Кыргыз гезиттер
 

Көчмөндөр турмушу көп жагынан окшош экен
Айланасын тоолор курчаган Борбордук Азия мамлекеттеринин малчылары ата-баба салтын улап, малын багып көчмөн турмушту кечип келет. Бул чындыкка дагы бир ирет көз жеткизген окуя, өткөн жылда Монголия жергесинде "Малчылардын билим борбору" деген темада өткөн Борбордук Азиядагы малчылардын Эл аралык конференциясы болду. Аталган конференцияга Тибеттен тартып Тоолуу Алтай, аскасы бийик Ала-Тоо, Памир, Алай тоолорун мекендеген мал чарба адистери барышты. Борбордук Азиянын туш тарабынан келген конокторду Монголиянын малчылары менен мал чарба багытында эмгектенген жамааттары кучак жайып тосуп алышты. Бул жерде ар бир өлкөнүн көчмөндөр турмушундагы салттуу билимдерин жайылтуу менен аларды сактап, урпактарга жеткирүүнү максат кылышты. Замана талабына ылайык тоолуу өлкөлөрдө өндүрүлгөн азык-түлүктөрдү, деги эле мал чарбасынан алынган өнүмдөрдү турмушта пайдалануу ыкмалары, аларды кайра иштетүү багытына зор көңүл бурулду. Тажрыйба алмашып тоо продукцияларын кайра иштетип, аларды ар бири өз өлкөсүнө чыгарып сатуу жолдору туурасында кеңешип пикир алышты.
Ушул конференцияга биздин өлкөдөн САМР Алатоо коомдук фондусунун колдоосу менен барып келген Нарын районунун Жергетал айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар комитетинин төрагасы Алмаз Өмүровду кепке тарткан элек.
Сөз кезеги Алмаз мырзада болсун.


Монголия
Борбордук Азияда жайгашкан мамлекеттердин бири түндүк тарабынан Орусия менен, чыгыш жана түштүк батышынан Кытай мамлекеттери менен чектешет.
Жалпы аянты 1564116 квадрат метрди ээлеп жатат.
Борбор калаасы - Улан-Батор 1206-жылы түптөлгөн.
2013-жылдагы эл каттого ылайык 2,839 млн. эл жашайт.
Улан-Батор жер шаарындагы эң суук борбор шаар болуп саналат. Бул жер кышкы атмосферанын басымы дүйнөлүк максимумга жеткен аймак.
Өлкөнүн орточо деңиз деңгээлинен бийиктиги 1580 метр.
Тоо кыркаларындагы эң бийик чокусу деңиз деңгээлинен 4374 метрге жеткен Хуйтэн тоосу болуп турат.
Дүйнө жүзүнө белгилүү Гоби чөлү жана дүйнө жүзүндөгү эң таза Хубсугул көлү менен сыймыктанышат.
Монголияда ар түркүн өсүмдүктүн 2 миңден ашык түрү өсөт жана жүздөн ашык түрлүү жаныбарлар менен канаттуулар мекендейт.


Монголияга биринчи барышым. Биздин тоолордой өтө бийик аска- зоолорду көрө албадым. Жайык талаалары созулуп, тоолору жапыз келет экен. Биздин Суусамыр жайлообузга окшош "Баян -Сонгинут" деген кооз жайлоодо болдук. Бизди жайдары тосуп алышты, алардын улуттук кийим кийген айымдары көк түстөгү тасмалга койгон бир кесе сүт менен тосуп алышып, андан ооз тийгизишет тура. Биздин боз үйлөрдөн бир азыраак айырмаланган боз үйлөргө жайгаштык. Так эле бизге окшоп эт асып, казан көтөрүштү. Аялдары биздин апалардай эле айран уютуп, сүт саап, бээ саашат, кымыз жазашат экен. Курут, майын коюшуп, быштактарын дасторконго жайнатышты. Бизде курут жасаганда тузду көп пайдалансак, алар шекерди көп кошушат. Бизге окшоп малды мууздап сойбостон, алар ичин жарып туруп, жүрөгүн мыкчып алышат экен.
Туризм тармагына жаңыдан көңүл бурула баштагандыктан, ал жерде тейлөө жаатында бир топ айырмачылыктар барын көрдүк. Жайлоолорунда жапайы жылкылар баягы Пржевальск жылкылары куландарга окшоп жайылып жүрө берет. Болжолу 70миңдей бар дешти.
Монголияда тери, жүн иштетүү бир кыйла алдыга чыгып калыптыр. Өзгөчө тери иштетүүгө басым көбүрөөк жасалат. Андыктан, тажрыйба алмашуу кезегинде ошол өнөрлөрүн көрсөтүштү. Биз азыр көчүп конгондо, мал аркандаганда баягы энелерибиз эшип берчү жип, аргамжыларды пайдаланбай калдык да. Аларда жылкынын куйрук жалынан кошуп, кадимкидей аркан эшип алуу күч экендигине көзүбүз жетти. Бул бир чети эзелтеден келе жаткан кол өнөрдүн бир бутагы болсо, экинчиден нукура заттарды турмушта пайдалануу болуп жатат. Азыркы тил менен айтканда экологиялык жактан таза деген сөз.
Жери кеңирсип, жайык талаалары көп, малга өтө жайлуу экен деп койдук. Малчылары заманбап үлгүдөгү күн чырактарды көп колдонуп калышыптыр. Малчылардын үй турмушунда күн энегиясын пайдаланып, турмуш-тиричиликте кеңири колдонууга дээрлик баардыгы өтүп алгандай. Мына бул сүрөттө көрүп тургандай ар бир малчынын боз үйүнүн жанында күн коллекторлору турат. Андыктан, чырак жагып, кара-ала, тору-ала болуп отун жагуу азайган десек болот. Малга жайлуу талааларда суу жагы тартыштыгы бар. Жайкысын түрмөктөлүп келген булуттарды кандайдыр кошулмаларды кошуп замбирек менен атып, жаанды жасалма жол менен жаадырат экен. Ошол кошулмалар булуттар менен аралашып натыйжада жаан төгүлүп жаап өтөт экен. Илгери биздин кыргыз элибизде түрмөктөлгөн кара булуттарды жаан жаадырыш үчүн аябай зор түтөткү салышып, түтүн менен булуттар аралашканда жаан жаап берчү дешет. Булар азыркыга чейин эле жамгырды жасалма жол менен жаадырып алышат. Ошентип суу топтоп алууга кам көрүшөт. Кыргыз жериндеги мөлтүр кашка булактардай булактар ал жерде көп көрүнө бербейт дешти. Алыскы аралыктан сууну эшек, ат менен ташып келишет. Жалпысынан алганда көчмөндөрдүн жашоосу көп жагынан окшош болуп чыкты.
Борбор калаасы Улан-Батор өнүккөн өлкөлөрдүн борборлорундай эле күн санап жаңыланып жашарып бара жатканы байкалып турат.
Биздин конференциянын максатына ылайык ал жерде ар бир өлкөдөн келгендер өзүбүздүн тажрыйбаларыбызды бөлүшүп, презентацияларды жасадык. Жайыттарды пайдалануу, деградациядан коргоо жолдору. Жайыттардын жарамдуулугун жакшыртуу багытында жүрүп жаткан иштерден айтып бердик. Жайыттардын кошуна айыл аймактар менен чектеш жерлерин тактоо, малдын башына ылайыктап жайыт пайдалануу туурасында кеңири маалымат бере алдык.
Монголияда мал чарба продукцияларын кайра иштетүү жакшы жолго коюлуп калганын байкадык. Аларда тери иштетүүчү, жүн иштетүүчү завод-фабрикалар иштеп жатканын айтышты.
Биздин өлкөбүздө өндүрүлгөн мал чарба продукцияларын башка өлкөлөргө чыгарып сатууга кандай жол менен барсак болот деген маселе ар бир барган катышуучуну ойлонтуп койду.

Биздин каарманыбыз Монголия өлкөсүнөн алган таасирин кызыктуу айтып берди деген ойдобуз.
Дүйнө жүзүндө климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу элдин жашоо турмушун ага ыңгайлаштырып жашоого көндүрүүгө багыт алууда. Ушул багытка ылайык учурда бардык жерде айлана-чөйрөнү өз калыбынан бузулбай сакталышына кам көрүү менен бирге адам баласынын азык-түлүк корун даярдоодо ири ийгиликтерге жетүүгө аракет зор. Борбордук Азия мамлекеттеринде мал чарба продукциялары арбын. Өкмөт тарабынан мезгил- мезгили менен келечекте атайын көргөзмө жарманкелерди уюштуруу колго алынса мал чарба жаатында эмгектенген эмгекчилерибиздин мээнет үзүрүн көрүүгө толук кам көрүлгөн болоор беле деген ойго кабылдык.




Салттарынан бир үзүм
Эң негизги майрам Цагаан-Сар - монголдук жаңы жыл, ал "Ак ай" дегенди билдирет. Ак түс монголдор үчүн бакубатчылыкты билдирет, ак түстөгү азык-түлүктөр - "цагаан идээ" - Цагаан-Сар майрамында сөзсүз болушу зарыл.
Жаңы жыл алдында мол тамак-аш ичүү - "битуулэг" болот, ал эми жаңы жылдын биринчи күнүндө таң эртеңден баштап, жашы улуу туугандарына бара башташат. Мындай учурда "Золгох" ырым-жырымы аткарылат. Ал үчүн кичүүсү алаканын өйдө кылып колун сунуп, улуусунун чыканагын таяп турат, ал болсо, созулган колун алаканын ылдый каратып коёт. Бул ырым-жырымды жасоодо улуттук кийимдерди кийип алышат, ал эми эркектерде болсо, сөзсүз баш кийими болуш керек.
Майрамдык тамактануу койдун куйругунан башталат, аны үй ээси эрежелерге ылайык ичке тилип баарына берет. Жаңы жылдык дасторкон канчалык бай болсо, жаңы жыл ошончолук бакубат болот.
Эркектер арасында тамеки салгычтан тамекини бири-бирине сунушташат. Аны алган адам оң колу менен алып, сол колу менен капкагын ачып, оң колунун сырт жагына салып, жыттайт. Башка көпчүлүк учурлардай эле белектерди коноктор үй ээлерине эмес, үй ээлери конокторго жасашат. Цагаан-Сар - баардык монголдордун туулган күнү деп эсептелип, ар бир адам бир жаш кошот. Алыскы Чыгыштын башка элдери сымал эле ар бир жаңы жылдын өзүнүн аты жана символу болот.
Жаңы жыл астында кечинде ар бир үй-бүлө кетип жаткан жыл менен коштошуп "битуулэг" уюштурат. Жаңы жылды тосуу биздикиндей түн ортосунда эмес, жаңы жылдын биринчи күнү таң эртеден башталат. Баардыгы майрамдык кийимдерин кийип алышып, биринчи үй-бүлөнүн эң улууларын куттукташат, андан кийин кошуналарын куттукташат.

Бетти даярдаган
Нуржамал КУРМАНКУЛОВА


Сүрөттөр Алмаз Өмүровдун
өздүк архивинен алынды


 

Яндекс.Метрика