Оо, жарык, жалдыраттың го!

ЖК депутаты Нарынбек Молдобаев:
"Балкыбековдун жети тукумуна чейин каргыш тиет"
Өлкө энергетикалык кризиске кабылды. Эгемендиктин жыйырма жылдыгында мынчалык жарыкка байланып, түнү жашынмак ойноп, күндүзү тезек терип калган учур кездешкен эмес. Албетте, ар кандай кыйынчылык, жарыктын убактылуу өчүшү акыркы алты-жети жылда кездеше калса да, бүгүнкү күндөгүдөй туңгуюкка кептеле элек болчубуз. Энергетикалык кризистен чыгуунун бир жолу катары парламент депутаты "Акжолчу" Нарынбек Молдобаев Бишкек ТЭЦин бир долларга сатуу сунушу менен өкмөткө кайрылып, айрым энергетиктердин "жүрөгүн түшүрдү". Кеп кезегин эл өкүлүнөн угалы.

- Нарынбек Молдобаевич, парламент өкмөттүн кышка даярдыгы жөнүндө маалыматын угуп атканда сиз Бишкек ТЭЦин бир долларга саталы дедиңиз...
- Бүгүн Бишкек ТЭЦи болгону бир миллиард киловат энергия берип атат. Эгерде ал толук ремонттон өткөрүлүп, бардык жылытуучу казандар ишке кирсе, 4-5 миллиард киловат энергияга чейин берет. Бул деген Токтогул каскадынан үч эсе гана аз энергия алсак, Камбар Ата-2 ГЭСинен төрт эсе көп энергия алганга шарт түзүлөт дегенди билдирет.
- Толук ремонттолуп, бардык жылытуучу казандар ишке кирсе десеңиз...
- Туура. Учурда Бишкек ТЭЦи 450 миллион долларга бааланып жатса, аны толук ишке киргизүү, ремонтто үчүн 250 миллион доллар талап кылынат. Эгерде ошол коюлган баага сатылып, түшкөн каражат стабилдештирүү фондунда сакталса, элибиздин керек жарагына жарамак. Бюджет үчүн чоң огожо болмок. Бирок көп жылдан бери ТЭЦ ремонттолбой, каражат жумшалбай келген.
- Эмне үчүн энергиясын алып, ремонтун көзжаздымда калтырышкан?
- Түшүнүксүз. Сапарбек Балкыбеков энергетика тармагына келгени эле кандайдыр бир система түзүлүп, жылуулук тармагын оңдоо-түздөө иштерине акча бөлүнбөй калган. Мына ушундай көз жазгырмалардын айынан эмдиги жылы болбосо да андан аркы жылы Бишкек ТЭЦинен таптакыр айрылып калуу коркунучу турат. Мен мындайча түшүндүрөйүн. Эгерде бир инвестор ТЭЦти 450 миллион долларга сатып алып, аны кайра 250 миллионго ремонттосо, 700 миллион долларга чыгаша болот. Ал эми аны иштетүүгө көмүр, мазут, газ сатып алуудагы чыгымын айтпай эле коелу. Анан ошол эле сатып алган инвестор өз акчасын кайрып алуу үчүн электр жарыгына болгон бааны космостук тарифке көтөрөт. Бул сокурга да дайын. Ошол үчүн биз Бишкек ТЭЦин бир долларга сатып, алган инвестор акчасын ремонтко, көмүргө, мазутка жумшаса бул тармакты сактап калган болобуз, жана жарык кризисинен чыгып кетебиз. Сатып алган инвесторго "жылына беш пайыз гана тарифти жогорулата аласың" деген шарт-милдеттеме коюшубуз керек. Бүгүн бир киловат энергия жетимиш тыйын болсо, он жылда бул тарифке болгону отуз беш тыйын гана кошулат.
- Анчалык бекер берип жаткандан кийин электр тарифин орусча айтканда "нолевой ставка" менен берүү шартын карап көрүү керек го?
- Жок, анда болбой калат.
- Макул, жок дегенде ошол жетимиш тыйындын жарымына?
- Буюрса, ошондой күнгө да жетебиз. Бирок, ТЭЦ аркылуу эмес, бөлөк гидроэлектр тармактарынын курулуп ишке кирүүсү аркылуу.
- Атаандашуу багытында дейсизби?
- Ооба, дал ошондой. Бирок биздин элибиздин негизги кемчилиги, электр энергиясын үнөмдүү колдонууну үйрөнө албай жаткандыгында. Азыр жарык тарифин жетимиш тыйын эмес, эки сомго көтөрүп койсоң да электр энергиясын ой келди пайдалана беришет. Жок эле дегенде дааратканасынын лампочкасын өчүргөндөн зеригишет. Менталитетке сиңип калган да, совет доорундагы арзанчылыкты дагы эле унутуша электей.
- Ушул сиз көтөрүп жаткан сунуштун артында арам акчаларды адалдоо аракети турган жокпу? (отмывание денег) Анткени бүгүнкү күнү бир эмес, беш ТЭЦти сатып алганга кудурети жеткен мамлекеттик чиновниктер четтен чыгат да?
- Жок, мен андай ойдо эмесмин. Өкмөт чөнтөгүндө акча жоктугунан улам ушул кадамга барып жатканы белгилүү. Маселе башкада. Буга чейин ушул тармак өзүн-өзү оңдоп-түзөө аракети үчүн сатылган продукциянын кирешесинен жок дегенде беш пайыздан чогултуп алып турганда, мындай туңгуюк абалга келбейт элек. Өз учурунда ремонттоп, анализ менен иш жүргүзүүлөрү керек эле. Тилекке каршы, өкмөт чочугансып түз эле электр энергиясына болгон тарифти 50 пайызга көтөрүп жиберип жатпайбы. Бул туура эмес. Жыл сайын аз-аздан көтөрүлүш керек эле да. Натыйжада бир топ акча чогулуп, бүгүнкүдөй кыйынчылык болмок эмес.
- Себеби эмнеде? Маселен, эмне үчүн акыркы жылдары бул тармакты ремонттогонго акча чогултушкан эмес?
- Менимче, бул тармакты акыркы жылдары башкарган жетекчилерге байланыштуу.
- Мисалы кимдер?
- Ошол эле Сапарбек Балкыбеков. Мына, көп жылдан берки системага ушул киши жетекчилик кылган үчүн белчебизден кризиске кептелдик.
- Анда эмне үчүн азыркы бийлик ушундай ишке жөндөмсүз адамды министрликке чейин көтөрдү? Ал келгени 45 доллардан сатылып алынган Өзбек газы автоматтык түрдө 145 долларга көтөрүлгөнү аз келгенсип, бүгүнкү күнү ала допу туугандар "көгүлтүр оттун" миң кубун 300 долларга көтөрөбүз деп турат. Энергетиканы айтпай эле коелу! Эми "кызматың" үчүн деп чекесинен сылап бир күн бошотуп, эртеси кайра эле "Электрстанциялары" ААКсына директор кылып дайындап койду.
- Аны элдин баары билет. Бирок, эч кимиси ачык айтпай жатпайбы. Орустар "не пойманный не вор" деп коет, башкача айтканда колунан кармап албагандан кийин тикелей күнөөлөй албайбыз да.
- Ошентсе да бүгүнкү энергетикалык кризиске күнөөлүлөрдүн бири дал ушул киши. Ошондуктан "Акжол" фракциясы Балкыбековдун кайра ошол тармакка барышына жок дегенде саясий билдирүү жасадыңыздарбы?
- Ооба, мен парламенттен "Балкыбековду кызматтан алган эле эмес, камап коюш да аздык кылат. Бул киши өзү эле эмес, жети тукумуна чейин элдин каргышына калып жатат" деп айткам. Бул Сапарбек мырза Кыргызстандын жаңы тарыхында өзүнчө эле феномен болуп алды.
- Энерго-феномен десеңиз.
- Туура, мындай адам жаңы тарыхыбызда болгон эмес. Мен дагы айтам. Бул кишинин орду "Электрстанцияларында" эмес, башка жерде. Тезинен кызматтан алыш керек.
- Албетте, жалгыз эле Балкыбековду тепкилей бериш адилетсиз болор. Анын чөйрөсүндө башка да мамлекеттик чиновниктер бар экени жашыруун эмес. Мисалы ушуга чейин энергетика тармагын каалагандай калчап келген Бакирдин Сартказиев деген олигарх, Ширшов өңдүү бөлүштүргүчтөр бар экенин унутпайлы. Ушулардын былыгын ачыкка чыгаруу үчүн "Акжолчулар" демилге көтөрүп, изилдөө жүргүзүү маселесин неге көтөрбөйсүздөр?
- Азырынча көтөрүлө элек, бирок бул боюнча атайын комиссия түзүп, "ким күнөөлү, кимдердин убагында энергетика көргөзүлгөн лимиттен ашык сатылган, кайсыл жетекчинин учурунда көп зынга тушукканбыз?" деген маселерди ийне жибине чейин текшерип, анан тиешелүү укук коргоо органдарына өткөрүп берели деп жатабыз.
- Мындай маселе бир ирээт Социал демократтар фракциясынан көтөрүлдү эле го?
- Бул жерде Ата-Мекенге КСДП эле эмес, "Акжолчулар" да боор толгойт. Ошондуктан демилгени биз колго алып, комиссия түзөлү деп атабыз.
- "Акжолчулар" элеби?
- Жок, демилге бизге таандык болгону менен башка фракция өкүлдөрү да курамыбызга кирет деп ойлойм.
- Атуулдук коом сыртта калбайбы?
- Алар эксперт катары катышыштары мүмкүн.
- Айтмакчы ошол эксперттер азыркы кризис мындан эки-үч жыл мурун эле болжолдонгон деп айтып жатышпайбы?
- Биз дагы өкмөткө, тиешелүү министирликке "эмне үчүн билип туруп тоок туурунда кукулуктайт" болуп жатасыңар деп айттык. Мисалы, беш-алты жылдан бери Токтогул суу сактагычы жылдан-жылга бир миллиард куб суудан азая берген. Таң калыштуусу баштатан ойлонбой эле, анан былтыр күздөн бери суу көлөмү азайып кетти деп жер муштагылап жатышпайбы. Бардык нерсени алдын алса болот эле да.
- Мындай суунун көлөмү түшүп кетишинин негизги себеби, белгиленген лимиттен ашык электр энергиясын экспорттоп жибергенден эмеспи?
- Жылда эле электр энергиясы экспорттолуп, андан түшкөн акчага көмүр, мазут, газ сатылып алынып турган. Мисалы, былтыр 250 млн. кв. жарык экспорттолсо, быйыл ал көрсөткүч 600 млн. кв. түзөт. Бирок, өкмөт башчысы Чудинов мындан эки-үч ай мурун парламентте "ырас учурунда 3 миллиард куб метр сууну ашык экспорттоп жибериптирбиз, мындай кылган болбойт тура, ал көрсөткүчтү эч качан эки миллиард куб метрден ашырбаш керек экен" деп мойнуна албадыбы. Ошонун чын төгүнүнө чыгыш үчүн жогорудагыдай комиссия түзүш керек болуп турат.
- Ошол сатармандарды кылмыш жообуна тартыш үчүн мыйзамдуу негиз барбы?
- Дагы кайталап айтайын. Комиссия түзүлүп, ошонун жыйынтыгы аркылуу гана ак же кара деп айталабыз.
- "Жазга чейин жарык менен камсыз болобузбу?" деген элдин көйгөйүнө не демексиз?
- Өткөндө отун энергетика министри Ильяз Давыдов, өкмөт башчысы Игорь Чудинов да "келээрки жылдын 1-апрелине чейин жарык менен камсыз болобуз, бирок даректүү өчүрүүлөр токтобойт" деди.
- Алардын айныкейи бат эле кармап кетчү эле. Анткени өлкө башчысы менен өкмөт башчысы "2008- жылдын 3-ноябрынан баштап эле жарык өчпөйт" деп билдиришкен. Бул ирээт да "эки таяке" беш өрдөгүн учуруп жаткан жокпу.
- Ким билет, ишенебиз да...
Төлөгөн СУЛАЙМАНОВ




И-ий, баса, кыстырма
1992-жылга чейин Бишкек ТЭЦи 5 миллиард киловат саат электр энергиясын өндүргөн. Бүгүнкү күнү Бишкек ТЭЦин ошондой талапка жеткирүү үчүн 250 миллион доллар талап кылынат. Ал эми азыр курулуп жаткан Камбар-Ата-2 ГЭСи ишке киргенден кийин бир жылда бир миллиард, 200 киловат саат энергия өндүрүүгө кубаттуу болсо, курулушуна 300 миллион доллар жумшалмакчы. Ошондой эле Феликс Кулов башында турган республикалык кичи ГЭСтерди куруу дирекциясынын демилгеси ишке ашса, бүт өлкө боюнча курулган кичи ГЭСтер жылына 1 миллиард киловат саатка чейин энергия иштеп чыгалат. Бирок, аларды иштетүүгө 350-400 милион доллар сарпталмакчы. Демек, бүгүнкү күнү Бишкек ТЭЦин мамлекет оңдоп түздөш керек, бул учурдун негизги талабы.