Чайкама

Жулкунбай тургула, журналисттер!
Жылуулук-энергетика жана өнөржай тармагынын министри Ильяс Давыдов "24.kg" МАнын маалымат жыйынында котологон журналисттерге Өзбекстан менен Кыргызстан ортосундагы жаратылыш газына болгон сүйлөшүүлөр натыйжалуу болгонун айтты. Натыйжалуусу ушул: "Кыргызгаз" ачык акционердик коому билдиргендей, келерки жылдан тарта 1 миң кубометрине болгон газ баасы 300 доллар өлчөмүндө болору али бышык эмес экен. "Алдыда сүйлөшүүлөр дагы болот, андыктан журналисттерден суранаарым, эмоцияңарды чектей тургула" деген өтүнүчүн да кепке кыстара кетти.

Генералдар кетет, кетпейт?..
Кечөө ЖКнын КСДП фракциясынын өкүлү Жусупжан Жээнбеков парламенттин үч фракциясы катышкан ачык жыйында билдирүү жасады. Анын кайнаган ачуусу "Баяман Эркинбаев, Раатбек Санатбаев окко учкан учурда Молдомуса Конгантиев Бишкек ШИИБин жетектеп отурган, анан кайсы эрдигине учурда Ички иштер министри болуп отурат" деди. Ошондой эле Молдомуса мырзаны жана мурда ИИМде министр, азыр УККнын төрагалык кызматында отурган Мурат Суталиновду кызматтан алуу маселесин Бакиевдин өзүнө айтмай болду. Күч органдарынын лөктөрүн Жусупжан мырза бул опузасы менен коркута алабы, жокпу?

Жол көп болсо, иттин башы маң
ЖКнын "Акжолчу" депутаты Нарынбек Молдобаев Бишкек ТЭЦин …1 долларга сатуу сунушу менен өкмөткө кайрылды. Депутаттын айтымында, бүгүнкү күнү Бишкек ТЭЦи 450 миллион долларга бааланса, аны алчу инвестор 250-300 миллион долларга ремонт иштери менен жылуулук жабдыктарын сатып алышы керек экен (көмүр, мазутту эсептебегенде). "Мындай чыгымы көп тармакка инвестор чыгышы күмөн. Эгерде биз айрым Европа мамлекеттеринин практикасын колдонуп, миллиондорду суранбай, ТЭЦ баасын бир долларга түшүрсөк, акчалуулар кылчактабайт. Бирок келишимде сөзсүз электр энергиясына, сууга жана жылуулукка тарифтердин өсүшү бир жылга 5 пайыздан ашпаш керек. Ошондо 10 жылда тарифтердин өсүүсү болгону 30 пайызды түзөт дейт. Жооп барбы?

Төлөйкан Исмаилова эмнеге сыздап калды?
Белгилүү укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованын өмүрлүк жолдошу Асылбек Исмаилов 2008-жылы 13-августта чыдамсыз оорудан Ысык-Көлдүн Григорьевка айылынын үйбүлөлүк врачтарына кайрылса, алар жүйөсүз себептер менен Ысык-Көл райондук ооруканасына жолдомо берип, ортодо акхалатчандардын кайдыгерлигинен Асылбек Исмаилов 16-августта Бишкектеги Улуттук госпиталда көз жумган. Бул боюнча гезитибиздин кийинки санында КРнын Генералдык прокуратурасына кайрылган адвокат Нина Зотованын арызынын негизинде маркумдун өлүмүнө себеп болгон окуяны толугу менен жарыялайбыз.

Орунбасарлар оодарылмай болду
Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы Касымбек Мамбетов өкмөт жетекчилигинен эки мерте удаа-удаа сөгүш алса, аталган министрликтин дагы бир орунбасары Мадамин Каратаев мөөнөтсүз эсалууга чыкты. Эми ал да ордуна кайра келер-келбеси, Акүй амиринде. Анткени мындан бир ай мурун Мадемин мырза башында турган биртобу пайдаланууга жараксыз, мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектерди пулга айлантканы маалым.

Кыргыз кызын зордуктаган америкалык
АКШнын Огайо штатынын Элирия шаарчасында 41 жаштагы күйөөсү зордуктаган Кыргызстан жаранынын тагдырын (аты аталбаган) "The Chronicle-Telegram" гезити жазып чыккан. Жабырлануучунун айтымында, Томас Килей аттуу америкалык дөөпүрөс менен кызматтык байланыш аркылуу 2007-жылы таанышат. Бара-бара аялына эбедейи эзилип жүргөн Килей кызганганынан кызаңдачу боло баштайт. Окуя 2008-жылы мартта эсалуу үчүн Флорида шаарына учаар мезгилде, аба ырайы кескин өзгөргөндүгүнө байланыштуу самолет учпай калып, экөөнүн ортосунда чыр чыгат да, чабыша кетишет. Үйлөрүнө кайтып келгенден кийин Килей эргул аялынын колу-бутун байлап, зордуктагандан кийин, коңурукту кош тартып уктап калат. Бул учурда аял бечара аркандан бошонот да, үйдөн качып чыгып, "991" кызматына телефон шыңгыраткан. Бирок, сот залында Килейдин адвокаты Джек Бредли кыргызстандык аялды "жанын жеген калпычы сойку" деп мүнөздөгөн. Адвокаттын айтымында, биздин жаран күйөөсүн таштап, учурда Кыргызстанда жашап жаткан уулуна (Килей экөөнүн канынан) кайтып келүүнү гана көздөгөн.

Калпты-чынды карабай урдурчу десек…
Кыргызстан мусулмандар уюмунун Турсунбай Бакир уулунан кийинки анабашы Нурлан Мотуев редакциябызга телефон чалды. Жер-жерди түрө кыдырып жүргөн Н.Мотуевдин айтымында, Т.Бакир уулу экөөнү бир гана жергиликтүү бийлик ээлеринин кыртышы сүйбөгөнү болбосо, түштүк жергеси менен таластыктар жылуу кабыл алыптыр. Ал эми Ысык-Көлдүн күнгөйүнөн башталган эл менен жолугушуулары жакшы уланып келип, Түпкө жеткенде, алар акылдарына келип калганына күбө болдук дейт. Себеби, жазындагы Каркыра талашын бетине кармаган оппозиция өкүлдөрүнө караганда бизди кучак жайып кабыл алышты деп мактанды. Дагы эмнени мактанат деп турсак, мактанган жок, даттанды. 1000дей мусулман жума намазга жыгылып, элге дабат айтып, Балыкчыдан чыга бергендеги МАИ постунан УКК жана милийсанын алдуу-күчтүү чоролору бизди колго түшүрүп, 7 саат суракта отурдук деп, күч органдардын аракетине наалыды.

Өкмөт алмашылмай болуп атат
Кечөө ЖКнын үч фракциясы катышкан жыйын залында Игорь Чудинов 2009-жылы жаз алды менен мүмкүн, өкмөт курамы толук бойдон алмашылат деген оюн билдирди. Мурдакылардын отчетун угуп, кийинки келчүлөрдүн антын ала-шалбыртта уга турганыңды күтө бер, кыргыз.

Ура, көк жылгаяк тебебиз!
Так бүгүн Бишкектин Чыгыш өндүрүш аймагында көк жылгаяк аянтчасынын расмий ачылышы өтөт. 16.00дө бетачар аземи болуп, Кыргызстандын кыйын хоккеисттери кызык оюн көрсөтөт, келгиле!

Текебаев кесе жооп айтты, ишенесиңби?
"Азаттык" кыргыз бийлиги тарабынан оппозициядагыларга куугунтук, кысым башталгандыгын АКШда жүргөн Өмүрбек Текебаевден сурады эле, ал: "Бийлик акыркы күндөрүн жашап жатат" деп билдирди.

Кудай урган учурда, күчөдүбү кутурма?
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы Жалалабат облусунда дагы бир чырактай бала кутурган иттин азуусунан ажал тапканын маалымдады.