Кыргыз гезиттер

  меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Оттуу Маймыл (мечин) жылы кимге жемиштүү экенин билгиңиз келеби..?

Кымбаттуу окурмандар, босогодо күн санап, күтүп жаткан жаңы жыл тууралуу астрологдордун айтымдары сизди дагы кызыктырып турса керек. Эмесе көңүл коюп окуп, маанилүү маалыматтарды топтоп алыңыз.

Алдыда келе жаткан 2016-жыл эсте калаарлык жагымдуу жаңылыктары менен баш айланткан көп сырдуу, жарык, жалпыга жайлуу, жеңил жыл деп күтүлүүдө. Бул жылы жашооңузда күтүүсүз өзгөрүүлөр, көкөлөгөн ийгиликтер күтүшү мүмкүн. Бардыгы сиздин аракетиңизге эмес, ойлонуп, аярлап, абайлап иш баштооңузга жараша болот. Болбосо, ошол оттуулугу кайрып, жеңилүүгө, алданууга кабылуу көз ирмемде болуучу нерсе. Анткени, Кытай гороскобу боюнча бул жыл - Оттуу Маймыл жылы делип, мүнөзүндө сезимтал, күчтүү, сүйкүмдүү дешкен менен кыялы турган ордунда жүз өзгөргөн түркүн жүздүү жан болот. Бир эле жөндөмдүүлүктө ишкердик, кызганчаактык, айлакердик, кумардык - азгырык сыяктуу сапаттарга ээ. Мындай нерсе тынч өтүп жаткан жашоо сүртүмдөрүн ала-берди башка нукка өзгөртүп кетүүсү мүмкүн. Канчалык жигердүү, чечкиндүү ишкер болгон сайын, азгырылып, алыңдын канчалык экенин аңдабай каласың, ошондон сак болуу керек. Бул сактык бардык сферадагы же жеке жашоодон баштап, каржы киреше булактарына чейин тиешелүү.
Ошондой эле, жыл айланып бүткүчө сүйүүдө, иште, жеке ишкердикте болобу, же чыгымдоо менен сатып алууларда болобу, баардыгына башыңды сала бере турган жыл болот. Ар бир мүнөттөр азгырып, шаштырып турат. Мындайда, көпчүлүк адамдар ойго келбеген, жеңе билчү жалган сезимдерге кабылып, болбогон иште туура эмес чечимдердин санын көбөйтүшү мүмкүн. Андыктан, өзүңүздүн жеке мүмкүнчүлүгүңүзгө жараша иш кылганыңыз туура. Бүгүнкү эртеңкиден жакшы деген баш айланткан айлампадан оолак болушуңуз абзел.
Ошентсе да, 2016 - Оттуу маймыл жылында телегейи тегиз, дайым ат үстүндө, сүт көл жашоого кумарланган адамдардын катары да көбөйөт. Акыл калчап иш кылгандарды, өзүнүн эмоциясын башкара билгендерди болуп көрбөгөндөй, укмуштуудай ийгилик күтөт. 2016-жылдын жылдыздар гороскобу дал ушул адамдар үчүн чыгармачылык, карьера, баарлашуу же сүйүүдө болбосун, жашоонун баардык тармагында чексиз ийгилик мейкиндигин тартуулайт. Айрыкча бул жыл оттуу жылдыздар үчүн, эң негизгиси арстандарга жемиштүү болот. Ырыс көтөрүмдүү, ондон ойлоп оңдуу бирин көрө билген сезимтал болсоңуз, бул жыл берешендигин аябайт.
Жылдын дагы бир өзгөчөлүгү - бул кызганычтын болгон түрү күч алат, кесиптештер арасында атаандаштык же башкалардын ийгилигине, өсүшүнө ич күйдүүлүк күчөшү байкалат. Эгерде муну туура нукка бурсаңыз ал сиз үчүн жаңы кадамдарга, өзгөрүүлөргө, бир деңгээлден экинчи деңгээлге өсүүгө түрткү болот. Мындай тактика өзгөчө бизнесте, сүйүүдө эң чоң жеңиштерге жеткирет. Аны атаандаштарыңызды артка калтыруу катары эмес, жеке ийгилигиңиздин туура багытына жетишүү деп түшүнүңүз! Сизге карата да ич күйдүүлүк сөзсүз болот. Ошондуктан, жетишкендигиңизди, финансылык кирешеңизди ачыкка чыгарбай, ичиңизде сактай билүү маанилүү. Эсиңизде болсун, ийгилик менен акча тымызын тынчтыкты сүйөт, менменсинген атак-даңк көйрөңдүктү жек көрөт.
Эң негизгиси, 2016-жыл жеке жашоо куруу жана сүйүүсүн издөө үчүн абдан буйруктуу жыл. Адам пейлинен жаңылып кетпесе, Маймыл жылы бейпил, кирешелүү, баардык мүмкүнчүлүктөргө жетүүгө ыңгайлуу, түркүн жаңылыктарга бай жыл болот. Жылуу мамиле бир гана эркек-аялдын ортосунда эмес, достордун, тааныштардын ортосунда бекемделет. 2016-жылдын символу кызыл маймыл өз алдынча чечим кабыл алып, максатын так көздөгөндөр үчүн ийгиликтердин жылы деп бааланат.



 

Яндекс.Метрика