Сырдакана

Ырчы Асел Турдалиева:
"Кайраттуу мырза барбы?"
Коңур алтын күздү, жадыраган жазды жактырып, нөшөрлөгөн жамгырда жылуу төшөктө телевизор көргөндү жакшы көргөн, бир кыздын мээримдүү энеси, учурда жашоосунун "спутнигин" күткөн белгилүү айымыбыз чын дилден маек курду.

- Акыркы кездерде сахнадан көрүнбөй кеттиңиз…
- Алыстабай эле, 3-4 айдан бери чыгармачылыктын үстүндө катуу иштедим. "Жүрөгүмдө генерал" аттуу ырыма клип тарттырдык, көп каражат жумшалды. Демөөрчүлөр, колдоочулар арбын болду. Ырдын автору - Бек Борбиев. Патриоттук тема болгондуктан Ички иштер министрлиги, бардык Ата-Мекенди коргоочулар жакшы колдоо көрсөттү. Сентябрда тартылып бүтүп, 5-ноябрда бетачар аземин жасап, Мелис Асаналиевичтин колдоосу менен зал, эфир берилди. Ар кайсы улуттагы генералдар бар эмеспи. Жеткиликтүү, түшүнүктүү болуш үчүн орусча вариантын да иштеп чыктык. Азыр жаңы альбомдун үстүндө Эркин Мээрканов менен иштеп атабыз. Ырларыма ылайык костюмдарым даярдалууда. Жеке концертимди өткөрүүгө катуу даярдыктамын, өзүм да концерт бергенди сагындым. Буюрса, театрлаштырылган, жогорку деңгээлдеги концерт болот.
- Чыгармачылыктан тышкары ишиңиз менен да жаныңыз тынбайт көрүнөт. Эс алуу жагы кандай?
- Эртеден кечке чуркаган жаным үйгө бутумду тарталбай келем. Кызым экөөбүз кучакташып көрүшүп, өбүшүп алсак, чарчаганым жазылгансып калат. Үйдө аялдын ролун аткарганга да убактым жок, сиңдим бар. Үй оокаттарын ошол жасайт. Кээде эс алган күндөрү өз колум менен тамак жасап берем. Саат он экиде укташым керек. Мурда эки-үч саат уктап алып эле кете берчүмүн. Азыр өзүмдү-өзүм аяп, сүйүп, кичине болсо да сыйлап калдым. Анткени эрте картайып, сулуу көрүнбөй калгым келбейт. Аял иштегенде да эс алып, өзүн-өзү караганга жетишиши керек.
- Сахна менен кош айтышам деген оюңуз жокпу?
- Жок, коштошалбайм го. Сахна - бул менин жашоом, өзүмдү сахнасыз элестете албайм. Энемди, биртуугандарымды кандай сагынсам, сахнаны ошондой сагынам. Жасай элек иштерим көп. Келечекте көп ой-максаттарым бар. Ушул эле институттан кафедра ачсам, чыгармачылыгыма байланыштуу мектеп, өзүмдүн чакан бизнесимди ачсам дейм. Адам алдына максат коюп жашабаса жашоонун кызыгы жок да.
- Турмушка чыгып, кызымды жалгыз кылбай, наристелүү болсом деген ой жокпу?
- Жүрөгүмдүн түнөгүн таап, ачкычын ачкан чыныгы эркекти жолуктурсам, албетте турмушка чыгам. Мага күйөө болуш үчүн моралдык, материалдык жактан колдогон кайраттуу мырза болушу керек. Себеби эркекке болгон талабым өтө күчтүү. Такыр жок деп айталбайм, сүйлөшүп, жолугуп жүргөн адамым бар. Чыгармачылык деп эле сүйгөн адамыңды унутуп, көңүл бурбай койсоң да болбойт. Мен азыр "жашоомдун спутнигин" күтүп жүрөм.
- Кызыңыз сиздин жолуңузду жолдоп ырчы болом дебейби?
- Кызым он бирге чыкты. Физика-математикалык мектепте 5-класста окуйт. Искусствого абдан жакын. Менин чоң сынчым да, кеңешчим да ошол. Ар бир эле ата-эне өз баласын мактайт эмеспи. Мен да мактап коеюн. Жакшы ырдап, жакшы бийлейт. Бирок мен кызымдын жогорку окуу жайда билим алып, чет мамлекеттен билим алуусун каалайм. Ырдаса, өзү үчүн ырдай берсин, мага окшоп чыгармачылыктын түйшүгүн, азабын тартышын каалабайм, кызыма кесипти мен тандайм.
- Аял кайсы учурда бактылуу?
- Мен дайыма бактылуумун. Бакыт мен үчүн - ата-эне, биртуугандар, достор, кесиптештер. А кызым болсо эщ чоң бактым.
- Азыр таш ыргытсаң эле ырчыларга ти ет…
- Ооба, ырчылар көбөйүп кетти. Жаштар биринин артынан бири чыгып атат. Таң калганым, үндөрү, костюмдары, ырлары да окшош. Бирок, арасында чыныгы таланттуу балдар-кыздар бар. М. Атабеков, С. Искеналиев, кыздардан Неля катуу иштеп атат. Абдан эмгекчил кыз. Ушул темп менен кетсе, Неля жакшы даражага жетет. Мен баалаган жигиттердин бири Ома. Жийдеш деген ырчы кызыбыз да келечекте көп нерсени үмүттөндүрөт.
- Көз жаш сиз үчүн…
- Мен күйөөгө тийген жылдары ызакорлугуман көп ыйлап коюптурмун. Ажырашкандан кийин өзүмө "экинчи ыйлабайм" деп убада бергем. Сүйүнүчтөн да көз жаш болот эмеспи. Азыркы көз жашым - сүйүнүчтүн көз жашы.
- Балалыктан бир элес…
- Өтөле тың, шок, тентек кыз болчумун. "Разборкадан" башым чыкчу эмес. Азыр кызымды көрүп, өзүмдү, балалыгымды көргөндөй болом. Өткөндө машина менен үйгө келатсам, кызым аябай чуркап, маршруткага келатыптыр, шашып алган. Мени байкаган да жок. Токтой калып "эмне болду?" десем, "ой, мама, сиз белеңиз, мен мектепке шашып баратам" дейт. Кызымдын баскан-турганы, сүйлөгөнү, тыңдыгы кудум эле мен. Албетте, сүйүктүү кызым өзүмө окшоп калганы сүйүндүрөт. Ал менин келечегим, үмүтүм.
Аида БАБИРШАЕВА




  Эссе

Сөөк
Төрдөгү жедеп эскирген төшөктөн эки жаагы шилинип, көздөрү чүңүрөйгөн сөөк копшолуп алды. Мурунду жарган каңырсыган жыт үй ичине толо түштү. "Адамдын ичээр суусу түгөнөргө кырк күн калганда дени өлүм сасып, өлүм жыттанып калат" деген чын окшойт деп ойлодум.

Оору аны сүлүк курттай эле сорду. Жабышкан дарт акыры жанды албай койбойт дешеби, айтор канчалык алпурушса дагы чырмалган чынжырдын кучагынан чыгалбады. Эртеден кечке жата бергенден тажады. Ажал ага күндүзү күн болуп тийип, түнкүсүн терезеден ай болуп шыкаалады, көзүн жуумп зорго уктаса колдорун барбайтып-тарбайтып сөлөкөт болуп түшүнө келет мейманчылап. Жаңы төшөк тартып калганда өлүм жөнүндө ойлогусу келчү эмес, андай ойду өзүнөн алыс куучу, ага жандүйнөсү жол бербей… Жашоого тое элек кези эле. Курган үмүт… Бат эле эл катарына кошулам деген. Бирок, арадан жылдар көп өтүп кетти. Оголе көп. Же ишке, же төшөккө жарабаган жарым жанды аялы таштап баса берди балдарын жетелеп. Жөн кетпей, "мына бир кезде мени мышык-чычкан ойнотконсуң, шылдыңдагансың, кемсинткенсиң, көз жашым текке кетпептир, кудай жазалады сени" деп кетти. Төрт дубалды тиктеп керээли кечке жалгыз. Өлүмдү ойлоду, күттү, чакырды, сагынды, жалынып-жалбарды. Ажал дагы ансайын аны менен жашынмак ойногонсуп бирде көрүнүп, бирде жок. Жашоонун кызыгы ал үчүн небак куурап бүткөн. Акыркы айлары башын төшөктөн көтөрүп турганга дарманы келбей калса да ажал анын абалын көрбөйт, боору оорубайт. Айласы кетип ажалды келбей жатканы үчүн сөктү, каргады, шиледи… Карышкырча улуп ийди. Күткөн ажал жок. Ыйлап-сыктап келип жалгыз карындашы казан-аяк калдыратат. Кантсин байкуш, үйүндө чиедей балдары, алкаш, кызыл камчы күйөөсү… Таянаар тоосу агасы минтип…
Акыры терезеден караңгылык менен муздактыкты чүмбөттөп ажал келди. Төшөктөгү сөөк энеси эркек төрөгөндөй сүйүндү. "Сагындыңбы, мен келдим" деди. "Жалган жазмыш жашооңо тойдум, кор кылбачы" деп жалбарды. "Жүрү" деп колдон алды. Акыркы сапарына муздак, суз дубалдар узатып атканына кейип катуу үшкүрүндү. "Мени дубалдар гана таштаган, саткан жок" дегенди ойлогонго үлгүрдү. Экөө ээрчишип бир бүтүндүккө айланды. Ажал акыры жанын алып тынды. Жууркандан тыпылдап тынбай заара тамчылады…
Карындашы көптөн бери келбей калган, жинди эри "концерт" коюп, башы жарылып, басканга дарманы жок. Ой-санаасы агасында болгон менен же жетпейт. Бир жумадан кийин агасына баш багып, үйгө кирип эле бакырып эстен танды. Коңшулар чогулуп тарамыштай каткан, илип алаар эти жок, денеси жедеп заарага чыланып, жамбашынын сөөгү чыгып, эти ылжырап бокко аралашып катып калган анын сөлөкөтүн көрүштү. Чымындар небак уя жасаптыр. Ажал болсо анын жанын бекем кармап тешиктен шыкаалап турду…
Жылдыз АМАНБЕК




  Акылдан тамган шоола

Жюль РЕНАР
(1864-1910-ж.ж.), француз драматургу жана жазуучусу

Сынчы деген ким? Жагымсыз пикирин билдирген эле окурмандардын бири.

Чыныгы акынга батирден батирге көчүп жашаган куп жарашат.

Көп окуган калемгер гана башкаларды туурабайт.

Эчкимге окшобоюн десең, унутта калган жазуучуну туура. Жоктон көрө жогору деген ошол.

Эгер жакшы сүйлөсөң, жаз. Бирок кандай жакшы сүйлөсөң, ошондой.

Мендейди мерес кылгандын баары - мендей мерестер.

Мен өлсөм, эстелигимдин чокусуна чымчыктар учуп келип, суу ичер оюк жасап койгула.

Барыбызды өлүм жөнүндө санаадан куткарган өлүмдөн башка ырайымдуу эчнерсе жок.

Айрым аялзатынын жыпар жытынан башка эчнерсеси жок.

Жаратылыштын жасатын келиштирген кудай адамга келгенде жаңылып-жаскан экен.

Бардык адамдын арасынан колунан кетмен түшпөгөн дыйкандар гана айылдын ажайып сулуулугуна сук артпаса керек.

Адам сизге ыймандай сырын төгүп атып, ыймандай сырын барыбир жашырат.

Жапжалгыз кезде деле жалгыздыкты сүйөм.

Керээлден-кечке 8 саат чынчыл адам болгонго караганда, 4 саат ичинде баатыр боло калыш оңой.

Капаста отурган чымчык өзүнүн канаттуу экенин өзү билбейт.

Жумуш деген эмне? Кээде балыгы жок суудан "балык кармайм" деп далалат чеккенибиздей, курүмүткө алдануу.

"Өзүмдү ушундай күүлү-күчтүү сезген эмесмин" деп ким айтса, карылык белгисин туйган жан ошол.

Мамчиновникке: "Сиздин колуктуңуз мезгилсиз дүйнөдөн кайтыптыр" деп угузушса, ал бечара: "Бул маалымат расмий булактардан алындыбы?" деген экен.

Чачтарачка: "Мага атырыңыздын да кереги жок" - деп эрдик кылгандар бар.

Эгер акча сени бактылуу кылбаса, мага бер.

Мен шал болуп жыгылсам да, бүрөөлөрдүн жүрүм-турумун сынга ала берем.

Кудай барбы, жокпу? Билбейм. А бирок анын жогу жакшы. Болбосо, ал деле өз беделин сактай алмак эмес.

Динге сокур сезим менен ишенгендердин тынч уктаганын көрдүңөр беле?
Кыргызчалаган О.ШАКИР