mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Тилиңерден и-ий!

Атактуулардын балдарынын балмаскарады
ЖК депутаты
Гүлнара Дербишеванын
кызы Мырзайым
- Мырзайым, канчадасың?
- Бештемин.
- Аязатадан эмне белек алгың келет?
- Мм...мм... Билбейм. Ии...ий шокалад, анан оюнчук.
- Азыр эмне кылып атасың?
- Апама идиш жубушуп.
- Аязата жөнүндө ыр билесиңби?
- Билем...
- Айтып берчи?
- Мм...мм... Аязата келиңиз, бизге салам бериңиз.
Ырдап берген балдарга бирден конфет бериңиз. Болду, башка айтпай эле коеюнчу.


Токтобек Асаналиевдин уулу Канат:
№ 69-окуу тарбиялоо комплекс
гимназиясында 6-класста окуйт.
- Канат, Жаңы жылда эсте кала турган чоң белек алдың беле?
- Ооба, 6 жашымда атам Жаңы Жылда велосипед белекке берген.
- Эмне өнөрүң бар?
- Комуз чертем. Агайым - Нурак Абдырахманов.
- Сага кайсы күүлөр жагат?
- "Көйрөң күү", "Машкамбаркан", "Машботой", "Тогуз кайрык", "Соңкөл баяны", "Таң булбулу", "Жеңиш", "Марш күүсү", "Миң кыял", "Сарөзөк", "Жаштилек", "Найман эне", "Эркесары", "Паровоз" ж.б көп күүлөрдү үйрөндүм, бары жагат. Макалдарды да жакшы көрөм, курбуларымды келе жаткан майрамдары менен куттуктап, макал билбеген досторго 5-6 макал айтып берсем:
"Бир сөздөн достук бузулат", "Жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы", "Кары келсе ашка, жаш келсе ишке", "Ачуу - душман, акыл - дос", "Ырыс алды- ынтымак", "Сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичет" ж.б. көп макалдарды билем.

ЖК депутаты
Жылдыз Рахимдинованын кызы Мээрим
- Мээрим кандайсың? Кайсы мектепте окуйсуң?
- №24 гимназияда 3-класста.
- Жаңы жылда классташтарың менен кандай майрамдайлы деп атасыңар?
- Биз "Сейтекке" барып, концерт көрөт экенбиз. Эжекебиз айтты.
- Эмне белекти жакшы көрөсүң?
- Рекламадан көрсөтүлчү көзү кыймылдаган, оозунда соскасы бар чоң куурчак алгым келет.
- Табышмак билесиңби? Кел, Жаңы жыл алдында балдарга табышмак катабыз. Кана, айтчы...
- Төбөсүндө эки сызык,
Бир күлүк жүрөт сызып.
Алтымыштай адамды
Алат ичине катып.
- Табышмагыңа менин акылым жетпей атат, кана, өзүң айтчы, жообу кандай?
- Ой ата-а десе... Троллейбус да...


Кутман Жолдошевдин кызы Мираида:
6-класста окуйт
- Атам былтыр Жаңы жылда уюлдук телефон белекке берген. Быйыл кандай белек аларымды билбейм.
- Классташ кыздар-балдарың үчүн Жаңы жылдык белегиң барбы?
- Алар үчүн табышмак катары бир баш катырма айтып берсем болобу?
- Болбой анан...
- Үшкүрүп сыртка чыгарам,
Күйүттү катпай ичиме.
"О" ну башка тиркесең
Ат болуп кетем кишиге
(О - мор)


ЖК депутаты
Нургазы Айдаровдун кызы Орунбү, "Звездочка" менчик мектепте 2-класста окуйт
- Орунбү, Аязатадан эмне белек алсам дейсиң?
- Конфет, шоколод анан косметика белекке алгым келет.
- Косметиканы эмне кыласың?
- Апама белекке берем.
- Мектепте кандай окуйсуң?
- Жакшы эле...
- Азыр ыр жаттап атасыңарбы?
- Ооба.
- Айтып бере аласыңбы?
Мм... Эмкиде келгениңизде айтайынчы...

Жазгүл КАРБОСОВА




  Айат - бөбөк

Ким көңүл бурса, белек беребиз!
Биздин гезит бөбөктөр дүйнөсүн унутта калтырбай, бытыкыйлар арасында сынак жарыялайт. Сынактын максаты: сүрөт тарткан же жомок, ыр жазган же кол өнөрчүлүгү ашынган таланттуу балдар өз эмгектерин биздин дарекке жөнөтсүн. Андыктан, урматтуу ата-энелер, сиздер да балдарыңыздардын чыгармачылык жөндөмүнө кайдыгер карабайсыздар деген ишенимдебиз. Мүмкүн дал өзүңүздүн тентек биз жарыялаган сынактын жеңүүчүсү болуп калгысы бардыр…
Ар бир айдын соңунда биздин редакциялык кеңештин жыйынтыгы менен бөбөктөр сынагынын жыйынтыгын чыгарабыз. Кимиси жеңүүчү деп табылса, ошол бал тилдүү бөбөктөрдүн өздөрүнөн интервью алып, гезитибизге жарыялап, колдоруна кыргыз тилинде жарык көргөн китептерди белекке беребиз. Ошондой эле гезитибиздин бир бурчунда бөбөктөр үчүн жомок, тамсил, ырлар жарыяланып турмакчы.




Канаттуулардын төрөсү
(Лит жомогу)
Качандыр бир заманда канаттуулар жайык аңызга жыйналыш уюштуруп, төрө шайламай болушат. Чогулгандардын арасында шумкар, кунас, чыйырчык, жылкычы чымчык, ак куу, торгой, карга, ал эмес кибиреген кенедей бир куу чымчык да бар экен. Канаттуулардын ар бири эле төрө болуп шайлангысы келиптир. Бирок алдыга чыгып эч кимисинин "мен" дегенге ооздору барбайт. Баары чуру-чуу, күрү-күү. Бир убакта калдайган канатына ишенип, алдынала ой жоруп турган кунас мындай дейт:
- Кимде ким баарынан бийик уча алса, төрөбүз ошол болсун.
Анын айтканын башкалары да туура көрөт. Кунас ошондо узун тумшугун "тарс" кагаар замат канаттуулар асманга көкөлөйт. А дегенде жерге кекилик, андан көп өтпөй, тоок томолонуптур. Томолонуп түшкөндө да томугун чыгарып ала сактайт. Башкалар алынын жетишинче учушту, бирок баары эле тез-тез биринин артынан бири чарчап, асманда кунас менен шумкар калат. Алар тээ бийикте көрүнөр көрүнмөксөн болуп калганда, кунастын да канаттары чарчайт. Ал да тез эле кайтып келет. Асманда жалгыз калган шумкар шаңшый баштайт.
- Төрөңөр мен болдум! Мен! Кимиң мендей бийик уча аласың?
Ошол убакта "мен!" деген кенедей куу чымчык зып коюп, шумкардан да бийик көккө учуп чыгат. Анан ал "төрөңөр мен болдум!" дебеспи. Көрсө, ал шумкардын белине жерден эле минип алыптыр. Ал баятан башкалардын чарчай турган маалын күтүп отурган эле. Асмандагы шумкар көктү карай жакшы эле шукшурулду, бирок чарчаган канаттары кенедей чымчыкка жеткирмек беле. Бирок кенедей куу чымчык төрө болгусу келген менен баарыбир уятка калыптыр. Кийин өз кылыгынан уялып, өмүр бою бадалдын түбүнөн чыккыс болот. Анткени аны канаттуунун бары "төрөбүз,төрөбүз, сени качан көрөбүз" деп азыркыга чейин шылдыңдашат экен.

Кыргызчалаган О. ШАКИР









??.??