mainkaptal
Пользовательский поиск
  Үйбүлөлүк очокто

ЖК депутаты Иса ӨМҮРКУЛОВ:
"Жеңеңердин ачуусу чукул"
КСДПнын көрүнүктүү лидерлеринин бири, ЖК депутаты Иса Өмүркулов жубайы Толкун Курманова менен 28 жылдан бери кол кармашып, ынтымак, ырыс-кешикте жашап келүүдө. "Ата - аскалуу тоо, эне - боорундагы булак, бала - экөөнө тең шам чырак" деп айтылмакчы бүгүн башаламан заманда кандай мыкты саясатчы, жеткен акылман, укмуш бай адам болбосун ал баары бир айланып келип, үйбүлөсүнүн алдында зор милдеткер, карыз адам. Баары сатып, басып кеткен күнү дагы үйбүлөсү гана мындай чыккынчылыкка бара албайт. Ошон үчүн кээ бир адамдарды "ай, мунун тылы бекем" деп коюшат. Биз да бүгүн Иса Шейшенкуловичтин тылы бекем деп айта алабыз. Саясатта, көчөдө, көр тирликте чарчап, чаалыгып келген күнү Иса аганы Толкун эже жадырап-жайнап тосуп, акылына акыл кошуп, ич-сырттагы проблеманы кабагым-кашым дебей чечип, дайым жароокер жубай, мээрман эне. Эки уул, бир кыздын ата-энеси. Алтай, Айым, Айбийке аттуу неберелердин чоң ата, чоң апа, таята, таенеси.

- Иса агага турмушка чыгып атканда "жети өлчөп бир кесип" дегендей, кандай критерийлер менен турмушка чыктыңыз эле?
Толкун Курманова: - Иса экөөбүз коңшу айылдан болобуз. Мен Исанын биртууган иниси менен бир класста окучумун. Бир жолу классташымдын буту сынып, анан ал биздин үйдө жашап калды, апам мектеп директору болчу. Иса ошо кезде студент, шаарда окуйт, инисине келип жүрүп, мени жактырып калыптыр. Ал кезде мен "күйөөм мындай, тигиндей болсо" деп критерий коймок түгүл, "турмушка чыгам" деген ой үч уктасам түшүмө кирген эмес. Максат, ой-тилектер таптакыр башка болчу да. Анан 18 жашымда кашайтып, алакачпадыбы...
- Толкун эже сиздин жүрөгүңүздү кантип арбады?
Иса Өмүркулов: - Биздин таанышканыбыз да кызык. Менин иним менен Толкундун агасы дос болчу, анан жанагынтип кырсыктап, досунун үйүндө жашап калды, көргөнү барып, тал чыбыктай буралган сулуу кызга көзүм түштү. Негизи бул буйрук экен. Толкун азыр баамдасам, ошол кезде кыздардын мыктысы болгон го. Тың-тарс, таза, тыкан, мектепте, коомдук иштерде алдына эч кимди салбаган. Эки жылдай артынан ээрчидим го, ал мектепте, мен институтта окучумун. Анан экөөбүз тең окууну бүттүк. Карасам, 24 жашка чыгыпмын, үйлөнө турган курак. Кыскасы, Толкунду алакачып алдым. Жолдо алакачып баратканымды айтсам, ыйлады, "азыр эрте" деди. Албетте, сүйүнгөн жок, ыйлап, "апам кантет" деп апасын ойлоду, агасы армияда, иниси кичинекей болчу. Апасына күйүп атса да, ары карап ыйлап, бери карап күлүп, акыры макул болду. Азыр ойлосом, ошондо Толкундун мага болгон сүйүүсү күчтүүлүк кылыптыр.
- Жолдошуңуз көп убактысын коомдук иштерде, саясатта өткөрдү. Балдарды сиз тарбияладыңыз болуш керек, анан ошондой учурларда үйдө жок болуп калганда кандай таасир калат? Кээде той-топурга жалгыз барып каласыз дегендей?
Т.К: - Жаңы үйлөнгөндө автопаркта иштеди, укмуш "честный" да, таңкы 5-6да туруп жөнөйт. Кээде конокто отурсак, кар же жаан жаап, туман болсо эле "автобустардын суусу тоңуп калат" деп, барып суусун агызып, айтор, автопарктан чыкчу эмес. Анда Чыгыш-5 кичирайонунда жашачубуз, эшиктен икарустун түтүнү жыттанып келет. Тамагын таптап берип, кийимин жууп, балдарды да карап, чарк көпөлөк айланасың да. Автопаркта иштеп жүрүп эле комсомолдо иштеп калды. Комсомолдун жумушу командировканын артынан командировка, үй көрмөй жок. Мени мындай кой, балдары атасын көрчү эмес, бала бакчадан "атаңар кайда иштейт?" деп сураса, "командировкада иштейт" деп айтышыптыр, угуп өзүбүздүн да боорубуз эзилгенче күлгөнбүз. Бакуля менен Азамат удаа төрөлгөн, мен да институтта окуйм. Эки баланы ары-бери жетелеп кыйналгам. Иса болсо командировкалап жүрүп, эки баланын кандай чоңойгонун билбей калды. Андан кийин Алматыга партмектепке окуп кетти, райком партияда, партмектепте иштеди. Айтор, мен өмүр бою Исаны жумушунан кызганчумун. Өмүр бою жумуш-жумуш деп жумушун баарынан өйдө койду.
Мен ЦУМда иштеп жүргөндө оор бир нерселерди көтөрүп, антесиң-минтесиң дегендей, ооруп да жүрдүм. Ошонун таасириби кийин Бакайды төрөөрдө аябай кыйналдым, Иса болсо "төрөсөң эле өзүм багам, өзүм сууга түшүрөм, сага карматпайм" дечү да. Аябай ишенип алыпмын, мен боюмда болгондо 1995-жылы шайлоо башталбадыбы,анан кайдагы бала баккан? Даана үй көрбөй калды, мен "баланы өзүм багам дебедиң беле, алдаптырсың, дагы үй көрбөйт турбайсыңбы" деп таарынгам. Анан эл колдоп, депутат болуп калды. Жайдын күнү колу тийип калса, баласын сууга түшүрүп атканда "Азамат менен Бакуля кантип чоңойгон?" деп таң калат. Балдар чоңойгондо кыйынчылыктын баары унутулуп калат экен, азыр "көп эле бала төрөгөнсүп аттым эле" деп тамашалап калам. Өздөрүнчө үйлүү-жайлуу болуп кеткенде кызык экен, биз Бакай менен калып, бир нерсе жетишпегендей, неберелер менен эс алуу күндөрү келип турушат. Эми "аял жакшы - эр жакшы" демекчи мыкты аялдар күйөөсүн чоң маселеде гана түйшөлтпөсө, калганын өзү эле бүтүрө берет. "Кызматта жүрөт" деп, мен да анча-мынча проблеманы Исага билгизчү эмесмин. Союз убагында жакшы болчу, 5 рубль болсо бир жумага жетчү, жакырчылык, жетишпегендикти билбейсиң. Мен да соода тармагында иштеп, эч нерседен тартыш болбодук. Балдарыбыз тамактын таттуусун ичип, кийимдин жакшысын кийип чоңойду. Иса Алматада окуп жүргөндө бир жумасында өзү келет, экинчи жумада "сен жок жаман экен, келчи" дейт. Балдарды кайнагамдардыкына таштап коюп, түнкү саат 10-11лерде Алматага 5 рубль менен эле 2-3 саатта жетип барчумун. Кайнагам "ай, мобу келиндин дени-карды сообу, жарым түндө кайда баратат, буга балдардын деле кереги жок го?" деп, таң калчу тура. Чын эле ал кезде жашпыз, балдардын деле кереги жок болуп калчу, бешинчи күн болгондо эле жөнөп кетмей.
- Иса ага, ошо тал чыбыктай буралган кыз сизге жакшы жар болуп бердиби?
И.Ө.: - Албетте, Толкунду өзгөчө мактай турган кез келип калды да, баскан жолубуз, турмуштагы жетишкен ийгиликтерибизде бир-бирибизге эриш-аркак болдук. Мен чарбачылык иштер, комсомолдо, партиялык кызматтарда иштедим. Ал кезде үйбүлөгө өтө жоопкерчиликтүү мамиле жасалчу. "Үйбүлөсүн жыргатпаган, кызматты да жарытпайт" деген түшүнүк бар эле да. Мен мактансам болот, менин тылым бекем, Толкун үйдүн ички-сырткы маселелерин, тууган-урук, дос дегендин бирин нааразы кылбай, бардык ишти кылдат жасап коет, менсиз эле. Мен чынында өмүр бою талааладым. Саясатка келгени үйдө тиричиликте жасайын десең да кол тийбейт. Саясатта көз карашты сыйлаган жакшы, үйгө келгенде дагы, эгер үйдөгүлөр түшүнбөй, көзкарашың туура эмес болуп турса, бийликтин куугунтугун жегениң аз келгенсип, үйдөн үйбүлөнүн куугунтугун көрсөң, анда "тойдум байдын кызына" деп айтасың да, туурабы? Толкун илим-билимдүү, өз көзкарашы, позициясы бар, акылыма акыл кошкон адам. Үйдө тең, калыс мамиле. Саясаттын күңгөй-тескейин менден кыйын билип, сыр бөлүшүп, оюн айтып, колдоп турат. Үйбүлөдө колдоо болбосо, саясатта жүргөн оор.
- "Таарынып, жумушунан кызганчумун" деп атпайбы, азыр таарынганда жеңебиздин таарынычын кантип жазасыз?
И.Ө.: - Жеңеңердин ачуусу чукулурак, бирок, ак көңүл, бат жазылып кетет. Катуу таарынганда ашып кетсе бир күн таарынат, андан ашык коркута албайт, негизи мен көбүрөөк таарынам. Азыр кырдаал оор, мага таарынып, мазамды албайт, аяйт, көп нерсени ичине катат го… Калган өтө таарынычын пенсияга чыгып, үйгө отурганда жазам да.
- Белгилүү саясатчынын аялы болуу оор да?
Т.К.: - Өтө оор, баскан-турганың элдин көзүндө. Барган жерлерден көп эле киши учурашып, "Иса байкенин аялысыз да" деп айтышканда жоопкерчиликти сезесиң да. Бүгүн бир жерге жумуштар менен кирип, ыраазычылыгымды билдирип кетейин десем, болбой "чай ичиңиз" дейт, шашып атканымды айтсам, "сизди тааныйбыз, аябай жөнөкөй экенсиз, жөнөкөйлүгүңүзгө суктанып, сыйлап атабыз" дешсе, ыраазы болдум. Албетте, мен кадимки аялзатымын, энемин, кудагыймын, бирок, Иса Шейшенкуловичтин аялы болуу өтө чоң нерсе. Болбосо көп нерсеге дарамет, акыл жетет. Өзүмдүн ордумду, баа-баркымды билем.
- Жубайыңыздын кайсы сапатын жактырасыз? Элге караганда сиз көбүрөк билесиз да.
- Балдарга өтө жумшак, эркелетип эле турат. Үнүн катуу чыгарып, кыйкырып-өкүрүп, сөгүнүп-сагынганын бир да жолу көрбөдүк. Тартиптүү, тарбия көрүп чоңойгон, ошо калыбынан жазбайт. Негизи, аябай так, калп да айталбайт, убада берсе, өтөөсүнө чыкмайын уктабайт, тактыгын сыйлайм. Кээде жашырган кылмыштары болуп калса, өзү эле ачылып калат. Бирок, жүрөк ооруткан кылмыш жасаган деле жок. Саясат кылып, ортобузга чок салып, өйдө-төмөн сүйлөгөндөр болду. Үйдө отурса, "баланча жакта жүрөт" деп эринбей телефон чалгандарга таң калам. Кудай сактасын, Исаны мен 30 жылдан бери жакшы билем, мартта үйлөгөнүбүзгө 28 жыл болот, эки жылдан ашык сүйлөштүк. Эч нерсеге өкүнбөйм, үч балалуу, келиндүү, күйөө балалуу, үч неберелүү болдук, ушунча даражага жеттик.
Эгер дагы бир өмүр берилсе мен кайра эле ушу турмушту баштамакмын. Албетте, өкүнүчү жок адам болбойт, өкүнгөнүм, мектепте драмкружок, өздүк көркөм чыгармачылыкка катышып, таланттуу, өнөргө ышкыбоз элем.
Фрунзеде Мукаш Абдыраев атындагы музыкалык мектебинде скрипка классында окугам, скрипканы сыбызгытып, комузда кол ойнотчумун. Москвага окууга кетмекмин, атам "жалгыз кызым жаныбызда эле жүрсүн" деп таптакыр жибербей койгон. Иса байкеңер да жакшы ырдайт. Ыраматылык кайнатам да ырга ышкыбоз эле, өзү ырдап бүткөн соң "эми Толкун ырдасын" десе комуз менен созолонтуп калчумун. Кайнатам "комузуңду таштаба" деп далай какшады. Кайдан, дайым чертпеген соң калып калат тура. Кээде таланттуу ырчыларды көргөндө өкүнүп кетем. Өзүмдүн талантымды мен иш жүзүнө ашыра албадым, анын үстүнө убагында аракет кылган жокмун. Өткөндө менин шыгымды, өнөрүмдү билген бир эже "сени ырдатып, телевидениеге чыгарат элек" дейт. "Ой, бул сунушуңарды жок дегенде он жыл мурун айтсаңар болмок, эми кеч" деп күлдүм. "Өнөр адамы болмокмун" деп Исага айтсам, "арманың аттын башындай турбайбы, ырчы болсоң тойлордо ырдап жүрмөксүң да" деп тамашалап калат.
- Экөөңөр жалгыз калганда эмне жөнүндө сүйлөшөсүңөр?
Т.К.: - Андай убактар өтө аз. Айылыбыз жакын, Исаныкы да, менин төркүнүм да. Эс алуу болгон сайын айылга жөнөмөй, үйүбүз ошол жакта, мал-жан, короо-жай дегендей чарбабыз чоң. Кайненем бар, а кишинин жанына барып, ысык чайын кайнатып, көңүлүн оорутпайбыз. Иса үйгө барса жылкылары менен алек болуп, асыл тукумдарын асырайт. Атчабыш, жорго салыш деген чоң мелдештерге катышат. Кол бошосо эле айылга жөнөйбүз
- Жолдошуңуз өз көз карашы, позициясы бар саясатчы, канча жылдан бери айтканынан кайтпай, бийликти сындап келет. Эми саясатчынын көбүн аңдып, куугунтуктамайлар болуп атат, ошондо "ай, ушу саясатыңды жөн эле койчу" деп айтасызбы?
- Албетте, мен эң биринчи энемин да, кыйынчылык болгондо "тынч эле жашасак болмок" деп айтып калам. Бала-чаканы ойлойсуң, мына уулубузду жумуштан чыгарып салган, бош жүрөт. Бары билет, өткөндө үйгө граната жардырып кетишти. Куугунтук, аркы-терки сөздү укканда, коркосуң. Эми Иса өз керт башын ойлоп, ушул жолго түшкөн жок да. Ар бир өлкөдө көрбөгөндү көргөзүп, укпаганды угузуп турган оппозиция керек. Бирок бийлик оппозицияны бокочо көрбөй, эсептешип иш кылса жакшы эле болмок. Баягы "дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат" деген накыл сөз бар да. Бала-чакага да асылып атышат, менин чакан бизнесим бар, аны да келишип, ыксыз текшерип, айтор, ар тараптан "сюрприздерди" көрүп атабыз. Анан ачууң келгенде, ар кандай сөздөр айтылат, Иса башын канжыгага байлап, чыгып алгандан кийин мунун да аброю бар, кээде "катуу айтып койдумбу" деп калам. Бирок, балдарымды ойлогондо тынч эле жашагым келет. Ар бир эненин тилеги жакшылык да.
- Саясатта чыгаан лидерсиз, ал эми үйдө кандай кайната болуп атасыз?
И.Ө: - Уулум Азамат 20 жашында үйлөндү, келинибиз 18 жашта эле болчу. Алгач "азыр жашсыңар" деп так секирдик. Бирок, үйбүлө курулуп аткан соң жакшылыкка неге каршы чыкмак элек. Келин жаңы келгенде кайыната катары мага катуу таасир калтырды. Баскан-турганыңды карап, сүйлөгөнүңө да чек коюп дегендей. Келиниң жүгүнүп, ийменип турганы кайнатаны да тарбиялайт экен. Баягыдай чала-була кийимди кийип-кийбей, ваннадан чыга калбайсың, "келин менен сүзүшүп калбайын" деп эки жакты акырын карап, тыңшап туруп чыгасың. Ошентип аябай тарбиядан өткөм. Кудайдын кулагы сүйүнсүн келинибиз да, күйөө балабыз да жакшы, көз тийбесин. Өз балдарыбыздай көрүп, бөлө да албай каласың.
- "Кайнененин камырынан" демекчи, сиз кандай кайынэне болдуңуз?
Т.К.: - 40 жашымда балам үйлөндү, өзүң жаш туруп, кайынэне болуш өтө кыйын нерсе. Уулуң жакшы көрүп алган бүлөнү балаңдан өтүп жакшы көрөсүң. Бала кезде балаң "аны алып бер, муну алып бер" деп эркелегендей эле аялды алып алды да. Кыргыздар "келин жаман эмес, келген жери жаман" деп айтпасын деп, колумдан келишинче кызымдай мамиле жасап тарбияладым, жаш келди, бир үйдүн эркеси дегендей. Азыр кудайга шүгүр, жакшы, өзүнчө турушат, эки балалуу болушту, үйүнө барсаң жакшынакай тосуп алышат. Кызыбыз турмушка чыкканда телефон чалып "үйгө баратам" десе "күйөөң жокпу?" деп сурап, күйөө баладан кайынатадан уялгандай уялчумун. Кайынэне менен күйөө баланын ортосунда жакшы сый болуш керек да, кызым бир нерсе десе күйөө балама болушуп эч нерсе дедирбейм, жакшы күйөө балам бар. Куда-сөөк, бала-чакаң менен бир үй бүлө болуп калат экенсиң. Кайынене болуу деле жакшы нерсе экен, баарына көнүп калдым, улуу неберебиз алтыга чыгат. "Башка түшсө байтал жорго" демекчи Иса экөөбүз кайынэне, кайынатанын ролуна көнүп калдык.
- 30 жылдан бери чогуу жетелешип келатасыздар, сиз үйдө Иса байкенин кабак-кашына карата мамиле жасап, балдардын ортосунда дипломат болосузбу дегендей?
Т.К.: - Албетте, кабагына кар жаап турганда сүйлөшмөй жок. Балам "эмне атам экөөңөр уруша кеттиңерби, таарынышып атасыңарбы, антпей жарашкылачы" деп калат. Себеби, Иса мага таарынса балдарына кошо таарынып, сүйлөшпөй коет. "Чарчап, көңүлү чөгүп келгенде үйдө жылуулук атмосфера болсун, жок дегенде биз капа кылбайлы" деп шарт түзүп турабыз.
- Иса ага, сиз дегиле үйбүлөгө кызыл камчы болгон жоксузбу?
И.Ө.: - Үйбүлө саясат менен жумуштан өйдө турган ыйык очогуң да, жүрөктө өзгөчө орун алган. Кээде менин маанайым үйдөгүлөргө кедерин тийгизбесе экен деп аракеттенем. Үйгө барганда кенже уулум эшикти ачып "ата, салам" дегенде бүт дүйнөнүн кайгысы, саясаттын ызы-чуусу, турмуштун күңгөй-тескейи унутулуп, жыргай түшөм. Иш, кызмат деп жүрүп улуу балдарымдын кандай чоңойгонун билбей калыпмын. Азыр колум бошосо эле уулум менен чогуу болом. Негизи балдарды тарбиялоодо өзүңдүн жеке жүрүм-турумуң, жасаган ишиң, ата-энеге, жоро-жолдошко, жубайыңа жасаган мамилең үлгү болуш кажет. Ачуум келсе да балдарга кызыл-кыргын салбайм, жеңең "өтө эле балдарга жумшаксың" деп урушат. Толкун экөөбүз бир да жолу "сеники, меники" деп талашып тартышпадык. Жеңеңер аябай март, анан өтө сезимтал, түшүнүктүү жан. Айрыкча апама кылган мамилесин, бир туугандарыма жасаган кызматын карап туруп, мурункудан да жакшы көрөсүң. Алыскы жек-жаат менен да катышабыз. Мен чет өлкөгө кетип, үйдө жок болгондо бардык нерсени жеңеңер чечип коет.

Жылдыз МУСАБЕКОВА,
Венера НАРКЕЕВА.