Жанкөркөм

Динара МОЛДОШЕВА, ЖК депутаты:
"Аялзаты эч убакта үй-бүлөнү экинчи орунга койбойт".
- Динара Автандиловна, депутат болгонго чейинки иш таржымалыңыз…
- Бишкек Гуманитардык унвериситетинин саясат таануу бөлүмүн аяктагам. 4-курста окуп жүргөндө Борбордук шайлоо комиссиясында иштеп баштадым. Себеби студент убагымда ар кандай конкурстарга, олимпиадаларга катышып, шайлоо системасын, укуктарын жакшы билчүмүн. Шайлоо комиссиясында беш жылдын ичинде жөнөкөй кызматтан баштап төраганын жардамчысы болуп иштеп жүрдүм. Кийин ПРООНдун Кыргызстандын шайлоо системасын колдоо боюнча жаңы долбоору ачылып, ага координатор, шайлоо боюнча эксперт, андан кийин ПРООН менен Евросоюздун биргелешкен долбоору ачылып, ал жерде эксперт-консултант болдум. Былтыр "Ак жол" элдик партиясынын борбордук аппаратында башкы юрист болуп жүрүп, шайлоого кандидат катары катышып, буйрук экен, депутат болуп олтурам.
- Кандай кемчилик жактарыщыз бар?
- Кийинки күндөрү апам мага "кээде өзүңдү карма, ачык айткандын да чеги болот, саясатка аралаштың, демек, дипломат болушуң керек" деп калат. Ошондон улам А.Сабиров, И. Масалиев, З. Курманов сыяктуу тажрыйбалуу депутаттардан үлгү алууга аракеттенем. Эл көзүндө жүргөн соң бетке айткандан деле эч нерсе чыкпайт экен.
- Ачык айтып, ак сүйлөгөнүңүздү кайын журтуңуз кандай кабыл алат?
- Кайын журтум башында мени "орус чалыш" дешчү. Мирбек экөөбүз баш кошкондо, аларга менин тарбиям кызык, мени кантип кабыл ала турганы табышмак болгон. Себеби мен айылда жашаган эмесмин. Кудайга шүгүр, кийин барыбыз камырдай жуурулушуп, аралашып кеттик. Кайын журтум кыял жоругумду түшүнүп калышты.
- Аял кишинин орду үйдө демекчи, жолдошуңуз депутат болуп калганыңызда каршы болгон жокпу?
- Жок, тескерисинче жолдошум дайыма мени колдойт. Анын кесиби экономист. Ал абдан түшүнүктүү, жөнөкөй инсан. Учурда менчик компанияда иштейт. Мамлекеттик кызматта, искусстводо, алыста соода жолунда иштеген айымдарды түшүнгөн эркектердин үйбүлөсү бактылуу деп ойлойм. Аялзаты эч убакта үйбүлөнү экинчи орунга койбойт. Ал үйбүлөм үчүн деп тырышып иштеп, тырышып жашайт. Кудай сактасын, биздин үйбүлөдө чоң талаш-тартыш, чыр-чатак жок, үйдө бардык нерсени ачык, так сүйлөшөбүз.
- Бири-бириңиздерди кызганасыздарбы?
- Жолдошум мени кызганат, ошол эле учурда түшүнөт. Депутаттын жумушу эл менен жолугушуп, эл менен иштөө да. Жакында эле эки жумага Талас областына барып келдим, түшүнүп, жакшы узатып, жылуу тосуп алды. Экөөбүз беш жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Борбордук комиссияда иштеп жүргөндө, ар кандай конкурстарга катышып, эл менен арлашып жүргөндөрүмдү көрүп, билип, колдоп, керек болсо сыймыктанчу. Мирбекти жумуштан кечиксе, мен да кызганам. Өзгөчө командировкага кеткенде, бирок андай нерселерди түшүнгөнгө аракеттенем. Кызганчаактыктын да чеги болгону жакшы го. "Если ревность переходит все границы, то, это уже не любовь, а болезнь" демекчи, түфү-түфү.
- Ашканада кандай айымсыз?
- Бешбармак, күлчөтай, жаркоп, палоо, камыр тамактарды катырам. Атам да, жолдошум да камыр тамактарды жакшы көрөт. Таластык болгонум менен, Кадамжай районунун, Айдаркен шаарчасында мектепти бүтүп, 20 жыл жашаганбыз. Ошон үчүн палоону жакшы басам. Бирок, акыркы учурларда эртең менен үйдөн эрте чыгып, кечке жумушта болуп, кеч барып, командировкаларга кетип, тамак жасабай да калдым. Апама ыраазымын. Анткени кичине кызыбызды карап, тамакты да жасап, мага жардам берип жүрөт.
- Кайсы майрамды жакшы көрөсүз?
- Үйбүлөлүк майрам эмеспи, жаңы жылды. Кийинки чоң майрам - кызыбыз Берметтин туулган күнү, бардык жакын адамдарыбызды чакырып, кызыбызга жакшы тилектерди каалап, майрамдайбыз.
- Депутат десе эле чоң бизнесмен, акчалуу адамдарды элестетишет. Сиз ушундай адамдардын катарына кошуласызбы?
- Туура айтасыз, барыбыз ошондой элестетчүбүз. Себеби, мурда капчыктуу депутаттар көп отурчу эмес беле. Менин эч кандай бизнесим жок. Күйөөмдүн да бизнеси, ресторан, дүкөнү, өзүнө тийиштүү ишканасы жок. Биз жөнөкөй гана мамлекеттик кызматкерлербиз, эл катары айлык менен жашаган үйбүлөлөрдөнбүз.
- Азыр аялдарга тамеки чегүү адатка айланды, сизчи?
- Тамеки тартпайм. Тамеки чеккен аялдарга эле эмес, бардык тамеки чеккендерге каршымын. Жолдошумду эки жылдан бери тамекисин таштоого үгүттөп келатам. Карап көрсөк, Кыргызстандын генофонду бардык жагынан бузулууда. Баткен, Ош тараптагы адамдардын көбү Россия ж.б. жактарга, өз жанын багууга кетип атат. Жакында бир ай мурун мен демилгечи болуп, ЖКда "Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамды кабыл алдык. Аны кабыл алып чыгуудан мурда бардык областарды изилдегенбиз. Анын ичинен Талас областынан бою кичине төрөлгөн балдардын саны арбын экен. Аз кандуулук, алкоголдун кесепети, тамекинин зыяндуулугуна окшогон көп маселелер бар. Мурда эркектер ичип, тамеки чеккен болсо, азыр аялдар, эже-сиңдилерибиз аралашып жатышат. Бул жакшы жашоодон деле эмес, аны түшүнүп жатабыз, бирок ар бир адам келечектеги балдарынын тагдырын ойлошу керек. Аялы тамеки чекпей, күйөөсү чексе деле сөзсүз таасири болот. Түз болбосо да ген аркылуу. Коомчулук арасында тамеки чегүүгө тыюу салынган мыйзам иштебей жатат. Жок дегенде көпчүлүк болгон жерлерде тамеки чеккенге катуу тыюу салынса бир жыйынтык болор эле.
- Кол өнөрчүлүктүн кайсы жагына шыктуусуз?
- Мен кичинемден эле илме шибеге менен токуганды жакшы билем. Апамдан үйрөнгөм. Сабактан кийин кол эмгек кружокторуна катышчумун. Өзүмө белек кылып свитер, кооз-кооз салфеткаларды токугам. Убактым болсо, кызыма жакшы нерселерди токуп берсем деген тилектемин.
- Искусствого кызыгасызбы? Ырдай аласызбы?
- Ырдай албайм. Искусствого кызыгам. Жакшы спектаклдер болуп калса кыргыз, орус драмтеатрларга, кээде Россиядан келген концерттерге, опера театрга убактым болсо сөзсүз барам. Андан тышкары убактыма карап жакшынакай тарыхый адабий чыгармаларды, классиктерден орус жазуучулары Толстой, Достоевский, Гончаренко, улуу жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармаларын көп окуйм. Акыркы "Тоолор кулаганда" деген чыгармасын окудум, мыкты жазылыптыр.
- Турмушта коркконуңуз эмне?
- Азыркы учурда жаратылышка кандай мамиле кылып атабыз? Кээ бирөөлөр бар, "бүгүн бүт барын жасайын, жейин, ичейин, түгөтөйүн" деген. Алар эртеңкини, балдарынын келечек жашоосун ойлобойт. Биз 20-30 жылдан кийин кандай жашоодо жашайбыз? Азыркы экологиялык бузулуулар эмнеге алып келет? Андан тышкары Кыргызстанда көп проблемалар бар эмеспи, ошолордун кесепетинен ар кандай конфликттер болуп кетпесе, элибизде ынтымак, токчулук орноп, согуш болбосо экен деп кудайдан тилейм.
- Кейигениңизчи?
- Кыргызстанда жакшы жаратылышыбыз бар, ошону колдоналбай атабыз. Башка өлкөнүн Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын депутаттары менен жолугушуп калганда "силердин көлүңөр бар" деп суктанышат. Эгер Ысык-Көл алардын жеринде болгондо, башкача сервис жасап, башкача иштетишмек. Ошол эле кезде алдын-ала экологияны сактаганга аракет кылышмак. Азыр пансионаттарды куруп жатабыз, бирок алардын экология, санитардык жагынан сөзсүз көзөмөл кылышыбыз керек. Пансионаттардан чыккан кирлер көлгө кошулуп, эртеңки күнү көлүбүздүн абалы эмне болоору белгисиз. Бюджеттен акча бөлүнүп, көлдүн экологиясына жумшалса, андан кайрылып кайра чоң пайда түшмөк. Тоолорго жакшынакай заманбап спорт базаларын ачышса, туризм да өнүкмөк, элибизге ийгилик, пайда болот эле. Кейиген нерсем ушул.
- Сиз үчүн уят деген эмне?
- Уят деген төш каккылап "мен ушуну жасайм, кыйратам" деген убадаларды берип, элди үмүт менен күттүрүп коюп, ал айтканыңды унутуп калсаң, дегеле жасабасаң ушул - уят. Чынында биз кээде элге көп убадаларды берип, анан унутуп коебуз. Элге уятка калып, айтканыңдын жообун эрте бере албасаң , бул мен үчүн уят деп ойлойм.

Маектешкен
Жазгүл КАРБОСОВА