Кыргыз гезиттер
 

"Өгөй эне өөнчүл, жетим бала кекчил" болгон тагдырдан корколук

(же үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук туурасында)

Акыркы жылдары турмуш канчалык оордоп, өлкөбүздөгү экономикалык абал канчалык татаалданган сайын үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук күч алып бараткандыгы байкалууда. Бул тууралуу сөз кылгандан дайыма тартынып, эски жараны тырмоодон чочулагандай, зордук-зомбулукту жашырып жабууга аракет кылып келебиз. Ал түгүл көп учурда жакын адамдарыбызга жагымсыз мамиле жасап жаткандыгыбызды ичибизден сезип, капа болгонубуз менен аны токтотууга кудуретибиз жетпей келет.

Дегеле үй-бүлөлүк зордук-зомбулук деген эмне? Менин үй-бүлөмө жасаган мамилемде анын көрүнүштөрү барбы? Бар болсо, ал жакын адамдарыма кандай таасирин тийгизип жатат, деген суроолорду өзүбүзгө берген учурлар аз болсо керек. Туура, курсак кулдурап, тамак талап кылып, өз үй, өлөң төшөк көздөн учуп, кийим-кечек жетишпей, өтүктүн таманы тешилип жер жыттап турган учурда, адам айласы кетип, акыр заман келип калгандай алдастап, жакшылык менен жамандыктын айырмасын аңдап биле албай калат. Адатта, ушул турмушка ким күнөөлүү деген суроо биринчи ойго келип, ага жооп табууга чамабыз жетпей туталанып, акыры ачуубузду арактан, андан соң жаныбыздагы жакын адамдарыбыздан чыгарабыз. Жаман көрүп зекиген, шылдың кылган мындай калсын, өз күчүбүздү көрсөтүп, уруп-сабап запкы көрсөтөбүз. Эртеси эсибизге келип, кылганыбызга кызарып, кыйналып "тооба" деп кечирим сурап, кылган күнөөбүздү түшүнүп моюнга алсак жакшы. Көп учурда андай болбой эле зордук-зомбулук кайра күчөп, ал жашоо адатына айланып калган учурлар арбып бара жаткансыйт.
Зордук-зомбулук ынтымакты ыдыратат

Зордук-зомбулук өз артынан дайыма зордук-зомбулукту алып келип, үйдөн береке, кут качып, үй бузулаарын баарыбыз эле жакшы билебиз. Жакынкы күндөрдө ден соолугум күндөн күнгө начарлап баратат, деген эне менен шашылбай маектешип калганыбызда, ал кишинин оорусунун себеби дал ошол үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун күч алышы экендиги белгилүү болду. Кудай кошкон жарынан жарытылуу сөз укпай, күндө көр жемеге кабылып, ал түгүл көк ала болгончо таяк жеген байкуш эне ичке толгон бугун, ачуусун кимден чыгараарын билбей, кол алдында турган, өз канынан жаралган балдарынан күчүн чыгарып, болоор-болбос иш үчүн аларды уруп баштаган. Алгачкы күндөрү, эртеси өзүн күнөөлү сезген менен бүгүнкү күндө балдарды уруп-сабоо, ал үчүн көнүмүш адатка айланып калгандыгын мойнуна алып ыйлап отурду. Эртели кеч эне-атасынан жылуу сөз укпай, күндө көр жемеге кабылган күнөөсүз наристелер, азыр эс тартып калгандан ата-энесин такыр укпай, алардын уруп-сокконуна кайыл болуп, окуу дегенди такыр таштап, кээ күндөрү үйгө түнөбөй качып кете баштаган. Эки күндүн биринде кимдир бирөөлөр менен мушташып, бирде таяк жесе, бирде бирөөлөрдү таяктап, ата-энесин бушайман кыла баштаган. Мектептеги мугалимдер дагы баланын жүрүм-турумуна нааразы болуп, мектептен чыгаруу тууралуу маселе коё башташкан.
Мындай жүрүш-турушту аңдап билүү үчүн ар бирибиз бала чагыбызда өзүбүз туш болгон, ар-намысыбызга тийип, кадыр-баркыбызды тебелеген учурду эске алып көрөлүкчү. Ал сизге кандай таасирин тийгизди эле, ошол учурда өзүңүздү кандай сезип, кандай абалда болдуңуз эле? Эстеп көрүңүзчү!!! Жүрөгүңүз кысылып, көңүлүңүз чөгүп, шалдырай түштүңүзбү? Албетте, мүмкүн ал тууралуу эстегиңиз да келбей, менде андай учур болгон эмес деп каршылык кылышыңыз да мүмкүн. Бирок, ошол учурдагы өзүңүздү алсыз, кем сезген учур сиздин аң сезимде азыр да жашап жаткандыгын азыр да тана албайсыз. Эми ошол зордук-зомбулукка дуушар болуп, дайыма жактырбоо менен жасалган мамилеге дуушар болгон адамдын ордуна өзүңүздү коюп көрүңүзчү. Мындай зордук-зомбулуктан айрыкча балдар көбүрөөк жабыр тартып, алардын айлана-чөйрөгө, өзүнө болгон ишеними азайып, ачуусу, ызаасы артып, өз келечегине кайдыгер карап, караңгыда жол таппай, карайлаган адамдай ар нерсеге урунуп-беринип, далай азап-тозокко дуушар болоору чындык.
Күн сайын зордук-зомбулукка күбө болгон, же андан запкы жеген кээ бир балдар, көңүлү чөгүп, эске тутуусу начарлап, ою ар кайда чачыранды болуп, сабактан начарлап, окууга болгон кызыгуусу төмөндөй баштайт. Ичтеги эч кимге айтпас кыялы менен жашап, жалдырап эч ким менен сүйлөшкүсү келбей түнт тартып, дайыма өзүн кем сезип, жашоодон баш тартат. Ал эми башкалары болсо, канчалык запкы жеген сайын ошончолук ачуусу толуп, башкаларга үстөмдүк кылууну эрдик катары санап, кимдир бирөөнү шылдыңдап, уруп-сабап, жанындагы алсызы канчалык деңгээлде кыйналса, ошончолук андан күч кубат алып, зордук-зомбулук кылууну адатка айландырып алат да, акыры өз туугандарына, ата-энесине кол салуудан тартынбай турган деңгээлге жетет. Ал бой жетип үйлөнгөн учурда өз үй-бүлөсүнө да дал эле ошондой зомбулук көрсөтөт.
Өзүңүздөр мындан баамдагандай, зордук-зомбулук деген бул жалгыз гана кол көтөрүп уруп-сабоо эмес, бул жекирип тилдөө, кемсинтүүдөн башталат да, акыры турмушка болгон нааразычылыкка алып келет.
"Өз күнөөсүнө бушайман болуу дагы тообанын өкүмүндө. Эй адамдар Теңирден корккула, өз ырыскыңарды адал жол менен таап жегенге аракет кылгыла. Эч бир инсан өз ырыскы-насиби түгөнмөйүн ааламдан өтпөйт. Эртеби, кечпи баары бир ага өз үлүшү келет. Ошол себептүү дагы өз тиричилигиңерди жакшы жолго коюп, адалын алгыла, арамын четке каккыла",- деп бул саптар хадистерден алынган. Анда айтылгандай бирөөнө зордук кылуу дегендин өзү "арамдык" экенин эске алгыла. Жакырчылыкка шылтап, ынтымакка балта чабуу ырыскы алып келбейт.
(Уландысы эмки санда)

Таалай Жакыпов
Балдарды коргоо борборунун
социалдык кызматкери
Сүрөттөр автордуку





 

Яндекс.Метрика