mainkaptal

КИТЕПТЕР

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Дасмия

"Дасмия" десек ресторанды түшүнбөгүлө, окурман! Бул сөз көөнө кыргыз сөздүгүндө дасторкон дегенди түшүндүргөнү менен, мааниси жагынан өтө кенен колдонулчу сөз. Мисалга, жандүйнөңдүн дасмиясы, тагдырыңдын дасмиясы, жанкурбуңдун, эл-жериңдин ж.б. ж.б. мааниде колдоно берүүгө куп жарашар балбан сөз. Биз ошол балбан сөздүн алдында белгилүү инсандарга суроо узатып, жооп алууга кабарчыбызды жүгүртсөк, дасмия даярдап келе коюптур. Алдыңыздарга жайдык...

Акыл кыска, тил узун
Бермет Мааткеримова,
журналист:
- "Аялдын акылы кыска, тили узун" дегенге кандай карайсыз?
- "Аялдын акылы кыска, тили узун" дегенге таптакыр кошулбайм. Эгер аялдар какшанып сүйлөп калган болсо, анда үйбүлөдө оокаты өтпөй калбайбы. Илгертеден аялдардын "Чачы узун, акылы кыска" деп айтылган сөз бар. Бирок бүгүнкү күндө таптакыр башка көрүнүш. Азыркы убакта базарда болобу, кайда болбосун аялдар. Үйбүлөнү багып аткандын көпчүлүгү аялдар. Ошон үчүн аялдарга болгон каршы сын пикирлерге кошулбайм.

Дос, кас
Гүлнара Кахарова, ырчы:
- "Кээде досуңдун кылыгына касыңдын амалы жетпейт" дегенди кандай түшүнөсүз?

- "Касыңды дос дебе, досуңду кас дебе" дегендей, өзүң кол менен жасап алалбагандан кийин дос деген сен ойлогондой болбойт. Достор көп болгону менен анын барысы бирдей эмес. Бирөөсү менен сырдашсаң, бирине муңуңду айтасың дегендей. Достуктун түрү болот. Кээде достордун арасында касың кылбаганды кылып, сатып кеткендер чыгат. Менимче, аялзатында чыныгы дос болуу чынында кымбат нерсе.

Күйүп өчкөн жылдыз
Элмира Кайып кызы, ырчы:
- Жылдыз болсоң "күйгөнгө" да даяр болуу керекпи?
- Бул сөзгө мен чыны менен кошулам. Сахнага чыгып, эл алдында ырдап, жылдыз болгон соң сөзсүз ар кандай кырдаал күтүп турат. Андай кыйынчылыктар болгондо суугуна тоңуп, ысыгына күйүп, кайда жүрбө, эмне кылсаң да көтөрө билишиң керек. Айрымдары ырдап жүрсөң "булар жылдыз болуп жыргап жашашат" деп ойлошот. Бирок ырчылыктын артында кандай оор кыйынчылыктар бар.

Жалтырак, калтырак
Бакыт Букаев, шоумэн:
- Сулуунун сырты жалтырак, ичи калтыракпы?
- Республиканы түрө кыдырып, сулуулар конкурсун өткөрүп жүргөнүмө он жылдан ашты. "Сулуунун ичи калтырак" дегенге такыр кошулбайм. Азыр кыргыздын генефонду өзгөрдүбү, айтор, сулуулугуна акылы төп, билимге умтулган, эмгектен чарчабаган, аракетчил, тырышчаак, чет тилди, компьютерди чаккан кыздар көп. Илгери Таттыбүбү эжени сулуулуктун символу катары пир тутсак, азыр ал эжекебиздей сулуулардын катмары өстү. Кыргыз кыздары өң-келбеттүү, мүчө-башы кыналып, ажары артылып бараткандыгы кубандырат.

Уйку, күлкү
Жолдошбек Жанжигит уулу, актер:
- Ары жок күлкүчү, санаасы жок уйкучубу?
- Ары жок күлкүчүлөр көп эле. Менин жакшы таанышым бар, эчтеме менен иши жок, качан барсаң уктап жатканын көрөсүң, анан тагдырына нааразы болуп, ар кимден акча сурап, жашоону сөгүп-сагып, ыйлап-сыктап... айтор, концертти ой-да коет. Бир маалда эле карасаң, тимеле шумдук, акыл айтып, башкаларга тыңсынып, бир нерсе үйрөтүп атса күйөсүң. Ушуга окшогон адамдарды жер көтөрүп жүргөнүнө ыраазы болуш керек.
А сиз экөөбүз мындай адамдардын категориясына кирбейбиз деп таккесе айталам.

Жегендер эл башкарат
Бегиш Ааматов, коомдук ишмер:
- "Жебеген жер жаздансын, жегендер эл башкарсын заманы" дегенге кошуласызбы?
- Өз турмушубузду оңдоо өз колубузда. Ар бир адам жер жазданып жата бербей башын көтөрүп, ошол жеп, ичкендердин жемине айланбастан, аларды кокодон алышыбыз керек. Кыргыздар улуу тарыхы бар эл болгондон кийин жегендерге эл башкартканды токтотуш зарыл.

Бүгүнкүң андай,
эртеңиң кандай?
Абдыганы Эркебаев,
коомдук ишмер:
- Өзүн багалбаган эл, келечегин таба алабы?
- Туура. Өзүн бага албаган эл кантип келечегине кол сунуп жашай алмак эле. Мен буга кошулам. Бул суроо өзү эле айтып аткандай, азыркысы жакшы эмес элдин эртеңи канткенде жакшырсын.

Венера НАРКЕЕВА






КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«