Кыргыз гезиттер
 

ХХI жүз жылдыктын келечеги үчүн "21-Конференция"
Франциянын Париж шаарында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча Рамкалык Конвенциясынын Тараптарынын 21-Конференциясында каралган негизги көйгөйлөр жана фактылар туурасында


Биринчи жолу табиятка болгон аяр мамиленин маанилүүлүгү 1972-жылы Стокгольмдо уюштурулган дүйнөлүк симпозиумда белгиленген. Бул дүйнөлүк жогорку деңгээлдеги уюштурууда эл аралык укуктардын чегинде айлана-чөйрөнү коргоого багытталган алгачкы документтер кабыл алынган. Стокгольмдогу конференция 109 сунушту камтыган 26 максаттуу иш планын аныктап, БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо боюнча (ЮНЕП) эң алгачкы программасын иштеп чыккан.

Париждеги БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча Рамкалык Конвенциясынын Тараптарынын 21-Конференциясы табиятка болгон мамилеге карата жаңы иш чаралардын планын кабылдоодон эмес, конкреттүү иш жүзүндөгү тастыктоолорду реалдуу ишке ашыруу боюнча келишимдерди түзүү тууралуу уюштурулгандыгы менен айырмаланды. Себеби, дүйнө эли байкагандай, буга чейин кабыл алынган зарыл чараларды көрүү келишимдери өз мезгилинен кечигип, жыйынтыгы жетишээрлик эместиги белгиленген. Андыктан, Конвенцияда тез арада чара көрүү милдетин ар бир дүйнө элинин мамлекеттик деңгээлине жеткирүү, аларды милдеттендирүү, мамлекеттик документ катары ишке ашыруу бирден бир маанилүү багыт экендиги каралып, өлкө аралык убакытты тездетүү боюнча келишимдерге кол коюлду. Ошондой эле, Париж Конвенциясы өнүккөн өлкөлөргө жылына 100 миллиард доллардан топтоого жана аны 2020-жылдан тартып "Жашыл фонд" аркылуу климаттын өзгөрүүсүнө каршы бардык багыттарга жумшоого көмөктөшүүгө милдеттендирди.
Мындай келишимдер бекеринен тездетилип, 195 мамлекеттин колдоосуна жөн гана алынып жаткан жери жок. Анын катаалчылыгын аныктаган ондогон фактылар бар. Мисалы, 2050-жылы ошол эле климаттын өзгөрүшү ачарчылыктын санын 10-20%га көтөрүп, толук кандуу тамактанууга жетпегендердин саны 24 миллион адамга көбөйүшү күтүлөт. Жаратылыш кырсыктары 1980-2006-жылдар аралыгында 4 эсеге өскөн десек, 2015-жылга чейин ага кабылгандардын саны 375 млн. адамга жеткен. ФАОнун аныктоосу боюнча 2025-жылга карай Африка чөлкөмүндө климаттын туруксуз өзгөрүүсүнөн улам сугат жерлеринин үчтөн эки бөлүгү иштен чыгуу коркунучунда турат. Ошондой эле, бул жагдай экономикага таасир этип, кийинки он жылдыкта азык-түлүк, тамак-ашка болгон баанын 50-90%га өсүүсү жана тартыштыгы белгиленген.
Мына акыркы 50 жылда эле адам баласынын ишкердигинин негизинде көмүр кычкыл газы менен парник газдарынын абага тарашы болуп көрбөгөндөй баскычка жетти. Арктикага чейинки тропиктик чөлкөмдөрдө куюп жааган жаан, сел, Катрин шамалы болсо, Жаңы Орлеананы, АКШнын түштүк штаттарын талкалап, жергиликтүү калктын ден-соолугуна, мүлкүнө, жашоо-тиричилигине кесепетин тийгизүүдө. 1990-жылдары мындай аба-ырайына байланыштуу жаратылыш кырсыктарынын натыйжасы дүйнө жүзү боюнча 600 миңдей адамдын өлүмүнө алып келген делсе, он жыл ичинде бул көрсөткүч бир канча эсе өстү. Бир эле жер титирөөнүн кесепетинен адам өлүмүн эске албаганда 23 млн. калк үй жайсыз калган.
Аба-ырайынын кыска мөөнөткө өйдө-ылдый термелүүсү жүрөк ооруларын, кан тамыр басымдарын көтөрүп, акыркы Батыш Европадагы катуу ысыган жай мезгилинде ооруга кабылгандардын саны 77 миңге өскөндүгү айтылууда. Бул туруксуздук абада өсүмдүк чаңчасынын деңгээли көтөрүлүп, 300 млн. адам астма оорусу менен запкы чегет. Деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү суу астында калуу коркунучу менен жергиликтүү калктын көчүп кетүүсүн муктаж кылууда. Азыркы учурда дүйнөнүн 60% калкы ушул абалда турат. Суунун капташы күтүүсүз өлүмдөргө, суу аркылуу жугуштуу оорулардын өсүшүнө алып келүүсүнөн тышкары, ошончо миллиондогон элдин жер которуп көчүүсү согуштук кагылышуулардын бирден бир коркунучу болуп эсептелет. Ошондой эле, мөңгүлөрдүн эриши менен таза суулардын жерге сиңип жатышы учурдагы таза сууга муктаж болгон 2 млрд. адамдын санын мындан дагы жогорулатат.
Андыктан, Париж Конвенциясы бул фактыларды жокко чыгарууга жетише албаса дагы, алардын санын азайтууга уюштурулган маанилүү Конвенция болуп эсептелет. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун дагы: "...Париж дүйнө элдеринин келечек тагдыры үчүн эң баалуу мезгил катары эсте калат. Себеби, бүгүн балдарыбыздын, неберелерибиздин жүзүн тике карап, алардын эртеңки татыктуу жашоосуна ташталган кадамдарды ишке ашыруу милдети алдында турабыз", - деп максаттуу жыйынтыктады.
"...Биз баардыгыбыз Жердин, кийинки муундардын
келечеги үчүн жоопкербиз"

Конвенциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп, Кыргызстан үчүн климаттын өзгөрүшүндөгү көйгөйлөргө төмөндөгүчө токтолуп өттү: "Бүгүн биз бул жерге абдан маанилүү максат менен - жалпы адамзаттын туруктуу өнүгүшүнө глобалдуу чакырык болуп калган климаттын өзгөрүү көйгөйүн чечүүнүн жолдорун макулдашуу үчүн чогулуп олтурабыз.
Климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттери биздин өлкөбүздү дагы кыйгап өткөн жок. Кургакчылык мурда болуп көрбөгөндөй биздин тынчыбызды кетирип, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу калктын оорулары көбөйүүдө. Борбордук Азияда таза суунун калыптанышынын аймагы болуп эсептелген мөңгүлөрдүн тез ээрип баратканы өзгөчө тынчсыздандырууда.
Божомолдор боюнча, 2025-жылы Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты орточо эсеп менен 30-40%га кыскарышы ыктымал. Анын натыйжасында Борбордук Азиянын дарыяларынын суу деңгээли 25-30%га кыскарышы мүмкүн. Ал эми 2100-жылы Кыргызстандын мөңгүлөрү Жер картасынан таптакыр жоголуп кетиши ыктымал.
Ошондуктан, биздин өлкөбүз климаттын өзгөрүшү боюнча маселелерди өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык программаларына киргизүү боюнча жигердүү иш жүргүзүп жатат. Алсак, көмүртеги аз жана "жашыл" өнүктүрүү маселелери өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына киргизилип, климаттын өзгөрүшүнө ыкташуунун приоритеттүү багыттары кабыл алынды.
Кыргызстанда атмосферага парник газдарынын чыгындыларынын көлөмү орточо дүйнө көрсөткүчтөрүнөн үч эсе төмөн, ошондой болсо дагы биз табият кырсыктарын азайтуу боюнча төмөндөгү чараларды пландаштырып, ишке ашырып жатабыз:
Алдыда, Копенгаген макулдашуусунун алкагында ыктыярдуу милдеттерибизди аткаруу, "Жашыл экономика" принциптерин ишке киргизүү, өлкөнүн жылуулук электр борборлорунун чыгындыларын кыскартуу боюнча заманбап технологияларды ишке киргизүү жана пайдалануу, салттуу энергия булактарынан жаңыланма түрлөрүнө, ошондой эле ресурс үнөмдөөгө өтүү менен бул жагынан биз өзүбүздүн гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрүбүздү толук пайдалануу эң негизги милдеттерибиз деп ойлойм.
Кыргызстан, бизди курчап турган айлана-чөйрөнүн, климаттын өзгөрүшү менен туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын ортосундагы өз ара байланышты түшүнүү менен, глобалдык деңгээлдеги мындан аркы аракеттерди макулдашууда өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын калыс жана адилет кароону жактайт.
Глобалдык келишимдердин архитектурасында максаттары, индикаторлору жана дүйнөлүк коомчулуктун, болочок муундардын алдындагы баардык мамлекеттердин жоопкерчилиги так көрсөтүлгөн макулдашууларга артыкчылык берилиши керек деп эсептейбиз.
Ушуга байланыштуу бул Конференцияда адам ишмердигинин климатка тескери таасир этүүсүн болтурбоого да, Жер шарынын калкын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайланышына да өбөлгө түзүүнүн реалдуу каражаты болуп кала турган жаңы климаттык Келишимди кабыл алууга чакырабыз.
Биз баардыгыбыз Жердин, кийинки муундардын келечеги үчүн жоопкербиз".

Мен, сен, ал болуп отуруп, чөйрөнүн жандуулугуна кайдыгер болдук, элдин ден соолугуна көз жумдук, өзүбүздүн жасаган ишибиз өзүбүзгө душман, жаратылыш жасаганы жаратылышка душман болгон орду жок акылсыз чекке жеттик. Эми, далбастап, табияттын ар бир кырсыгы алдында алсыз экендигибизди сезип, үстүбүздөгү жүз жылдык акыркы жашоонун "аныктоочусу" экенин туюп турабыз. Демек, Париж Конвенциясында каралган баардык маселелер өлкө алдында бизди дагы кайдыгер калтырбоого тийиш.



Туруктуу адаптация мүмкүнчүлүктөрүн
жакшыртуу - негизги милдет
Борбордук Азиядагы Тоолуу коомчулуктар альянсы (АГОЦА) климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу "Борбордук Азия тоолуу айылдарынын жергиликтүү деңгээлде туруктуулугун жана адаптация мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу" долбоорун ишке ашырып бүттү. Максаты Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстан өлкөлөрүнүн ар бир жергиликтүү айылдарында климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу адаптация потенциалын орнотуу жана колдоого алуу, жергиликтүү коомдорго климаттык тобокелдиктерди түшүнүү туурасында жардам көрсөтүү жана алардын аярлуулугуна жана адаптация пландарына баа берүү, жергиликтүү коомдордун кырсыктарга карата жооп иш-чараларын иштеп чыгаруу менен коомдун жана экосистеманын туруктуулугуна багытталган жергиликтүү адаптация технологияларын колдоо болуп эсептелген.
2014-жыл ичи жергиликтүү коом деңгээлинде климаттын өзгөрүшүнө даярдык абалын аныктоо максатында, 42 АГОЦА айылдарынын арасында сурамжылоолор жүргүзүлгөн. Сурамжылоо Тажикстандан 20 айылды, Кыргызстандан 8 айылды, Казакстандан 4 айылды камтыган. Бул маалымат климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жергиликтүү деңгээлде алгачкы аракеттердин реалисттик обзорун алуу максатын көздөгөн. Бирок, 2015-жылы бул "Борбордук Азия тоолуу айылдарынын жергиликтүү деңгээлде туруктуулугун жана адаптация мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу" долбоору алгачкы сынамык долбоор болгондуктан жана каражаттын тартыштыгына байланыштуу 8 гана айылды камтый алды. Алар: Бескайнар (Казакстан), Бала Айылчы, Коргон (Кыргызстан), Буни, Момандиен, Эйлок, Белги, Хочаи Аъло (Тажикстан). Бул 8 айылдын калкынын жалпы саны 21 241 адамга барат. Жыйынтыгында, аталган айылдарда семинарлар өткөрүлүп, айыл тургундары менен биргеликте айылдын аярлуу катмарына келтирилчү коркунучтардын баалоо инструменттери ишке ашырылган. Бир жыл ичинде семинарларга болжол менен алганда 120 айыл өкүлдөрү катышып, алардын арасында жергиликтүү жетекчилер, аялдар жана жаш муундун өкүлдөрү эсептелди. Жолугушууларда, айыл тургундары менен биргеликте адаптация чараларын чогуу пландаштырылып, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу максатында иш-чара пландары иштелип чыкты. Семинар убагында ар бир катышуучу, өз тажрыйбасы жана билими менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алууга жетишти. Жыйынтыгында, айыл тургундары менен бирдикте адаптация чараларын пландаштыруу максатында айылдын картасын иштеп чыгуу, айылда болгон ресурстарды жана негизги табият кырсык коркунучтарын картага түшүрүү, мезгилдик календарын иштеп чыгуу, аярлык матрицасын жана айылдын тарыхый профилин түзүү менен институционалдык карталоо милдеттери ишке ашырылып, мындан аркы жоопкерчилиги бекитилди.
Албетте, мындай долбоорлорду ишке ашыруу мөөнөтү чектелип, акча каражаты дагы тартыш келет. Бирок, өз келечегибизге көргөн бул камкордугубузду ар бирибиздин милдетибиз деп таанып билүү табияттын баалуу кирешеси экендигин унутпасак.





 

Яндекс.Метрика