mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Эссе

Сенин Аязатаң тирүүбү?
Экөө бир нандын теңин жеп, курсактарын тойгузду да, жатып калышты.
- Эртең…
- Эмине эртең?
- Эртең айтайынбы?...
- Эминени-и?
- Эртең атам келет.
- Уктайсыңбы?
- Уктабайм.
- Анда мен уктадым.
- Уктай бер.
- Макул.
- Атам ал-ма, сүт, то-олтураларды ап-ке-лет.
Ал кучагын жайып, быйтыйган колдору менен көргөзүп жатты.
Кызынын сөздөрү келиндин ызасын келтирди. Күйөөсүн акыркы жолу көргөнүн эстеди. Ал күнү карызга ун сурап базарга барганын, анан эле кокустан ылжып мас болгон күйөөсүн көрүп уялганын, элдин арасына жашынып чуркап жөнөгөнүн, күйөөсү тирүү болуп элде, өлүү болуп жерде жок экенине арданганын, күндөн күнгө чөгүп бараткан турмушту жектеп, эки ортодо эзилген тагдырына өкүнгөнүн эстеди.
Келин улутунуп, терең үшкүрдү. Кызынын дабышы чыккан жок.
Көздөрүн жылтыратып, шыпты карап ойгоо жаткан кызынын жылуу көкүрөгүнө алаканын коюп алып, анын божурап сүйлөп жатканын жактырчу. Анан дайыма кызынын сүйлөгөнүн тыңшап, ширин тилине термелип, магдырап уктап калар эле. Кызынан кийин калып укташ - азап. Келиндин эң эле корккону - түнкү жалгыздык.
1-январдын таңы
Кызы күлүп ойгонду
- Апа…
- Жата тур, кызым.
Үй суук эле. Келин от жагып олтурду.
- Апа…
- Үй жылысын, анан…
- Жаңы жыл болду-уу! Апа, карачы…
Кыз тура калып, жаздыгынын алдын карады. Эч нерсе жок эле. Эми апасы жаткан жаздыктын алдын карады. Эч нерсе жок эле.
- Кана?! - деди кыз, ого бетер мурчуюп.
Келин үндөгөн жок. От түтөп, күйбөй атты. Кызы экөө жылда бул күнү жаздыктын алдынан Аязата түндө келип таштап кеткен ар-түркүн белек-бечкекти таап алышчу.
- Апа, Аязатам келген жокпу?
Келин үндөгөн жок.
- Апа, Аязатам келген жокпу деп атам, са-га.
Кызы ачуу кыйкырды.
- Аязатаң өлгөн… Өлгөн, өл-гөн, өлгөн Аязатаң…
Келин колундагы көсөөнү жерге бир чаап, эчкирип ыйлап жиберди.
Эми кыз эшиктин алдында турду. Жай гана каалгып жааган карга кусалуу карады. Кошуна батирде жашаган кичинекей бала колуна момпосуй салынган баштыкты көтөрүп ойноп жүрөт.
- Э-эй, сенин Аязатаң тирүүбү? - деди кыз, көзүнүн жашын алаканы менен сүртүп.

Элмирбек ИМАНАЛИЕВ




ӨМҮР ЖАНА ӨЛҮМ
Каректен Дүйнө чагылып
турган,
Кайрылбас Өмүр агылып
турган.
Бүктөлгөн далай иштердин
баарын
Бүтүрчү маалы табылып
турган.

Күндөрү күнгө уланып барчу.
Күлмүңдөп кээде кубанып калчу.
Мөөнөтү жетип, үзүлүп түштү
Мөлтүлдөп турган бир Өмүр-Тамчы.

Толтура киши топурап барды.
Толтуруп уучун, топурак салды.
Томсоргон көздөр тобуна кайтып,
Томпойгон гана топурак калды.
Жыргалбек Касаболотов
***
Көздөрүң сенин - Жашыл
арал,
Бейиштин төрү
жомоктогу.
Тескери согуп тагдыр-
шамал,
Отуз жыл сага жолотподу.

Адаштым башка
аралдарда,
Чачылдым, сындым, кетип
кейпим.
Издөөдөн сени чарчаганда
Капыстан сага жетип келдим.

Тескери соксун тагдыр-шамал -
Кайрууга болбойт жоголгонду.
Кыялда калсын Жашыл арал,
Бейиштин төрү жомоктогу.
Марат Токоев





  Элес-булас эстеги окуялар

Кирип келет аздан соң, жаңы жылым жаңырып...
Ильяз Андаш:
- Каракол шаарында мектепте окуп жүргөн кезимде, Жаңы жылды классташтарым менен жапайы өскөн балатыны көчөгө кооздоп тосууну пландаганбыз. Отту жагып алып, таң аткыча ырдап-бийлеп жыргадык. Эртең менен жарык кирип, бири-бирибизди карасак, эч кимибиз таанылбайбыз. Таң аткыча от жаккандыктан, бети-башыбыз капкара көө болгонуна карабай майрамдаптырбыз.

Кенже Дүйшеева, "Кыз-Бурак" тобунун көркөм жетекчиси:
- Негизи, Жаңы жылды Кыз-Бурактын кыздары дайыма коллектив менен тособуз. Мындан эки жыл мурунку Жаңы жыл аябай эсибизде. Эстесек, барыбыз кулап калабыз. Жаңы жылда элдин бары саат 12.00 болгондо шампан ачат эмеспи. Биз да 12ни чыдамсыз күтүп отуруп, шампаныбызды ачалы десек эле, кашайып ачылбайт, барыбыз шампанга асылабыз, күчүбүз жетсечи. Антип-минтип күйпөлөктөп атып, 12ден 20-30 мүнөт өткөндө араң ачылса болобу. Бирок, кечигип калганыбыз менен деле так ошол жылы чыгармачылыгыбыз жемиштүү жылдардан болду.

Омар:
- Эсте каларлык Жаңы жыл тосконум - 2008-жыл. Себеби ага чейин жыл сайын чоң атам, чоң энемдин маңдайында тосчумун. Чыгармачылыгыма байланыштуу өткөн жылдагы Жаңы жылды Астанадан тосуп, үйдөгүлөрдү сагынып, чоң атам менен чоң энем болуп тосалбаганыма кейидим.

Гүланда:
- Былтыркы Жаңы жылда досторум менен "Вавилон" деген кафеде тосмой болгонбуз. Бирок мени туугандарым чакырып калып, Токмокко баргам. Алар ал жактан кетирбей, "тамакты таштаба" дешкенинен, кечирээк чыгып калдым. Чыксам, саат 12ге жакын таксинин баары токтоп, эл Жаңы жылды майрамдап атса, мен көчөдө жол тосуп турам. Досторума араң жетсем, алар мага таарынып, менин кыйналганымды билбей, жаман көрүшкөн. Айтор, былтыркы Жаңы жылды эстесем, жиним келет...

Бегимай Эсенгулова:
- Ар бир Жаңы жыл алдында эки нерсени эстейм. Мектепте окуп жүргөнүмдө классташтарым менен бир кечеге баргам. Ал жактан чыгып, кар чачышып ойноп, ызы-чуу болуп жүрүп, үйгө келсем, үйдү бекитип коюшуп, бардыгы конокко кетип, эшикте калгам. Экинчиси, дагы бир Жаңы жылда 12ни чыдамсызданып күтүп атсак, мына-мына 12 болордо жеңем толготуп, барыбыз Жаңы жылды унутуп, жеңем менен ызы-чуу болгонбуз. Быйыл да кандай окуя болуп кетет, көрөм го.

Сема:
- Студент кезде бир жолу Жаңы жыл тосконум эсте. 31-декабрь күнү майрамга кызуу даярданып, сүйлөшкөн кызым экөөбүз Ала-Тоо аянтынан жолугушуп, убакыттын кандай өткөнүн билбей калыптырбыз. Саатты карасам, 12.00. Ушунчалык көңүлүм чөгүп "жаңы жылды үйдөн тоспой, ушинтип көчөдө калабызбы" деп нааразы болдум. Эмнегедир, 12 болсо деле шаар ичинде Жаңы жыл тоскондой шаани жок. Феерверктердин үнү жаңырбайт. Көрсө, сүйлөшкөн кызым саатымдын жебесин он беш мүнөт алдыга жылдырып коюптур. Аны билгенден кийин аябай кубанып, 12ге үлгүрөйүн деп, үйгө жөнөгөм.

Неля:
- Өткөн жылы кафеде ырдачумун. Майрамга жакын кафенин жетекчиси "эч жакка кетпей, ушул жерде Жаңы жыл тососуңар" деп үйгө уруксат бербей койду. Анан эптеп суранып алып, үйдөгүлөрдү куттуктаганы жолго чыктым. "Жумушка тез кел" деп жетекчим калган. А мен жолдо, транспорт жок, үйдөгүлөрдү куттуктаганга үйгө жетпейм десең. Кудай жалгап, саат жебеси так 12ни какканда кирип бардым. Бирок, ишке абдан калпычы болуп, көпкө уялып жүрдүм.

Гүлнара Тойгонбаева:
- 1990-жылы Жаңы жылда Кубада болгом. Тынч океанда жайгашкан Кариб деңизинин жээгиндеги "Гавана" деген клубда, болгондо да пальмалардын түбүндө көлөкөлөп тоскон элем. Россиялык туристтер менен ром ичип, Москва убактысы боюнча күндүзгү саат бирде Жаңы жылды күнгө кактана тердеп тосконбуз. Ошондогу ысыганыбызды айтпа эми! Суу чачышып ойноп күлүп, сууга түшүп, пляжда унутулгус көзирмемдер менен чарчаганча ойноп, Жылкы жылын тоскон элек. Ошол жыл менин жашоомдо эң оригиналдуу жылдардан болгон.

Назира Жетигенова:
- Мындан беш алты жыл мурун Жаңы жыл күнү борборубуздагы дүкөндөрдүн бирине кирип, дасторконго коюу үчүн майда-чүйдө сатып алдым. Сумкаларым колума батпай калганына карабастан, жолдон грил алып баратсам, астыман эки ит чыга калды. Грилдин жытын алыстан сезип, артыман ээрчип алышты. "Кет" десем, кайра ыркырашат. Бир убакта экөө тең сумкама асыла калды. Алардын үрөйүн көргөндө, жүрөгүм оозума кептелип, качып жөнөдүм. Дал ушул маалда бутум көк жылгаякка тайып, чалкаман түшкөндө, иттер грилимди тиштеген бойдон качып жөнөштү. "Болору болду" деп күбүнүп-кагынып сумкаларымды карасам, шампандан баштап, жумурткага чейин баары сынып калыптыр. Ооруган башымды кармап алып үйүмө шалдайып жетип барып, инимди кайра базарга жибергем. Грилди көргөн сайын ошондогу окуя эске келет.

Венера НАРКЕЕВА










??.??