mainkaptal

Пользовательский поиск
  Ырчынын ымандай сыры

Кыргыз эл артисти Гүлнур Сатылганова:
"Уялбагандардан өзүм уялам"
Кыргыздын поп-музыка тарыхында өзгөчө орду бар таланттар өтө саналуу. Ыйык өнөргө изги мамиле жасоо маданияты калыптанбаган бүгүнкү сүрмө топ ырчылардын алдыщкы көчүн баштаган ким? Ага эл сынчы. Эл сынына төгөрөгү төп келген таланттардын кимисин атабайлы, Гүлнур Сатылганованын алдына кимисин салууга мүмкүн? Ириде, биздин эл эзелтен сөз багып келгенин айтсак, тилекке каршы, бүгүн бирок ырчы болсун, обончу-композитор болсун, алардын сөзгө табынган кимиси бар? Ырды чүргөй салып, элге алып чыгуу кадыресе мамилеге айланды. Бул жагына келгенде, Гүлнур элдин табитин сыйлап, сөзгө, музыкага, сахнага да аяр мамиле жасаганы кубандырат. Өзүнүн музыкалык интеллектисине жараша акынга да, композиторго да бир учурда өзү кайрылып, репертуардык өзгөчөлүккө басым койгону үчүн биз аны сөздүн толук маанисинде чыгармачыл адам катары сыйлайбыз. "Күлүк күнүндө, тулпар тушунда" демекчи, биз ага мындан ары да кажынган эмгек каалап, сөз кезегин өзүнө берели.

- 10 жыл мурдагы Гулнур менен азыркы Гулнурдун айырмасы асман менен жердей болсо керек?
- Он, он беш жыл мурда жаш, чыгармачылыгыбыз жаңы башталган кез. Акчаны деле ойлобой, акчабыз жок болсо деле канчалаган фестивалдарга өз күчүм менен барып, демөөрчүсүз эле жанталашып ырларды жаздырчубуз. Азыр болсо акчасыз иш бүтпөйт. Кайда барба акча. Албетте, талыкпаган эмгегимдин үзүрүн азыр көрүп атам, ошол кезде атыма иштептирмин. Азыр Гулнур Сатылганова деген атым мага иштеп атат. Эл каалап турган ырчы болуп калат экенсиң. Кандай жер болбосун баары сени көргүсү, уккусу келип, көп жерлерге чакырышат. Мен муну менен сыймыктанам. Ушунча жылдан берки тажрыйбаң менен такшалып калат экенсиң. Чыгармачылыгымды баштаганда эле дайыма прфессионалдуулукту талап кылчумун. Өзүм профессионалдуу деңгээлде иштеп, ар бир ырымды элге жакшы жеткирип, жакшы чыгарма болушуна көп эмгектенчүмүн. Азыркы күндө санап көрсөм, кудайга шүгүр жүзгө жакын ырым бар экен. Ар бир ырым мен үчүн кымбатка турат. Анткени, ар бир ырдын артында түмөн түйшүк, каржалган мээнет бар.
- Жакында "Эл артисти" наамын алдың, кут болсун. Эл артисти болгон көңүлгө кандай сезимдерди ойготот экен?
- Элиме, өкмөткө ыраазычылык билдирем, эмгегимди, талантымды баалап, бийик деңгээлдеги наамды алып олтурам. Эл артистиги мага оңой келбеди, быйыл сахнага чыкканыма жыйырма эки жыл толуптур. "Артисттин бир көргөнүн хан, бир көргөнүн кул көрөт" демекчи 22 жылдык эмгек жерде калбады. Наам менен бирге мойнума чоң жоопкерчилик тагылды. Элге мыкты ырларды, бийик деңгээлдеги концерттерди тартуулашым керек. Изденип, чыгармачылыктын жаңы кырларына чыгышым абзел. Кесиптештерим, досторум, жакындарым менин кубанычыма ортоктош болуп, баары эле кубанышты. "Канча жылдан бери иштеп атасың, татыктуу сыйлык болду" дешти.
- Жыйырма жылдык отчеттук концертке качан күбө болобуз?
- Буюрса жаңы жылдан кийин "20 жыл сахнада" деген отчеттук концерт берсем деген тилегим бар. Ага абдан дыкат ойлонуп, өзгөчөөткөрсөм деп атам. 2008-жылы май айында берген концертимди эл жакшы кабыл алып "укмуш сонун концерт болду, көңүл сергиди, жүрөк кубанды" деп баа беришсе кубанып калдым. Эмки концертим андан да мыкты болуш үчүн эмитен эле аракеттерди көрүүдөмүн..
- Канча жыл мурун экөөбүз сүйлөшкөндө "бакыттын артынан кууба, ал өзүңдө, өзүңдүн жан дүйнөңдө" деген элең, азыр деле ошо ойдосуңбу же башкача ой жүгүртүүгө өттүңбү?
- Бакыт - бир гана нерсе менен чектелбеген ар тараптуу өтө татаал түшүнүк. Кээ бирөө ишинен ырахат алса, кээси бала-чака менен, сүйгөн жары менен бакыт табат. Менимче бакыт дегениң келип- келип эле эмгектен тапкан бактың. Өзүмдү бактылуу аялмын десем болот. Себеби мени сүйгөн, ырларымды сүйүп уккан элим, чыгармачылыгым, ырларым, бир туугандарым, уулум бар. Ушуну менен бактылуумун. Бирок адам болгондон кийин толук кандуу бактылуу болбойт экенсиң. Бир жагынан болбосо да бир жагынан сага бир нерсе жетишпегендей. Бакытты бары бир ар бир нерседен, жадакалса чачыңды уйпалаган шамалдан да издей бересиң.
- Ырым-жырым, кыргызчылыкка ишенесиңби. Бир жышаана болордо түшүңдө аян берген учурлар болобу?
- Өтө эле баш-отум менен ар кандай ырым-жырымдарга ишене бербейм. Бирок, кээ бир ырым-жырымдарга ишенем. Кудай бар экенине, түшкө аян бергенге да ишенем. Себеби түшкө ар кандай нерселер кире берет бирок, турмушумда бир нерсе болоордо мага сөзсүз аян берет
- Мисалы кандай болуп аян берет?
- "Түш түлкүнүн богу" дешет, түштү да ниети таза адамга айтпаса кээси жакшы нерсени жаманга буруп жибериши мүмкүн, түштү жоруганды билиш керек. Окууга тапшырып келген жылы түшүмдө тырмышып эле тоого чыгалбай кыйналып атып араң чыккам. Негизи бийиктикке чыккан жакшы. Демек максаттарың орундалат. Ошентип институтка өттүм, окудум, көп ийгиликтерге жетиштим. Курт-кумурска, жылан түшкө кирсе байлык, дөөлөт деп коет. Ошондойлор түшүмө көп кирет. Кээде кирбей калганда "ай, түшүмө кирбей калды" деп аябай ойлоном. Кирсе кубанам. Себеби мага аян берет да.
- Бала чагыңда кумирлериң Уитни Хьюстон, Алла Пугачевадай өлө атактуу болсом деп кыялданчу белең?
- Чоң сахнада ырдаганды, эл сыйлаган ырчы болгонду абдан тилек кылчумун, жаштын тилегин берет деген чын экен тилегиме жеттим деп ойлойм. Ырчы болдум, чоң сахнада ырдадым, фестивалдарга катыштым, эл колдоосуна татыдым, эл артисти болдум. Кай жакка барбайын бары сыйлап, урматташат, ал ансайын иштегиң, элге жаркын маанай, жакшы ырларды тартуулагың келип, кыялдарга канат тагынып каласың.
- Атак-даңктын пайдасы көппү же зыяныбы?
- Атактуу болгон жакшы нерсе, бирок кээде ыңгайсыз жактары да бар, аны жаман, зыян деп айта албайм.Жакшы жактары - сени бардыгы тааныйт, дайыма сый-урматтын үстүндө жүрөсүң, ырларыңды угуп, "сиздин күйөрманыңызмын, мобу ырыңыз, мобу клибиңиз жагат" деп айтып турушат, сый-урматтын үстүндө жүрөт экенсиң, көп жерден "ой, эже, сиз үчүн" деп бардык жол ачык да. Ыңгайсыз жактары - кудай кесир кылбасын, кээде сый-урматтан чарчайт экенсиң, кээде аял катары базарга, дүкөнгө барып бир нерселерди сатып алгың келет, өзүң тандап алганга не жетсин, ошондо жарданышып, бутуңан-башыңа чейин карап, "кандай кийиниптир, кандай боенуптур, эмне сатып алат экен?" деп шынаарлашып, шаштыңды кетирет.
- Ар кандай ушактар айтылат да зээниң кейийби же бара-бара көнүп калат бекенсиң?
- Барган сайын бышып калат экенсиң, азыр мен жөнүндө эмнени айтып атса да мага бары бир. "Эл оозунда элек жок" демекчи, билип-билбей айта беришет тура, "тилде сөөк жок да". Жаңы ырдап, элге чыкканда газетадан туура эмес ушактарды окусам капаланчумун, көңүлүм ооручу. "Жакшыга сөз илээшет, жаманга чөп илээшет" деп коем, ушактар айтылып атса, демек, сен дагы деле атактуусуң.
- Жаныңда чогуу жүрүп, тамагыңды ичип жүрүп эле биякка чыгып ушактай бергендерге кандай карайсың?
- Кесиптештерим, кээде курбу болуп жүргөн кыздар деле ички дүйнөңө кирип алып, мындай чыгып алып эле сөз кылгандар бар. Андайларга кадимкидей эле мамиле жасайм да, териштирип-сүрүштүрбөйм дагы. "Таш менен урганды аш менен ур" дегендей, баарын кудай көрүп турат да. Кудайга аябай ишенем, бирөө мага каршы бир нерсе жасап атса, кудайга коюп коем, ошол мага жамандык кылган адамдар бары бир өзүнүн жазасын менден албайт, кудайдан алат, кандайдыр бир нерсенин үстүнөн чыгат. Мен жөнүндө өйдө-төмөн сөз айткандарды билем, дагы эле жакшы мамиледе жүрөм. "Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт" демекчи, бири ушактап барса, экинчиси кайра эле айтып келет. "Деңгээли ушу турбайбы" деп унчукпай сыйлап эле жүрөм, "уялбагандан өзүң уял" дегендей.

(Уландысы кийинки санда)
Жылдыз Мусабекова




меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика