Өткөн өмүр кайрыгы

Акынды арак селинен алып калган аялы
Кыргыз адабиятында үч Касымаалы болгон. Баялинов, Жантөшев, Бектенов. Белгилүү калемгер Эрнис Турсуновдун байбичеси Жамийла эже Касымаалы Бектеновдун кызы. Акындын, дүйнө адабиятын жаңгактай чаккан Эрникеңдей "кежир алптын" зайыбы болуш оңойбу, демек эже да турмуштун ачуу-таттуусун далай татты. Өткөндүн айрымдарын айтып олтурса күлбөскө аргаң жок.

- Бир жылдары Эрнис бош жүрүп калды - дейт Жамийла эже. Анда союздун болуп турган учуру. Гастрономдо иштейм. Азык-түлүк батпайт, арзан, "көңүлү чөкпөсүн, ээн олтуруп жазсын, курсагы ачпасын" деп, муздаткычты күнүгө толтуруп кетем. Эртеден кечке иштемин. Анан бир күнү эле кошуналар арызданышат. "Күйөөңдү тый, күнүгө сен жокто досторун үйгө чогултуп алып, сайрандап атат. Балдарыңа да, бизге да тынчтык жок" деп. Тыйсам угабы? Же иштен бошобосом. Айлам кеткенде Аалы Токомбаевге ыйлап бардым. Атам менен чогуу жүрүп, кичинемден билет эле. "Бөбөгүм, ал таланттуу баланы сактап калыш керек. Ал үчүн..." деп Аалы ата акылын айтты. Ошону менен эртеси түштө жумуштан суранып, үйгө жетип келдим. Келсем, көзүң жамандыкты көрбөсүн, музыканы даңылдап коюп, бир топ мастар тайраңдап бийлеп атышат. Экинчи кабатта элек. Эшик ачык. Стол үстү жайнайт. Мени көрө турган эч кимиси жок. Балдар эшикте ботала болуп ойноп жүрүшөт. Жаным кашайып кеткен экен магнитофонду өчүрдүм да, "Чыккыла эшикке!" деп чаңырдым. Менден мындайды күтүшпөсө керек, бир чети ачууга алдырганда адамдын кебетеси да коркунучтуу болуп кетет го, соолуга түшүп эле эшикке дүрбөп калышты. Уктоочу бөлмөгө кирсем бирөө туфлийчен гана диванда коңурукту кош тартып жатат. Жаактан ары чаптым эле, "Энеңди" деп тамтаңдап тура калды. Халил Бапаев экен. "Энеңди мен..." деп, дагы бир салдым! "Ой, мобу катын соо эмес, жинди болгон" - деп ал да эшикке жөнөдү. Артынан Эрнис да баратат. "Эй, кайда?" дедим желкеден алып, "тиякка" дейт колу менен эшикти көрсөтүп, "кир үйгө, үйүңдөн каякка барасың, олтур!" дедим. Олтуруп калды. Аңгыча эшикти бирөө акырын такылдатат. Ачсам, Базаркул Сагымбаев деген аксакал, "айланайын Жамийла, кечир, костюмум калып калыптыр. Чөнтөгүндө документтер бар. Касыкем менен чогуу иштедим эле, берип койчу" деп жалооруйт. Алып бердим. Ошондон тартып үй да тынчыды, кудай жалгап, Эрнис да эч жакка барбай жаза баштады...
Дүйшөн Керимов




 "Айаттын" адабий клубунда

- Учурда көкөйүңүздү өйүп турган эмне?
- Жазуучулар турмушу жана китеп, эне тил маселеси. Барыле китеп чыгарууга аракет кылып аткансыйт, бирок колго алары аз. Китеп дүкөндөрдө китеп толтура, тилекке каршы, мазмунсуз. Талап жок. Коомду караңгылык каптады. Көркөм образ менен ширелген чыгармалар азайды. Учур адабиятынан жандуу образды таппайсың. Айтор, кыргыз тилин көркөм деңгээлде калыптандыруучу профессионал жазуучуларыбыз көрүнбөй атат. Анан калса, китептердин баасы кымбаттап кеткенин кантесиң.
- Мен билгенден дүйнө адабиятынын казынасына сизчелик баш-оту менен кирген котормочуларыбыз аз. Азыр өзүңүз көрүп аткандай котормо жаатында эмгектенген акын-жазуучуларыбыз суюлду. Арийне, дүйнө казынасынан өрнөк албаган калемгерлерибизден эмне күтүүгө болот?
- Туптуура… Кыргыз адабияты өзү менен өзү калганы - чөйрөсү тарыйт. Бечел бойдон кала берет. Кандай калемгер болбосун, котормого келгенде кажынганга туура келет. Демек, кажынган киши чеберчиликти үйрөнөт. Чыгарманы көркөм каражатсыз жазууга болбой турганын жакшылап түшүнө баштайт. А биздикилердин жазганы жылаңач болуп атканы ошол. Себеби, көркөм чыгарманы шөкөттөгөндү билишпейт. Биз дүйнөлүк адабият, маданияттын улагасын аттамайын, өнүкпөйбүз. Чыныгы акын-жазуучу пайда болбойт. Бизде котормо жанрынын өнүкпөй аткан себеби, бааланбай атпайбы! Котормочуларга калем акы төлөгөн ким бар бүгүн? Алар Пушкин, Неруда, Ахматова ж.б… которгондон көрө өздөрүнүн жазгандарын жарыялаганга кызыкдар.
- Ошондон улам сизге окшогон профессионал адабият өкүлдөрү эгемендиктин учурунда куран, библияны которуп, "Балбай", "Боронбай" сыяктуу романдарды заказдын негизинде жазган үчүн колуңуздар байланып калды да…
- Муну ачык эле айтайын, көроокат үчүн… Мындай өткөөл мезгил поэзия бечараны кор кылды. Жалаң ыр жазуу менен күн өткөрүүгө болбой калса, заказ менен иштебегенде эмне кылат элем. Алган пенсиям 6000 сом эмнеге жетет? Ошондуктан "шабашка" жазагандан башка аргам жок.
- Библияны которгон акыңызга жакшы төлөнгөн дешет?
- Бул - Германиянын заказы. Бирок, жаман болгон жок, бир үй, эки дача, бир "Жигули" сатып беришти. Мен эми ууру кылалбасам, башка эмне кылат элем? Же өкмөтүң, же жазуучулар союзу карабаса. Ал убакта (1994-жылы) Кыргызстандын абалы өтеле кыйын болуп турбадыбы, 500 сом менен пенсияга чыктым. А үйбүлөмдү мен бакпасам, ким багат? Таштап кетемби? Кыскасы, турмуш бизди эмнеге гана мажбурлаган жок! Өзүм ал диндин өкүлү болбосом да, аргасыз көндүм. Болбосо өзүм башынан атеистмин. Бирок, мунун баарына эмнеге баш ийдим? Адабиятка материал болуп берчү жактарын тааныш үчүн. Жакшы жери, динге болгон көзкарашымды, түшүнүгүмдү кеңейттим. Себеби, илимий жагын өздөштүрүүгө да туура келди. Дегеле котормонун өзү кандай котормочу болбосун кругозор үчүн жакшы.
- Атеисттик көз караштагы адаммын деп атпайсызбы, бирок, ишенимсиз кыйын эле болгондур?
- Ичине кирип алсаң, кете бересиң. Ал өзүнчө чоң сөз… Менин айтайын дегеним, котормочулукта эмнени уттурдум? Үч нерсени, болуп-толуп турган жаш курагымды, экинчиси, моралдык жактан утуласың. Себеби, аты сага калбайт, Пушкин же Некрасовго калат. А сенин фамилияң аягына жазылат. О.э. бизде котормону баалабагандыктан, калем акыны башынан эле жеке чыгармасын жазгандарга караганда котормочулар аз алат. Жалгыз бир чоң нерсени уттум, кругозор кеңейип, көзүм ачылды. Менин тилим жакшы сайрап калганы да ошондон. Көкүрөгүм туюк эмес.
- Акыркы убактарда "Агым" гезитине жарыяланып жүргөн эротикалык ырларыңызды окуп, "аний" дегендер көбөйдү. Байбичеңизден тил уккан жоксузбу?
- Уктум. "Өлүгүңдү көрөйүн, ушинтип да ыр жазасыңбы" деп бир жолу айтты, эми ал кемпир болуп калгандан кийин мени кызганат дейсиңби. Ал деле азыр менин эч жакка барбасымды жакшы билет. Ал кездер калды да… "Баягы айтып жүргөн эле сөздөрүң турбайбы" дегенден башка эмне демек эле, унчукпай калды. Бир күнү тээ илгертен берки архивдеримди аңтарсам, бир тобу жүрүптүр. Андагы жеңелеримди карасам, көбү о дүйнөгө кетиптир. Алардын эмнесинен коркот элем, көздөрү өткөндөн кийин жарыялай берейин деп, "Агымга" алып барып берип салдым. Бирок, эротикалык ырлардан абайлаш керек экен. Кээси өтө орой формада жазылып калганын жарыяланып кеткенден кийин байкадым. Көрсө, "тигинин" атын атабаш керек экен. Андай ырларды Ысмайылчасынан "эң керектүү жерди алды, белгилүү жерден белди алды" деген сыяктуу каймана мааниде айтса болгудай. Биз эми эл окуй турган теманы табыш үчүн жазып атабыз да. Баягы замандагыдай эмгекти даңазалап, колхоз, совхоз, партияны ырдай турган мезгил эмес экен, башка эмнени жазабыз? Азыр өтө турган теманы жазышыбыз гана калды.
- Сиз эми өмүрүңүздүн күүгүм мезгилинде турасыз. Сизди азыр эмне ой көбүрөк санааркатат?
- Эң эле жаман жери, теңтуштардын азайганы экен. Тамаша кылыша тургандардын баары тынчыды. Негедир көбү эрте кетти. 60-70ке чыкпай калгандары канча... Баары түшүмө кирет, азаптыкы… Ал эми тирүү жүргөндөрүнүн көбү азыр үйлөрүн алмаштырып, жаңы үйлөргө көчүп кетишти. Бул да баарынан жаман экен. Же үйлөрүнө издеп барып таппайсың, же телефондору өзгөрүп кеткен болот. Азыр жазуучулардын тирүүлөрү кайда, билбейм!!!
Олжобай ШАКИР


Кыргыз эл акыны
Эрнис ТУРСУНОВ:
"Ууру
кылалбасаң, шабашка
жасайсың да..."