Айат Экран
Токтобүбү Шамырова, диктор
Энелик милдет ээрчитип
- Токтобүбү айым, сиз бир кезде диктор болуп иштеп, экранды көркүнө чыгарып турчу элеңиз. Азыр кайдасыз, эмне менен алектенип жүрөсүз?
- Чынында эле телевидениеде жыйырма жылга жакын иштедим. Азыр үйдө балдар менен отурам. Алар кичинекей болуп, анын үстүнө жолдошум кызмат адамы болгон үчүн жумуштан чыгып алгам.
- Үйдө олтуруп, теледен кесиптештериңизди көргөндө экранга чыкканды сагынасызбы?
- Албетте, канча жылдык өмүрүңдү арнап иштеген учурун ким сагынбайт. Мен экранды ар дайым сагынып жашайм.
- Кайра экранга чыгууну же жаштарга тарбия берүүнү сунушташса эмне дээр элеңиз?
- Эми кайра башынан баштоого кеч болуп калды го. Бирок жаштарды окутуу сунушу түшсө, колуман келишинче жардамымды берем.





Актриса Гүлсина Чотонова:
"Өзүмө сырдаш, жанкурбу кыз күтүп атам"
Гена Базаровдун "Карагыз" фильминен кийин эле Гүлсинанын аты өчүп Карагыз атка конду. Ага терикпейт деле, тескерисинче жагат.Каарманы Карагыз чала жан, оорукчан болгон менен өтө адилет, калыс, намыскөй эмеспи


Асылдын кадырына жетебизби?
Белгилүү кыргыз Эл артистти Советбек Жумадыловдун мүрзөсүнө эстелик тургузулду. Аларча көрүстөнүндө өткөрүлгөн салтанатка өкмөт жетекчилери, Маданият министри ж.б. чоңдор катышып, маркумга куран окутулду.
Эске салсак, Советбек Жумадылов 1932-жылы 5-декабрда Ысыккөлдүн Тепке айылында туулган. 1953-жылы Ташкенттеги Островский атындагы көркөм-театралдык институтун аяктаган. Ошол жылдан тартып Кыргыз Мамлекеттик драма театрында иштеп баштаган. Кино жаатына 1955-жылы келген. 1977-жылы Кыргыз ССРинин эл артистти наамы ыйгарылган. Ал өзүнүн кыска өмүрүндө "Саманчынын жолу", "Биринчи мугалим", "Уркуя", "Ысыккөлдүн кызгалдактары" ж. б. бир топ фильмдерде башкы ролдордо ойногон. Өмүрүнүн акыркы жылдары көбүнчө казактар менен иштешип, Казакстанда жүрүп калган эле. Ал экрандын гана эмес, театр сахнасынын унутулгус залкары болсо да, ушуга чейин чыгармачылык өмүр-таржымалын изилдөөгө албай келаткандыгыбыз өкүндүрөт. Болбосо, андай ири искусство өнөрүнүн улуу могиканы унутта калар жайы бар беле! Бул биздин - улуттук өксүк. Эч болбосо ушул келемтени толуктап, биздин гезиттин чыгармачыл жамааты өнөр жылдызы С.Жумадыловдун өмүрүнүн сощку жылдардагы кейиштүү тагдырын журналисттик иликтөөгө алууну чечтик. Советбек агабызды жакындан билген чөйрөдөгүлөрдүн айтымында, залкардын тагдыры аянычтуу аяктаган экен…


Элмира Тагаева, актриса
Келмеси оозунан учкан
- Элмира, сиз "24 саат бою" сериалына тартылганда чоң кырсыкка кабылган экенсиз. Съемка учурундагы ошол окуя тууралуу айтсаң…
- Анда "24 саат бою" сериалына тартылууда кыйынчылыктар көп эле болду. Эң башкысы, каскадерлор менен трюктарды жасап атканда катуу кырсыкка кабылдык. Негизи каскадерлордун машинасына менин костюмумду кийип, дублер олтуруш керек эле, бирок режиссер мени олтургузуп койгон. Жанымдагы актриса келбей калып, анын костюмун оператордун жардамчысына кийигизип коюшкан. Анан жолго МАИ кызматкерлерин коюп, жакшы карап, бир да машинаны иштеп аткан жерге өткөрбөөсүн айтышкан эле. Бирок МАИ кызматкерлери съемканын ишине кызыгып кетип, аны унутуп коюшуптур. Биз Манас менен Чүй проспектисинен ылдый катуу баратканбыз. Себеби, качып бараткан таксинин иши аткарылып аткан да. Машинанын ичинде олтуруп, билген эмеспиз. Машина алдынкы эки дөңгөлөгү менен көтөрүлүп, чимирилип бурулуп, шумдуктуудай катуу келатыптыр. Аңгыча астыбыздан да катуу келаткан машина чыгып, биз менен сүзүшүп калды. "Тарс" деген добуштан кийин мен ачуу чаңырып, жок болуп кетиптирмин. Эч нерсе көрүнбөй, туман каптап калгансыды. Жүрөгүм аябай түшүп, кино тарткан топ бизди өлдү деп коркуп атыптыр. Анан машинанын эшигин ачып, эс алдырып, медициналык жардам көрсөтүлдү.
- Ушул окуядан кийин кыргызча ырым-жырым жасадыңарбы?
- Жеңишкүл эже кой союп, кан чыгарып, барыбызды чакырып куран окутту. Бир сөз менен айтканда, аман калганыбыз үчүн кудайга ыраазычылык ырасмисин жасадык. Кийин съемкадагы кадрды түрдүрүп көрсөк, машиналардын сүзүшкөнү даана тартылыптыр. Көрүп, жүрөгүм түштү. Кайра-кайра түрдүрүп алып көрдүм.
- Ден соолугуңа терс таасири тийсе керек. Жүрөк көтөртүп, ооруканага дарыландыңбы?
- Чынын айтсам, ошол окуядан кийин оорукчан болуп калдым. Башыман катуу жабырлапмын. Оң бөйрөгүмө шишик пайда болуп, сериал тартылып бүткөндөн кийин бөйрөгүмөн операция болгом. Бирок, баягы кесиптештер, чыгармачыл адамдар болгон үчүн кечирдим. Ошентсе да денсоолуктун начарлап калганы өкүндүрөт.

Кинорежиссер Марат Сарулу Франциянын Нанта шаарында өткөн үч континенттин 30 - кино фестивалына "Песнь южных морей" фильми менен катышып, сыйлыкка ээ болуп кайтты. Эске салсак бул тасма өткөн жылы да Римде өткөн кино фестивалда чоң сыйлыкка татыган.