Күйгөндөн айтам бир сабак

"Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев
"Катуу бассаң да, акырын бассаң да балээ" дейт
"Эгерде коом бири-бирин мурдунан сүйрөп жүрбөгөндө, адам сыягынан айрылып калмакпыз".
Франсуа де ЛАРОШФУКО

- Демократиялык принциптерге таянган оппозиция президентке оңолууга мөөнөт берип атса, радикалдар "бул бийликти көргүбүз келбейт" деп ачык айтып чыкты. Ошентип олтуруп чыр-чатактар ырбап кетпейби?
- Элдин бийликке нааразычылыгы абдан чоң. Бирок, бийлик күнөөсүн моюнга алгандын ордуна, акыркы убактарда бардык жамандыктарды оппозицияга такап, "оппоцизия күнөөлүү" деп четке чыга берүүнүн айла-амалында. Бийлик өзү да актангандан, кимдир бирөөлөрдү күнөөлөгөндөн чарчагандыр, бийликтин иштей албаганынан, жакшылык, акыйкаттык күтө бергенден эл тажады. Кандай деген күнү да бийликтин жоопкерчилиги болуш керек, эгер эртең кандайдыр бир чыр-чатак чыгып, кыйынчылыктар болуп кетсе, бул - бийликтин күнөөсү.
- Оппозиция "бийлик кемчилигин кашкайта көргөзүп, оңолуу жолуна түшүүнү сунуштап келатабыз, бирок бийликтин оңололу деген ою, мамлекетти кризистен чыгаруу программасы жок" деп атасыздар, чыны ошондойбу?
- Биринчиден, бийликтин олуттуу түрдө оңолуунун жолун издеген программасы жок. Экинчиден, программа түзүп, билекти түрө иштегенге булардын каалоосу жок. Анткени, бийлик кумары деген жакшы, май көл, сүт көл жашоо жагып, "канчалык узагырак олтурсам, ошончолук көбүрөк байыйм, көбүрөк бийликтин убайын көрөм, жакындарымды байытам" деп өз кызыкчылыгынынан көтөрүлө албагандар көп. Бүгүнкү бийликтин 2005-жылы марттан кийин системаны, бийлик саясатын кординалдуу түрдө өзгөртүүгө абдан жакшы шарттары болгон. Өзгөртүүнү жасаганга эрктери жетпеди.
- Элдик курултайга сын айткандар "партчогулуш өткөргөн оппозиция сүйлөп-сүйлөп тарады, өздөрүнүн программасы жок" дешти.
- Курултайды негизги оппозициялык саясый партиялар өткөрдү. Биз ар бир партияга квота берип, республика боюнча өкүлдөрүн алып келишти. Башка кандай өткөрүшүбүз керек эле. Баягы "катуу бассаң, таскаксың, акырын бассаң, аксаксың" дегендей эл чогулуп, имараттын ичинде сүйлөшсө да, сын айтса да, сунуш берсе да жакпайт. Программасы жок дегендерге түшүнбөйм, биз консепцияны берип атабыз. Консепция деген программа, жакынкы кыла турган иш, ошондо бары жазылып турат. Бизге кандай мамлекеттик бийлик керек, бийлик бутактары кантип иштеш керек, ар-бирин көзгө сайа көргөзө жазылган. Бул программа эмеспи, түздөн-түз программа. Экинчиден бүгүнкү корупциялашкан бийликти жамаатташ кылыш керек. Жерибиздин ичинде жаткан кен байлыктар, ошонун ичинде суу, алтын, көмүр, булардын бары Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштеш керек. Анын кантип иштетиш керектигин айтып атабыз. Бул эмне программа эмеспи? "Энергетиканы уурдашты токтот!" деп талап кылып, токтотуу жолун да, ага кимдер күнөөлүү экенин айтып атабыз. Мындай да, бийликтин акырынан жем жеп жүргөн саясат таануучумун деп, өздөрүн тааныштыргандар атайын оппозицияны каралап, программасы жок деп атышат . Программа жок эмес, бар. Иштей турган адамдар, элдин ишенимин арта турган адамдар да бар. "Оппозиция бириге албайт" деген да жалган сөз, биз чогулуп атабыз. Биз оңолууга, жакшылыкка үндөп атабыз. Бирок бир командабыз деген бийлик деле өздөрүн-өздөрү уят кылып, бири-бирине кесилген бармак, кулак салып атышпайбы.
- Бир кезде ыраматылык Докебиз "оппозиция таштанды челек эмес, бийликтен ыргытылганы келип түшүп калгыдай" деп айткан эле. Анан бүгүн карасак, араңардагы кечээ бийликте жүрүп, бүгүн оппозицияга жүгүрүп келгендер элди иренжитип атпайбы. Демек, ким кааласа, оппозициямын деп кыйкыра берсе жарашабы?
- Оппозиция деген бүгүнкү бийликке сын көз караш менен карап, туура эмес ишин айтып турган күчтөр. Барын электеп, эреже таап, "сен жарайсың, сен жарабайсың" дегенге эч кимдин укугу жок. Саясат деген ошондой. Бүгүн сен оппозициясың, эртең бийликте болосуң. Кечээ Бакиев менен иштегендер бүгүн кетишке мажбур болуп отурушат . Ар бир адам жаңылат. Мүмкүн ал кандайдыр бир ишеничке, сезимге алдырып, ушундай болот го деп ойлоп барган. Кийин конкретүү иш-чарадан көргөндө, көңүлү калып, тура эмес иштерин сындап чыгат. Бийликтен кеткенден кийин сындап чыкса, "сен жамансың" деп айтканга болбойт. Чындык өзү ачуу болот. Чындыкты айткандар, көп жага бербейт. Бардыгына убакыт гана тараза.
- Темир мырза, сиз канча жылдан бери Мелис Эшимканов менен кан доссуз. Бүгүн Мелис мырза УТРКны жетектеп турганына байланыштуу көпчүлүк учурда кечээги досторун сындап келатат. Анан эл да "сенин досуң" деп ыңгайсыз суроолорду берсе керек. Сиз да ушу темада досуңуз менен ачык-айкын сүйлөшүп, талашып-тартышып көрдүңүзбү?
- Эми ар кимдин чындыгы бар, Мелистин да өз чындыгы бардыр. Ушу суроону мага көп беришет, бирок мен достукка бекем адаммын. Ушул убакка чейин эң жакын досторум мектептен бери келе жаткан классташтарым. Досчулукту баалап, досту да күтө билиш керек. Бир сөзгө, же бир сынга алдырып, көңүлүн калтыргым келбейт. Досчулукту убакыт сынайт. Албетте, көп учурларда элден, тааныштардан "силер кантип дос болуп жүрдүңөр эле?" деген ж.б ачуу сөздөрү угуп жүрөм. Мүмкүн буйрук ушундайдыр, муну да көтөрө билиш керек.
Жылдыз Мусабекова




  Сандан-санга: сабиременний санжыра

…билесиңер, бирок айтпайсыңар
"Эң коркунучтуу душман - эски достордон чыгат".
Бальтасар ГРАСИАН

Достошуп жүрүп касташкандар
Курманбек Бакиев менен Үсөн Сыдыков.
Кубатбек Байболов менен Болот Шерниязов.
Өмүрбек Текебаев менен Мелис Эшимканов.
Марат Султанов менен Абдыганы Эркебаев.
Алмаз Атамбаев менен Темир Сариев.
Роза Отунбаева менен Адахан Мадумаров.
Салима Балтаева менен Айбек Карымов.
Шайырбек Абдрахманов менен Мелис Эшимканов.
Актан Арым Кубат менен Замир Эралиев.
Ишенбай Кадырбеков менен Данияр Үсөнов.
Кадыркул Даутов менен Төлөгөн Касымбеков.

Касташып жүрүп достошкондор
Топчубек Тургуналиев менен Азимбек Бекназаров.
Исмаил Исаков менен Аликбек Жекшенкулов.
Нурлан Мотуев менен Турсунбай Бакир уулу.
Нургазы Айдаров менен Акматбек Келдибеков.
Алмаз Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев.
Айчүрөк Иманалиева менен Динара Акулова.
Түгөлбай Казаков менен Дастан Сарыгулов.
Ассоль Молдокматова менен Бейшенбек Бекешов.

Жең ичинен достошкондор
Клара Кабилова менен Темир Сариев.
Өмүрбек Текебаев менен Адахан Мадумаров.
Феликс Кулов менен Курманбек Бакиев.
Эдил Байсалов менен Азиза Абдурасулова.
Аскар Акаев менен Темирбек Акматалиев.
Урмат Барктабасов менен Мукар Чолпонбаев.
Мухтарбек Өмүракунов менен Мелис Эшимканов.
Медет Садыркулов менен Каныбек Иманалиев.
Өмүрбек Бабанов менен Рахат Ирсалиев.
Ибрагим Жунусов менен Адахан Мадумаров.
Алмаз Атамбаев менен Медет Садыркулов.
Калык Иманкулов менен Акматбек Келдибеков

Эзилишип достошкондор
Асылбек Өзүбеков менен Болот Шерниязов
Ишенбай Абдуразаков менен Муратбек Иманалиев.
Кыяс Молдокасымов менен Султан Абдырахманов.
Бакыт Бешимов менен Роза Отунбаева.
Эрнист Кыязов менен Шайырбек Абдырахманов.
Аалы Туткучев менен Азамат Болгонбаев.
Алым Токтомушев менен Айылчы Сарыбаев.
Жыргалбек Касаболотов менен Олжобай Шакир.
Кубанычбек Жумалиев менен Аскар Акаев.
Акбар Рыскулов менен Түгөлбай Казаков.
Шайлообек Дүйшеев менен Сазыкбай Турдумалиев.
Рамис Рыскулов менен Венера Бөлөкбаева.
Сабыр Жумабеков менен Адахан Мадумаров
Аскар Салымбеков менен Амангелди Муралиев

Тиш кайрашкан "достор"
Турсунбек Акун менен Турсунбай Бакир уулу.
Жаныбек Жанызак менен селдечендер.
Абдылдажан Акматалиев менен Мамасаалы Апышев.
Нариман Түлеев менен "Учур" гезити.
Медет Садыркулов менен Үсөн Сыдыков.
Бегаалы Наргозуев менен Бакыт Сыдыков.
Канат Култаев менен Темир Назаров.
Ассоль Молдокматова менен Мелис Эшимканов.
Байма Сутенова менен Гүлжамила Шакирова.
Кыргызбай Осмонов менен Темир Бирназаров.
Чечек ЧЕРИК