Кыргыз гезиттер

  меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Көп кырдуу "Карагат+" Көл
кылаасына ийгиликтерди жаратууда

Аалам көйгөйүнүн эң кооптуусу климаттын өзгөрүшү, бир жылдын аба ырайы экинчи жыл менен такыр окшошпой, өзгөчөлөнгөн кырдаал болуп жатат. Мына ушундай жагдайлар азык-түлүк коопсуздугун сактап, айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүгө зор көңүл бурууну талап кылууда. Ошондон улам өлкөбүздүн айыл чарба тармагында жаңы багыттар иштелип чыгууда. Жаңы усулдарды дыйкандар арасында кеңири жайылтууга кадам ташталып жатат. Элдин көңүлүнөн чыгып, көп кырдуу жаңычыл кадамдары менен таанылган мыкты долбоордун бири Ысык-Көл кылаасында ийгиликтүү иштеп жаткан "Карагат+" программасы болуп турат. Аталган программа Кумтөр компаниясы тарабынан каржыланып, "АВЕП" коомдук фонду тарабынан ишке ашып келет. Сиздердин назарга "АВЕП" коомдук фондунун директору Нурлан Токонов менен болгон маекти сунуштайбыз.

- Нурлан мырза, а дегенде "КАРАГАТ+" программасынын алдына койгон милдеттери жана максаттары жөнүндө айтып берсеңиз?
Биз бул долбоорду ишке ашыруу алдында негизинен 5 милдет койгонбуз. Алар:
1. Ысык-Көл облусунда питомниктерди өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, питомниктерди базар шартына ылайыкташтыруу. Питомниктерде мол түшүм бере турган көчөттөрдүн санын көбөйтүү жана ал көчөттөрдүн фермерлер үчүн ыңгай баада сатылышын көзөмөлдөө.
2. Сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн жана сугат суу тартыш болгон аймактардагы дыйкандар үчүн тамчылатып сугаруу системасына көндүрүү жана үйрөтүү, дыйкандар арасында бул ыкманы жайылтуу. Тамчылатып сугаруу ыкмасы аркылуу сугат суу жетишсиз болгон жерлерде да көп түшүм алууга мүмкүн экендигин дыйкандарга түшүндүрүү.
3. Дыйкандарды мөмө-жемиш өстүрүү боюнча жергиликтүү кесиптик окуу жайларында окутуу. Бул окууну алар жеке чарбаларында колдонуу менен түшүмдүүлүгүн жогорулатуу.
4. Айыл жерлеринде дыйкандардан түзүлгөн атайын топторду уюштуруу. Мөмө-жемиштерди кабыл алуучу жайларды ачуу. Дыйкандар, алып-сатуучулар жана кайра иштетүүчүлөр ортосундагы байланыштарды түзүү жана дыйкандардын түшүмүн сатууга абалды ыңгайлаштыруу.
5. Ысык-Көл облусунда мөмө-жемиш сактоочу кампаларды даярдоо. Дыйкандардын түшүмүнүн баасын туруктуу кармоо максатында Ысык-Көл аймагындагы долбоорго кирген айыл жерлеринде дыйкандар менен биргелешип каржылоонун негизинде сактоочу жайларды куруу.
Эмне үчүн бул багыттарды биз кабыл алдык? Программа - "Ысык-Көл облусун комплекстүү өнүктүрүү" деп аталат. Көпчүлүгү "КАРАГАТ+" десе карагат өстүрүү менен чектелет экен деп ойлойт. Бирок, долбоор мөмө-жемиштин баардык түрүн жакшы өстүрүүгө, мыкты сортторун көбөйтүүгө, айтоор айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган. Башкача айтканда, мөмө-жемиш өстүрүп, андан пайда табуунун баштан аяк чынжырчасын фермерлерге үйрөтүү. Мөмөнүн кандай сортун тандоо керек, кантип өстүрүп, анан кантип сатуу керек экендигине чейин үйрөтөбүз.
Долбоордун эң башкы максаттарынын бири - бул жакшы сорттогу көчөттөрдү алып келүү болгон. Долбоордун башында сырттан 10000 көчөт алып келебиз деген тапшырма койсок, бүгүнкү күндө биз алып келген көчөттөрдүн саны 35 миңден ашты. Мунун ичинен 28 миң көчөт жаңы сорттогу көчөттөр. Алар Орусиядан, Польшадан алынып келинди. Калган 7 миң көчөт жергиликтүү питомниктер аркылуу көбөйтүлүп, фермерлерге сатылды жана учурда да көбөйтүлүп жатат. Жаңы көчөттөр боюнча долбоордун эң чоң жетишкендиги - чет өлкөдөн келген көчөттөрдүн сорт изилдөө комиссиясынын атайын тизмесине кирүүсү болду. Бул жаатта Илимдер академиясы менен кызматташып, жаңы алынып келген сортторго изилдөө жүргүзүлүп, бул сорттордун биздин шартта өстүрүүгө мүмкүн, деген официалдуу бүтүм чыгышы долбоор үчүн чоң жетишкендик болду.
Мындан тышкары, тамчылатып сугаруу технологиясын жайылтуу боюнча да иш жүргүзүп келе жатабыз. Бул ыкманы жайылтуунун үстүндө башка да программалар иштеп жатат. Алардын ишин кайталабаш үчүн алар менен биргелешип иштөөгө багыт алдык.
Жалпысынан долбоордун алкагында курулган 44 көргөзмө аянтчаларга тамчылатып сугаруу жабдууларын орноттук. Ал жерден фермерлер үчүн атайын окуулар уюштурулуп, бул система менен кенен тааныша алат.
Чындыгында эле фермерлер көргөндөрүн өздөрүнүн чарбаларына пайдалана алышты. Алардын жыйынтыгы аркылуу акыркы 3 жыл аралыгында Ысык-Көл аймагында жалпы 91 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулду. Долбоордун башында 30 гектар жерге тамчылатып сугарууну орнотобуз десек, долбоордун жыйынтыкталаар алдында ал 3 эсеге ашыкча аткарылды.
"КАРАГАТ+" программасынын көрүнүктүү жана пайдалуу жумушунун бири - күнөсканаларды фермерлерге куруп берүү болду. Күнөсканалар жеке эле Ысык-Көлдө эмес, өлкөнүн бардык дубанында кирешелүү булак экендигине көпчүлүк ынана баштады. Бул иш-аракеттерди эл абдан жакшы кабыл алды.
Күнөскана боюнча биз 2 багытта иш алып бардык. Биринчиден: социалдык багытта, мында түздөн-түз күнөсканаларга муктаж болгон мекемелерге: бала бакчалар үчүн, же балдар үйү үчүн курулуп берилди.
Экинчиси - күнөсканаларды сынактык негизде анын жайгашкан жерине, аймактагы климатка жараша курулушунун формасын ар түрдүү кылып көрдүк. Долбоордун алкагында бир нече типтеги күнөсканаларды куруу менен биз сыноо мөөнөтүнөн өтө алдык.
3 жыл аралыгында жалпысынан 12 күнөскана долбоордун каржылоосу менен курулду. Мындан тышкары 15 жеке фермерлер өздөрү үчүн күнөсканаларды курушту. Бирок, долбоор бул үчүн тиешелүү жардамын берди.
Маселен: окууларды жүргүзүү, же болбосо башка аймактардагы алдыңкы дыйкандар менен тажрыйба алмашуу, шарт түзүү, ошондой эле демөөрчүлүк кылган "Кумтөр" компаниясынын чакан кредиттик компаниялары - "Жети-Өгүз", "Тоң-Финанс" жана "Балыкчы-Финанс" аркылуу насыя акчаларды алууга көмөк көрсөттүк.
- Семинарларга, окутууларга фермерлерди тартуу кыйын болбодубу? Ошондой эле фермерлерди окутууда тренерлер кандай негизде кабыл алынды?
- Долбоорду ишке ашырып жаткан АВЕП коомдук фондунун долбоорду ишке ашырууга чейинки 10 жылдык тажрыйбасы бар болчу. Ушул эле Ысык-Көлдө, Чүйдө, Нарында, Таласта бир нече долбоорлорду ишке ашырып келгенбиз. Окутуу - АВЕП коомдук фондунун эң негизги компетенциясынын бири болуп саналат. Биз биргелешип окуу программасын иштеп чыгуу деген ыкманы колдонобуз. Программаны түзүүдө жөнөкөй, чарбак иштеткен дыйкандан тартып Илимдер академиясындагы билимдин докторлору менен биргеликте программаларды иштеп чыгабыз. Жалпылап айтканда, бизде "төмөндөн жогоруга карай" деген ыкма ишке ашырылып келет.
Окутуу жаатында бир нече уюмдар менен кызматташтык. Айыл чарбасында иштеп келген адистер, Илимдер академиясынын өкүлдөрү менен иштешип келдик. Алгач жергиликтүү тренерлерди даярдап чыгардык. ЦАРСИ коомдук фондунун 4 адисин окуттук, ошол эле учурда Ысык-Көлдөгү 4 кесиптик окуу жайы менен келишим түзүп, алардын мугалимдерин да бул программанын негизинде даярдадык.
- 3 жыл - айыл чарбасындагы жыйынтыкты көрсөтүү үчүн кыска мөөнөттүү долбоор эмеспи?
- Туура айтып жатасыздар, 3 жыл айыл чарбасындагы кандайдыр бир жыйынтык чыгарууга өтө кыска мөөнөт, деп эсептелинет. Себеби, биз биринчи алып келген көчөттөр быйылкы жылы да толук мөмөсүн берген жок. Ошол эле учурда көчөттөрдү илимий жактан изилдеп чыгуу үчүн изилдөөлөрдү жүргүздүк, анын жыйынтыгы ушул жылдын аягында белгилүү болду. Жаңы сорттогу көчөттөрдү аймактардын шартына, климатын, ошол жерге ыңгайлашып кетээрине карап, оорусун эске алып туруп, анан бөлүштүрүшүбүз керек эле, бирок, биз бул үчүн көп убакыт кетээрин билип, дароо эле таратып салдык. Долбоордун мөөнөтүнүн кыскалыгына карабастан тиешелүү өкмөттүк уюмдар менен кызматташуунун негизинде, Польша мамлекетинен алынып келинген 3 жаңы сортту үстүбүздөгү жылдын аягы менен атайын каттоодон өткөрө алдык. Албетте, бул натыйжанын артында көптөгөн биргелешкен изилдөөлөр жүргүзүлдү жана бул сорттор Кыргызстандын шартында өстүрүүгү мүмкүн деген официалдуу тыянак чыгарылды.
- "КАРАГАТ+" долбоорунда жалпы канча кызматкер эмгектенди жана кызматташкан программалар, өнөктөштөр жөнүндө айта кетсеңиз.
- Программаны ишке ашырууда 6 киши штаттык кызматкер болуп иштеди. Мындан тышкары айылдагы дыйкандарды топтоого, семинарларды уюштурууга ЦАРСИ коомдук фонду чоң жардам көрсөттү. Дагы 10 чакты өнөктөш уюмдар бар: Кыргыз улуттук илимдер академиясы, сорт изилдөө комиссиясы, Хельветас уюмунун тамчылатып сугаруу боюнча программасы жана башка көптөгөн уюмдар менен тыгыз иш алып бардык. Андан тышкары, райондук, облустук мамлекеттик администрация, айыл өкмөттөрдүн колдоосу да чоң болду. Себеби, жергиликтүү бийликтин кызыгуусу болбосо, эч кандай долбоор ишке ашпайт. Ошондой эле Кумтөр компаниясынын кызматкерлери да өз кезегинде программанын аткарылышына көзөмөл жүргүзүп, тиешелүү маселелерди өз убагында чечип берүүгө чоң колдоо көрсөттү.
- Дыйкандар айыл чарба жаатындагы билимге, семинарларга кызыгуу артыштыбы?
- Чынын айтканда дыйкандар каражатка кызыгат. Долбоор, семинар десең, кайра бизден "Эмне бересиңер?", деп сурагандар да болот. Бирок, ушул долбоорду ишке ашыруу менен биз дыйкандарга тренингдин пайдасын түшүндүрө алдык. Ачыгын айтканда окууларды жүргүзүүдө толугу менен каржылаган жокпуз, алар окуу акысынын 20%ын өздөрү төлөдү. Чарбасында ийгиликке жетишем, жашоомду өзгөртөм деген дыйкандар келип, окууларга катышты.
- Айыл чарбасында дыйкандар эмнеге муктаж экенин байкадыңыз?
- Ар кандай көз караштарды байкадык, дыйкандарга билим да финансылык жардам да керек экен. Каржылык колдоо болсо, көпчүлүк дыйкандар жашоосун өзгөртүп кетүүгө даяр. Биздин тренингге 60-70 жаштагы дыйкандар да катышты. Кээ бир фермерлер окуп алып, сактоочу жайларды, күнөсканаларды өздөрүнүн каражатына салды. Демек, кээ бирине билим жетишпей жүргөн экен.
- "КАРАГАТ Фест" фестивалы жөнүндө да айта кетсеңиз?
- "КАРАГАТ+" программасы фермерлердин түшүмүн сатууга жардам кылууну да максат кылганбыз. Буга чейин дыйкандарга эч кандай жардамдар болгон эмес. Бул багытта биз түшүмдөрдү топтоочу 20 жайды ачтык. Бул жерде дыйкандар түздөн-түз мөмөсүн сата алат. Башка өлкөдөн ири тонналарга буйрутмалар келиши мүмкүн. Ошол көлөмдөгү продукцияны топтоп сатуу үчүн топтоочу жерлер иш алып барууда. Биргелешип сатуу бул дыйкандар түшүмүн кыйналбай сатуусу үчүн түзүлгөн шарт.
Фестивалдын эң негизги максаты - сатуучулар менен сатып алуучулар ортосундагы көпүрөнү түзүү. Фестиваль учуруна 250 тоннага чейинки мөмө-жемиштер сатылып, же келишимдер түзүлүп жатты. Фестивалдын дагы бир максаты бул - фермерлерге жакшы маанай түзүү, аймакта агротуризмди өнүктүрүү. Бул максаттын алкагында фестивалга башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүн да чакырып жаттык. Көчмө фестиваль катары Тоң, Жети-Өгүз жана Түп районунда өттү. Баардыгы 7000ге жакын катышуучулар болду.

Сөзүмдүн аягында бул долбоорго каржылык колдоо көрсөткөн Кумтөр компаниясына чоң ыраазычылык билдирип кетээр элем. Ошол эле учурда долбоордун жыйынтыктары жемиштүү болуп, жергиликтүү фермерлер, деги эле жалпы коомчулук тараптан долбоордун улантылышына суроо талап көп болууда. Өз кезегинде Кумтөр компаниясы да бул долбоорду кийинки жылы да улантууга даярдыгын билдирүүдө.

Материал жана сүрөттөр АВЕП коомдук
фонду тарабынан камсыз кылынды





 

Яндекс.Метрика