газета "Айат пресс" на кыргызском языке • №01, 11.12.08. • "Айат пресс" гезити, кыргызча... •





email • архив • редакция 


  Алгы сөз

"Айат" - караңгыга жарык чачып, адамга канат бололу!
Азыр каерге барба, кимди караба үшкүргөн эле адамдар. Үшкүрүк ойлордун туу чокусу дейин десең кайдагы ой. Айдаганы беш тоюс, бир эчки, ышкырыгың таш жарат болуп калбайбы. Улуу ойлорду көмүр алалбай, пенсиясы аз, айлыгы жарыбаган, үйү үңкүрдөй суук, балдары бакпай таштап кеткен айтор, кыйналган бечел кыргызга суутуп коюптурбу. Ойлогондору эртеңки күн, кантип жан сактасам деген жармач өмүр…
Билбейм, дүйнө бизди өзгөрттүбү же биз дүйнөнү өзгөртө алдыкпы? Ушинетип оозун куу чөп менен аарчып отурган бийлик мунарасындагы, оппозициядагы, же курсагы кулач байлыгы бар адамдар ойлонот болду бекен десең? Менимче минтип карапайым кара кыргыз гана ойлонсо керек. Ойлонуп, ойлонуп анан үшкүрүшөт да, кыйын турмушунун кырына чыга албаганына жиндеп. Деги кими кыргызга жакшылык кылды? Аны тизмектеген киши жок, баары алсам-жутсам дегендер. Саясатыбы, коомубу, күнүмдүк тирилигиби кайда караба өзгөргөн адам жок. Өзгөрбөдүк демек, өлүккө айланып баратканыбыз ошо. Карасак, бүтүн кыргыздын шарданы менен биз да өлүккө айланып баратыппыз. Кайдыгерлик деген кекиртектен. Анан оңолсокпу дедик. Жакшы ойлорду артындык. Жаңы гезитке чапан жаптык. "Чапаның морт болсун, өмүрүң узун болсун" деп ырымдадык. Саясаты сайдын ташындай кыргыздын казанында кайнайлы деп чечтик. Коомду өзгөртө албасак да, ойду өзгөртөлү дедик.Үшкүрүктү азайта алабызбы дедик. Биз эч кимдин арыгын чаппай, эч кимдин колундагы саясый куралга айланбайлы дедик. Биз болгону кыргыздын турмушундагы маанилүү маселелерди эч жакка чарпылбай болгонун болгондой жазалы деп чечтик.
А жаза турган, айта турган көйгөйбү, маселеби, жакшылыкпы… азбы? Күн алдында баары бирдей. Кылкылдаган кытайбы, гүлдөгөн батышпы, теңсинбеген кечээги бир тууган республикаларбы, бирдей укугу, келечеги бар. Кыргыз да ошолордон кем калбаган, мүмкүн айрымдарынан алдаканча көөнө, артык тарыхы, маданияты, салты, жазылган да, жазылбаган да мыйзам - айаттары мол эл, журт. "Айат" - белги, сыр дегенди түшүндүрөт, сөздү барктаган кыргыз айаттын маанисин бизден артыкча түшүнүп, маани берет деп ишенебиз. Демек, биз жакшылыкка сыр, белги бололу. "Айат пресс" деп чыгып атканыбыз бул - мыйзам, укук, үмүт, жышаана, күрөш… "Үмүтсүз - шайтан" деген ата-бабабыз. Умтулалы, намыстаналы, сүйлөшүп, бир-бирибизди колдойлу, окурман! Үшкүрүктү азайталы. Эмесе кеттик, муундуу чөптүн үстү менен, булуттуу көктүн асты менен! Караңгыга "Ай" нурундай жарык чачып, "Ат" - адамга канат бололу!

Жылдыз МУСАБЕКОВА




"Азаттык" качан азаттыкка чыгат?
6-бет









меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси




Яндекс.Метрика