mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Эргул

ЖК депутаты Бакыт Бешимов
"Жеңеңерге бир жолу кол көтөргөм" дейт
- Сиз үчүн бийик нерсе…
- Мен үчүн абийир деген сөз жөнөкөй эле сөз эмес. Адам ыймансыз, абийирсиз болсо, ал адам эмес, айбан.
- Мас болуп, мушташып көчөдө жатып калган күндөр болду беле?
- Болгон. Шаарда окугандыктан, айылга барып келгенде бетим туурулуп, айылдык бала болуп келчүмүн. Анан шаардык балдар шылдыңдашчу. Ошого жол бербеш үчүн мушташчумун. Кичи микрорайондордун биринде жашачумун. Ал жакта поселениеге чыккан зектер жашачу, фабрика-заводдордон квартира берилип, жайгашып калган. Алар менен бирге чоңойдум. Ал убакта деле топ-топко бөлүнүп, чоочун райондор менен мушташчубуз. Өзүм Черёмушкодо жашап, шаардагы мектепке барып окучумун. Мектепке же спорт секциясына болобу, жөө барчумун. Орто жолдо мушташып, таяк жеген күндөр көп. Мынабул колумдагы бычактын изин карачы, ошол чоң мушташтардан калган. Ичимдик ичкенде да чектен чыгып кетчүбүз. Эки жагымды карап, эл эмне дейт дегендерден эмесмин. Кээде илхом ушундай келет, аябай мас болом. Жакын адамдарым менен ачылып-чачылып, көңүлдүү отургум келет.
- Кыз алакачмай кумарынан кур калбадыңызбы?
- Ала качуу кыргыз элинин салты болгону менен, аны туура көрбөйм. Сүйбөсө, көңүлү болбосо, күчкө салып бакыт курган болбойт. 5-курсту аяктаган кезде, аспирантураны аяктап, үйлөнөйүн деген ой келди. Бирок, жүрөгүмдү ойготор кызды жолуктурганым жок. Бир күнү эле тарых факультетинин жатаканасында кетип баратсам, эшик ачылып, бир жаш кыз чыга келди. Жүрөгүм дароо козголду. Эмнеге кетип баратканымды, кайда баратканымды унуттум. Таанышуунун аракетин жасап, аны менен аялдамага чейин бардым. Мени көп жактырбай, чочулап тургансыды. Ага боломбу, филармониянын аялдамасына чейин ээрчип барсам, троллейбус келип, түшүп кетсе болобу. Атын да, дарегин да сурай албай калдым. Ошо менен бир ай толук издедим. Бүт факультетти, жатаканаларды кыдырдым. Акыры тапсам, экономика факультетинде экен. Астыман чыкса, сүйлөй албай апкаарып, толкунданып, денемди калтырак басып турду. Имерчиктеп жүрүп, экөөбүз төрт жыл сүйлөшүп баш коштук. Ар бир адамдын кыялында бир аялдын образы болот эмеспи. Кыялымда "эне катары жакшы аял боло турган, үй тиричилигине тың, мени менен бир кесипте эмес, генетикалык жактан таза, акылдуу, мээримдүү аялзатына жолуксам" деп, кыялданчумун. Буйрук экен, кыялымдагы айымга жолуктум. Эки балалуу болуп, бактылуу түтүн булатып келатабыз.
- Машина айдаганды качан үйрөнгөнсүз?
- Биринчи жолу депутат болгондо, анан Индияда элчиликте жүрүп. Бизде машиналардын аралыгы 0,5метр болсо, Индияда 1мм. жолдору татаал, транспорт көп. Азыр машина айдабайм, себеби көп кызыкпайм.
- "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" эмеспи, эмне өнөрүңүз бар?
- Искусствону сүйөм. Жакшы ырдайм. Бирок, эл алдында эмес. Үйбүлөм, биртуугандарым менен эс алып отурганда ырдайм. Спортко кызыгам. Жыгачтан ар нерселерди жасаганды жакшы көрөм. Сүрөт тартам.
- Кир жууп, ашканага баш багасызбы?
- Жети жыл батирде жашадык. Аялым төрөгөн кезде от жагып, кир жууган күндөрүм болгон. Андан эркектик кадыр-барк түшүп калбайт. Дыңкыйып башын көтөрүп алып, аялынан 5 метр алыс басып жүргөндөрдү жигит деп эсептебейм. Жигиттик бул - акылмандык, мээримдүүлүк, эрдик.
- Өмүрүңүздө жубайыңызга кол көтөрүп көрдүңүз беле?
- Жаш кезде ачуулукка алдырып, түшүнбөстүктөн бир жолу кол көтөргөнүм бар. Азыркыга чейин ошону эстесем, уялам. Эркектин аялга кол көтөргөнү- наадандык. Кызуу кандуулукту белинен өйдө чыгарбашы зарыл. Мен аялымды бриллиант катары көрөм. Бриллиантыма өтө аяр мамиле жасайм.
- Үйдө мык кагып, отун жарып, кара жумуш кыласызбы?
- Айылда чоңойгон баламын. Эшекке отун жүктөп, тезек терип, тезектерди чыпталарга салып, болгондо да, бок жапкан боюнча айылда рекордду мен койчумун. Куурай терип, кой кайтарып дегендей…Батирде жашап жүргөндө үйгө от жагып, кийин эки бөлмөлүү үй сатып алганда Валера деген досум экөөбүз кафель чаптаганбыз. Кийинки кездерде убактым тар болуп, мындай иштерди жасабай калдым. Жолдошума ишенип алып, кара жумуштан качып, эрке болуп кеттим.
- Мончо, саунага кандайсыз?
- Мен үчүн физикалык тазалык чоң ролду ойнойт. Регулярдуу түрдө чуркайм. Кышында жылаң аяк кар кечкенди жакшы көрөм. Мен дайыма барчу жер бар, ал жерде дайыма бир температурадагы тоонун суусу агып турат. Ошол сууга жылаңач түшөм. Көп жылдар бою "Байтурга" барчумун, кийин жүйөлүү себеп менен барбай калгам.
- Саясатчылар ит, жылкы багып чер жазат экен. Сизчи?
- Жаныбарлардан жылкыны, анан карышкырды жакшы көрөм. Аттай ишенимдүү, көрөгөч, салмактуу жаныбар жок. Карышкырдын эки нерсеси мени таң калтырат; тайманбастыгы анан бири-бирине ишенимдүүлүгү. Бакканга шартым болгондо ушул эки жаныбарды бакмакмын.
- Сүйүү бар жерде кызганыч бар. Кызганычка кырдаал түзө элексизби?
- Кээде бирөөлөргө карап койсом кызганат, бирок жеңеңер эстүү киши болгондуктан, жөнү жок ыргыштай бербейт.
- Жаш кыз артыңыздан ээрчип, "сүйөм, күйөм" деп айлаңызды кетирсе не кылмаксыз?
- "Убактыңды текке кетирбей, сезимиңди башка адамга арна" демекчимин. Себеби, ал кыз менден да жакшы адамды тапса болот.
- Ушу жашка келгени башыңыздан кандай кыйынчылыктар өттү?
- Чачым бекеринен агарды дейсиңби? Турмушумда көп эле кыйынчылыктар болду. Себеби мен оңой жол издеген жандардан эмесмин. Кыйынчылыктын бир жакшы жери, турмуштун тереңдигин, маңызын түшүнөсүң. Жеке адам да, эл да бир кыйынчылыкты баштан өткөрмөйүнчө, жашоонун баркына жетпейт.
- Эмне арманыңыз бар?
- Атам эрте кетти, биртууган иним 47 жашында авариядан каза тапты. Айтор жакын адамдарымды эрте жоготтум. Арманым ушул.
- Жаңы жылды кандай өзгөчөлүк менен тососуз? Элге каалоо тилегиңиз...
- Жаңы жылды үйбүлөбүз менен жылыга жакшы тособуз. Ага чоң даярдык көрүп, жакшы тилек, жакшы үмүттөрдү каалайбыз. Элге каалоом, Уй жылы кыргыз элине бактылуу жылдардан болсун.
Аида Бабиршаева




  Уучубуз кур эмес

Мыктылардын мыктысы
Башкалар жылдын мыктыларын аныктап атат. Биз да жыл мыктыларына назар салсак, уучубуз куру эмес экен. Биринин саясатта, биринин чыгармачылыкта, биринин коомдогу иши, биринин бизнестеги ийгилиги өрлөп, эл сыймыгына татыр эр-азаматтарыбыз менен эжелерибиз бар экен. Эч болбосо, "атын атаса, куту сүйүнөт" дегендей, төмөндө аты аталган белгилүү инсандарыбызга келаткан жылдагы ийгиликтерди каалай кеткибиз келет.

Жакшылардын тизмеси жылдан жылга дагы узара берсин…
Аткаминерлер
Турсун Турдумамбетов, Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов, Молдомуса Конгантиев, Акматбек Келдибеков, Айбек Алыбаев, Камчыбек Ташиев, Альберт Абазбеков,
Депутаттар
Бейшебек Акунов, Роза Отунбаева, Анаш Сейтказиев, Иса Өмүркулов, Динара Молдошева, Ибрагим Жунусов, Бакыт Бешимов, Асылбек Жээнбеков, Мария Исанова, Бейшен Абдырасаков, Кабай Карабеков.
Оппозиция
Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Асия Сасыкбаева, Болот Шерниязов, Чолпон Жакупова, Дүйшөн Чотонов, Мирослав Ниязов, Кубатбек Байболов.
Коомдук ишмерлер
Ишенбай Абдуразаков, Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдурасулова, Динара Ошурахунова, Бүбүсара Рыскулова, Түгөлбай Казаков, Садык Шер-Нияз.
Бизнесмендер
Токтосун Мадияров, Тынчтык Конушбаев, Кадыр Бусурманкулов, Бейшен Дүйшөнбиев, Чыныбай Турсунбеков, Мухтар Өмүракунов, Шаршен Абдыкеримов, Нурдин Ибрагимов, Төлөндү Тойчубаев, Улукбек Салымбеков, Табылды Эгембердиев, Эмир Сарпашев.
Жазуучу-акындар
Бексултан Жакиев, Кеңеш Жусупов, Жолдошбек Зарлыкбеков, Алым Токтомушев, Токтосун Самудинов, Кожогелди Култегин, Аида Эгембердиева, Мирлан Самыйкожо.
Өнөрпоздор
Темир Бирназаров, Марат Сарулу, Асылбек Өзүбеков, Докдурбек Кыдыралиев, Акжол Бекболотов, Майра Керим кызы, Бакыт Алишеров, Гүлнур Сатылганова, Эрик Кадырбаев.





КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«