mainkaptal
Пользовательский поиск
  Инсанат

ДЕМОСФЕН
Аалам алптарынын арасынан адам оюна келбеген тырышчаак, көкбет, апендилик мүнөзү менен өзгөчө айырмаланган инсандар урку жөнүндө кеп кылууну туура көрдүк. Өздөрүн өздөрү адамзат тарыхына тааныткан алардын тарыйкаларын кыргыз үйрөнсүн, ардансын дейбиз.

Эмесе, кыргызга үлгү болор ошол каармандарыбыздын алгачкысы - Демосфен. Ал биздин д.ч. 384-жылдары жашап өткөн байыркы грек ораторлорунун бири. Бул ысым эмнеси менен тарыхта калган? Шоркелдей тагдыры өзүнүн акыйкатсыз доорундагы көргүлүктү көрсөтсө да азоо кыялында - саясый аренадагы бакыйган оратор болуп көрүнгүсү келет. Бирок жаратылышынан жеткен чулдур болуп калганы аз келгенсип, башкаларга берген шаңшыган үндөн да кудай айтпаптыр. Анан калса кебете-кешпири келишкен кемчилиги менен бирге бийге түшкөн дубанача ийиндери да токтоосуз сүлкүлдөп турганы оратор болууга чоң тоскоолдук жаратат. Акыры эмне кылат? Арданганынан шоокумдуу дарыянын боюна барып, дарыя менен атаандашат. Дарыянын добушунан бийик добуш чыгарып сүйлөөгө өзүн-өзү мажбурлап, акыры үнүнүн кубаты обо жарып чыгат. "Р" тамгасын чулдурап айткан неме оозуна таш толтуруп сүйлөгөн машакатты миң кайталап жүрүп, тилин ийкемге келтирет. Эми сүлкүлдөгөн ийнин токтотуп сүйлөш үчүн шыпка мизи жалтылдаган кылычты салаңдатып асып коюп, анын учуна эки ийнин такап, көзалдында кылкылдаган адамдарды элестетип сүйлөй берген өжөрлүктүн аркасы менен боюн зыңкыйтып кармаганды үйрөнгөн. Андан соң күзгүнүн алдына барып өзүнүн кыймыл-аракеттерин (мимикаларын) түзөп, баардык кемчилигин жойгондон кийин акылынан шоола чачыраган даанышман болуп чыга келген.
Анын эң биринчи саясый аренадагы ораторлугу - македондук падыша Филлип II өкүмдардын баскынчылыгы астында колго өтүп кетер Афина шаарын көзкарандылыктан коргоп калган. Жылуу сөз жыланды ийинге киргизгендей, Филлип II канчалык жаагер болбосун Демосфендин камырдан кыл сууругандай сөзүнүн маанисин, формасын, кооздугун тыңшагандан кийин тизгинин кайра тарткан экен.
Карачы замандаш, бул эми качанкы доордогу сөөгү сөпөт болгон инсан. Ал эми бүгүнкү саясый оратор, диктор, радио-теле журналисттер менен ырчы-чоорчулардын сөзүн тыңшагылачы. Канчасы чулдур! Алардын оозуна таш тыга турган гана киши жок.

Даярдаган
Олжобай ШАКИР




  Кайран залкар!

Кыргыз эл артисти Ашыраалы Айталиев:
"Мидин, Райкан, Байдылданы коргоп далай мушташтым"
Журналисттик кесипти аркалап жүргөндөгү куржунубузду аңтарсак, көзү барында ымандай сырын айтып кеткен о, далай залкарларыбыздын маңдай-тескей маектери бар экен. Кайра окусаң деле эскиргиз эсил кайрандарыбыз жарк этип тирилип келгендей… Алардан эч көкүрөгүбүз суубайт окшойт. Кайрандарды кайткыс сапарга узатаарда: "Сиз дайыма биз менен жашай бересиз" дегенибиз да, балким ошондондур… Маркумдар атпай-журтун арбагында колдой жүрсүн, а биз "Кайран залкар!" аттуу рубрикабызды арабыздан кеткен ошол залкарларыбызга арнайбыз…
Быйылкы жыл таланттарга каарын төктүбү билбейм, дөө-шааларыбызды ажалга алдырып, жер муштап кала бердик. Актаңдай акын Ашыкебизден айрылдык да "кеткен сизге жакшыбы же калган бизге жакшыбы?" дегенден башкага жарабадык. Мен Ашыкем 75ке чыкканда 2002-жылы үйүнө барып, маектешип кайткан элем. Кар сампарлап жааган декабрь айынын 15и эле. "Алтын" дүкөнүнүн артындагы үйүнө кирип барсам, 75 жашка чыкса да сымбатынан жазбаган Ашыкем эшикти өзү ачып, анан диванына кыңая отуруп, комузун кыңылдатып, суроолорго каткыра күлүп жооп берген эле. Эми 81 жаштын тамагын жеп жебей эле арабыздан узады.


-75ке чыккан кандай экен?
- Өмүрүң узун болуп 75ке чыксаң анын ырахат, жыргал, кууралын өзүң сезесиң. Мен деле эл катары жашап атам, баскан-турганым тың, кээде демим кысылып, жөтөлүп калам. Эми баягыдай ден-соолукту оңдоп туруучу курорт, санаторийге бармай жок. Пенсиям -1200 сом, а турак-жай кызматына 900 сом төлөйсүң. Чыгармачылык көртирликке аралашып кеткенде жаман экен, кол-буттан алган киши жок.
- "Нарындан жазган салам каттын" тарыхы кызык дейт.
- Нарын театры ачылат дегенде филармониядан үч-төртөөбүздү "ырдап кеткиле" деп чакырды. Так декабрь айы болчу. Нарынга жете турган акчаны үч күн мурун берген, аны ичип албайбызбы.Эптеп акчаларыбызды чогултсак поезд менен Рыбачьеге жетсек болчудай. Темир жол вокзалына келип, кафеге кирдик, а жерден официант кыздар менен таанышып, аларды сыйладык, алар бизди. Поездге түшүп кетип баратканда баарыбыз маспыз, узаткандар, узагандар ыйлап коштоштук. Эптеп Нарынга жетип, театрдын ачылышында сахнага чыксам, ушу ыр жаралды. Ырдадым, ресторан, кыздар, поезддин таасириби ырдап коюп келе бергем, аны деле унутуп калыпмын. Бишкекте стадиондо футбол көрүп атсам, радиодон эле мен шаңшып ырдап атам. Таң калдым. Арактын таасири менен жакшы чыкканбы, айтор эртеси радиого Турсун Уралиевге барып сөзүн жазып алып, бир жума жүрүп өз обонумду кайра өзүм үйрөнгөм.
- Жапар Чабалдаев экөөңөрдү чоң муштум эле дешет.
- Жаш кезде болгон, муштумум чоң болчу, катылгандын катыгын берчүбүз. Кыз талаштык, акча, арак талаштык. Жапар экөөбүз аябай дос элек, ал менин ырларымды бүт ырдачу. Бир жолу кино көргөнү "Октябрь" кинотеатрына кирдик, кичинеден сеп этип отуруп кызып калып байкабай аялдардын ажатканасына кирип кетипмин. Аялдар ызы-чуу "тартип буздуң, 15 сутка камаласың" деп милиция кармап, жетелеп бараткан, аңгыча Жапар жетип келип "аны камагыча мени кама, мына мен сени урдум" деп милицияны көк желкеге бир койду. Экөөбүздү 15 суткага камап койду, баш зыңылдайт. Эртеси кудай жалгап начальнигинин мөөнөтү экен, экөөбүздү тааныйт экен, көрүп эле "эмне жүрөсүңөр?" деп таң калып, кечирим сурап, бир бөтөлкө бузуп берип чыгарган. Мидин, Байдылда, Райкан болуп чогуу иччүбүз, аларды коргоп далай мушташтым. Биз кудайдын бир эркеси элек, арак заводго киргенде үч күн чыкчу эмеспиз, пивону чакалап эле ташып кетчүбүз. А эт комбинатына киргенде чучук баштаган этти бышырып да жеп, чийки да алып кетчүбүз. Азыр арак да иче албай калдым, дем алганым оңолуп жакшы болуп калсам 150 грамм иче коем.
-Сизди 21 аял алган деп жүрүшөт го…
- Ха-ха… (Жыргап каткырып күлдү- Ж.М) ким айтты аны? Жанагы аялга жетпеген, кыздар карабаган эркектер ичи күйүп айтат. Биз кыздарды турган жерде артыбыздан ээрчитип кетчүбүз. Кызга эр көкүрөк жигит керек да. Төлөш Турдалиев экөөбүз теңтуш элек, укмуш ырдачу, келбети, өңү келишкен жигит эле. Бир күнү Кондучаловага үй маселеси боюнча кирбейби, Кондучалова арыз-муңун угуп олтуруп, "Ай, Айталиев экөөңөр качан катын алганды токтотосуңар?" десе, тайманбай, "Мен 21 катын алып очко болдум, Ашыраалы 22 катын алам деп күйүп кетти, ошону кой десеңиз" десе кууп чыгыптыр. Эми мунун баары тамаша.
- А чын эсебиңизде канча кемпирлүү болдуңуз?
- Чынымы айтсам, беш эле аял алдым. Жылдыз, эми өзүң деле калыс болсоң. Үйдө жүрбөй талаалап жүрсөң сага ким чыдайт. Бир аялым "Ашыке, сен 25 жылга армияга кетсең 25 жыл күтмөкмүн, бирок, сен вечный солдат экенсиң" деп үч баламды таштап, өзү ажырашып кеткен.
- Кемпирлериңизди урдуңуз беле?
- Жок, тийген жокмун, аял деген күчү жок алсыз жан, урбасаң деле алың жете турганын билесиң да.
- Башка акындар менен мамилеңиз кандай?
- Эстебес, Тууганбай, мен, Замирбек төртөөбүз төрт башка стилдеги акынбыз. Төртөөбүздөн талаша турган деле эчтекебиз жок, Замирбек, Тууганбайлар шакирттерим.
- Чыгармачыл адамдардын кошоматка кой сойгону жарашабы?
- Жарашпайт, мен кошоматты жер менен жексен болуп, бирөөнүн таманын жалап, бутун өбүү деп түшүнөм. Корс-корс эле бир тием, кошоматчылыктын окуусун окубапмын, ошол үчүн көп нерседен кур калып жүрөм.
- Эмнеге өкүнөсүз?
- Көп иштерим калып калыптыр, "сен мыкты ырдайсың" деп макташса дардайып жүрө берипмин. Бир нерсе жазсам менден мыкты жазуучу чыкмак экен деп жүрөм, мээде даяр романдар бар. Жазуучуларды кудайдай көрчүмүн, көрсө алардын жакшы, жаманы, кыйын, начары болот турбайбы.
- Спортко кызыгасызбы?
- Жаш кезимде конькини өкүртө тепчүмүн, мелдештерде орунду эч кимге берчү эмесмин, азыр коньки тепмек тургай жөө баса албай жүрөм, бирок ошо күндөрдү сагынам.
- Карыганда түш көрөт бекенсиз?
- Түш карыбайт окшойт, жаш кезим, ошо кездеги кыздар кирет түшүмө.
- Жалгыз калганда качанкы бир сүйүүңүздү эстейсизби?
- Ооба, андай учур болот, жаш кезде бир кызды абдан сүйгөм, чоң муштум жаным аны көргөндө мусаапыр болуп калчумун. Алдынан кыя өткөн жокмун, сүйлөй албай, дудук, сенек болуп калчумун. Сезимимди айта албай койдум, кийин, ал жакшы жигитке тийди, эми азыр кемпир болгон, көргөндө сүрдөп, дале уялам.
- Байдылда менен мамилеңиз кандай?
- Ал мени алыстан көргөндө эле "байке" деп келчү, далай арак апердим. Ал таластык эмес, изилдеп келсе түбү биздин айылдык. Чоң аталары таарынып Таласка кетип калган экен. Мыкты жигит, ага канча кыз ашык болду, ошону билген жок, жашоонун рахатын жакшы сезбей калды.
- Азыркы кемпириңиз менен каяктан таанышкансыз?
- Наила, атбашылык татар кыз. 1958-жылы Нарындан таанышкам, почтодо телефонистка болуп иштечү, жаш кезинде укмуш сулуу болчу. Ошо жылы алмакмын, болбой калды. 1976-жылы командировкага барып, "болду, жүр, жүрөктү көп эзбе" деп ээрчитип келгем, ошондон бери биргебиз.
- "Айтыш" коому уюшулганы кантип калдыңар?
- "Айтыш" коомун түзүп Садык Шерниязов аябай азаматтык кылды. Төкмө акын деген жок калган, карманган төртөөбүз өлсөк, кыргызда эч ким калмак эмес, ооздорун куу чөп менен аарчып отурмак. Садык түзүп, "эки эле ооз сөздүн башын курап ырдагандар киргиле" деп чогултуп, Тууганбай экөөбүз устатпыз, аларды күнүгө окутуп, үйрөтөбүз. Экөөбүзгө ар бир он күндө 200 сом акча төлөп турат. Садык "кыргыздын төкмөлүк өнөрү өлбөсүн" деп көтөрүп чыкты. Жалаң өз чөнтөгүнөн төлөп, өз каражатын жумшайт. Мына азыр Элмирбек, Амантай, Жеңишбек, Шекербек казактардын мыкты деген акындарынын оозун тыйып атпайбы. Ууч кур эмес.
- Жаш кезиңизде төкмөлүк, обончулуктан бөлөк башка нерсеге кызыкчу белеңиз?
- Атам колунда бар киши болгондуктан 13 жашымда фотоаппарат сатып берген, жаныман түшчү эмес, азыр да бар, кээде тарта коем. Бирок, көз көрбөй баратат. Командировкага барганда мен эмне интеллигент үй-бүлөдө чоңойгом, жакама кир жугузбайм. Шымымдын кыры бычак, фотоаппарат асынып алсам чет элден келген журналист деп ойлошчу. Негизи атам менин артист болгонума аябай каршы болгон, эми кудая шүгүр, чыгармачылык менен агарып-көгөрдүм, эки уул, үч кызым, сегиз неберем бар. Кудайга ыраазымын, жакшы өмүр сүрдүм. Казакстанда мен айтышпаган бир да облус калган жок, бирөөнөн да жеңилбедим.
Жылдыз МУСАБЕКОВА