Унаанын убай, көйгөйү

"Консерва калай" автобустар, жыкжыйма карылар
Кезегинде шаар бийлиги кыйкырып, зор жетишкендик катары жар салган кытай автобустарынын Бишкек көчөлөрүндө жүргөнүнө жарым жылча убакыт өттү. Ар бири арзан эмес баада, мамлекет, демек эл акчасына келген, адегенде көз жоосун алгыдай көркөм унаалар "консерва калай" атка конуп, көөнө көчөлөрдө баратып калдыраса ичинен түшө кача тургандай акыбалга тез эле жеткени кейитет. Кайран эл ырыскысы... Ырас, алакандай Кыргызстан тургай бүткүл дүйнө рыногун кытайсыз элестетүү кыйын. Кантсе да калк башчылары көрөсөн, сарамжал болсо дейсиң. Мүмкүн бу жалтырак автобустар Бээжин, Шанхайдын жибек жолуна ылайыктыр. А биздин баш калаанын жаңы асфальтталганы үч жылдан ашпай жыртылган, көбү эски шымдай жыл сайын жамаачыланган көчөлөрүнө баягы эле Орусиянын, аттиң, колдон келсе батыштын бышык автобустарын алсак болоор беле. А балким акчасыз чечилбеген мындай иштерде биз билбеген "сыр" бардыр деген ой аргасыз келет.
Ушул унаага улай дагы бир маселе, пенсионерлердин автобуска толуп алышканы. Эми алар эмгек сиңирди, эртең барыбыз карыйбыз дейли, бирок бекер десе эле үйүнө олтурбай калган жарыктык карылырга, ишине, окуусуна бараткандарга топурап жолтоо болбогула, жарым кило картошка үчүн "Асанбайдан" Ош базарына күндө бара бербегиле, планын толтура албай ыйлаган айдоочуларды аягыла ж. б. деп, кантип айтасың? Бул жагын да шаар бийлиги ойлонуштуруп, пенсиядагылар каниет этээр жөлөк пул (компенсация) сыяктуу ыкмаларды караштырса чабагандагандар сээлдеп, жол жүрүү ыңгайлашып, мамлекетке деле пайдалуу болоор деген жаман ой.
Дүйшөн КЕРИМОВ




  Таштанды калаа, тар дүйнө

Үйүңдү, көчөңдү, калааңды, талааңды карачы...
"Атамекенди албетте, ашкан байлыгы ташкан учурда сүйүү анчалык кыйын иш эмес. Биз аны алсыз кезде, кем кезде, кор болуп жапа чегип аткан мезгилде, атургай акылдан айнып, жерде калып бузулган кезде сүйүшүбүз керек".
Василий Розанов

Мындан беш жылча мурда ынак жолдошум менен Ошко барганыбыз. Таңзаар Сулайман такка зыяратка чыгыбаткан жолдо өзбек мааленин келиндери жапырт дарбаза алдыларын шыпырып, тазалап аткандарын көрүп, шеригимдин "Булар эмне, тойго камынып жатышабы?" деп, таңгалганы эсимде. Өзбек туугандарда жашап келаткан мындай ар күнү таң менен тазалануу адаты негедир бизге жукпаганы башкасын кой, баш калаабыздын бүгүнкү таз кейпинен кашкайып көрүнүп турат. Кайда барба, акыр-чикир (антисанитария). Сөз жок, шаарды ар күнү тазалап турган коммуналдык ишкана иштейт жана ага миллиондогон акча жумшалат. Тээ союз доорунда да ушундай болчу, бирок андагы борбор калаа таптаза эле. Шаардыктар гана эмес, алыскы айылдардан келген меймандар да, "Фрунзеге барабыз" дешип, күзгүгө көрүнчүдөй таза, тыкан кийинип келүшчү.
Эми эмне болду? Далай мэрлердин мээсин чириткен, бу тазалык маселеси улам алмашылган жаңы калаабашчысы, "Оңдойм, тазалайм!" деп канчалык "катуу" киришкен сайын көчүгүнөн кетип, байкуш Бишкектин ботала акыбалы ого бетер оорлоп баратканы. Эң жаманы, бу ашмалтай турмушка эл биротоло аралашып, таптакыр кайдыгер болуп бүткөнү.
Эсимде, балагезде жайлоонун конуштарына ат, төө менен көчөөр элек. Жүк жүктөлүп, жуп аттанаарда кол чаначтагы кымыз кыдырата сунулуп, бата тартылары менен энелерибиз айланадагы ыпыр-сыпырдан өйдө тердиртип, өрттөгөнүн өрттөп, калганын кемегеге көмүп, анан жолго аттанчубуз.
Муну айтканымдын себеби, кыргыз үйүндөй конушун ардактаган, а табият менен эриш-аркак, жуурула жашаган, өзү да жаратылышындай пакиза эл, эми минтип таштандыга аралаш күн кечиргенге кадимкидей көнгөнү ызалантат. Ооба, жер муштап ыйласаң да кайдыгер адат, жорук турмушубузга бекемделип, тереңдеп барат. Эң жаманы, өзүбүздөгү шалаакы, жалкоолук, дегеле бардыгын бийликке же бирөөлөргө төңкөй салган жалаакор адатка да өзүбүздү салып бергенибиз.
Жок десең, үйүңө көз чаптырчы… келиниң, аялың же өзүң күн чыгалекте короо сыртын гой, корооңду шыпырасыңбы? Көчөңдү, калааңды, талааңды, дене боюңду… дегеле кыргыз деген ысымыңды сыйлайсыңбы? Аламүдүн, Ош, Дордой ж. б. базарларга барсаң, окшуй турган абал. Жаңы конуштарды кытай баштык басып жатат. Ал эми эң ардактуу делген, мамлекеттик көзөмөлгө алынган Ала-Арча капчыгайына барып көргүлө, ыпластыктан кайран кооздук шолоктоп турат.
Мамлекет кантет, төрөлөрдүн ойлогону Акүй, көкүй же андан артаар устукан, сарпай, сака… Байлар болсо эл эсебинен туйтунганы эстеринен эбак чыккан, жөө эмес, төө минсең да боюң жеткис коргондоруна бекинип алышты. Ишенээр депутаттардын көпчүлүгү да ошол байбачалардан куралган. Кыскасы, аларың эл эмне болубатканы менен анча иши жок, айлана-чөйрөнү караңгылатылган айнек аркылуу гана карашат.
Эми эмне кылабыз? Денсоолуктун, узак жашоонун үч-төрт булагы болсо, негизгиси, тазалык делет. Кыргызды да кыйырсыз кылымдардан бери сактап келген шыпаа табиятындай тазалыгы эмес беле. Корооңду, үйүңдү, көчөңдү, боюңду таза кармаганга чама-чаркың, намысың жетет эле го…
Дүйшөн КЕРИМОВ




  И-ий, баса…

Ким кайда жүрөт?
ЖК экс-депутаты, экс-губернатор Жантөрө Сатыбалдиев азыркы өлкө саясатына сын айталбай чыдап, "тилимди тишке каттым" деп, спорт клубдардын биринде булчуң этин жүрөт дейт чыңап…

Өз ырынан мурда котормо деп, чыгыш акындарынын акылын эккен, тайманбаган эч качан ханың менен бектен, чылымды баса-баса чеккен, белгилүү акын Кыялбек Урманбетов Чоңарыктан жер үй алып, тоо таянып кеткен.

"Агымдын" "Жолбүгүн" рубрикасын катырган, Алым Токтомушев деген ардактуу инсаныбыз бар, дүйнө адабиятын тулку-боюна батырган. А киши азыр байма-бай ооруканадан ооруканага каттап, негедир сыркоолоп жүргөн кези бат-бат.

Аскар Акаевдин маңдайдан сылап өстүргөн иркектештеринин эң эле жоошу, Кубанычбек Жумалиевдин эмнеге чыкпай жүрөт десек доошу, учурда анын да колунда бар деп угабыз бир чо-оң бизнестин боосу…

Экс-элчи, акын Акбар Рыскулов учурда өз арбайын өзү согуп, анда-санда бильярд клубдарына барып коюп, чыгармачылык дүйнөсү менен гана жашап жүрөт, саясатка тоюп.

"Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев менен "Улуу биримдик" кыймылынын төрагасы Эмил Каптагаев учурда кайда? Шаардык прокуратура кызматкерлери алардын кеңсесин аңтарган күндөн баштап, абактан коркуп экөө тең дайын-отун таптырбас жайда…




  Кысылган кыргыз жери

Көп коркутат, терең - чөктүрөт
(Уландысы. Башы өткөн санда)
Мен буларды неге саймедиреп жатам? Кыргызстанда кытайлыктардын ээн-эркин түрдө энесинин үйүндөй жайланып жатышы, кыздарын алып, жарандыгына айланышы, демек, демографиялык өсүшү өтө эле жогору. Азыр бизде аларды кыргыз өлкөсүнүн эч бир мыйзамы да, күчү да коркута албайт. Азия чөлкөмүндө эле эмес, дүйнөдөгү бай, экономикалык жактан күчтүү Сингапур, Малайзия өлкөлөрүнүн да курамынын негизи, тагыраагы 70-80 пайызын кытайлыктардын түзүп калышы биз үчүн жок болуунун коркунучу. Эгер кыямат кайымдын бар экендиги анык болсо дал ошондо жок болгон сыңары эле кыргыз калкы кытайлыктардын тепсендисинде жоголушу турулуу иш. Кытайлыктарды биз ушинтип киргизе берсек, аз жылдарда бүт биздин тагдырыбыз алардын колуна өтөрү эч шексиз жана жергиликтүү элдин саясий-экономикалык салаалардагы жолу жакында бүтүндөй түрдө алардын амиринде болуп калат. Анткени, көп коркутат, терең чөгөрөт. Биз жөнүндө "биерде палан кылымдарда төлөн деген эл жашаган" дегенди кийин башка элдер тарых, чежирелерден гана окуп калышы ажеп эмес.
Ушул тапта, маалымат билдирүүлөрүнө таянсак, Филиппин өлкөсүнө кытайлыктар кумдай чубуруп куюлуп жатат. Кытайлыктардын чапчаң аттанышы менен демек, Филиппин да аз жылдарда Сингапур, Малайзиянын кейпин кийери күдүксүз. Муну байкап, билген кичинекей өлкөлөр-Тайланд, Камбоджа, Будней, Лаос, алардан ирирээк Вьетнам менен Индонезия кечигип болсо да "тынч баскынчылар" кытайлыктар үчүн эшигин жаба баштады. Ошентсе да аларга мурдараак кирип алган кытайлыктар ээн-эркин жашап жатышат.
АКШга кытайлыктар тымызын, жашыруун жагдайда Атлантика мухитин бойлоп Нью-Йорк аркылуу, Тынч мухити менен Калифорния жактан көбүнчө өзгө элдердин жүк, товарын ташыган жапыз кемелерине жашырынып кирип жатышат. Американын күзөт, байкоо кемелери күндөп-түндөп чычкан аңдыган мышыктай деңиз үстүн телмирип, текшерип жатышканына карабай, кытайлыктардын өтүп кетиши кызык! Арийне, алардын өтүп кетип жатышына ошол эле Американын өзүндөгү уюшкан кылмыш топторунун да салымдары барлыгы талашсыз.
Эртең Сингапурдун кайгы-касиреттүү жагдайы бизде кайталанбашына, өз топурагыбызда ансыз да азчылыкты түзгөн биз сай-сөөктү зыркыраткан бул муңдуу жагдайга алдын-ала кам көрүшүбүз, эң эле жок дегенде президент, өкмөт өзү шашылып, быйыл чечкиндүү киришкенге милдеттүү эмеспи? Мен, соңку кездерде айтылып, жазылып, аракеттер көрүлүп жаткан Кашкар-Үрүмчү, Ош-Анжиян темир жолунун курулушун түк каалабайм. Биз кытай менен жакын коңшу экенбиз, алыстан туруп гана сыйлашышыбыз керек. Биз, ооба, эч качан муну унутпашыбыз керек - кытайлар Чыгыш Түркстанды да оболу жибек, шайысын ташып, соода кылып жүрүшүп, акыры басып алышкан. "Кытай кыймылдаса кылым кыйшаят", бул төгүн, кетик сөз эмес. А набаада кытай кыймылдаса, "а" деп оозун ачканда эң биринчи жеми биз болорубуз айныгыс чындык. Арийне, мен улутчулдук кылайын деген ниетте эмесмин, ошентсе да Борбор Азиянын түрк тил калктары эсибиз барда этек жабып, биригип, кытайлыктар үчүн дарбазабызды шашылыш түрдө жабышыбыз зарыл!
Бектуруш САЛГАМАНИ