mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Жанкөркөм

ЖК депутаты Айнура Кенжебаева:
"Күйөөмөн таяк жеп кала жаздагам"
- Айнура Абдрасуловна күзгүгө көп каранасызбы?
- Эл арасында көп жүргөн адам, өзгөчө аялзаты күзгүгө каранып, өзүн тыкан алып жүрүүсү абзел. Убакыт коротуп боенбойм. Бирок эң биринчи чачыма көңүл бурам. Чачымдын жасалгасы жаккандан кийин гана жолго чыгам.
- Алгачкы колуңузду сураган жигиттен баш тарткан эмессизби?
- Таластык жигит колумду сурап, сүйүүсүн арнап, артыман чуркаган эле. Өзүм Сузак районундагы Куршаб айылынан болгондуктан ата-энем "Талас алыс, бири-бирибиз менен катташа албай калабыз" деп каршы болушкан. Айла жок, ал жигиттен баш тартууга туура келген.
- Кийин турмушка өз каалооңуз менен чыккансызбы же ала качып кеткенби?
- Инимди Москвада Токой чарба интитутта окуп жүргөндө аскерге алып кетишип, ант берүү аземине барып, болочок жолдошум менен таанышып калгам. Анын аскер кызматын өтөп жүргөн убагы экен. Экөөбүз үч ай сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Бир айлык каникулга келгенде никебизди кыйдырып, ата-энебиздин батасын алып, каада-салты аткарып, туулган жерибизден үйлөнүп анан кеткенбиз.
- Үй-бүлө болгондон кийин казан аяк кагышат деп коюшат. Капысынан жолдошуңуздун кол көтөргөн учуру болгон беле?
- Канча жашадык кол көтөргөн эмес. Өзүм да ага жол берген жокмун. Бир жолу Кеминге командировкага барып, жолдон машина бузулуп, түнкү саат 2де келип, таяк жеп кала жаздагам. "Кечирип койчу, ушинтип кечигип калдык" деп айдоочум менен үйгө чогуу кирдим. Ошондо айдоочуман уялдыбы, же түшүндүбү, айтор жини тараганча кыйкырып алган. Ачуусу тараганча унчуккан жокмун, андан кийин түшүндүргөм.
- Кызматкер аял үйдө кандай эне болду экен?
- Негизи аялзаты үй-бүлө үчүн жаралган. Үйдө кызым менен уулума мээримдүү энемин. Кудайдын колдоосу менен мамлекеттик кызматка келсек да, биз - аялзаты аял экенибизди унутпашыбыз керек. Жумушка кетерде жолдошумдун тамагын, кийим-кечесин дайындап койчумун. Башынан эле мага болгон мамилеси өзгөрбөсө деп аракеттендим. Тилекке каршы, балдары чоңойгондо (42 жашында) жолдошум эрте өтүп кетти. Куда күтүп, келин алып, кыз узатып дегендей балдарынын жакшылыгын көрсө болмок. Көп кыйынчылыктар болуп, анын орду толбой, жоктугу сезилип турат. Жолдошума ыраазымын. "Мени карабай койдуң, мен ачка калдым" деген дооматын эч качан койгон жок. Мага жогортон кызмат жумуш сунушталса, колдоп, жардамдашып келди. Жолдошумдун колдоосу менен ушул деңгээлге жеттим. Эгер кызматтагы аял үй-бүлөдөгү ынтымак-ырыскыны сактайм десе, үйдөгү милдетин да унутпашы зарыл. Себеби ыйман бар жерде, ынтымак да, ырыс да бар.
- Жолдошуңуздун жаккан сапаттарын тизмектесек...
- Абдан чечкиндүү, ачык, шайыр, жүрөгү таза эле. Кээде таарынтып алса, кайра сүйүндүрүш үчүн убараланып, күтпөгөн нерселерди сюрприз кылып, көңүлүмдү бат таап алчу. Өзү бат таарынып, бат жазылчу. Кийинки күндөрү уулумдун "апа, кандай келдиңиз" деп кучактап бетимен өөп тосуп алган мамилеси, кыялы атасына окшошуп баратат.
- Кандай белекти жүрөгүңүз менен кабыл аласыз?
- Жолдошумдун алгачкы белеги болгондуктанбы, роза гүлү жагат. Себеби 25 жашымда диплом жактаганымда жолдошум 25 даана роза гүлүн берген, ошондон кийинки элеспи, мен үчүн эң сулуу, эң кымбат - роза гүлү.
- Койдун ичеги карынын арта аласызбы?
- 9-класска чейин үй жумушуна көңүл бурбай, атама жакын болуп, сексеңдеп артынан калчу эмесмин. 9-класстан кийин иним атама жардамдашканга жарап, колумдан беш илик, тырмоону алды. Апам "кыз киши оокатка тың болгону жакшы" деп кой сойгондо ичегини муздак суу менен бат-бат арчытып, беш салаа деп ич майды жазып фарш салдырып, жөргөм, тогуз каттан өрдөк, өпкөгө сүт куйганды үйрөткөн. Кээ бир өпкөгө 8 литрге чейин сүт куюлат эмеспи. Бир жолу аз сүт куюп коюп, апамдан катуу тил укканбыз. Көрсө өпкөнүн чоң-кичинесине карайт тура. Атам малды сойгондо кандай жиликтегенди, кайсы улуу устукан, кайсы жилик аял, эркекке берилээрин түшүндүргөн. Атам мугалим, анан таланттуу болчу. Өз колу менен комуз чаап берип, комуздун түркүн сырын ачып, үйрөткөн. Экөөбүз пахтага баратканда, узун жолду кыскартып ырдап барчубуз. Ал эми апам жөнөкөй эле совхоздогу үрөн тазалаган бөлүмдө иштечү.
- Кызыңыздын колун сурап келгендер болдубу?
- Эки жер сурап келди. Экинчи куда бололу дегендер үч ирет босогобузду аттады. Акырында сөйкө көтөрүп келгенде, өзүмдү коёрго жер таппай кыйналдым. "Кызды сураганга, кымызды суусаганга бер" демекчи, кызымды берейин десем, кызым "иштейм, али эрте" деп турмушка чыгууну каалабайт. Аргам түгөнүп, 72деги апамды чакыртып "жакшылап жылуу сөз менен узатсаңыз, мен ортодо эмне дешимди билбейм" дедим, апам өзү түшүндүрүп узатты. Атам "өзүңөр каалаган адам менен турмуш кургула, мен силерди зордоп, таңуулап күйөөгө бербейм" дечү. Мен да кызымдын көңүлүндөгү жигити менен турмуш куруусун, негизиси аялзатына тийиштүү бардык бакытты каалайм.
- Кыргыз саймалуу чапанды иш ордуңузда дайыма кийип олтурасызбы?
- Ооба, ал эмес кыргыз элинин үрп-адатын чагылдырган бул саймалуу чапанды парламентке да кийип чыксамбы деген оюм бар. Парламенттеги айымдар ушундай кийинсек жакшы болот беле. Индонезияга барарда "кыргыз эли" деп жакшы элес калсын деген максатта атайын саймалуу, узун чапан тиктирип, кийип бардым.
- Кандай сапатыңызды жактырасыз жана жакпаган сапатыңыз...
- Жаккан сапатым бардык адам менен тил табышып, сүйлөшөм. Ар бир адамдын психологиясына карап мамиле жасайм. Адамдын көңүлүн калтырбаганга аракеттенем, көңүл калтыруу шариятта да туура эмес. Өзүм беш маал намаз окуп, кудайга ишенем. Пендечилик да, кээ бирөөлөр ата-энелеринин, туугандарынын көңүлүн калтырышат. Ата-эне, тууган, адамдар- бул жашоодогу кайталангыс конокторбуз. Жакпаган сапатым-ишенчээктигим. Ишенчээктигимдин кесепети кайра өзүмө тиет.
- Балалык кезден бир элес...
- Кыз бала болгонум менен эркек баладай өстүм. Бир жолу кой жайып келе жатып, кайырма гүл деген гүлдөн үзүп алдым. Үйгө келип аны негедир ток сайган жерге сайып койсом кооз боло тургандай сезилди. Чуркап барып сайып жиберсем, ток тартып эсимен танып жыгылып калыпмын. Атам дептер текшерип олтурган. Апам экөө суу чачып эс алдыргандан кийин атам камчы менен эки жолу колго чаап жиберген. Ошондо атаман алгачкы жолу камчы менен жегеним эсимден кетпейт.
- Уят деген сиз үчүн эмне?
- Уят мен үчүн айткан сөзгө турбай, берген убаданы аткарбай коюу. "Ооздон чалынган турбайт, буттан чалынган турат" деген сөз бар, анын сыңарындай колуңан келбесе айтпай эле койгон оң. Бул сөз жүрөгүмө өтө жакын. Бирөөнү күттүрүп кечигип баруу да мен үчүн уят.
- Жаңы жылдык каалооңуз...
- Биринчиден, жалпы кыргыз элин келе жаткан жаңы жылы менен куттуктайм. Ушул жылы элибизге токчулук, бейкутчулук, тынччылык орноп, ак жолтой жыл болсун.
Жазгүл КАРБОСОВА










??.??