Чайкама

Оппозициянын кезектеги Ормон опузасыбы же…
"Интербилим" борборунун жетекчиси Асия Сасыкбаева маалымат булактарынын бүйрүн козгоп, "биз эми жаңы кадамдарга барабыз" деген жаңылык тараткан эле. Анда, кыргыз коомчулугу Өмүрбек Текебаев жана анын командасы Америкадан кайтып келишин чыдамсыз күтүп атат деген. Алар болсо келди, "жалпы оппозициялык күчтөр бир бүтүмгө кол коет" деген Сасыкбаеванын маалыматын уккан экинчи тарап "буга чейин эле канча кол коюулар болуп келген, о, деги оппозициянын Ормон опузасынын аягы барбы?" дегендер бар.

Бириккен элдик кыймыл билдирүү таратты
Аталган кыймыл ММК жана интернет булактары аркылуу негизги максаттарын таратууну баштады. Анда президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдонуп, Бириккен элдик кыймылдын жобосу жарыяланды. Саясый бюронун курамында А.Атамбаев, А.Бекназаров, Э.Булекбаев, С.Жамалдинов, И.Исаков, Э.Каптагаев, А.Муралиев, Р.Отунбаева, Т.Сариев, Ө.Текебаев бар.

Жаңы жылда карайламай жок
Эгер өкмөт эле айтканынан айнып кетпесе, 31-декабрь, 1-январь, 7-январда электр жарыгы өчүрүлбөйт. Жыргап, майрамдай бергиле!

Ак жол сага, Акжол!
Жаш кинорежиссер Акжол Бекболотов Дубайда өткөн Эларалык кинофестивалда "Бизде бары жакшы" аттуу кыска метраждуу тасмасы менен экинчи сыйлыктын ээси деп табылып, алаканы кычышып барган баланын колуна 15 000 доллар тийди. Ура, кыргыз!

Бакиев парламентти угабы, укпайбы?
Ал эми парламенттеги "Ак Жол" фракциясы Улуттук статус алган ЖОЖдордун ректорлорун Президент, ал эми калган окуу жайларынын ректорлорун шайлоо милдетин өкмөткө жүктөйлү деген сунуш айтып чыкты. Бул боюнча КСДП фракциясынын депутаты Иса Өмүркулов: "Андале биз демократиядан кайра артка чегинебиз" деген пикирин билдирди.

Болжурова Бакиевди угат, парламентти укпайт
Муну илим-билим министри Ишенгүл Болжурова ЖКнын "Ак Жол" фракциясы менен болгон маңдай-тескей жыйында ачык эле билдирди. Депутат Айнура Кенжебаева Кыргызстандагы кайсы бир мектептин жылуулук маселесин козгогон билдирүүсүн министр айымга жөнөтсө, жооп болбоптур. Ага Айнура айым "сиз менин бир эмес, бир нече жолку кайрылуума жооп берген жоксуз, неге?" десе, "мени министрлик кызматка депутаттар бекиткен эмес, демек, силер мага көрсөтмө бергенге да акыңар жок" дептир.
Бир-бирине куйкасы курушкан эки айымдын акыйнеги андан ары да уланат беле, айтышты залдагылар бас-бас кылды.

Текебаевге оомат келдиби?
Кыргызстанды өнүктүрүү концепциясын Американын саясый чөйрөсүнө таанытуу максатын көздөгөн оппозицияга сапар учурунда лидер маселеси козголуп, анда А.Жекшенкулов менен Р.Жээнбеков Өмүрбек Текебаев улуттук лидер болууга жарамдуу саясатчы деген ойлорун ачык билдиришти. Маселе эми АКШга барбай, бул жерде котолошкондордун арасында калды. Аларың Текебаевди тааныйбы, жокпу?.. Себеби, саясатка зирек ой жүгүрткөндөрдүн баамына көңүл бурсак, 2010-жылы ажолукка аттанчулардын катарында: Б.Бешимов, Т.Сариев, А.Атамбаев, А.Бекназаров, И.Исаков дегендер да турат.

Орус оюндагысын айттыбы?
Оппозициянын лидерлик талашуу маселеси боюнча "Азаттык" үналгысы сурамжылоо жүргүзүп, саясат таануучу Валерий Богатыревге кайрылса, ал "менимче, оппозициялык күчтөр өз ара топтошуп жатат дегенге эрте. Эгер ушул ишти азыр баштаар болсо, анда пайдасынан зыяны көбүрөк. Андан көрө, соккуну бир жерге мелжеп, андан кийин лидерликке токтолсо дейм. Тилекке каршы, алар азыр орунду эрте талашып жатат" деген оюн айтты.

"Жооштон жоон чыгат" беле?
Бийлик кылмыш иш козгогонуна байланыштуу Аликбек Жекшенкуловду ушуну менен Кыргызстанга кайтып келбейт деп алдына ала божомол кылып ийгендердин жаагы жабылды. Себеби Аликбек мырза кайтып келди. Кайтып келгени башкаларды эмес, ӨмүрбекТекебаевди таң калтырып атыптыр. Өмүрбек мырза "Кыргызстанга кайтып келген Аликбектин чечкиндүү бул кадамына мен да таңмын" деди.

Приживойт калемин алабы же…
Кыргызстандын Австрия, Венгрия, Словакия, Чехия жана ОБСЕдеги толук ыйгарымдуу элчиси Рина Приживойт ээлеген кызматынан бошоду эле, эми ал Кыргызстанга кайтып келип, мурда иштеп кеткен "МСН" гезитинин шеф-редакторлук кызматына бекийт экен.

Башкалардан кыргыздын эмнеси кем экен?
"Айтыш-фильм" киностудиясы эң алдыңкы муундагы "RED ONE" заманбап кинокамерасын сатып алды. Кино билермандардын айтымында, мындай техникалык мүмкүнчүлүк кыргыз кино өнөрүнүн тарыхында биринчи жолу колубузга тийип отургандыктан, демек, мындан ары дүйнөлүк аренадагы мыкты кинолордун сапатынан кем эмес тасмаларды жаратууга шартыбыз бар экен. Мындай форматтагы кинокамерага азырынча КМШ боюнча Россия, Украина, Грузия, төртүнчү болуп кыргыз киночуларынын гана колу жетип отурганы сыймык эмей эмине?

"Ак шумкар" балаты тегеренет
Бүгүн Темир Сариев жетектеген "Ак Шумкар" партиясы Жаңы жылдык балатыга чогулат. Демек, "Ак Шумкардын" көчөт балдары ырдап, бийлеп белектерге маарымакчы. Партиянын чоңдору болсо келечек жөнүндө сүйлөшүп, жакшы тилектер менен эски жылды узатышат.

АКШ Цюрихке айланабы?
Океан ары жагына сапар менен барган оппозиция лидерлери Сэм байкелердин мейманкаларынан тажаганбы, мейманканага жолошпой, АКШда жүргөн кыргыздардын үйүндө конок болуп кайтышты. Алсак, Акаевдин учурунда "Бител" компаниясын башкарган Нурбек Турдукулов агаларын абдан сыйлады. Ал эми Каролина штатында жашаган Өмүрбек Абдрахманов, Филадельфия штатында жашаган Равшан Жээнбеков АКШга барган оппозиционерлерге кошелок болушту. Мындай саамалык улана берсе, жакында Америка кыргыз оппозициясынын Цюрихине айланат окшоп калды. Азыркы тапта Америкада жүргөн Болот Эсентаевич болсо англис тилин суудай сүйлөп, сууда эркин сүзгөн балык сымал. Жакында Кытайга барып Жаңы жылды Пекинде кыз-күйөөсү менен тосот. Саякат сапары аяктаса, эмдиги жылы гана Кыргызстанга кайтып келмекчи. Бирок, уюштуруу жөндөмү күч, коркуу сезимин билбеген бул көкжал мырзанын келбей эле койгонун биздин күч органдар басса-турса тилеп аткан учур.





  Тамаша айтсам, күлөсүңбү?

Жаңы жылды ким кандай тосот?
Президент: Шамал согот сол жактан, бороон улуйт оң жактан… Көкөйгө көк таштай тийгени - оппозиция. Кемчилиги - жалгыздыгы.("Атадан алтоо болсоң да, ар башыңда жалгыздык"). Жаңы жылда миң-миллион куттуктоолорду, каттарды, түркүн-түс белектерди алат. Бирок аларды окубайт. Баарынан телевизор, гезит аркылуу куттуктоо айтып кутулат. Президенттерди гана Жаңы жыл менен куттуктайт. А элди эртеңкиге үмүттөндүрөт.
Энергетик: "Жарык жазга чейин күйбөсө, Токтогул суу сактагычына суу толбосо" деп тымызын тилейт. Жарыктын тарифи дагы кымбаттаса деп кыпылдайт. Ууру жарыктардын көптүгү чөнтөгүн кампайтарын ойлонот.
Депутат: Конституциянын өзгөрбөшүн кудайдан тилейт. Парламент партиялык тизмеден тайбаса дегенде эки көзү төрт. "Беш жыл белибиз бек, конгон туурубуз туруктуу болсо" дейт. Саат 12ни какканда шампанга тоюп, уктап калат. Түшүнө четөлкөлөр, өкмөттүн бат-бат алмашканы, артында акчасы мол мыйзамдар ж.б. ж.б. кирет. Тим эле жыргал бейиш, ойгонгусу келбейт…
Оппозиция: Алдыга чоң максаттарды артынат, митинг, пикет ж.б. жаңы жол-жобосун иштеп чыгууну көздөйт. Күзгүнүн алдына отуруп, чечендиктин миң түркүн сырларын үйрөнөт. Түшүндө Бакиев Акүйдү алдырып, ичине оппозициянын баары толуп алган. Бакырып Турсунбек Акун менен Нурлан Мотуев жүрөт, жаңы жылда президентке келген белектерди талашып. Ызы-чуу папке, шапке, кресло талаш, өзү президенттик креслого отуруп алган, Дүйнөсү түгөл. Анан иттики, ойгонуп кеткенине кыжыры кайнайт.
Үч тамга: Оппозициянын баскан-турганын аңдып, сүйлөгөнүн тыңдагандан чарчады. Баарын шектүү карай берип, үйүндө да тынч отуралбайт. Митинг, пикетти жети желмогузундай көрөт, оппозицияны колдон келсе, оптому менен ороого салса. Күнү-түнү тыным жок, аянттагы элди таратып, Жаңы жыл түнү тырп этпей уктайт. Түшүндө сакалчан вахабисттер келип муунтуп баштайт.
Молдо: Беш маал намаз окуйт, саат 12 ни күтпөй эле жатууга кам урат. Күткөнү - орозо. Тилегени - орозо жыл бою болсо. Калктын санын, битир-садаганы эсептеп байыйт, Иисус Христосту ичинен ашата сөгөт.
Базарчы: Таң заардан көз байланганча жардыргыч сатып көчөдө, буту-колу үшүгөнүнө карабайт. Тамак-ашын көтөрүп, үйүнө шашкан бактылууларды көрүп, бийликти сөгөт, кетип калайын десе, акча керек. Айла жок сатканы саткан. 100 грамм сеп этет. Үйүнө кантип барып, Жаңы жылды кантип тоскону элес-булас эсинде.
Журналист: Оң жээк, сол жээк. Оңго барса - аты өлөт, солго барса - өзү...
Жылдыз АМАНБЕК





Ташы өйдө ыргыгандар:
Садыр Жапаров, Ахматбек Келдибеков, Аалы Карашев, Камчыбек Ташиев, Тажикан Калимбетова, Марат Султанов, Айтибай Тагаев, Өмүрбек Субаналиев, Бейшен Болотбеков, Амангелди Бекбалаев, Кошбай Масиров, Ишенгүл Болжурова, Мелис Эшимканов, Досаалы Эсеналиев, Оомат Казакбаев, Нариман Түлеев, Жыргалбек Азылов, Нур уулу Досбол, Элмира Ибраимова, Марат Мамбетов, Ильяз Давыдов, Дамир Лисовский, Александар Воинов, Феликс Кулов, Азис Суракматов.

Ити чөп жебей калгандар:
Үсөн Сыдыков, Данияр Үсөнов, Адахан Мадумаров, Марат Кайыпов, Исмаил Исаков, Сапарбек Балкыбеков, Клара Кабилова, Ишенбай Кадырбеков, Бейшенбек Бекешов, Турсунбай Бакир уулу, Мухтар Өмүракунов, Топчубек Тургуналиев, Бектур Асанов, Болот Шамшиев, Айбек Осмоналиев, Абдыгул Чотбаев, Алмаз Атамбаев, Рыспек Өмүрканов, Рахат Ирсалиев.