Талыкпаган эмгектин үзүрү

Биздин гезитибиздин элеттик окурмандары өз кубанычтарын, айылында кездешкен көйгөйлөрүн жазып турушат. Нарын облусуну Нарын районунан келген бул жаңылык биз үчүн да өтө жагымдуу болду. Айнура Мусаеванын жазгандарын окуган окурмандарыбыз, суук жерде жашылча өспөйт деген Нарын жергесине жашылчаларды өстүрүүгө киришип баштайт го деп турабыз. Анда кезек элдик кабарчыда.

Аталган долбоордун негизинде Нарын районунун Жан булак айыл аймагынын Жан Булак айылында 5 ӨЖТ (Өз ара жардамдашуу тобу) уюушулган. Алардын бири "Жийде бак" тобу. "Жийде бак" тобунун мүчөсү Асылкан Аманова туурасында кеңири сөз козгоого арзыйт.
Асылкандын өмүрлүк жолдошу Сапарбек үй-бүлөсүн эч нерседен кем кылбайм деп, бирде чет өлкөгө чыгып иштесе, бирде шаарга кетип көп урунуп-беринди. Бирок, анчалык маарып кете алышпады. Аңгыча наристелери дагы жетелешип чоңоё баштады. Ошондо Асылкан күйөөсү менен кеңешип, ADI уюштурган ӨЖТунун бирине мүчө болуп кирди. Долбоордун алкагында Өз ара жардам тобунун барына алып берген жашылчалардын үрөөнүнөн алышты. Эмки маселе аны кантип пайдаланууда турду. Үрөн алып, аны жөндөп өстүрө албаса, кошуна-колоңго сөз болуп каларын ойлоду. Эмнеси болсо дагы өз жерибизден түшүм алабыз деген чечимге келишти. "Эрди намыс, коёнду камыш өлтүрөт"-демекчи, намысына чыйралган үй-бүлө таштак, тикенектен башка эч нерсе өспөгөн какыр жерге тер төгүп иштей баштады. Алгач айылдык фермерлердин короосунан төрт телешка кык алып келип төктү, тоо этегинен кара топурактан ташыды. Айтор, жаздан башталган тынымсыз эмгек өз жемишин берерине ишенип турушту. Там салууга бөлүнгөн участогунун аймагына кашайып суу да келбейт экен. Келинчегинин асыл максатын ишке ашыруу үчүн чоң колдоо керектигин түшүнгөн Сапарбек, кетмен күрөгүн камдап, арык казып, суу жетелеп огородуна суу жеткирди. Ал күндөр тууралуу сүйлөгөндө алар жерди алгач эки ирет айдатып, топуракты жумшартып алганын айтышат. Айылдык аз камсыз үй-бүлөлөрдүн катарында, айылда иштеп жаткан долбоордон алган сабиз, капуста, помидордун үрөнүн бапес-теп, карап өстүрүп алышты. Албетте, Асылканга атайын адистердин окутуу, тренингдерди өткөрүп тургандыгы чоң жардам болду. Антпесе, Нарын жергесинде минтип жашылча өстүрүп жемек кайда? ӨЖТ топторунун мүчөлөрү бири-бирине эриш аркак болуша окуп, үйрөнгөндөрүн ортого салышып тажырыйба алмашып, билгендерин терең өздөштүрүп алышты. "Эр эмгегин жер жебейт",- демекчи, үй-бүлөнүн огородунан алган кирешеси бир топ чыгымдарды жаап, экономикалык абалын жакшыртып алууга жетишти. Жашылчаларды консервациялап, жаап коюшту. Калганын базарга чыгарып сатып, керегинче пайдаланып жатышат. Учурда кошуна-колоңу түгүл башка жердештери да, булардын эмгегине суктануу менен кеп кылышат. Балдары витаминдерге бай жашылчаларды өздөрүнүн коросунан алып жегенге маашырланып турушат. Дың жер, анын үстүнө аябай мээнет кылганга сабиздери көзгө толумдуу болуп, жылтырап да көрүнөт. Мурда, "Жашылча өспөйт, курулай убара болуп жатасың го"- дегендер азыр унчуга алышпай, алардын жаркын маанайларына ортоктош болууда. Адам баласынын колунан көп нерсе келерин, тек кана жалкоолонбой ырааттуу иштей билүү зарыл экендигин Асылкан менен Сапарбек дагы бир ирет далилдеди.

Айнура Мусаева
Сүрөттөр ADIнин архивинен алынды






Сөзүнө иши төп келген - Салтанат

Талас облусу тоолуу аймакта жайгашкан чакан дубан болуп эсептелинет. Облустун айыл жашоочулары мал чарбасы жана талаачылык менен алектенишет. Кийинки жылдары айыл тургундары төө буурчак өстүрүүнү аябай өздөштүрүп, жакшы киреше алып жатышат. Базар экономикасы гүлдөп турган учурда, витаминдерге бай төө буурчакты таластыктар өстүрүп, сатканга гана багыт алышкан. Төө буурчак каллориялуу өсүмдүк экени жалпыга белгилүү. Тамак-аш катары пайдалансак, көптөгөн ден соолукка пайдалуу азык заттарды кабыл алмакпыз. Бирок, Таласта буга анчалык маани берилбей келет. Талас облусунда, жүргүзүлгөн изилдөөлөргө караганда, аялдардын аз кандуулугу боюнча республикада алдыңкы орунда турганы өкүнүчтүү көрүнүш. Ошол себептүү төө буурчакты өстүрүп да, өзүбүздүн ден соолугубуз үчүн түрдүү тамак-аш катары да, пайдалана билсек. Мындай кырдаалды четке кагып өзгөчө аялдардын ден соолугун чыңдоого көңүл буруу иштерин, айылдык аялдардын өздөрү колго алганы кубанычтуу көрүнүштөрдөн. Жакшы иштердин колдоочулары коомдук фонддор болуп келүүдө.


Өнүктүрүү демилгелеринин агентствосу (англис тилинде-АDI) коомдук фонду жогорудагы айтылган ден соолукка пайдалуу, Таластагы монокультура болгон төө буурчактан тышкары, жашылчалардын сапаттуу үрөндөрү менен камсыздап, облуста 2011-жылдан бери иштеп келет.
АDI коомдук фонду Талас облусунда бул жылы 10 айылда иш алып барууда. Бүгүнкү биздин каарманыбыз Салтанат Темиркулова мына ушул коомдук фондунун активдүү мүчөлөрүнүн бири.
Чынында эле Бакыян айылындагы "Асел" жамаатынын мүчөсү Темиркулова Салтанаттын бакчасына келген адамдын көңүлү тоюп, көргөн көзү ыраазы болот. Мээнеткеч Салтанат 5 аялдан турган "Асел" жамаатынын алдыңкы катарында. Айылдын аркы башы болгон "Тамчы-Булактан" орун-очок алган Салтанат короосун жашылча-жемишке толтуруп, жаны тынбай аракет үстүндө. Жаштыгына карабай, аябай эмгекчилдиги менен оозго алынган аялзаты. 2 эркек, 1 кыздын бактылуу энеси.
Биз барган учурда коомдук фондунун активист айымы биз болжогондой эле бадыраңдын түшүмүн терип жаткан кези экен. Көз тойгондой берекелүү болгон бадыраңдарды атайын даярдалган идишке салып жатты. Элпек кыймыл, мол түшүмгө ыраазы болуп, түшүмүңө береке,-деп саламдаштык. Сөзгө тартканыбызда Салтанат акырын жылмая (жылмайганы да, ак саргыл жүзүнө жарашып турат), жагымдуу үнү менен кепке аралашты: - "Мурдатан бакчага жашылча өстүрүп келем, быйыл да топко кошулуп, үрөн алып, өстүрүп жатам. Менин сүйүнгөнүм үрөндүн сапаттуулугу, ушундай түшүмдүү экен. Бадыраңды да, помидорду да, көрүп турасыңар, бир түптө эле канча помидор турганын. Үй-бүлөбүз менен экологиялык жактан таза жашылча жеп, жыргап жатабыз. Дагы бир өзгөчөлүгү ташыганга ыңгайлуу экен. Бадыраң менен помидорду сатып, балдарымды мектепке даярдадым. ADIнин ишине ыраазычылык билдирем "- дейт агынан жарыла сүйлөп.
Биз да кызыга бакчаны акырындык менен аралап, көрүп чыктык. Чынында эле Салтанаттын мээнеткечтиги көргөн адамды кубантарлык экен. Бадыраңдарынын сабагын жерге жаткырбай бирден жипке тизип, жогорулатып илип койгон. Окутуулардан алган таасириби, помидорлору да, кенен жөөктөргө ылайыктап өстүрүлгөн.
Салтанаттын айткандары бизди ыраазы кылды. Ал ортодо кыздары келип, өстүрүүгө өздөрү жардамдашкан сабиздерин көрсөтүштү. Салтанаттын бизди кубандырган дагы бир иши, өзүнүн өстүргөн помидорунан сок тартып, балдарына дайыма берип тургандыгы болду. Айыл жеринде жашаган көпчүлүк жаш келиндер минтип жашылча-жемиштердин ширесин үй шартында даярдап, балдарына бергени кемде-кем эмеспи.
Биз барганда да, помидордон тартылган ширени балдарына даярдап берип жаткан экен. Айылдык дыйкандын берекелүү дасторконун өзү өстүргөн жашылчаларынан жасалган салаттары ого бетер көрктөндүрө толуктап турду. Биз дагы Салтанаттын өз колунан өстүрүлгөн жашылчаларынан ооз тийдик.
Дасторкон четинде Салтанат сөздү андан ары улады:
- "Жогоруда айткандай, бадыраң, помидор сатып, тапкан кирешеден жалаң эле балдарыма кийим-кечек даярдабастан, малдын акысын 5000 (беш миң) сом бердик. Бардыгы болуп 2 айдын ортосунда накталай 10 000 сомдон ашыгыраак пайда таптым. Балдарым менин жардамчыларым, булар да акча кайдан келерин билип калышты. Анан мен алардын дайыма жаңы үзүлгөн жашылчаларды жеп турушун каалайм. Кызыктыруу үчүн кээде өзүмдүн фантазиям менен, салаттарды алмадан ак куу жасап кооздойм, помидордун ширесине калемпирден парус жасап кооздоп коёмун, анан балдарым кызыгуу менен жешет. Анткени, жашылчалардагы көп пайдалуу азык-заттар, ден соолукка керек болот да"- деп өз ойлорун ортого салды.
Бекеринен кыргыз эли "Мээнетин катуу болсо, тапканын таттуу болот"-деп айтпайт экен деп ойлоно калдым. Аз да болсо азыркы көйгөйлүү заманда ден соолукка пайдалуу жашылчаларды өстүрүп, пайдасын көрүп жаткан жамааттын мүчөлөрүнө ыраазы болуп кетесиң.
Өзгөчө Салтанатка окшогон мээнеткеч аялзаты көп болсо, Талас облусундагы аз кандуулук маселеси чечилет беле деген ойлордун кучагында турдум. Бул сапарымда айылдык эмгекчил аялдардын үй тиричилигин жакшыртып, экономикалык абалын жогорулатууга болгон аракетинин үзүрүн көрүп кайттым.
Албетте, ошол аракеттердин, иштердин бир үзүмүн гана көрүп кайттым.

Макаланы даярдаган
ADIнин Талас облустук
координатору
Күлүм Айбашева


Спорт -
ден соолуктун булагы

Тогуз-Торо районунда ушул кезге чейин жаштардын футбол ойной турган аянты эч качан болгон эмес эле. Тогузторолуктар район борборунун паркындагы эч кандай шарты жок, боз топурак сапырылып, какыраган жер үстүндө футбол ойноп жаткан өспүрүмдөргө карап, "Аттиң, ушул балдарыбыз качан шарты бар аянтчада футбол ойношот болду экен?"-дешип, баш чайкап өтүшөөр эле. Мындай шартта футбол ойноо ден соолукту чыңдамак тургай, тескерисинче ден соолукка зыянын тийгизгенден башканы жасай албайт. Ал эми, аталган райондогу Каргалык айыл аймагында эч кандай футбол ойноочу жай болгон эмес.


2012-жылы айыл кулуну Жаныкеев Азистин демилгеси менен анын үй-бүлөсүнүн демөөрчүлүгүнүн астында футбол аянтчасын Асан Абдраимов атындагы орто мектептин короосуна куруу аракети башталган. Чукул арада эле ишти баштоо чечими чыккан.
Иштин жыйынтыгында жалпы эсеп менен 1 500 000 (бир жарым миллион) сом акча каражаты Жаныкеевдердин өздүк каражатынан жумшалып, заманбап технологиядагы искусстволук газондуу жаштар ойноочу кичи футбол аянтчасы райондо алгачкылардан болуп ачылды. Ушул алгылыктуу самаалык айыл жаштарынын спорт менен машыгып, ден соолуктарын чыңдоого эң сонун шарт түздү. Андан тышкары, болочокто эң мыкты, атактуу футболчулардын тарбияланып чыгуусуна жол ачылгандыгына кубанып жатышкан маал. Эми айыл жаштары тескери жолго баспай, жаман адаттардан алыс болушуп, убактыларын пайдалуу нерселерге гана жумшашмакчы.
Учурда айыл жаштары дембе-дем, кезек менен аянтчада футбол ойноп жатышат. Бул футбол аянтына анын демөөрчүсү А.Жаныкеевдин маркум иниси, спортсмен Алтынбек Жаныкеевдин ысымы берилди. Бул самаалык райондун башка айыл аймактарында дагы жактырылып, Тогуз-Торо айылдык аймагынын жашоочулары Өнүктүрүү Саясат Институтунун "Жергиликтүү демилге" конкурсуна катышып, дал ушундай футбол аянтчасын курууга долбоор даярдашты.
Ушул жылы Каргалык айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо болуп, Жаныкеев Азисти Каргалык айыл аймагынын шайлоочулары бир добуштан депутат кылып шайлашты.





Көпүрө -
жашоо мааниси

Көк-Ирим айыл аймагында жайгашкан Бирдик айылы райондон 21 км. алыстыкта, Арал айылынан 3 км. алыстыкта тоо этегинде жайгашкан. Бирдик айылында 1163 адам жашайт. Айылда жумушсуздук өкүм сүрүп, эл дыйканчылык, малчылык менен алектенишет экен. Бирдик айылын башка аймактардан Көк-Ирим суусу бөлүп турат. Демек, айылдыктардын жашоосу ошол суудагы көпүрө менен тыгыз байланышкан. Башка жол, өтмөк жок. Айылды чыгыш тарабынан Нарын дарыясы, түндүк жана батыш тарабынан Көк-Ирим суусу бөлүп агып турат. Айылда мектеп жана ФАП бар. Бирок, клуб, китепкана, бала-бакча дегендер жок. Айылда бир эле чакан дүкөн болгондуктан, айылдыктар күндөлүк керектөөчү буюмдарын ал жерден таппай калышса, 3 км. алыстыктагы Арал айылына же райборборго барып соода жасап келишет.



1993-жылы курулган көпүрөнүн абалы оор, ары коркунучтуу, айыл эли үчүн курч маселелердин бири болуп келген. Жаз маалында суунун көлөмү көбөйүп, көпүрөнү жана жолду алып кетүү коркунучу бар эле. Ошондуктан, айыл башчылары айыл эли менен бирдикте суунун эки жээгин ар жыл сайын таштар менен жана темирлер менен дамбалап, элдин күчү жетпеген суунун нугун техниканын күчү менен убактылуу тосуу аракеттерин жасап келишкен. Ушул көпүрө аркылуу өтүү өтө кооптуу болуп калган мезгилде айыл эли жогорку бийликтегилерге кайрылуу жазышкан.
2013-жылы Транспорт министрлиги тендер жарыялап, курулуш ишин "Кербен жол курулуш" ААКсы утуп алды. Курулуш иштерин ушул жылы май айында башташып, анын сметалык баасы 38,0 млн. сомду түздү. 2014-жылдын 31-июлунда ушул көптөн күттүргөн көпүрөнү куруу иши аяктап, анын ачылышы болгон. Көк-Ирим суусуна курулган көпүрө эл-журтту катуу кубандырып, бакубат жашоо-шарты үчүн чоң салым кошту.





Электрондук
китепкана -
эл кызматында

Райондогу Тогуз-Торо айылдык аймагы - мамлекетибиздеги эң алыскы аймактардын бири. Бул аймакта кыш октябрь айында эле башталат жана жети айга чейин созула берет. Жол каттамы өтө начар болгондуктан унаа жолу аркылуу 4 ай гана борборго каттого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Калган учурда 560 км. аралык менен борборго жетип алуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн Сары-Кыр ашуусу жабылып калып, облус борборуна чейин эле 1200 километрди басып өтүүгө туура келет. Ошондуктан, эл аралык донорлор менен инвесторлор ушул айылдык аймак менен эле эмес жалпы район аймагы менен иштешүүгө кызыкдар эмес.


Ошондуктан, Өнүктүрүү саясат институтунун долбоору менен кызматташуу айылдыктар үчүн өзгөчө кызыктуу болду. Мындай мүмкүнчүлүк 2012-жылы аймак долбоордун пилоттук муниципалитеттеринин катарына кошулуп, тийиштүү меморандумга кол койгондон тарта берилген. Ушул кызматашуунун алкагында айылдыктардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо үчүн 22 жолу жыйындар өткөрүлдү. Натыйжасында 30дай татаал маселе аныкталды. Алардын арасында чукул арада чечүүнү талап кылган 11 көйгөйлүү маселелер тандалып алынды. Аларга таза суу, ички жолдор, техника, көчөлөрдү жарыктандыруу, каналдар, мончолор, тегирмендер, спорт залдары, калктын маалымат менен камсыз болбогону кирген.
Ушул маселелердин ичинен калктын маалыматка жакшы ээ болбогону артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн бири болду. Жамааттын географиялык жактан обочодо калышы, борбор менен байланышынын начардыгы тыш дүйнөдөн бөлүнүп калгандай сезимди жаратып, калкта маалымат таңкыстыгын пайда кылат. Жарандардын маалыматка жетүүсүнүн татаалдыгы жалпысынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан натыйжалуу коммуникацияларды орнотуу аракеттерин талап кылат. Ушул жол менен гана социалдык туруктуулукту сактап, адамдарда үмүт пайда кылып, аларды жаратууга түртсө болот.
Ушул маселени чечүү үчүн айыл өкмөтү жергиликтүү кеңештин жана жарандардын колдоосу менен долбоор иштеп чыгышкан. ӨСИнин ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун гранттык сынагына катышуунун натыйжасында ошол долбоор 1 млн. сом өлчөмүндө каржылык колдоого ээ болду. Бул колдоо Жарандык коомду колдоо боюнча долбоордун атынан Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коому тарабынан берилген. Жергиликтүү бюджеттен кошумча 100 миң сом өлчөмүндө өз каражатын бөлдү.
Ал каражат жыйындар залын жана электрондук китепкана түзүүгө багытталды. Натыйжада айылдык кеңештин имараты ремонттолуп, техникалык тейлөө станциясынын ордуна жыйындар жана электрондук жаңы зал ачылды. Ремонтко кеткен чыгым 700 миң сомду түздү.
Калган каражаттарга эң маанилүү заманбап технологиялык жана электрондук буюм-тайымдар сатылып алынды. Жыйындар залында айыл аймагынын бюджетинин иш аракеттери туурасындагы маалыматтар чагылдырылды. Китепканада расмий маалымат фонду түзүлдү. Окурмандарга электрондук китептер жана мыйзамдардын жыйнагы сунушталды. Долбоордун сынагында жеңип чыгуу менен 100 миң сом байге утуп алышып, ал акчага дагы электрондук китепкана үчүн технология сатып алышты.
2014-жылдын 21-майында электрондук китепкананын ачылышы болду. Бул Тогуз-Торо аймагынын гана эмес бүтүндөй район эли үчүн маанилүү окуя болуп калды. Бул иш-чара райондун акими Тилек Идирисов баш болгон аттуу-баштуу адамдар катышышты.

Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА

Сүрөттөр Н.Курманкулованыкы