mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Чычкан жылдын…
Концерти
Күлүктүн күлүгү
Канчалык жерибейли, шоу-маданияттын да коомдогу орду болушу абзел. Асыресе быйылкы жылы көзгө басар маданий окуялардан биз Гүлнур Сатылганованын жеке концерттик программасын өзгөчө бөлүп карагыбыз келет. Башка ырчы-чоорчулардан айырмаланып, Гүлнур айым бир эмес, үч оркестрдин коштоосунда академиялык деңгээлдеги концертин берди. Башкача айтканда, эстрадалык классиканы кыргыз кыртышына эң биринчи жогорку деңгээлде алып чыккан Гүлнур Сатылганова экенине башкалардын ичи тызылдаса тызылдасын. А биз күлүк күнүндө, тулпар тушунда тургандагысын баалагыбыз келет…

Той-топуру
Таалайкүлгө такыя, Шуругүлгө шөкүлө
Энергокризис этектен алып, отун-көмүр кымбаттап, Токтогул суу сактагычында суу азайган менен бечара кыргыз майрамдардан майрамга, туулган күндөн туулган күнгө, тойдон тойго дуулдадык… Бюджеттеги эл ырыскысын той-топурга шылтоолоп ашадык. Жарык, суу жок болсо да Бишкек сауналары жыкжыйма, майлашмай, чайлашмайлар көп болду.
Сантаклаус мекени деп алыскы Атбашы табылып, тоосунан каскадер Нурбек Болотов топоз минип борборго келди. Бирок, Мамашев мырзанын жаны тынбайт өңдүү. Кыргызстандын тоолорун түрө кыдырып Сантаклаус мекенин издегени издеген. Эсил кайран СССР убагында чыгаан мамлекеттик ишмер Төрөбай Кулатовдун мааракесин Ноокатта белгиледик. Алабуканын 80 жылдыгы деп шанаңдап, алтын казып аткан элге ийгилик айттык. Ала жайда коррупциянын №1 душманы Садыр Жапаров Боронбайга эстелик тургузду. ШКУ, Евразес деп шанаңдадык, Орусия президенти Дмитрий Медведев биринчи жолу расмий сапары менен Бишкекти көрдү. Анын артынан куйрук улай Беларусь президенти Александр Лукашенко келди. "Арт-Ордо" театралдык фестивалына келгендер рух ордобузга суктанып кайтышты. 2-эларалык Ыссыккөл кинофестивалы Голливуд жылдызы Марк Дакаскас күйөрмандары менен сансыз сүрөткө түшүшү менен эсте калды. Кыргыздын искусство, экономика, айыл чарбасы ж.б. тармакка эмгеги сиңген адамдар наам, сыйургалдардан четте калбады. Феликс Кулов, Нур уулу Досбол 60 жылдык мааракелерин майрамдашты. Пикет менен арыздан башы арылбаган УТРК 50гө чыкты, мааракени Мелис Эшимканов өзүнүн туулган күнү 9-декабрда өткөрүп, бир ок менен эки коенду жайлап, 46 жаштын кырынан ашты., Үч тамга (УКК) 90 жылдыгына топурашты. Министрлер Марат Кайыпов, Турсун Турдумамбетов келин алса, шаарбашы Нариман Түлеев "Дыйкан" базарын ачып, кирешеге маарыды деп угабыз. Залкар талант Советбек Жумадыловго эстелик кечиксе да тургузулду.
Айтор, санай берсек, санак түтпөй, кыргыздын далай жылкы, уй, кою маарап, мөөрөп, кишенеген боюнча кетти. Сансыз тойлорго түтүп аткандарына таң бересиң. Ошентип Алатоодой эт тартып, Алакөлдөй чык төгүп, аш-тойлор да аягына чыкты окшойт. Эми уй жылын сааганга даярдансак…

Жоготуусу
"Жигит өлбөс болсочу, ай!"
"Боздоюн десем боору бүтүн эл барбы, түгөнбөйм десең түркүк болоор эр барбы? Боройлойм десең бороонду тосоор жер барбы?" деп канчалык кан-какшап ыйласак да быйыл кыргыздын мыкты азаматтарынан айрылып жер муштап кала бердик. "Өлүм улук, өлүм ак" дейбиз оор улутунуп, бирок биз силерди ажалга ыраа көрбөйт элек. Кыргыздын уңгусу, көрөңгөсү, сыймыгы, ырысы айтор, бактысына бир жаралган элеңер. Карандай эмгегиңер менен агарып-көгөрүп, аныңарга жараша улуттун туусун бийик көтөрүп. Эми силердей азаматтар төрөлбөстүр да, бу дүйнөгө келбестир. Айтарыбыз, кеткен силерге же калган бизге жакшы болдубу? Анан да көч улагансып бириңерди бириңер улап кулап кете берипсиңер. Кайрандар ай, залкарлар! Ашыраалы Айталиев, Мирсаид Миррахимов, Дооронбек Садырбаев, Алмаз Сарлыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Асанкан Жумакматов, Тууганбай Абдиев, Аманбек Карыпкулов. Жаткан жериңер жайлуу болуп, жаныңар жаннаттан орун алсын! Кайгырсак да каныет, шүгүр, элибиз эсен болсун, артын берсин, дейли!

Окуясы
Бетеге кетет, бел калат…
Чычкан жылы босогобузду аттаары менен Акүйдүн бир бөлүмүндөй болгон ЖКнын жаңы депутаттары пайда болуп, алар бийлик каш кага электе мыйзамдарды дүңүнөн механикалык түрдө кабыл алганга маш чыкты. Көпчүлүк эл өкүлдөрүн шайлоочулар эле эмес, өздөрү бир-бирин жакындан билишпейт. Айрымдарынын сөзү тургай, өңүн жакшылап көрбөппүз, көргөнгө зарлагандар четтен чыгат.
Жаңы парламенттин төрагасы боло калган Адахан Мадумаров "парламент бөлмөлөрүн жаңгак менен жабдый коем" шылтоосу менен ээрден шыпырылып, кургуйга кеткен беделин дагы арылай түшүрүп алды эле, экс-коргооо министр Исмаил Исаков "тойдум байдын кызына" деп кол шилтеп басып кеткенден көп өтпөй, Коопсуздук Катчылыгына барып конду. Муну менен Адахан мырза өзүнүн кадыры Исмаил Исаковдон төмөн экенин далилдеп койду. Айтмакчы, Мадумаров спикер учурунда көгүлтүр көл жээгиндеги төрт чоң пансионаты, Каркыра жайлоосун "кайындарына" өткөрүп берүүдө чоң роль ойноду. Ал ортодо ажобуз эки жолу Германияга барып, дарыланып келүүгө үлгүрдү.

Оппозициясы
"Оң көзүң- сол көзүңө жоо"
"Шайлоого парттизме менен барабыз" деп опурулган оппозициянын кыйын чыкмалары парламенттен орун алмак тургай ЖКнын босогосун аттаганга зар болуп калышты. Эл шайлабаса да "аты улук, супурасы курук" "коомдук парламент" дегенди ойлоп табышты. Азырынча өздөрүн "непризнанный" депутат катары сезип жүрүшөт. Ошол эле учурда өлкөдө дагы бир саясый уюм "Акыйкат үчүн" кыймылы көзжарды. "Каркыра жайлоосу, төрт пансионат казактарга өтүшүнө каршыбыз" деп Түпкө барып, жеткиргени жети муш, жеткирбегени жумуртка жеп кайтты. "Бийликтин көзкарашын өзгөртөбүз" деп эки жолу элдик курултай өткөрүштү эле, Акүй чиркей чакканчалык көргөн жок.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп, аягында БШКнын төрайымы Клара Кабилова "өмүрүм коркунучта" деп Максимди күнөөлөгөн боюнча Маскөөгө дыр койду. Азырынча оппозиция ат тезегин кургатпай Орусия, Америкага каттап, айгай салып туру. Лидерликке идиректүүсүн издеп убара, ат башындай амбициялары кө-өп нерсеге жол бербей келет.

Куугунтук
Кыргыздын кеги кырк жылда
Экс-элчи, министр Равшан Жээнбеков, экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов, экс-коргоо министри Исмаил Исаков, экс-губернатор орун басары Эмилбек Каптагаев, экс-БШК төрайымы Клара Кабиловага кылмыш иштери козголсо, экс-курулуш министри Ишенбай Кадырбеков камалып, "Жашылдар" партиясынын негиздөөчүсү Эркин Бөлөкбаев Казакстанда качып жүрөт. Бир нече журналист, укук коргоочу чет өлкөгө саясый башпаанек издеп кетишти. "Dе-факто", "Алиби" газеталары жабылды

Кырсыгы
Тфү-тфү, кайталай көрбө жараткан!
Ош облусунун медицина кызматкерлеринин шалаакылыгынан бейкүнөө он үч наристе ВИЧ инфекциясына кабылды. Ал эми жай саратандын акыркы айында Бишкек-Тегеран авиа каттамындагы "Итек Эйр" авиакомпаниясынын БОИНГ 730 самолету абага көтөрүлөрү менен кыймылдаткычы иштебей, конгончо жарылып, 65 (!) адамдын өмүрүн алып кетти. Өкүндүргөнү, маркумдардын арасында Кыргызстандын баскетбол боюнча балдар курама командасынын мыкты оюнчулары бар эле. 5-октябрь түнү Алайдын Нура айылында сегиз баллга жеткен жер силкинүүдөн 75 адам жарык дүйнө менен коштошуп, 147 (!) адам жабыр тартты. Кадамжай районундагы Охна айылында жамгыр селге айланып, эки адамдын өмүрүн алып, чоң көпүрөнү жарактан чыгарды.

Көйгөйү
Оңолсок экен, оңолсок…
Чычкан токчулук эмес каатчылык жылы болду. Азык-түлүк баасы болуп көрбөгөндөй асмандады. Башкалаада беш сомдук нан он сомго көтөрүлүп, тамак-аштын куну кутургандай кымбаттады. Өлкө башчысы тамак-аштын баасы арзандайт деп баса-баса айтканы менен ортодогу кызыл кулактардын күнү тууп туру. Бензин кымбат шылтоосу менен шаардык каттамдагы кичи автобустар дембе-дем иш таштоо уюштуруп, өкмөттү жолкирени көтөрүүгө мажбурлашты. Элдин жону жукарды. Жаз, жай аптаптуу болуп, кургакчылыктан элет эли колдогу бирин-серин малына чөп жемин жетишерлик топтой албады. Өзгөчө түштүк аймагында ветеринария-санитардык абал жакшы эместигинен сибирь жарасы көбөйүп, карабашыл адамдарды да майып кылды. Энергетикалык кризис күч алып, чыракка күн түшсө, көмүр үч эсе кымбаттап, эл тагдыры тезекке байланды. Ортотокой суу сактагычы соолуп, Токтогул ГЭСи авариялык абалда.

Кылмышы
Кыргызстан Чикагого айланабы?
Жай саратанында Ленин райондук салык инспекциясынын эки кызматкерин белгисиз кылмышкерлер атып кетти. Уюшкан кылмышкерлердин тобун колго түшүрүүдө милиция кызматкерлери менен кылмышка шектүү адамдар ортосунда атышуу болуп, эки тарап тең жабырланды.
Октябрь айында белгилүү кримавторитет Рыспек Акматбаевдин аталаш тууганы Кубан Коноевди Чолпоната шаарынан белгисиз кылмышкерлер атып, ооруканага жетпей көз жумду.
Баш калаабыздагы №47 түзөтүү колониясында чатак чыгып, абактагылар түрмөнүн эки кызматкеринин өмүрүн кыйышты.
Депутат Руслан Шаботоев жана депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу Бахтияр Амиржанов дайынсыз жоголду. Дагы эмнени айтпай кеттик?...

Айат пресс




Жанытма сөзгө жаныңар кейибес…
Адам аласы ичинде,
мал аласы сыртында
Курманбек Бакиев
"Таажы кийсең деле баш оору айыкпайт"
Алмаз Атамбаев
"Келечеги жок адам, келечек жөнүндө көп талкуу кылат"
Фелик Кулов
"Үйдө баатыр, жоодо жок"
Игорь Чудинов
"Орус менен дос болсоң, айбалтаңды ала жүр"
Сапарбек Балкыбеков
"Айкөл эл сага да жарык өмүр каалайт"
Мелис Эшимканов
"Отко салса күйбөс, сууга салса чөкпөс…"
Клара Кабилова
"Сагынганда бир келерсиң, Алатоону көргөнү…"
Акылбек Жапаров
"Акчаны акча тууйт"
Марат Кайыпов
"Билбейм, кайсы жазыгым…"
Адахан Мадумаров
"Теректей бой бергиче, теменедей ой берсин"
Үсөн Сыдыков
"Жаш келсе ишке, кары келсе ашка"
Исмаил Исаков
"Эр жигит эл четинде, жоо бетинде"
Ишенбай Кадырбеков
"Сижу за решеткой в темнице сырой"
Турсунбай Бакир
"Күттүм, күттүм, күтүүдөн тажап бүттүм"
Марат Султанов
"Ат айланып казыгын табат".
Садыр Жапаров
"Жерден жик чык, коррупциясы жок чык!"
Акматбек Келдибеков
"Күлүк күнүндө, тулпар тушунда"
Нурлан Мотуев
"Мээ иштебесе, колу-бутка күч келет"
Топчубек Тургуналиев
"Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз…"
Аликбек Жекшенкулов
"Жебеген жердин алдында…"
Өмүрбек Текебаев
"Эр башына күн түшсө, өтүгү менен суу кечет"
Болот Шерниязов
"Корксо да кой өлөт, коркпосо да…"
Каныбек Иманалиев
"Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын"
Азимбек Бекназаров
"Эчки сойсоң бакырат, элдин баарын чакырат"
Турсунбек Акун
"Бир элди бириктирбес, эки элди эриктирбес"
Жылдыз АМАНБЕК





КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«