Кыргыз гезиттер
 

Т.Сариев: "Айыл чарба тармагын
жакшыртууга ар бир райондун шарты бар"

Үстүбүздөгү жылдын 25-декабрында Премьер-министр Темир Сариев Аламүдүн жана Ысык-Ата райондоруна барып, "Торо" мал союучу цехинин жана "Зеленая линия" күнөсканасынын абалы менен таанышты. "Торо" мал союучу цехинде күнүнө 50 бодо мал жана 150 кой-эчки союлат. Учурда 45 адам жумуш менен камсыз болгон. Мындай ийгиликтерди башка аймактардагы жетекчилерге көрсөтүү максатында бардык министрликтер менен ведомство жетекчилери, облустун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана райондук администрация башчылары үчүн аталган ишканалардын иши менен жеринде таанышуу мүмкүндүгү түзүлдү.
Андан соң Премьер-министр баштаган Өкмөт мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган өкүлдөрү Ысык-Ата районундагы "Зеленая линия" күнөсканасынын иши менен таанышып чыкты. Күнөсканада кореялык ыкма менен помидор, бадыраң жана кулпунай өстүрүлөт.
Ишканаларды кыдыруу учурунда Премьер-министр жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, ар бир райондо ушундай чакан цехтерди, күнөсканаларды, логистикалык борборлорду жана жер-жемиштерди кайра иштетүүчү ишканаларды ачууга толук шарттар бар экендигин белгиледи. "Бул үчүн кыргыз-орус фондунун эсебинен РСК жана Айыл банктарында жеңилдетилген насыялар берилип жатат. Каражат алып иштетип, жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыз кылып, киреше таап, аймактарды өнүктүрүүгө салым кошкула",- деди Премьер-министр.
Белгилесек, "Зеленая линия" күнөсканасында күнүнө 1000кг помидор жана бадыраңдын түшүмү алынат, анда 35 адам жумуш менен камсыз болгон. Күнөскананы курууга жалпысынан 3 млн. АКШ доллары сарпталган.



"Коррупциясыз ден соолукта болуу
укугу" долбоору сапар алды

2015-жылдын декабрь айынан баштап, "Эргене" Коомдук фондунун "Коррупциясыз ден соолукта болуу укугу" деген аталышта улуттук маалымат кампаниясынын жаңы иш долбоору башталды. "Эргене" Коомдук фондунун төрайымы Таалайгүл Сабырбекованын айтуусунда 2014-жылы бардыгы болуп 5552 адам рак оорусу менен катталса, 3219 бейтап каза болгон жана ал 5,9% түзгөн. Мындай жүрөк титиреткен абал сапаттуу онкологиялык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнүн жоктугу, онкологиялык борборлордогу коррупция, оорутпай турган дары каражаттарына карата мүмкүнчүлүктүн чектелүүсүнөн болууда деп түшүндүрүлөт. Андыктан, бул түшүндүрүү иштерине багытталган маалымат кампаниясынын алкагында бейтаптардын реалдуу баштан кечирген окуялары менен байланышкан онкологиялык кызматтардын көйгөйү туурасында, форум-театрда 100 жолугушуу өткөрүлүп, Кыргыздрамдын актерлору менен "Дем" театрынын биргелешкен сахна спектаклдери тартууланат. Мындай түздөн-түз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сөзсүз туура маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртып, бейтаптардын рак дартына болгон түшүнүгүн, ден-соолукка болгон мамилесин өзгөртөт деп белгиленди. Ошондой эле, бул сапар Кыргызстандын бардык аймактарында жүргүзүлмөкчү.




Ысык-Көлдө жаңы ат майданынын
курулушу жүрүп жатат

Ысык-Көлдө жаңы ат майданынын курулушу башталды, ал жерге 10 миң адам батат жана эл аралык стандарттын бардык талаптарына жооп берет. Бул тууралуу кечээ Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк 2-көчмөндөр оюнун салтанаттуу ачууда КРнын Президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары Сапар Исаков билдирди.
Анын айтымында, ат майданынын жанына кошумча чоң спорттук комплекс курулат. Ал экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү учурунда колдонууга берилет. Бул демилге "Газпромдун" өнөктөштүк колдоосунда ишке ашырылып жатат.



Кызматташууда төрт багыттуу
сунуштар каралат
Жакында Айыл чарба жана мелиорация министри Т.Бекбоев Иран мамлекетинин элчисинин кеңешчиси Саттар Пурсейедди кабыл алды. Негизги максат жакындан таанышуу, эки мамлекеттин ортосундагы айыл чарба тармагында кызматташтыкты ишке ашыруу болуп саналат. Алгач кызматташтыкты жүргүзүүнүн алдында 2 багыт менен баштайлы деген пикирин элчинин кеңешчиси С.Пурсейед билдирди. "Биринчиден иш топ түзүп алып, андан соң эки мамлекет ортосунда делегацияларды бири-бирине жиберип, тажрыйба алмашуу керек", - дейт ал. Жолугушуунун жүрүшүндө КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Т.Бекбоев учурда айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн аракеттер көрүлүп, бийлик да колдоп жаткандыгын билдирип: "Өкмөт тарабынан 4 багыт боюнча тапшырма берилген, алар тамчылатып сугаруу, ар бир айыл өкмөттөрдө экиден күнөскана куруу, логистикалык борбор жана мал соючу жай деп каралган. Эреде мүмкүн болсо дал ушул багыттар менен иштешели", - деген сунушун айтты. Өкүлдөрдүн айтымында, министрдин мындай сунушун Иран мамлекети кайра баштан карап чыкмакчы.



"Калыгул" чыгыш каналы үчүн БСР
куруу демилгеси

Иш башы менен Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев жумушчу иш сапары менен Чүй районуна барды. Иш сапардын негизги максаты Чүй районунда жайгашкан каналдардын абалы менен таанышып, БСР, БДРлердин абалын көрдү. Айталы Ибраимов айыл аймагында жайгашкан, райондун суу чарба башкармалыгынын балансындагы Р-1 каналынын узундугу 5,0 км узундукта. Таш арык болуп көп жылдан бери ошол арык менен эле талаанын баарына суу жеркирүүлчү. Кийин Р - 1 каналынын капиталдык ремонту республикалык бюджеттин акча каражаты менен 2014-жылдан бери өз ырааты менен жасалып жатат. Ошентсе да, бүгүнкү күнгө 4 млн 730 миң сом жумшалып, каналдын бүткөнү 2,8 км. Дагы 2,2 км. узундуктагы канал бүтө элек. Бирок, сугат маалында мурунку таш арык менен баардык талаа аянттары үзгүлтүксүз сугарылууда. Ал эми "Калыгул" чыгыш каналын куруу боюнча жергиликтүү эл суранып, БСР курууну демилгелеп жатышат. Себеби, суу башындагы айылдар жазгы талаа иштеринде төмөнкү айылдарга жеткиликтүү суу кое беришпейт.




Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир
жол курулушу 2016-жылга калды

Аталган долбоор 2016 жылдан баштап колго алынмакчы. Сүйлөшүүлөрдү тездетүү зарылдыгын 15-декабрда Бээжиндеги кыргыз-кытай инвестициялык форумунда Кытайдын өкмөт башчысы Ли Кэцян белгилеп, "үч тараптуу жолугушуу тез арада" өтүшү керектигин жана 2016-жылдын биринчи жарымында бир чечимге келүү зарылдыгын айткан болчу. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу тууралуу маалымат боюнча жолдун Кыргызстандагы бөлүгү 430 чакырымга созулуп, баасы 6 млрд. доллардын тегерегинде болжонууда.



Кыргызстанда мал идентификацияланат

КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев Кореялык компания өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда республикадагы баардык малдарды идентификациялоо боюнча сөз жүрдү. Республикадагы малдарды идентификатциялоо ишине катышкысы келген Кореялык компания өкүлдөрү Бишкекте атайын бирка чыгарган ишкана ачып, бир жылда 5 млн. 400 миң бирка чыгаруу боюнча пландарын айтышты. Эгерде бул кореялык компания идентификациялоого биркаларды чыгара баштаса, азырынча болжолдуу түрдө бир бирканын баасы 25 сомдун тегерегинде болот. Бул компания боюнча учурда сүйлөшүү иштери башталды. Маалыматка ылайык, республика боюнча он төрт миллионго жакын малдын саны катталган.



 

Яндекс.Метрика