан жылда бир топ улуу адамдарыбыздан айрылдык, Нурада жер титирөө канча адамдын өмүрүн алды. Ал эми саясый-экономикалык өңүттөн алып караганда Чычкан жылы жакшы жылдардан болду. Мисалы мен иштеген ишканада коррупцияга каршы, көптөгөн маселелерди чечип, бир нече коррупционерлердин бетин ачтык. Пландаган иштерибиз чекесинен ишке аша баштады. Жеке жашоомдо да жаман болгон жок. Элибиздин амандыгынын өзү биз үчүн чоң жетишкендик болсо керек. Ал эми жаңы жылдан экономикада өнүгүү, саясатта тынчтык, эл жерибизге биримдик күтүп жатам.

Ибрагим Жунусов,

ЖК депутаты:
- Эсте каларлык бир топ окуяларга күбө болдук. Чыңгыз Айтматов баштаган
Дооронбек Садырбаев, Тууганбай Абдиев , Ашыкем өңдүү маданият адамдарынан ажырап калдык. 24-августта болгон авиакырсыктын айынан 66 адамдын өмүрү кыйылды. Эми жалаң жамандыкты эстебей, жакшылыктарга кайрылсак, Кыргызстан быйылкы жылы ОДКБда өз ордун көрсөтүп, август айында ШКУ жыйынтыгы боюнча Кыргызстан төрагалык ордун алды. Мына ушундай эриш-аркак окуялар менен 2008-жылды узатып жатабыз.
- Уй жылы жакшы жылдардын бири. 2009- жылы төртүнчү жолу мүчөлүү жылымды тоскону турам. Ал эми бийликке көз чаптырсак, бир топ өзгөрүү болот дегенден алысмын. "Кыштан аман-эсен чыксак, Казакстан менен келишим түзүп, электр-энергия маселесин чечип алсак" деген тилек элде күч. Ал эми саясат жайын атсам, оппозиция жазында дагы көтөрүлүшү мүмкүн, бирок андан майнап чыкпайт.
- Бул жыл мен үчүн жемиштүү жылдардын бири болду. Тагыраак айтканда, ЖКга депутаттыкка өтүп мандатка ээ болсом, ушул эле жылы педагогика илими боюнча диссертация жактадым. Андан кийин ТВ жана радио тууралуу жазылган мыйзамдын авторлорунун бири болдум. О.э. диний жана дин таануу эркиндиги боюнча жазылган мыйзамдын да авторлорунун катарын толуктадым. Мына жакында эле түрк тилдүү элдер ассамблеясында Стамбулда сүйлөгөнүм мен үчүн чоң жетишкендик.

Турусбек Мамашов,

Туризмди өнүктүрүү
мамлекеттик агентство
директору:
- Мен үчүн 2008-жыл унутулгус болуп эсте кала бермекчи. Мамлекеттик кызматта алып көрсөк, февраль айында биринчи эл аралык Сантаклаустар фестивалын өткөрдүк. Дүйнөнүн ар тарабынан он өлкөнүн өкүлдөрү, Сантаклаустар, журналисттер ж.б. коноктор келип кетти. Өзүңөр баамдагандай кичинекей Кыргызстан сантаклаустар мекени катары, туризм өлкөсү катары дүйнө элине таанылды. Мына, буйруса 2009-жылы февраль айында эларалык экинчи сантаклаустар фестивалын өткөрүү алдында турабыз. Мына жылыш деп, 30 өлкө өкүлдөрүнүн катыша тургандыгын айтса болот.
- Саясатта 2008-жыл изденүү жылдардан болду. Эгемен өлкө болгондон кийин өнүгүүгө жакшы жолдорду издеп, өзүбүздөн кеткен каталардын негизинде туура жолго бурулуш жасап жатабыз. Эми эңсеген турмушка жетели деген үмүттөр бар. Кыргыз элинин мындай иш аракетине убакыт керек.
- Тарых барагына кайрылсак, чычкан жылы оор жылдардын бири. Бул жандык өзүнүн оорчулугу менен башка жаныбарлардан айырмаланып келет. Бул жылы улуу инсандардан айрылып, кыргыз маданияты кыйналып турган мезгил. Кайрадан тарых барагына кайрылсак, Уй жылы берекелүү жылдардан болот. Уй өзү сүтүн, этин берген кешиктүү жаныбарлар катарына кирет. Эми бул жылдагы күткөнүм жеке жашоомдо үйбүлөмө баш кошулат деген ниеттемин. Ал эми жалпы өлкө үчүн да жемишинен кур койбойт.

Жусупжан Жээнбеков,

ЖК депутаты:
- Үстүбүздөгү жыл өзгөчө окуялар менен элдин эсинде калса керек. Мен үчүн бул жылы Ош областындагы Кара -Суу районунда жана Кочкордо болгон жер титирөө эсимде калды. Жеке жашоомдо бийлик тарабынан куугунтукка алынып жатканым. Дагы бир нерсе, элдик көтөрүлүш жана пикет өңдүү окуялар санын азайтты.
- 2009-жыл башка жылдарга салыштырмалуу кооптуурак болчудай. Экономика менен электр энергиясы кризиске учурап, азык-түлүктүн кымбатташынын башкы себеби эл арасына ачыкка чыгышы мүмкүн. Андан тышкары бүгүнкү бийлик туура эмес иш алып барып жаткандыктан, оппозиция күчтөнүп атат. Алар да көтөрүлүп чыгышы мүмкүн.
- Чычкан жылдагы жетишкендигим, депутаттык мандатты алганым болсо, уулумду издеп жатканым ушул жылдагы жоготуум болду. Уй жылындагы күткөнүм уулум табылып калса деп үйбүлөм менен үмүттөнүп жатабыз. Дагы да күткөнүм тынчтык, жоготуулар болбосун. Ар ким мамлекет керектүү иш жасоо менен "мамлекет мага эмне кылып берди эмес, мен мамлекетке эмне жасадым" деген позиция менен жашашыбыз керек.

Айжан ЭРКИНБЕКОВА





  Сандан-санга: сабиременний санжыра

…билесиңер, бирок айтпайсыңар
Достошуп жүрүп касташкандар
Нурлан Мотуев менен Турсунбек Акун.
Жыпар Жекшеев менен Казат Акматов.
Алмаз Атамбаев менен Курманбек Бакиев.
Арстанбек Ногоев менен Темир Сариев.
Айдар Акаев менен Максим Бакиев.
Осмонакун Ибраимов менен Абдыганы Эркебаев.
Өмүрбек Абдрахманов менен Топчубек Тургуналиев.
Нариман Түлеев менен Аскар Салымбеков.
Дастан Сарыгулов менен Аскар Акаев.
Омор Султанов менен Бексултан Жакиев.
Майрам Акаева менен Ишенгүл Болжурова.

Касташып жүрүп достошкондор
Ассоль Молдокматова менен Шайырбек Абдрахманов.
Каныбек Иманалиев менен Мелис Эшимканов.
Топчубек Тургуналиев менен радикалдуу оппозиция.
Мисир Ашыркулов менен Накен Касиев.
Токтобүбү Черикчиева менен Малик Аликеев.
Муратбек Бегалиев менен Жумакадыр Каныметов.
Кабай Карабеков менен Чолпон Баекова.

Жең ичинен достошкондор
Майрам Акаева менен Тойчубек Касымов.
Клара Кабилова менен Темир Сариев.
Эсенгул Өмүралиев менен Накен Касиев.
Молдомуса Конгантиев менен Болот Шерниязов.
Ишенбай Кадырбеков менен Өмүрбек Текебаев.
Данияр Үсөнов менен Адахан Мадумаров.
Мирослав Ниязов менен Түгөлбай Казаков.
Өмүрбек Субаналиев менен Мелис Эшимканов.
Жаныш Бакиев менен Медет Садыркулов.
Султан Раев менен Темирбек Акматалиев.

Эзилишип достошкондор
Токтосун Мадияров менен Элмирбек Иманалиев.
Садык Шер-Нияз менен Актан Арым Кубат.
Бекташ Шамшиев менен Чыныбай Турсунбеков.
Султан Жумагулов менен Кыялбек Урманбетов.
Кеңеш Жусупов менен Бексултан Жакиев.
Бектуруш Салгамани менен Дүйшөн Керимов.
Чоюн Өмүралиев менен Алым Токтомушев.
Аалы Туткучев менен Жеңишбек Токтобеков.
Табылды Эгембердиев менен Аскар Салымбеков.
Адахан Мадумаров менен Ибрагим Жунусов.

Тиш кайрашкан "достор"
Тимур Саламатов менен Нурлан Асанбеков.
Нурлан Мотуев менен Феликс Кулов.
Үсөн Сыдыков менен Өмүрбек Текебаев.
Дастан Сарыгулов менен Ишенбай Абдуразаков.
Данияр Үсөнов менен Нуржамал Байболова.
Жолдошбек Зарлыкбеков менен Алик Акималиев.
Аскар Салымбеков менен Мухтарбек Өмүракунов.
Кемел Белеков менен Нуралы Капаров.
Бексултан Жакиев менен Балбай Алагушов.
Ишенгүл Болжурова менен Лайли Үкүбаева.
Бактыгүл Бадыева менен Мерген Турган.
Курмангазы Азыкбаев менен Рафаэль Сарлыков.

Чечек ЧЕРИК





КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«