Уй жылынын мааниси,
түрү, сүрү жана шааниси.
Кыргыз жыл сүрүүсүндө Уй жылы чыгыш астрологиясы боюнча Сары Буканын жылы болору аныкталды. Бул жыл жалпыбыз үчүн ар кандай өзгөчөлүктөрдү алып келүүсү мүмкүн. 2009-жылы космостук термелүүлөрдүн күчөшү жаңыланууларга, жаңы чыгармачылык иштердин башталышына алып келет. Көнүп алган жашоодогу көп нерсе жакшы жагына өзгөрөт.
"Өткөн чак болмойунча келерчак кайдан", "кайгысы болмоюн күлкү менен бакыт болбойт" дегендей кандай учур болбосун жакшылык менен жамандык эриш аркак ээрчишип жүрөрүн эстен чыгарбаңыздар.

Уй жылында төрөлгөндөргө
Бул жылы жарык дүйнөгө келгендер жашоодо дайыма жакшы нерсеге умтулган активдүү адамдар. Кээде адамдардан жардам алганды жакшы көрүшөт. Алардын мүнөзү жумшак, боорукер болгону менен өтө эмгекчил келишет. Негизи уй жылындагылар эркин кызматты сүйүшүп, бирөөгө баш ийгенди жактырышпайт. Адамдар менен тил табышууда тез эле аралашып кеталышпайт. Бирок бир команда болуп иштегенде айтканын орду менен аткарып, алдына койгон максатына дайыма жетет.
Сүйүүдө бул жылы туулгандар өтө назик, берилген, сезимталдуу келишет. Бирок алардан аябай чоң романтиканы күтүүгө болбойт. Себеби алар романтиканы түшүнүшпөйт. Жылдын жарымысы жакшы болгону менен тең жарымы уй жылындагылар үчүн бир аз кыйынчылыктарды алып келүүсү ыктымал.
Уй жылында төрөлгөн аялзаты үйбүлөдө башкарма болушат. Андайлардан жакшы кожойке жана мыкты аял чыгат.

Уй жылын кантип тосууга болот?
Кийим
Уй үй жаныбары болгондуктан бул жылды үйбүлө, бир туугандар жана достор менен тосуңуз. Уй кийимдин өңүнө чоң маани берет. Андыктан өтө ачык түстөгүлөрдөн качып, саргыч, алтын, күмүш жана көгүш көйнөктөрдү кийген оң. Ал эми кызыл түстү такыр жолотпоңуз, чыгыш астрологиясында белгиленген Сары Бука өз колуң менен жасаган буюмдарга көңүл бөлөт. Андыктан кийимдерди да өз колуңуз менен тигип алыңыз.
Дасторкон
Дасторконго жер-жемиш, жашылча салаттары арбын коюлуп, балык, кой эти жана чочко этинен жасалган тамак-аштар, сырдын түрлөрүн коюуну унутпаңыз. Уйдун сүрөтү түшүрүлгөн печенье, таттуу нан болсо да ашык болбойт. Быштак кошулган закускаларды койсоңуз андан бетер жакшы.
Белек
Жакындарыңызга уйдун сөлөкөтү түшүрүлгөн күмүш буюмдарын белек кылсаңыз аларды ийгилик коштойт. Бул жылы күмүш зер буюмдарын тагынып жүрүүгө да ыңгайлуу.




2009-Уй жылына астрологиялык гороскоп.
Кой. Өзгөчө карьерасында, жашоосунда жагымдуу сюрприздер күтүлөт. Буларга "алма быш, оозума түш" деп жата берүүгө болбойт. Жакшы нерсенин бары талыкпас эмгектин артынан келерин эстен чыгарбаңыз. Уй жылы кой белгисиндегилер ден соолугуна жакшы көңүл бөлүп, келбетин кароосу зарыл.
Букачар. Алдыдагы жыл жаман эмес. Кызматтагылар кызматынан жогорулашы мүмкүн. Ал эми окугандар үчүн ийгиликтер күч. Бары жакшы болот. Болгону мүмкүнчүлүктү пайдаланып калуу керек. Бирөөлөрдүн жардамына муктаж болгондордун ою орундап, тилектерине жетет. Бул жылы аларды жалаң жакшылыктар курчайт.
Эгиздер. Уй жылы тынч болот. Жашоодо жакшы нерселер коштоп, ийгиликтер күтөт. Кайгы-капага, нааразычылыкка шылтоо да табылбайт.
Бөйөн. Ар кандай жагдайлар күтөт. Бир канча көңүл калуучу окуяларга дуушар болосуз. Бирок көңүл чөктүрбөстөн, жакшы нерсеге умтулсаңыз барысы жакшы болот. Бул жыл сизге байлык алып келет.
Арстан. Жалпы жолунан жыл жаман болбойт. Бир гана жүрөгүңөргө колуңарды коюп, жүрөктүн үнү менен иш кылганыңар оң.
Бийкеч. Жакшы, жаман бир калыпта болот. Сиз жакшыга жетүү үчүн өзүңүзгө болгон ишеничиңизди бийик коюп, колуңуздан келген аракеттерди туура жасаганга умтулуңуз.
Тараза. Жеке жашооңузда өзгөрүүлөр көп болот. Ар бир жасаган кадамыңызды "жети өлчөп бир кес" дегендей терең ойлонуп, өзүңүзгө ишенгенден кийин гана ишке ашырыңыз. Жыл башында ойлогондоруңуз ишке ашып, бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгасыз.
Чаян. Сиз үчүн жыл жакшы болору шексиз. Албетте жаман жактары да болот, бирок андай учурларда паникага алдырбаганыңыз оң.
Жаачы. Жылдыздар сизге түз таасирин тийгизе албайт. Андыктан жакшы кылыш да, жаман кылыш да өзүңүздүн колдо.
Текечер. Сиздер үчүн жакшы жыл. Кандай тармак болбосун ийгиликтин үстүндө болосуз.
Суупери. Бул жыл сууперилерге өзгөчө жылдардан болот. Иштегендердин ишинде жакшы ийгиликтер басымдуулук кылат. Ал эми жалкоолор үчүн бакыт жарык көрбөй калышы ыктымал. Андыктан болгон күч аракетиңизди жумшап, жакшы жашоого кол сунуңуз.
Балык. Жыл башында баштаган иштериңиздин барысынын аягына чыгарганга жетишесиз. Жашооңуздагы мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланбасаңыз, көп нерседен кур жалак каласыз.




Жыл сүрүү боюнча
Чычкан - 2009-жыл бир топ түйшүктөрдөн эс алууга сонун шарт түзөт. Пайдалуу иштерди жасап, акча чогултууга ыңгайлуу жыл. Жетишкендиктер сизди курчайт.
Уй - Буга чейин ойлонуп жүргөн маселелерди аягына чыгарасыз. Өзүңүздү ашыкча түйшүктөрдөн арылтыңыз. Бул жылы алыска саякатка чыгууга жакшы жыл. Имиджиңизди өзгөртүп, үйбүлөгө жакшы көңүл буруңуз.
Барс - Эски жылдагы бардык көйгөйлөрдү унутка чыгарыңыз. Жаңы жыл сиздерге көп жакшы иштерди бүткөрчү жыл. Эң башкысы ден соолугуңузду чыңдаңыз.
Коен - 2009-жылда жаңы тааныштарды күтөсүз. Келишимдерди түзүүдө жана баалуу чечимдерди кабыл алууда этият болуңуз. Жыл бою убактыңызды көңүлдүү өткөрүүнү унутпаңыз.
Ажыдаар - Эрктүү болсоңуз көп нерсеге жетишесиз. Коркпой эле алдыңызга чоң максаттарды кое берсеңиз болот. Алдыда кызыктуу иштерди жасаганга ыңгайлуу жыл. Бир гана жагымсыз адаттардан арылышыңыз керек.
Жылан - жылы төрөлгөндөргө келаткан жыл жакшы болот, бир сөз менен айтканда жалаң жакшылыктын, жетишкендиктердин нуруна бөлөнөсүз.
Жылкы - Жеке жашооңузду жакшы жагына өзгөрткөнүңүз оң. Кыйын кырдаалдардан чыгып кетүү өзүңүздүн колуңузда. Үйбүлөңүзгө жакшы көңүл бурганыңыз дурус.
Кой - жылындагыларга бул жыл жаман эмес. Бойдоктор чыныгы сүйүүсүн таап, үйбүлө күтүүгө жакшы шарт түзүлөт. Жашооңузда өзүңүздөн эч нерсе аябаңыз.
Маймыл - Жакшы нерсеге бирөөлөрдүн көмөгү менен жетем дебестен өзүңүз аракет жасап, күч жумшаңыз. Финансылык көзкарандысыздыкка умтулуңуз. Ошондо гана жакшы нерсеге жетесиз.
Тоок - Бардык ой-кыялдарыңыздын туу чокусун багындырып, жакшы окуяларга курчаласыз. Уй жылында болуп көрбөгөндөй популярдуулукка ээ болосуз. Романтикалуу окуяларга дуушар болосуз. Имиджиңизди өзгөртүңүз.
Ит - Эски иштеринин барысын орду-ордуна койгону оң. Чыгармачылык изденүүлөргө, үй куруу жаатындагы маселелерди чечкенге ыңгайлуу жыл. Үйбүлөгө да көңүл бөлгөндү унутпаңыз.
Доңуз - Бардык тармактан өз күчүн сынап көрүүгө болот. Татаал кырдаалдан чыгуунун жолун билгениңиз жакшы. Убакытты жакындарыңыз менен көңүлдүү өткөрсөңүз сизге абдан пайдалуу.