Кысылган кыргыз жери

Көп коркутат, терең - чөктүрөт
Соңку учурларда дүйнө басма сөздөрүндө кытайлыктардын башка өлкөлөргө түрдүү жолдор менен барышы, барган жерлеринде биротоло калганга тырышкан айла-амалдары, көңүлгө жакпаган башка дагы иш-аракеттери жөнүндө добулбас каккан материалдар жарыяланууда. Ал материалдарга дыкат көңүл бурсаңыз койнунда ачык айтылбаган көптөгөн коркунучтуу сырлар жатат. Азыр ошолордун бир катарына таанып, талдоо пикирибизди андан ары жалгаштыралы. Маселен, Президент менен өкмөткө жакын турган "Известия" (Москвадан чыгарын билесиз) газетасына "Омбунун акими кытайлык келгиндер менен күрөшүүдө" деген макала жарыяланды. Анда калаа башчысынын Омбунун базарында сапаты начар буюм заттарын сатып отурган кытайлык жаранды милийсаларга карматып, өлкөдөн чыгып кетүүгө буйурганы, анын себеп-жөнү баяндалат. Жергиликтүү байкоочулардын пикиринде, бул аракет "эл аралык алып сатарлыкка" каршы күрөштүн кезектеги кыймылы катары бааланган. Түккө тургусуз заттары менен буюмдарын пулдап, ал үчүн керек болсо жердин жети катар түбүнө барышка да кытайлыктардын эч нерседен баш тартпашы, жол эмес, көр азабынан да тайбастыгы чындыгында да кимге болбосун таңкалаарлык иш эмес. Башкысы, мага Омбу шаар жетекчисинин Россияны покко арзыбаган буюм-тайымдары менен толтуруп жаткан кытайлык алып сатарлардан өз жерин коргой баштаганы, ырасында да чексиз ынады, жакты. Эң эле өкүнөрлүгү - андай түккө алмаштырууга арзыбас буюмдар Кытайга бүгүнкү ишкерлик дүйнө үчүн куну жүз эсе ашкан доллар болуп куюлууда. Жоктон бар кылуу деген ушул эмеспи. Арийне, буга Россия анча түшүнбөстүк менен мамиле жасоодо, неге десеңиз, өзүнө да аба, суудай керек болгон доллар колунан жөн эле суурулуп кетип атпайбы, чынбы? Ошо Омбу шаар башчысынын пикиринде ар он миң кытайлыктын бирөөсү гана келип, Россияда соода жасаганынын өзүндө эле миллиарддаган, ооба, миллиарддаган доллардын "көчүгүнө" шырылдатып суу куят экен.
Ошону менен катар шаарбашчы кытайлыктардын калаада өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илишине, ээн-эркин соода жүргүзүшүнө тыюу салуу жагдайында бир катар чараларды көрүп жатыптыр, бардыгын калк аралык даражада таанылып, моюндалган нормалар менен өлчөп, кесип-бычуу кадамын жасаптыр. Анын жарлыгына ылайык, эми "Пекин-Москва" каттамындагы поезддинен Омбуга түшкөн кытайлык эң алды менен калаанын тийиштүү болгон мекемелерине катталып, соода жасоого, башка иштерге баш салыш үчүн уруксат алышка милдеткер. Перрондо чакырылбаган конокту милийсалар "жылуу-жумшак" тосуп алат да, тийиштүү мекемелерге узатып барат. А эгер кытайлык буга баш ийбей, өз алдынча, жашыруун аракеттерди жасаганга киришсе, шаарбашчынын амирине ылайык, колуна кишен кийгизилет. Бул мыйзам катары таанылган. А мыйзамды сыйлабастык - орус элин, өкмөтүн сыйлабастыкка жатат экен, демек, мыйзамды сыйлабаган келгиндин ал жерде турганга, жашаганга эмес, ал жердин абасын жутканга акысы жок экен. Менимче, бу жетекчинин жүргүзүп жаткан иш-чаралары жалпы адамзат тааныган мыйзамдуулуктун даңгыр жолунан бир кадам да чыкпайт. Жеке назарымда элдүүлүгүн, мамлекетинин кызыкчылыгын эң эле жогору койо билген ар бир көзү ачык, акылы тетик, дил, жүрөгү таза, колунда бийлиги бар азаматтын кимиси болбосун, ушундай барышы бүгүнкү өркөният (цивилизация) заманында көңүлгө коно турган иш. Демек, омбулук жетекчинин бул иш-аракеттери өзүнүн мекендештери үчүн да өрнөк болушу зарылдын зарылы. Албетте, ушундай болушу керек, бирок, аттиң, кыргыздын "чоңдору" үчүн бул үлгү боло коер бекен?! Таң!..
Азыр кытайлыктардын болор-болбос бирдекелерди шылтоолоп, айталы, биринде саякатчы, экинчисинде соода-сатыкты бетине кармап, коңшу турган алакандын отундай Кыргызстанды коюңуз, жер түбү делген ар кошкон Америка, ындыкаралардын жери Африкага дейре жетип, орун-очок алып жатышы, барган жерине калганга аракеттерди көрүшү - бүткүл аалам калкы үчүн өтө эле кооптуу, коркунучтуу. Айталы, жапон өлкөсүнө (Япония), Америкага кириш абдан көйгөйлүү, аларда мыйзам күчтүү, так иштейт. Биздегидей сойку саясат аларда жок. Келген ар бир келгиндин оболу кай мекемеге катталышы, качан, кантип чыгып кетиши мүнөт, секундуна дейре такталган. Кыя басып, кымыңдашы кыйын. Ар бир кадамың аңдууда турат. Мөөнөтүң бүткөндө келген жолуң менен кайтышка милдеткерсиң, антпейсиңби, мажбур кылышат ошенткенге. Анан муну билген кытайлыктар албетте, мыйзамды орундатканга баш ийишке, моюн сунушка аргасыз.

(Уландысы кийинки санда)

Бектуруш САЛГАМАНИ




  Үмүт өчөт, жанат…

Токтогул ГЭСин томсортуп, Камбар-Атадан каниет алабызбы?
Өкмөттүк басылмаларды, КТР, ЭлТР ж.б. теле-каналдарды карасаң, Камбар-Ата ГЭСинин курулушун жетиналбай эле айтып атышат. Талаш жок, Кыргызстандын ар бир аң сезимдүү жараны мындай зор курулушка кубанат, кубаттайт деп ойлойсуң. Бирок, "каргайын десем жалгызсың, каргабайын десем байкушсуң" дегендей, арсар ой да өзөктү өйүйт. Эмне үчүн? Мына, өткөн Союз доорунда күнү-түнү шакылдап иштеп аткан завод, фабрикаларга күч берип турган, ал тургай алыскы тоо койнундагы сан миңдеген короо, сарайларды жай, кышы жаркыраткан атактуу Токтогул ГЭСи "кургакчылык" деген кур "жалаа" менен бир, бир жарым (!) жыл аралыгында араң жан абалга жеткирилип жатса, ошол эле араң жан экономикалык деңгээл менен канткенде андан да кубаттуу ГЭС куруп чукулда жыргалды көрөбүз деген зор чакырыкка эл ишенет. Акыйкатта ишенбей турган мындан сырткары да шылтоолор арбын.
Эсеби маселен, эсиңерде чыгаар алгачкы президент А. Акаев доорунда "Жолчубек" атка конгон Тойчубек Касымовдун ит ашпас "ашуулар ариясы", Осмонакун мырза опурулуп, кийин жарыктык Турдакун Усубалиев коштогон Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече "закым темир жолу" ж.б. сыяктуу зор курулуштардын эпкини. Миллиондогон акчалар, миңдеген адамдардын мээнети, эң башкысы, эл ишеними текке кетти. Кеткени го кетти, буга бирөө да жооп берип же уялып, кечирим сурап койгонго жараган жок.
Эми Камбар-Ата ылайым андай калп, куру кыйкырыкка айланбай, жарыктан мукураган элибизге ылдам нурун чачса экен, атаганат…

Дүйшөн КЕРИМОВ
P.S. Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу тээ 1986-жылы башталып, 1991-жылы токтотулуп, 2003-жылы кайра жанданганы дайын. Кептин ток этер жери: 2003-жылдын башталышында жалпы курулуштун 40%ы аткарылганы маалым. Демек…




  Ким алат эле, ким алат?

"Кийиз сатсаң өзүңө сат, бир өңүрүн жамынасың"
… деп бабалар айткандай, азыркы түгөл сатыкка түшкөн зор ( а балким кор) жарышта, кур дегенде өзүбүздүкүлөр алып калса экен деген куру кыял менен кыргызстандык бай-манаптарга кулак кагыш! Анын үстүнө муну "24kg" агенттиги жарыялаган экен. Анан биз да четте калбай, сатыкка коюла турган обьектилердин тизмесин гезит бетине берүүнү эп көрдүк. Эмесе көрүң, да алың… Өзүбүзгө калсын да…

ОАО "ТНК" "Дастан"
ОАО "Учкун"
ОАО "Бишкек машина курулуш заводу"
ОАО "ЛК "Кыргызайылтехсервис"
ОАО "Кыргызстан Авиакомпаниясы"
ОАО "Кыргызалтын"
ОАО "Кыргызсуудолбоор"
ОАО "Кыргызтамекиси"
ЗАО "ИталКир - "Хайятт" мейманканасы"
ОАО "Ишкердикти өнүктүрүү фонду"
ОАО "Булгары"
"Тариз" моделдер үйү
ОАО "Оргтехстрой"
ОсОО "КАТ"
ОАО "Буудай Карабалта"
ОАО "Буудай Токмок"
ОАО "Кыргызкабель"
ОАО "ВАСО"
ОАО "Темирлан"
ОАО "Талас Дан - Азык"
ОАО "Азык"
ОАО "Буудай Каракол"
ОАО "САП Мин - Булак"
ОАО "Жумгалсуукурулуш"
ОАО "Нарынбасмаканасы"
ОАО "Кочкорбасмаканасы"
ОАО "Разрез "Ак-Улак"
ОАО "Азамат"
ОАО "Кыргызнефтегаз"
ОАО "Жибек жолу"
ОсОО "Ак - Тилек"
ОАО "Хайдарканский ртутный комбинат"
ОАО "Сүлүктүкөмүр"
ОсОО "Шахта "Беш - Бурханкөмүр"
ОАО Кызыл - Кийский ТФЗ". Ж. б.